mainkaptal

Пользовательский поиск
Жыл сурак
- Сиз эл аралап көп жүрөсүз, өтүп бараткан жыл жөнүндө эмне айта аласыз?
Асылбек Өзүбеков,
КР эмгек сиңирген артисти:
"Кризис кыргызга кеп эмес"
- Жакшы жыл болду. Мен бир нерсеге аябай таңгалдым. Дүйнөлүк кризис деп чет өлкөлүктөр куурап атпайбы. Кыргызга кризис деле кеп эмес экен. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, 2009-жыл кыргыз үчүн той жылы болду десем болот. Илгери ишемби же жекшемби күнү той болчу эле. Азыр той дүйшөмбүдөн башталат. Аптанын бардык күнү той. Бир эле Бишкекте эмес, республиканын жети дубанында ушундай. Тойдогу чыгымдарды эсептесең, албетте оңой акча эмес. Мындайда элдин жашоосу начар дегенге деле ишенбей калат экенсиң. Эмне демекчимин, ыр-күлкүнү сүйгөн калкпыз. Андыктан келерки жылы да той көп болуп, токчулуктун жылы болсун.

- 2009-жылда маанилүү деп кайсы окуяларды айтаар элеңиз?
Замира Акбагышева,
Кыргызстан аялдар конгрессинин төрайымы:
"Обаманын сыйлыгы, Кытайдын 60 жылдыгы"
- Эгер дүйнөлүк деңгээлде айтсам, АКШ президенти Барак Обамага Нобель сыйлыгынын берилиши. Муну менен дүйнөлүк саясаттын жаңы барагы ачылды десек болчудай. Экинчиси, Кытай эл республикасынын 60 жылдыгынын белгилениши. Бул өлкөнүн ички дүң продукциясы 11 триллион доллардан ашуун болуп, АКШдан кийинки экинчи орунду ээледи. Ал эми "Манас" аба майданында транзиттик борбордун түзүлүшү менен Кыргызстан терроризмге каршы күрөшүүгө өз салымын кошту деп эсептесек болот. Баарынан да Марста суунун табылышы жерден башка планетада да жашоо бар экенинен кабар берет.
Өтүп бараткан жыл Кыргызстан аялдар конгресси үчүн да жемиштүү болду. Апрель айында беш континенттин өкүлдөрү аялдарды бизнеске тартуу боюнча биздин тажрыйбанын негизинде маселе талкуулашты. НТВ-НТС телеканалдарында "Көз караш" аттуу автордук берүүбүз жанданды.

- Коммунисттердин жашоосу жыл жаңырып жатканда кандай болду экен?
Исхак Масалиев, ЖК Коммунисттер фракциясынын лидери:
"Кытай, индус коммунисттери менен алака түздүк"
- Ички турмушубузда көп деле өзгөрүү болгон жок. Өзгөрүү болсо деле мен аларды революциялык деп айта албайм. Бирок эл аралык байланыштарыбызда көп өзгөрүүлөр бар. Кытай эл республикасына барып коммунисттер менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдик. Индияда бүткүл дүйнөлүк коммунисттер жыйынына катыштык.

- Өтүп бараткан жыл сиз үчүн эмнеси менен эсте калды?
Улукбек Ормонов, ЖК депутаты:
"Наам алдым"
- Президенттик шайлоону өткөрдүк. Парламенттин 70 жылдыгын белгиледик. Ушул себептен улам жыйырма жыл заводдо иштеген эмгегим эске алынып, "КР эмгек сиңирген өндүрүшчүсү" деген наам алдым. Негизи, 2009-жылда ички жана сырткы саясатта жагымдуу окуялар көп болду. Буюрса, келерки жыл да элге жалаң жакшылыктарды алып келген жыл болсун.

