mainkaptal

Пользовательский поиск
ЖОЛБОРС жылынан эмнени күтсө болот?

Байыркы кытай уламыштарында Уй менен Жолборс экөөнүн күрөшү тууралуу айтылат. Анда Уйга кол салган Жолборс ага алы жетпей жеңилип калган экен. Жолборсту жеңген Уй шылдыңдап басып кеткен дешет. Ошондон улам Жолборс Уйду көрсө эле баса калып, ушунчалык жек көрүп калганын азыркы күнгө чейин айтып келишет. Андыктан Уй жылын узатып атып аны мактасаң, Жолборстун кыжырына тиесиң дешет. Эгер Жолборс жылын сый-урмат, жакшы үмүт менен тосуп алса, дайыма алдыда жүргөн жаныбар ийгиликке жол көрсөтөт дейт чыгыш төлгөсүндө. Анда эмесе, жаныбарлардын арасындагы кошоматтыкты жек көргөн, эр жүрөк, эркиндиктин символу болгон Жолборс жылында бизди эмне күтүп атат?

ЧЫЧКАН
Жолборс жылы Чычкандарга эң сонун сюрприз даярдап, аларды жамандыктан, жагымсыздыктан сактап, ар кандай кирешелүү долбоорлорду алдыга жылдырууга мүмкүнчүлүк берет. Бул жылы Чычкандар жетишкендиктерине маани берип, андан аркы жолду туура тандоосу шарт. Бирок, эс алууну да унутпай, алыскы өлкөлөргө саякатка чыгуусу зарыл. Чет өлкөгө көчүп кетүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Мамлекет тарабынан чоң өлчөмдөгү материалдык, финансылык жардам алышы да мүмкүн. Бул жыл Чычкандар үчүн байлыктын жылы болот.

БАЛЫК
2010-жылы Балыктар ийгиликтин бийик чокусуна жетишет, ошол эле учурда ар кандай жагымсыз кырдаалдар, көңүл калуулар коштолот. Алар дайыма өзүлөрүнүн гана кызыкчылыгын көздөшөт. Айлана-чөйрөсүндөгүлөргө лидер болбосо да ички жана тышкы душмандары менен ийгиликтүү күрөшүп, жеңе алышат. Жашоосунда ийгиликке жетүү үчүн активдүү аракеттенүү, иштөө талап кылынат жана бут тоскон душмандары менен күрөшүүгө туура келет. Бул жылы көп кыйынчылыктар болот. Дос тандоодо кимдин-ким экенин билген жакшы, баарына сыр айтууга болбойт.

УЙ
Жолборс жылы Уйларды бирде кыйнаса, бирде жагымдуу сюрприздерди даярдап турат. Бул жылы өтө кежирленип, өзүм билемдик кылуу опурталдуу, ошол эле учурда эч нерсе жасабоо да Жолборс жылына туура келбейт. Жолборс жылы буларга туруксуздукту, чыр-чатакты көбүрөөк берет. Чыгыш төлгөсү боюнча Уй менен Жолборс экөө тең күчтүү, кыйын жаныбарлардын бири. Алар бири-бирине эч качан жол бергилери келишпей, урушуп да кетиши ыктымал. Андыктан бул жыл Уй жылы төрөлгөндөр үчүн жеңил эмес.

ЖОЛБОРС
2010-жылы чоң иштерди чочулабай жасаса болот. Анткени алар бардык душмандардан, ар кандай кара күчтөрдөн дайыма корголуп турат. Жолборстун арышы ыкчам, кармаганы темирдей бекем. Кандай гана ишти кармабасын, кое бербей, мүдөөсүнө чыга алышат. Бул жылы аларды дайыма ийгилик коштойт. Бизнесте иши өркүндөп, акча агылып келет. Бирок, мындай жетишкендик оңой менен эле ишке аша бербесин да унутпагыла. Ал көпчүлүктүн арасында ишбилги, кадыр-баркы жогору лидер экенин көрсөтүүсү керек. Бул жылы чоң ийгиликтин, материалдык, финансылык абалдын туу чокусуна чыгат. Сүйүүдө жана атак-даңкка жетүүдө билинбеген душмандарынан сак болуусу керек.


