Кыргыз гезиттер архиви

Айымай
Сары темир жолборс чоңду жактырат
Ар бир аял жандүйнөсүндө өзгөчөлөнүп кийингиси келет. Жолборс ачык түстү жактырат. Сиз кийчү кийим баалуу жана таза жибектен болгону дурус. Дене боюңузга жараштырып тандап алсаңыз болот. Денеге чапташкан шым, кофта, кынапталган жакет, юбканы эни жазы кур менен кийиңиз. Алдыдагы жыл Сары темир жолборс деп аталгандыктан, сиз тандаган аксессуарлар: чоң билерик, ачык түстөгү чоң мончоктор, сөйкөлөр да көлөмү чоң, жалтырак болгону оң. Булардын баары табитиңизге ылайык, жарашыктуу болсун. Анткени жолборс табитсиздикти жактырбайт.
Астрологдордун айтуусу боюнча алдыдагы жылды аялдар жаңы туфли кийип тосуулары керек. Үй ичинде тоссо деле жаңы туфли булгаарыдан тигилген, жалтырак темир жасалга тагылган же боосу менен болуусу керек.


Жүзүңүз нурданып турсун
Кар, суук, муздак шамал - беттин терисин кургатып, жагымсыз кылып жибербес үчүн кам көрүңүз. Ар кандай чөптүн тундурмасынан даярдалган ванна, сауна, массаж - кышында денеге көрүлчү камкордук.
Бетиңизге C, E, A витаминдери, ланолин, сирень, глицерин камтылган кремдерди колдонуп жүргөнүңүз оң.
Жарым чай кашык майдаланган жумуртканын сырткы кабыгына 1 жумуртканын сарысы жана 1 чай кашык каймак аралаштырып бетке жабыңыз. 20 мүнөт кармаган соң жууп салыңыз. Бул кышкысын бетке жасалчу маскалардын бири.


Алтын же күмүш түстөр
Жаңы жылдык дасторконго алтын түстүү сары же күмүш түстөгү буюмдарды койгонуңуз оң. Анткени бул Жолборс жылына мүнөздүү келет. Үйдү өзүңүздүн фантазияңызга ылайык жасасаңыз болот. Мисалы, алтын түстүү коңгуроо илип коюңуз же болбосо мөмө-чөмөнү темир вазага салыңыз.


Салатыңыз даамдуу болсун!
30 гр сууга бышырылган тоок эти, 100 гр бышырылган тил, 100 гр бышырылган уйдун эти, 50 граммдан тазаланган креветка жана кальмар консервасы, 2 картошка, 1 сабиз, 3 туздалган бадыраң, 50 гр жашыл буурчак, 6 жумуртка, 1 ором салат жабырагы, 100 мл. майонез, туз, калемпир.
Эттин бардык түрү узунунан тууралат. Бышырылган картошка, сабиз жана бадыраң чарчы тууралып, салат жалбырагын майдалап туурайсыз. Кальмар балыгын да майдалап кесесиз.
Бардык тууралгандарды жашыл буурчак менен чогуу майонез куюп аралаштырасыз. Татымына жараша туз салыңыз. Ал эми бышкан жумуртканы аарчып экиге бөлүп, көк чөп менен үстүнө кооздоп койсоңуз болот.


Жаңы жылды ким кандай тосот?
Болгарияда
Жаңы жыл алдында үй-бүлөнүн эң кичүүсү балатынын жанында меймандарга ырдап берет. Ага карап тургандар ыраазычылыктарын билдиришип белек тартуулашат. Мындай салтанат жаңы жыл жаңырган саат 12де башталып, атайын жаңы жылдык өбүшүү үчүн электр жарыктары өчүрүлөт. Андан кийин гана үй ээси майрамга арналып жасалган чоң тортту меймандардын ар бирине бөлүп берет. Бөлүнгөн торттун ичинен тыйын чыкса, аны жеп жаткан адам бай болот, роза гүлүнүн бөлүкчөсү чыкса, ал адам сүйгөнүнө жетип бактылуу болот деп эсептешет.
Италияда
Жаңы жыл жаңыраар алдында италиялыктар эски буюм-тайымдарын, кийим кечелерин, керексиз нерселерди терезеден сыртка ыргытышат. Алар жаңы жылды жаңы буюмдар, жаңы кийимдер менен тосуп алсаң ошондо жашооңдо чыныгы жаңылануу болот деп чын ниеттеринен ишенишет. Эбактан бери келаткан каада-салт боюнча Италияда 31-декабрда аялдар менен эркектер бири-бирине кызыл түстөгү ич кийимдерди белекке беришет. Анткени кызыл түс жаңылануунун белгиси деп эсептешет.
Германияда
Немецтер жаңы жылда бардыгы бир столду тегерете отурушат. Бул күн алар үчүн белектердин күнү катары белгиленет. Германиялыктар бири-бирине берген белектер бирдей баада болушу керек. Эгер белек кымбат баада болсо, аны берген кишинин астында алган киши өзүн пас, кемсингендей сезип калышы мүмкүн.
Шотландияда
Шотландиялыктар жаңы жыл түнү колуна торттун кесилген бөлүгүн, бир стакан вино жана бир тоголок көмүр алып досторунукун карай бет алат. Алар буларды эң сонун белек катары эсептешет. Анткени алып барган белектери бир жыл бою үй ээсин тамак-аш, ичимдик жана жылуулук менен камсыз кылат деп терең ишенишет.
Данияда
Кичинекей даниялыктарга чоңдор жыгачтан жасалган балатыны белекке беришет. Алар жыгач ийгиликтин, жакшылыктын белгиси деп эсептешет. Жаңы жыл жаңырган түнкү саат 12де үй ээси майрамдык столго күрүчтөн жасалган буламык салынган табакты алып келет. Буламыктын ичинде бадам же жер жаңгагы болот. Буламыкты жеп жатканда жер жаңгагы кимге туш келсе жаңы жылда ал сөзсүз турмушка чыгат же аял алат. Бул салт бойдоктор үчүн өтө маанилүү болуп эсептелет.
Даярдагандар: Эркайым Камчыбекова, Нуржан Алымканова, Жума Мамбетов




Жолборс жылынын мүнөзү
Байыркы заманда Бука менен Жолборс кармаша кетип, чоң мүйүздүү Бука жеңип коет. Ошондон бери экөө касташып калыптыр. Андыктан, кетчү эски жыл - Буканы узатканда жаңы Жолборстун жинине тийбеш үчүн эски жыл жөнүндө эстебегиле дешет төлгөчүлөр. 2010-жылдын 14-февралында толук күчүнө кирчү Жолборс жылынын белгиси - темир. Бул жылы төрөлгөн адамдар темирдей эрктүү, жолборстой күчтүү келишет.
Жолборстун дасторконунда
Жолборс - жырткыч, этти жакшы көрөт. Кыргыздар да этти жакшы көрөбүз, бул жагынан бизге оңой. Көнгөн беш бармак, куурдак, казы-карта, чучук, тоок Жолборско да, өзүбүзгө да жагат. Суусундуктардан өрүктүн, апельсиндин, алманын ширеси шайкеш келет. Ал эми спирт ичимдиктеринен бул жаңы жылда баш тарткан оң. Бир чети капчык үнөмдөлүп, биринде баш оорубаса, экинчи жагы жолборс эң жаман көргөн маймылга окшоп калбайсыз. Албетте, кайсы жаңы жыл оливьесиз жана үйдө жасалган тортсуз өтсүн. Торт болбосо да, печенье жасап көрүңүз. Бизде опоңой рецепт бар.
Бал даамдуу бадам печеньеси
200 г бадамды (миндаль жаңгагы) кабыгынан тазалап, 1 стакан кум шекер менен майдалайсыз. Үстүнө 6 жумуртканын агын кошуп, отко коюп жылытасыз. Баары бир өңчөй массага айланып эригенде, кайра суутасыз. 0,5 стакан ун кошуп аралаштырыңыз. Даяр болгон камырды кичинекей тегерек формаларга келтирип, 120 градуска ысытылган духовкада 20 мүнөт бышырасыз.
Белектен мурда көңүл
Белек тандоодо нарктуулугуна караңыз. Кичинекей нерсе болсо да сапаттуу, белгилүү фирманыкы болсун. Жолборстун сүрөтү, айкели бар белектер баарына туура келе бербейт. Мисалы, тоок же коен жылында туулгандар үчүн ал оор жүк болуп калышы мүмкүн. Жолборс жырткыч болсо да мышыктар тукумунан эмеспи. Ал мээримдүүлүктү сүйөт. Эркелетип колго көндүрүп алса болот. Демек, башкы белек - жакшы көңүл бөлүү. Сүйүүңөрдү билдирип, жакындарыңызга жакшы көргөнүңүздү көбүрөөк сездириңиз.
Жолборс тырмагындагы дипломатия
Жаңы жылды үй-бүлө менен үйдө тоскон эң туура салт, жолборс да үйүрдө жашайт. Кетип бараткан уй жылында үй-бүлө куруу, аны бекемдөө, мамилелерди туура нукка буруу башкы багыт болсо, келерки жылы ошол жетишкендиктерди бекемдөө мезгили. Бейпил турмуш курууда бекем чеп болуп берчү үй-бүлө баарынан маанилүү. Алыс жактагы туугандарга, тааныштарга өз убагында куттуктоо жөнөтүүнү да унутпаңыз. Келерки жылы эски байланыштарды жаңыртуу күтүлөт. Төлгө боюнча, жолборс жылында байланыш жоголгон адамдар жашоого кайтып келишет. Ийгиликке жетүү үчүн лидерлик талап кылынат. Канткен менен, мышыктын тырмактары дипломатиянын жумшак жүнүнө катылуу турат.