- Келерки жылы бийлик менен оппозициянын алакасы кандай болмокчу? Эки тарап 2010-жылда конструктивдүү сүйлөшүүлөргө барышы мүмкүнбү?
Өмүрбек Текебаев,
"Ата мекен" партиясынын лидери:
"Келерки жыл жемиштүү болот"
- Конструктивдүү сүйлөшүүлөргө баруу үчүн бийлик адилеттүүлүк, теңчилик, акыйкаттуулукту камсыз кылган кадамдарды жасаш керек. Тарифтерди көтөрүп, аны элдин мойнуна жүктөп, энергетика тармагын чет элдиктерге сатабыз деп жатышса, чет элдик компаниялар кен байлыктарыбызга ээ болуп жатса, анан кантип биз ачык сүйлөшүүгө барабыз? Ошол эле мезгилде журналисттерди сабоо, өлтүрүү, куугунтуктоо, сөз эркиндигин кысымга алуу сыяктуу адам укугуна шек келтирген аракеттер жүрүп жатат. Оппозиция 2009-жылда бириге ала турганын көрсөттү. Ал эми келерки жыл биз үчүн жемиштүү болот деп ойлойм. Ага бийликтин калпыс кадамдары себеп болот.

- Парламентке депутат болуп келгениңерге эки жыл болду. Мурдакы жылга салыштырмалуу 2009-жылдын натыйжасы кандай болду?
Динара Молдошева,
ЖК депутаты:
"15 мыйзам долбоорун иштедим"
- Алгачкы жылы жаңы депутат катары көп нерселерге түшүнбөсөк, быйылкы жылда кадимкидей такшалып, ишим илгерилегендей болду. Анткени 15ке жакын мыйзам долбоорунун үстүндө иштедим. Ал мыйзамдардын саны эмес, сапаты, эл үчүн керектүүлүгү эске алынды. Үй-бүлөмдө көп деле өзгөрүү болгон жок. Баары жайында. Негизи, өтүп бараткан жыл депутаттык ишмердүүлүгүм үчүн жемиштүү болду.

- 2009-жылы өзгөчө журналисттерге кысым көрсөтүлүп, сөз эркиндиги ооздукталып жатат дегенге кандай пикир айта аласыз?
Айданбек Акматов,
"Азаттык" радиосунун кабарчысы:
"Бир беткей чагылдыргандарды да көрүп жатабыз"
- Эки журналисттин өлүмү, бир нечесинин сабалышы, коркутуулар болгондугу журналисттерге кысым көрсөтүлүп жатат деген сөздүн ачык күбөсү. Ал эми өкмөт каржылаган бийликчил басылмалар ар дайым бир беткей гана маалымат чагылдырганын баарыбыз көрүп турабыз.
Келдибек НАЗИРОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
25-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
"Өз элимдин уулумун"
2-бет
Шадиев -
Ормонов тирешүүс

3-бет
Азамат СЫДЫКОВ:
"Өз элимдин уулумун"

4-бет
Жыл сурак
5-бет
Ар бир жылда артыкчылык такталат,
Асылдык бул айылдардан башталат

6-бет
Жылдын…
7-бет
Эгемен ойлордон
8-бет
Энергетиктердин эле эмес, элдин кубанычы болду
9-бет
Элдик саясат
10-бет
ОМОРДУН ЖАҢЫ "ОМОН" ТОБУ КАНТИП ПАЙДА БОЛДУ?
13-бет
Ырдан чыр чыгарбагыла
14-бет
"Токой чарбасын өнөр жайына айландыруу керек"
15-бет
Кыргыздын рухун көтөргөндөр
16-бет
Урмат жаңы жылды гүлчөтай менен тосот
17-бет
Жаңы жыл жакшылык жышааны
18-бет
Жизнь деген ар кандай
19-бет
"Басма сөздүн" артында кимдин муштуму турат?
20-бет
Жаңы вариант
22-бет
Виталий мыкты европалык боксчу
23-бет
Интернет имне дейт?
24-бет
Айымай
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
ЖОЛБОРС жылынан эмнени күтсө болот?
27-бет
Алмашым, менин Алмашым…
28-бет
Урматтуу окурман!
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика