08.01.10 - 3-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Сая-саалы

Аялды аяп койсоңор боло!
Президенттик шайлоо убагында Балыкчыда башаламандык уюштурган деген кине коюлуп камалгандардын жетөө бошотулду. Буга Балыкчы шаардык сотунун "камалгандардын он төртү шарттуу түрдө үч жылга чейин, төртөө жатак абакка төрт жылга соттолсун" деген чечиминин күчүнө кириши себеп болгон. Эркиндикке чыккан жети адамды элүүдөй адам тосуп алып, дароо мончого алып кетишти деп билдирет "Азаттык" үналгысы. Айрымдар бошотулгандарга ырым кылып кийимдерин өрттөп жиберүүнү да сунушташкан. Эми абакта төрт жылга жатак кесилгендер гана калды. Алардын бири Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү адамы Гүлнара Жамгырчиева.

Арзан болобу же арман болобу?
Жыл сайын көгүлтүр оттун көйгөйү кыш мезгилинде көтөрүлөт. Быйыл да газ маселесин кыргыз өкмөтү Ташкентте араң чечип келди. Наркы былтыркыдан арзан болот деп өкмөт шардана кылган менен так баасы алиге чейин белгисиз. Буга өзбектердин маалкатканы себеп. Былтыр газдын миң кубометрин 240 доллардан алып, анын 50 млн. кубометрин жолдон "жоготуп" жибергенбиз. Расмий Ташкент газды арзандаткан менен ал элге арзан берилеби десең?

Калемгерлер канаты кайрылбайт
Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму (ОБСЕ) 2010-жылда кыргызстандык журналисттердин коопсуздугун камсыз кылууну алгылыктуу максаттардан деп тапты. Уюм өкүлүнүн билдирүүсүнө караганда, ар убак бийликке эле кайрыла бербей иш жүзүндө да кадамдарды башташ керек. Бул үчүн маалымат каражаттары биргелешүүсү зарыл. Эскерте кетсек, кенедей Кыргызстанда эле буга чейин 3 журналист өлтүрүлүп, бир нечеси сабалган. Айрым журналисттерге коркутуулар болгон.

Каратаевге кара так
Бир катар өкмөттүк эмес уюмдар Саламаттык сактоо министринин орунбасары Мадамин Каратаевге ишеним көрсөтпөө үчүн кол топтоого киришти. Буга Каратаевдин кайрадан кызматка коюлушу себеп болууда. ӨЭУ өкүлдөрүнүн айтуусу боюнча Мадамин мырзага кылмыш жоопкерчилигинен башка моралдык да жоопкерчилик болуш керек.

Күйүүчү май күйүтү
Учурда күйүүчү майга болгон баалар кымбаттап барат. Негизинен, бензин быйылкыдай кышта арзан болууга тийиш эле. Бирок, баанын азыркыдай өсүп жатканын адистер мунайдын дүйнөлүк баасы кымбаттап жатканы менен түшүндүрүшөт. Эгер жаңы жыл алдында бензиндин баасы 27 сомдон 30 сомго чейин болсо, азыр ал 28 сомдон 32 сомго чейин жетти. Ушул бойдон көтөрүлүп отурса жазгы талаа иштери башталганда күйүүчү май баасы асмандап кетиши талашсыз. А биздин өкмөт азыр кызуу уйкуда.




Крим-аалы
Майордо мандем барбы?
"Ош шаарынын милиция кызматкерлери автоунаанын уурдалышына күнөөкөр" дейт ЖК депутаты Бегалы Наргозуев. Анын айтымында, өткөн жылдын 22-декабрында Ош шаарынын ички иштер башкармалыгына караштуу айып салынган автоунааларды токтотуучу жайга Р.Ырысбаевдин "Land Cruiser-200" маркасындагы ак түстөгү автоунаасы токтотулган эле. 23-декабрдан 24үнө караган түнү аталган жайдан автоунааны кимдир-бирөөлөр уурдап кеткен. Иликтөөлөрдүн негизинде Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын майору Б.Т. жана эки оперкызматкер О.Э. Н.Ж. кызматынан четтетилген. Бирок, бул буйрукка баш ийбеген аталган башкармалыктын начальниги Ички иштер министрлигинин буйругу менен гана кызматтан кетерин айтып, кызмат ордун бошотуп берген жок.

Бечелге жөтөлдүн кереги не?
5-январда Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Кайнар айылынын жашоочусунун үйүнөн 415 грамм баңгизаты, 20 грамм апийим, он даана ок табылган. Ушуга окшош окуя Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда да болгон. Аталган райондун тургуну М.К.-нын үйүнөн 16-калибрдеги ИЖ-17 ок атуучу куралы табылып, иликтөө иштери башталды.

Жаңы жыл тоспой ууру кылган
Өткөн жылдын акыркы күнүндө Кара-Балта шаарынын Тольятти көчөсүндө жайгашкан кичизаводдон үч миң долларлык жез тетиктери уурдалгандыгы тууралуу 4-январда укук коргоо кызматкерлерине арыз түшкөн. Жайыл РИИБ изкубарлары кылмыш изин суутпай 1977-жылы туулган Е.В.-ны кармашып, далилдүү буюмдарды таап чыгышты. Учурда иликтөө иштери башталды.

Машине маркасын эми түрмө таанытат
5-январда Аламүдүн айылындагы Набережная көчөсүнүн жашоочусу К.Курманалиевдин үйүнөн "Ауди 100" маркасындагы автоунааны кимдир-бирөө уурдай качкан. Бирок, оңой олжого туйтунган ууру узак барбай колго түштү. Ал ошол эле айылдын тургуну В.П. экени дайын болду.

