Кыргыз гезиттер архиви

  Колдон келет экен го

Энергетиктердин эле эмес, элдин кубанычы болду

22- декабрда кылымдардан бери өз нугунда агып жаткан Нарын дарыясы багытын өзгөртүүгө мажбур болду. Анткени Камбар-Ата ГЭСинде кеңири масштабдагы жардыруу болуп, ГЭСтин суу бөгөгөн плотинасы 17 секундда бүткөрүлдү. Бул дүйнөдө эң эле сейрек кездешүүчү ыкма. Натыйжада 3,8 млн. кубометр тоо кыртышы дарыяны бөгөп, анын бийиктиги 60 метрге жетти.

Эгер бул иш жардырылбай, техниканын күчү менен жасалганда көп каражат кетмек. Убакыттан да уттурмакпыз. Бул үчүн 2,8 миң тонна жардыруучу зат колдонулган.
Ушул кезге чейин Камбар-Ата-2
ГЭСинин тегерегинде ар түрдүү пикирлер айтылып жүрөт. Бир катар саясатчылар
ГЭСти куруунун кереги жок эле деп айтышат. Эгер Камбар-Ата-2 толугу менен бүтсө, ал 360 мвт электр энергиясын өндүрөт. Биринчи агрегаты май айында пайдаланууга берилмекчи.Президент К.Бакиев жогорудагы иш-чарага байланыштуу сүйлөгөн сөзүндө Камбар-Ата-2 ГЭСинин бүткөрүлүшү менен Токтогул суу сактагычында суу 1,4 млрд. кубометрге үнөмдөлөрүн, жылына 1 млрд. кВт. саат электр энергиясы өндүрүлөрүн белгиледи. Президент андан ары "бизде коңшу өлкөлөрдөгүдөй мунай менен газ жок, бизге кудай Нарын дарыясын бериптир, ошондуктан кыргыздар аны толук өлчөмдө колдонууга тийиш" деди.
Жардыруунун кооптуулугу жөнүндө да шектенүүлөр болгон. Кокус ойдогудай болбой башка багыт менен кетсе, анда долбоор бүлгүнгө учурамак. Себеби, бул ыкма гидротехникалык багытта дүйнөдө алгачкы жолу жасалып жатат. Экинчи жагынан жардыруунун күчү жеринде 9 баллдык жер титирөөгө барабар болот деп айтылып жүргөн. Ошондуктан жакын жайгашкан Кара-Жыгач айылынын 2500 тургуну мал-жандыктары менен кошо коопсуз жайга көчүрүлдү. Бирок жардыруудан кийин айыл эч кандай жабыр тартпаганын вице-премьер Акылбек Жапаров билдирди. Ал жардырууну бир эле согушка эмес, пайдалуу иштерге да колдонсо болорун айтты.
Эскерте кетсек, ГЭС СССР тушунда башталып, каражаттын жоктугунан токтоп калган эле. Бирок азыркы жардыруунун долбоору 1990-жылы Ташкентте түзүлгөн. Жардырууну россиялык "Союзгидроспецстрой" компаниясы жүзөгө ашырды. Бул үчүн өнүгүү фондунан 13 млн. доллар бөлүнгөн. Жардырууга даярдык көрүүгө төрт ай убакыт кетти.
Россиялык компаниянын адистеринин айтуусуна караганда баары ойдогудай аяктады. Бирок коопсуздук үчүн такай көзөмөлдүк зарыл. Мындан ары кошумча бетондоо иштери башталат.
Камбар-Ата ГЭСинин курулушу бир эле Кыргызстанда эмес, Борбордук Азиядагы чоң жаңылык. Анүстүнө мындай ири долбоорду республика өз күчү менен ишке ашырып жатат. Жардыруудан кийин Россиянын Кыргызстандагы элчиси эки өлкөнүн ортосундагы Камбар-Ата-1 келишими күчүндө турганын жарыя кылды. Демек, Москва долбоорду жүзөгө ашырат.
Эмне болгон күндө да Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу сөзсүз керек. Ал бүтмөйүнчө Камбар-Ата-2 толук кандуу иштей албайт. Ошентип жаңы жыл алдындагы жардыруу 2009-жылдагы маанилүү окуялардын бири болуп калды. Президент эми сууну кышында үнөмдөп, жайкысын экспорттойбуз деп айтты. Буга чейин Өзбекстан менен Казакстан кышында ашыкча агызып жатасыңар, жерибизди суу басып кетти деп наалып келген. Анткени жетиштүү энергия өндүрүү үчүн Кыргызстан сууну агызууга аргасыз болгон. Ушуга чейин сууну эмне үчүн сатпайбыз деп кыжаалат болуп келдик. Эми бул маселе да жакынкы жылдарда жүзөгө ашчудай сыяктанат.
Келдибек НАЗИРОВ,
сүрөттөр Владимир ВОРОНИНдики




  Министр айым "Агымга" жооп берет

Айгүл РЫСКУЛОВА:
"Миграциялык карточка соода-сатыкка уруксат бербейт"

"Агымдын" өткөн сандарына Казакстандын Астана, Алматы калааларында соода-сатык иштери менен алектенген кыргыз жарандары Эмгек жана миграция министри
Айгүл РЫСКУЛОВАга кайрылышкан эле. Казакстандагы кыргыз жарандарынын кандай укуктары бар, эмне үчүн аларды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү куугунтукка алышары тууралуу министр айым өзү айтып берди.

