email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак
кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
15-январь, 2010-ж.:
1-бет
Ау-у Аскар, кайдасың?
2-бет
Ушундан аброй көтөрүлөбү?
3-бет
Эгемендүү, бирок эркин эмес
4-бет
Парламент
институтунун баркы кеттиби?

5-бет
Кытай кыргыз ГЭСине кызыгар бекен?
6-бет
Суу башы болгонубуз кайсы?
7-бет
Жайлоо - белет алгандай театр беле?!
8-бет
Жерде мунай, асманда Кудай!
9-бет
"Илим чөйрөсүнө да жаңылануу саясаты зарыл"
10-бет
Кызыл шапкечендер оңолмоюн коом оңолбойт
Каргайын десем жалгызсың, каргабайын десем…

13-бет
Бара берсемби же пара берсемби?
14-бет
Билимдин билиги чындап жануудабы?
15-бет
Сыйлык да, сыймык да "Агымда"
16-бет
"Ак калпак дайыма жанымда жүрөт"
17-бет
КР эмгек сиңирген артисти Расул МАМАТКУЛОВ:
"Артисттерге аракеч болуу оңой"

18-бет
Махабат рыцарынын туулган күнү
19-бет
Адам өмүрүн кыйган зилзала, кылтакка илинген баңги "королу" жана талашка түшкөн Чернобыль апааты
20-бет
Эсен болуп эстей жүр
22-бет
Виталий мыкты европалык боксчу
24-бет
Оорунун уяты жок, дарты катуусу гана бар
25-бет
Күлкүлүү үй
26-бет
Канайымдардын тактысы жана бактысы
27-бет
Аптадагы күндөрдүн лаззатка таасирлери


  Ау-у Аскар, кайдасың?

Алп кадырын билбес эл…

Жеңишбек Раимбеков деген алпыбыз бар экен. Кыргызча айтканда "төөнүн жарты этиндей болгон" бул жигиттин салмагы 150 кг, боюнун узундугу 2,32 см, бутунун размери 52. Бирок, Жеңишбек учурда таш көтөрмөк түгүл, башын араң көтөрүп ооруп турган чагы. Аны кайра Ак-Талаасына "айдап" жиберүүгө болбойт экен. Себеби, дайыма врачтардын көзөмөлүндө болуп, атайын диета менен жашабаса Жеңишбекке кыйын болуп калчудай. Бишкектеги курулуп жаткан социалдык үйлөрдөн кылымда бир келчү кыргыз алпына бир бөлмө берип коюуга неге болбосун? Кыргыз мындайда намыстуу келчү эле. Айрыкча, Теңир-Тоонун мыкты чыкмалары "мыкчыйып" эле унчукпайт. Сөз тийээрин сезбей жатышат окшойт.
Ак-Талаасына баралбай,
Абасы чыны жагалбай,
Алпы турса кор болуп,
Атаңдын көрү дүнүйө,
Атпайы турат багалбай.
Долдоюп бети казандай,
Долондун белин ашалбай,
Баркын билбейт кыргызы,
Балдагына сүйөнүп,
Балбаны турса басалбай.
Теңир-Тоолук мен деген,
Тебишчү болсоң кел деген.
Төштү кагып сүйлөнүп,
Төрдө олтурса желдеген.
"Кокуй" байлар кайдасың?!
Кожомкулун көрбөгөн.
"Дордоюна" сүйөнгөн,
Доолдай кийип чиренген.
Асманды айтып демейде,
Аянбайм дечү силерден.
Айтылуу Аскар угуп тур:
Ак-Талаа сага алыспы?!
Опол тоодой болсоң да,
Ойлободуң намысты!
Жеңиңден чыгар кичине,
Жеңишбегиң кайышты!
Алп кадырын билбес эл,
Азап тартса күйбөс эл,
Алыска деле баралбайт.
Жемиңден бөлүш кыргызым,
Жеңишбек күндө жаралбайт.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ






меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Яндекс.Метрика