Уюлдук телефондун укуругу узун
Бишкектин Ибраимов көчөсүндөгү "Достук" мейманканасынын жанынан 4-январь күнү эртең мененки саат ондор чамасында 1981-жылы туулган Р.Ш.-ны сабап, коркутуп "Самсунг" уюлдук телефонун карактап алган 28 жаштагы Б.Р. кармалды.

Жасалма акча жарытпайт
Бишкектеги Жаш Гвардия бульвары менен Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан май куюучу жайга жасалма беш миң сомдук купюра менен соодалашкан 21-22 жаштардагы эки жигит кармалып, сурак берип отурушат.




  И-тагдаалы

Чегарага чекит коюла элек
Эски жыл аяктай кыргыз-өзбек өкмөтү токтоп калган чегара маселесин тактоону кайра макулдашты. Өзбек-кыргыз өкмөттүк комиссияларынын акыркы отуруму 2008-жылы ноябрда болгон. Андан бери кыйраткан деле жылыш болгон эмес. Кыргыз өкмөтүнүн регионалдык маселелер бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламановдун билдиришинче, быйылкы жылдын апрель айына чейин документтер такталып, андан соң эки тараптуу практикалык жолугушуулар болот. Бул боюнча макулдашууга Ташкентте премьер-министр Данияр Үсөнов менен өзбек вице-премьери кол коюшкан. Данияр мырза ушунча киришкен соң кыргыз жемин жедирбес деп ишенип туралы.

Арзан болуу аста-аста, кымбат болуу бир паста
Жаңы жыл босогосун аттаарыбыз менен монополияга каршы агенттик нан, ичүүчү суу, цемент, шыйпыр кымбаттап, тейлөө тармактарында баа жогоруларын "сүйүнчүлөдү". Агенттиктин маалыматында электр энергиясынын кымбатташы менен эт, сүт азыктарынын баасы бир аз өсүп, кумшекер, өсүмдүк майы, спирт жана күйүүчү майдын баасы азыркы калыбында калары айтылат. Цементтин тоннасы болгону жүз сомго, шыйпыр эки сомго гана кымбаттайт имиш. Ушуга ишенесиңерби? Бирок, айрым серепчилер мындай жооткотуу суу кечпей тургандыгын айтышып, Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциялар, тейлөө кызматы бир нече эсе жогорулашын билдиришүүдө. Азырынча өкмөт буга ак да, көк да дей элек.

Чын эле окшошпу?
Билими боюнча зоотехник, Чүй облусунун жашоочусу Сулайман Генли президент Курманбек Бакиевге куюп койгондой окшош экендигин КТК казак телеканалы жар салды. Улуту дунган С.Генли он жылдан бери Чүй облустук кеңешинин депутаты. "Мени МАИ кызматкерлери токтотуп көпкө карашат. Курманбек Салиевич баратат деп кээде тамашалап, кезексиз өткөрүп жиберишет. Бирок, мен президент болгум келбейт. Менин ажого окшоштугум эле жетиштүү" дейт үчүнчү мөөнөткө депутаттыкка калган Генли.

Өзгөнү коюп өзүңдү айт
Жакында Кыргызстандын өпкө, жүрөк, кан тамыр оорулары боюнча адистер ассоциациясынын президенти Талантбек Батыралиев чочко ылаңына каршы вакцинаны чыгаргандар учурда 200 млн. дарыны сата албай жаткандыгын билдирди. Сегиз ай мурун Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ВОЗ) чочко ылаңынын тез таркалып кетүүсүн жарыялап, өлкөлөргө элди алдын-ала эмдөөнү сунуштаган. Мындан улам Европа өлкөлөрү илдетке каршы дарыны ири өлчөмдө сатып алышкан эле. Т.Батыралиевдин айтымында, азыр эмдөөнү каалагандардын саны өлкөлөрдө кескин азайып кеткен. Кыргызстан кезинде чочко ылаңына каршы 200 түрдүү дары-дармек сатып алган. Тилекке каршы алардын көбү элге таркатылган жок. Өзүбүздү башыбыздагы төөнү көрбөй, бирөөнүкүн айтып эмне кылабыз дейм да.

Акими ким болду экен?
2009-жылы Бишкек шаарынын Биринчи май районунда 51 мекемеде 3262 млн. сомдук өнөр жай продукциялары, кичи жана орто бизнес аркылуу 162,2 млн. сомдук продукция өндүрүлгөн. Тогуз айда өндүрүлгөн товардын экспорттолгону 432 млн. сомду түзөт. Ошондой эле райондо 2009-жылы мурдагы жылга салыштырмалуу чекене товар жүгүртүү, орточо айлык көлөмү жогорулап, калкты жумуш менен камсыз кылуу жакшырган. Мындан сырткары, январдан ноябрга чейинки мезгилде салык чогултуу, төлөмдөр өткөн жылдарга салыштырмалуу бир кыйла жогору. Алсак, өткөн жылы он айда салык жана төлөмдөрдөн жалпы 1 862 885,2 сом чогултулган. Райондогу 1406 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 2109 тонна көмүр өз убагында бекер таратылып берилген. 14 жаңы конушта АРИС программасынын негизинде балдар аянтчасы, ичүүчү суу чыгаруучу насостук станциялар, тротуарлар курулган.