08.01.10 - 5-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Төбөңөрдөн төөматек алса да отура бересиңерби?

Ала топучандар "Дилоромду" сурашат

Узаган жыл соңунда кыргыз-өзбек өкмөтү жолугушуп, бир катар көйгөйлүү маселелерди талкууга алышты. Бул жолугушууда өзбек тарап Ысык-Көлдөгү пансионаттар боюнча маселени козгоду. Биргелешкен эки тараптуу өкмөттөр аралык комиссиянын кеңешмесинде Өзбекстандын премьер-министринин 1-орунбасары Рустам Азимовдун билдирүүсүнө ылайык, Өзбекстан пансионаттарды өз менчиги деп эсептейт. Алардын айтылуу "Дилором", "Рохат", "Золотые пески" ж.б. пансионаттарга көзү түшүп атканы белгилүү. Алардын баары СССР мезгилинде ден соолукту чыңдоочу жана эс алуу жайлары катары курулган. Өзбек тарап бул маселени койгондон кийин премьер-министр Данияр Үсөнов алардын баарын жакын арада тизмелеп чыгып, ар бири үчүн өзүнчө жооп бере турганын билдирди. Буга чейин Казакстан Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты өзүнө өткөргөнү белгилүү. Пансионаттар узак мөөнөткө ижарага берилди деп документке кол коюлган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чиеленген маселелер өтө эле көп болгону менен, аларды чечүүгө эки тарап тең шашылбайт. Эгер менчикти тактай келсек, ал бир эле Ысык-Көлдөгү пансионаттар менен чектелбейт. Өзбекстандын аймагында Кыргызстандын да менчиги биртоп.
Кадамжай сурьма комбинатына тиешелүү 8 гектарга жакын база Өзбекстандын аймагында жайгашкан. Тактап айтканда, ал Фергана шаарында. Айдаркен сымап комбинатына тиешелүү база да өзбектердин аймагында. Экөө тең темир жолдун боюнда. Жогорудагы комбинаттар күркүрөп иштеп турганда сырттан темир жол аркылуу келген жүктөрдүн баары ушул базада сакталчу. Айрым маалыматтар боюнча эки базанын тең тагдыры арасат. Кадамжай сурьма комбинатын азыр казактар иштетет. Ээлик кылгандарына беш жыл болду. Бирок, эч кандай жылыш жок. Тескерисинче, банкрот болуп, азыр ошол Ферганадагы чоң базаны өзбектерге сатканы жатышыптыр. Мындан премьер-министр Данияр Үсөнов кабары барбы деген суроо туулат. Экинчи жагынан, сурьма кенинин узак жылдар бою иштебей жатканында да бир мандем бар. Алар иштетүү үчүн алганбы же башка максаты барбы, түшүнүксүз. Иштебей турган соң казактарга өтпөй, өз колубузда турса болмок.
Кыргызстандын Өзбекстандагы менчиги бир эле Ферганадагы базалар менен чектелбейт. Андан көп аянтты ээлеген Майлуу-Суу электр лампалары заводунун Өзбекстандагы базасынын тагдыры да белгисиз. Эгер эки тарап менчик такташууга өтсө Өзбекстан сөзсүз Бүргөндү массивиндеги мунай, газ сактоочу кампаларын, ишкана имараттарын биздики деп чыга келиши анык. Эмнеси болсо да эки тараптын комиссиясы карап чыккандан кийин Ысык-Көлдөгү пансионаттарды өзбектерге кармата берип, алардын аймагында жайгашкан менчигибизден куржалак калбасак болду.
Деги эле эки өлкө таарынышкан кишидей түр көрсөтүп унчукпай жүргөнүнүн түпкү себеби - менчик маселеси. Чегараны аныктоодо кыргыз тарап унчукпаганы менен, өзбек тарап "Сохту бересиңер, болбосо тактоо иштерин жүргүзбөйбүз" деп кетенчиктетип турганын биздин өкмөт жашырып жаткандай. Бирок Сох өтө чиеленген татаал маселе. Бул райондун Кыргызстандын аймагында анклав болуп жайгашуусу Баткен облусунун коопсуздугу үчүн да опурталдуу. Фактылар ырастагандай, чегара кокустуктарынын көпчүлүгү ушул аймакта кайталанат.
Расмий Ташкент Сох менен Шахимардандын азыркыдай шартта биротоло калышын эзели каалабайт. Бул экөө бизде калышы керек же аларга түз кошула турган тоскоолдуксуз жол беришибиз керек. Эгер бизде калып кетсе калкы жүз миңден ашуун сохтук тажиктерди кайда батырабыз? Ал эми түз кошула турган жол берсек, Баткен, Лейлек, Кадамжай райондору өз-өзүнчө анклав болуп калат.
Мунун баарына кыргыз бийлигинин кашаңдыгы күнөөлүү. Мисалы, бир кезде ижарага берилген Шахимардандын мөөнөтү эчак эле бүтсө да, бул маселени кыргыз бийлиги эмнегедир көтөрбөй келет. Ал эми өзбектердин Чек айылындагы аракети баарына белгилүү. Бул эмне кылганыңар деп сураган аткаминерлерге картаны алдына жайып оозун жапты. Эгер жалпы Фергана аймагынын келечегине сереп салсаң, өзбектер Сох аркылуу көп нерсеге жетишкиси келгенин байкоо кыйын эмес. Жашырбай ачыгын айтсак, дагы эле жер имерип алуу мүдөөсү калкып чыгат.
Эки тарап ортосундагы чиелешкен татаал маселелердин бири - Киркидон, Кемпирабад, Касан-Сай суу сактагычтары. Өзбекстан Камбар-Ата ГЭСтерин эл аралык экспертизадан өткөрүү талабын үзгүлтүксүз коюп келгени менен, ошол эле союз учурунда курулган жогорудагы суу сактагычтар жөнүндө бир да ооз ачпайт.
Мисалы, Кемпирабад суу сактагычын курууда Өзбекстанга кыргыздар жашаган Советабад айылы "байкоосуз" өтүп кеткенин көпчүлүк биле бербейт. Бул жерди да өзбектер курулуш материалдарын сактоого жана куруучулардын жашоосу үчүн пайдаланып туралы деп, ошону менен өздөрүнө биротоло менчиктеп алышкан. Эми ошонун айынан Оштон Жалал-Абадга келчү 40 мүнөттүк жолду үч саатка узартып алдык. Бул боюнча да эч ким маселе көтөрө элек. Советабадда ошол кезде Кыргызстандан паспорт же күбөлүк алган кишилер азыр деле бар чыгар.
Канткен менен биз коңшулар менен теңата мамиледе болушубуз керек. Анүстүнө Өзбекстан менен чектешкен чегаралардын узундугу 1400 чакырымга жакын. Бирок, кошуна менен жакшы болобуз деп алардын сураганын берип, көп нерсени тарттырып жибербешибиз керек. Жакында эле Москва шаарына Ысык-Көлдөн жер берүү маселесин аякка барган мэр Нариман Түлеев көтөрө келди. Орустар далайдан бери Көл аймагына бекеринен кызыгып жүрбөгөнү көпчүлүккө маалым. Эми пансионат маселесин казактардан кийин өзбектер көтөрүп жатат. Муну уккандан кийин Тажикстан менен Кытай деле коңшубуз деп Көлдөн жер сурай турганы белгилүү. Көгүлтүр көлдү четинен коңшуларга кертип бере бергенибиз туурабы деген суроону ойлонгон эр азаматтар негедир жоктой.
Келдибек НАЗИРОВ