КОЕН
Жолборс жылы Коендор үчүн жамандыгынан жакшылыгы көп болот. Үй-бүлөгө көбүрөөк көңүл бөлүп, чоң долбоорлорду ишке ашырууга аракеттенет. Коендорго эң негизги кеңеш, колунан келбеген иштерди аткарууга убада бербей, эч кимге ишенбей, бардык иштерди өзү колго алганы оң. Үй-бүлөдөн сырткары, жашыруун сүйүүлөр, көңүл ачуулар күч алат. Бирок үй-бүлөнү унутпоосу зарыл. Анткен менен Коендор үй-бүлөсүндө боло турган өзгөрүүдөн, туруксуздуктан кача албайт. Жолборс жылында жаңы иш баштоо опурталдуу.


ЖЫЛАН
Жолборс жылы Жыландардын дүйнөсүнө чоң сабак болот. Алар үчүн кыйынчылыктан качуу кыйынга турат. Жолборс күчтүү, ал эми Жылан даанышман деп эсептелгендиктен, жакындаган душманын жантаслим кылуу үчүн көп күч, көп акыл-эс жумшалат. Чыгармачыл адамдар бул жылы ийгилик жаратат. Көптү үмүттөндүргөн кызмат үчүн талыкпай эмгектенүү күтүлөт. Анткен менен Жылан Жолборстон көп жакшылыктарды күтпөй эле койгону дурус. Жолборс Жыланды анча жактыра бербейт. Моралдык жана материалдык жоготуулар көп болот.Бул жылы Жыландар душманынын жагымсыз сюрприздерин көтөрүүгө туруштук берүүсү зарыл.


ЖЫЛКЫ
Жолборс жылы жакшылыктарга бай. Жылкы жылындагылар келечектеги олуттуу долбоорлорун ишке ашырууга бел байлашат. Жаңы иштерди баштоо ийгилигин берет. Жашоосунда көп жагымдуу өзгөрүүлөр күтүлөт. Аялдар үчүн ийгиликтүү турмуш куруу, балалуу болуу күтүлүүдө. Ал эми эркектер бул жылы сүйүүгө кабылып, атүгүл өмүрлүк түгөйү менен да ажырашышы ыктымал. Өзүнүн интеллектуалдык деңгээли менен жакшы ийгиликтерге жетет.

Кой
Жагымсыз окуяларга бай. Эгерде буларды жакын адамдары, үй-бүлөсү, достору колдобосо, алар депрессияга кабылып, атүгүл аракка берилип кетиши ыктымал. Бул жылы алар жашоосун, же бир нерсени өзгөртүүгө алсыз. Андыктан өзүлөрүн алаксытуу үчүн чыгармачылыкка аралашып, ишинен эргүү алуусу зарыл. Алар бул жылы көп кайгыга батып, жандүйнөсү эңшерилет. Кудайга жалынып, буга чейинки кетирген кемчиликтерин, күнөөлөрүн жууш үчүн ар кандай динге берилет. Чыгыш төлгөсү боюнча Жолборс менен Кой таптакыр бирин-бири түшүнбөгөн, келишпеген жаныбар.


МАЙМЫЛ
2010-жыл Маймыл жылында төрөлгөндөр үчүн кызыктуу эч нерсе күтүлбөйт. Тескерисинче, кайгырган учурлар көп кездешет. Андыктан, бул жылы олуттуу иштерди аткаруудан баш тартып, тынч гана иштөө сунушталат. Эң негизгиси, кийинки жылга күч-кубат топтоп, бекем фундамент курууга даяр туруусу шарт. Себеби, кийинки 2011-жылда ийгиликтин туу чокусуна чыгышат. Бул жылы үй-бүлөлүк көйгөй адаттан көбүрөөк болот. Алар өздөрүн эч кимге кереги жоктой сезишет, бул алардын психологиялык жактан жабыркоосуна алып келет.