- Биздин министрликтин функциясы мамлекет аралык эмгек миграциясынын, жеке ишкерлердин маселесин чечкенге аракет кылат. Дүйнө жүзүндө классикалык эмгек миграциясы боюнча жеке ишкерлер мигранттардын статусун алалышпайт. Башка мамлекетке барып, алардын иш берүүчүсү менен келишим түзүп иштегендерди эмгек мигранты деп аташат. Жеке ишкерлер дүйнө жүзү боюнча эмгек мигранттарына кирбейт. Себеби, жеке ишкерлер коммерсанттар, соодагерлер. Алар товарын алып келип сатып, кайра кетип калышат. Ошентсе да биздин президент, өкмөт башчылары канча жолу Казакстандын өлкө башчылары менен сүйлөшүп, базарда иштеген жеке ишкерлердин көйгөйүн чечкенге аракет жасашкан. Булар эмгек миграциясына кирбейт, бирок, соодагерлер бул жактан келип товар алып, Астанага, Алматыга же Россиянын шаарларына алып барып сатып, эмгектенишет. Ошон үчүн биздин жарандардын укугун коргоп казак өкмөтү менен сүйлөшкөнбүз. Эки мамлекеттин ортосунда келишимге кол коюлган. Негизи мыйзам боюнча мамлекет аралык келишимдер парламентте ратификация болушу керек. Кыргызстан тарап ратификация болгон. Ал эми Казакстан тараптагылар бул ишти карай элек. Алардын жүйөлүү себептери болушу мүмкүн. Бирок, биз бул тууралуу көп эле жолу Казакстанга кайрылуу жасаганбыз. Биз жөн эле отурган жокпуз.
Мисалы, Алматы калаасында бул маселе каралып, ошол жерде миграциялык полиция, салык инспекциялары менен иш жүргүзүлүп, келишимге кол коюлган. Астанада базарда отурган биздин жеке ишкерлердин арасында өтө активдүү кишилерибиз бар. Бир маселе болсо чогулуп чече салышат. Кээ бир кезде алар өтө эле активдүү болуп кетишет. Эки-үч жолу алар ошол жерде иштеп аткан кыргызстандыктарга проблема түзүшкөн. Башка мамлекетте иштеп аткандан кийин алардын мыйзамына да баш ийиш керек. Алардын негизги көйгөйү - документти туура эмес жасап барышканында. Жөндөн-жөн эле документи туура эмес деп жергиликтүү бийлик асыла бербейт. Биз кыргыз жарандарына керектүү бул маселени чечип, 90 күндүк миграциялык карточканы алып бердик. Кыргызстандын миграциялык карточка алган жараны Казакстанда каттоосуз 90 күн жүрө алат. Бирок, миграциялык карточка менен соода кылууга уруксат жок. Себеби, бул карточка мамлекетке кирдим деген гана документ. Ал эми соода кылыш үчүн Казакстандагы салык органдарына барып патент алыш керек. Биздин жарандар Казакстанда соода кылган туугандары менен базарга чыгып кармалышат. Негизги маселе ушундан чыгып атат. Менин миграциялык карточкам болсо да кармап атышат дешет.
Казакстанда биздин элчилик, Алматыда башкы консул бар. Эгерде ал жерде кыргыздар арасында массалык баш аламандык болуп кетсе, оперативдүү кызматкерлер отурушат. Биз Казакстандын ИИМ алдындагы миграциялык полиция менен дайыма байланышта болуп турабыз. Ал жакта биздин жарандар жазып аткандай массалык көйгөй жок. Казакстандагы биздин жарандардын көйгөйүн чече турган базарда отурган Досбаев Топчубай деген кадыр-барктуу өкүлүбүз бар.
Башка мамлекетке иштегени кетип атканда документтерди туура кылып, ошол мамлекеттин мыйзамдарына ылайык иш алпарышыбыз керек. Кыргызстандын ар бир районуна маалыматтык борбор ачканбыз. Казакстанга же башка мамлекетке барыш үчүн кандай документтер керек жана кандай жол-жобосу бар экенин кетип аткандар билиши шарт. Андан тышкары, "198" деген түз байланыш бар. Мурда Казакстан боюнча тамекиде иштеген кыргыз жарандарынын көйгөйү абдан көп болчу.Чегарадан өткөн адам документим жок кайда баратам деп өзүлөрү да ойлонушу керек. Жакшы иш таап берем деп айтса эле ээрчип кете беришет. Бир жакка чыкканда документтерин тактап, эмне иш, кайда баратканын сурап, билип туруп баргыла деп айтып келебиз. Бирок, биздин жарандар ошону билбей, башкаларга алданып кете беришет да, ал жерден көргөн азабына министр эмне үчүн мага келип жардам бербейт деп бизди күнөөлөп жатып калышат. Ошондуктан ар бир адам өзүнө өзү тыкан болуш керек.
Р.S.: Казакстанда соода кылган кыргыз жарандарынын көйгөйүн чече турган өкүл Топчубай ДОСБАЕВдин телефон номуру: 0777 7016605021.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА,
тел.: 38-67-13, nazik@vb.kg