ТООК
2010-жылы булар дайыма кыйынчылыктын үстүндө жүрүшөт. Жаңы иштерди баштоо ийгиликтүү болбойт. Андан көрө буга чейин башталган иштин өтөөсүнө чыкканы оң. Алар ата-энесинин, туугандарынын, кызматында жетекчиликтин жемесин көп угат. Жашоосундагы кара түстү Жолборс менен Тооктун жылдызы келишпегенинен улам билсе болот. Андыктан, бул жылдан Тооктор өзгөчө жакшылыкты күтпөй эле койгону дурус.


ИТ
2010-жыл Ит жылында төрөлгөндөр үчүн абдан бактылуу жана ийгиликтүү жыл. Ийгилик дайыма коштоп жүргөндүктөн, кандай гана иш аткарбасын бардыгы оңунан чыгат. Ар бир көз ирмем бакытты, ийгиликти тартуулайт. Финансылык, материалдык жактан ийгиликтин туу чокусуна чыгышат. Коомчулукта көпчүлүктүн көңүл борборунда болушат. Эгер алар башкаларга кайрымдуулук жасап, жамандык иштерден алыс болсо, аларды жаркын келечек күтүп турат. Себеби, Кытай төлгөсү боюнча Ит менен Жолборс эң мыкты дос деп эсептелинет. Жолборс жылы буларды бардык терс энергиялардан, душмандардан, бут тосуулардан сактап турат.


ЧОЧКО
Бардык иш ойлогондой чечиле бербейт. Бул жылы жашоонун ырайымсыз соккусунан сабак алат. Жандүйнөсүнүн жабыркаганына, жашоосундагы көйгөйлөрдү чечүүдө жанындагы жакын адамдары кайдыгер карашат. Эч ким ага кол сунуп жардамга келбейт. Өздөрүнүн гана акылына, күчүнө ишенүүсү керек. Жолборс менен Чочко эч качан достошо алышпайт. Ошондуктан эмоцияга алдырбоо керек. Өмүрлүк түгөйүн таап, атүгүл балалуу болуу кубанычы күтүлүүдө. Эгер үйү жок болсо, аракет кылуусу керек, бирок, кредит же карыз алуу сунушталбайт.







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
25-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
"Өз элимдин уулумун"
2-бет
Шадиев -
Ормонов тирешүүс

3-бет
Азамат СЫДЫКОВ:
"Өз элимдин уулумун"

4-бет
Жыл сурак
5-бет
Ар бир жылда артыкчылык такталат,
Асылдык бул айылдардан башталат

6-бет
Жылдын…
7-бет
Эгемен ойлордон
8-бет
Энергетиктердин эле эмес, элдин кубанычы болду
9-бет
Элдик саясат
10-бет
ОМОРДУН ЖАҢЫ "ОМОН" ТОБУ КАНТИП ПАЙДА БОЛДУ?
13-бет
Ырдан чыр чыгарбагыла
14-бет
"Токой чарбасын өнөр жайына айландыруу керек"
15-бет
Кыргыздын рухун көтөргөндөр
16-бет
Урмат жаңы жылды гүлчөтай менен тосот
17-бет
Жаңы жыл жакшылык жышааны
18-бет
Жизнь деген ар кандай
19-бет
"Басма сөздүн" артында кимдин муштуму турат?
20-бет
Жаңы вариант
22-бет
Виталий мыкты европалык боксчу
23-бет
Интернет имне дейт?
24-бет
Айымай
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
ЖОЛБОРС жылынан эмнени күтсө болот?
27-бет
Алмашым, менин Алмашым…
28-бет
Урматтуу окурман!
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика