mainkaptal

Пользовательский поиск
 

Виталий мыкты европалык боксчу
Белгилүү мушкер, коомдук ишмер Виталий Кличко жыл аяктай Украина коргоо министрлигинен "Абийир жана кайраттуулук үчүн" сыйлыгын алды. Сыйлыкты өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн командачысы, генерал-полковник Иван Свида өз колу менен тапшырды. Виталий бокстун WBC версиясы боюнча оор салмактагы дүйнө чемпиону аталган биринчи европалык. Бул титулду ал 2004, 2005, 2008-жылдары жана 2009-жылы да коргой алды. 2005-жылдан бери Виктор Ющенкого кеңешчи болуп келаткан дүйнө чемпиону кечээ дүйнөлүк бокс дөөсү Николай Валуев менен беттешерин билдирди. Муну менен ал быйылкы жылдын мыкты боксчусу экенин көрсөтө алды.

Теннистен анын теңи жок
Теннисти катыра ойногон Хуан Мартин Аргентинанын 2009-жылдагы эң мыкты спортчусу аталды. 2009-жылдын сезондук оюндарында ал үч турнирди жеңип алган. Анын алгачкы утушу Оклендде, экинчиси Вашингтондо, үчүнчүсү АКШдагы ачык чемпионатта болду. Бул чемпионатта Мартин акыркы жылдары дүйнөлүк теннистин лидери аталып келаткан Роджер Федерерди утуп, дүйнөгө төбөсү көрүндү. Мындай ийгилиги менен ал Аргентинанын мыкты спортчуларын артка таштады. Алар Лионел Месси, гольфчу Анхель Кабрера, топ хоккейинин мыктысы Лусиана Аймар эле.

Мессинин мээнети кайтты
Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) ар жылы дүйнөлүк мыкты футболчуну уюмга кирген курама командалардын капитандары, машыктыруучуларынын добуш берүүлөрүнүн негизинде аныктап келет. ФИФА жума башында быйылкы жылдын дүйнөлүк мыкты футболчусу наамын аргентиналык Лионель Мессиге ыйгарды. Аялдар арасынан мыкты футболчу болуп бразилиялык оюнчу Марта аталды. Мунун эртеси эле "Спорт экспресс" басылмасы жыйынтык чыгарууда Россия курама командасынын башкы башчысы Гуус Хиддинктин, команданын капитаны Андрей Аршавиндин добуштары эске алынбагандыгын жазып чыккан. Анткени, Хиддинк биринчи орунга англиялык Жон Террини койгон эле. "Бирок, мындан трагедия кылууга болбойт" дейт Аршавин.

Ошончо ылдыйбы?
Кыргызстандын курама футбол командасы ФИФАнын 2009-жылга чыгарган рейтингинде 103 упай менен 159-орунду ээледи. Уй жылында кыргыз командасы үчүн жакшы учур август айындагы 143-орун болсо, маанайды чөгөргөн тепкич май айындагы 162-орун болду. Рейтингде алдыңкы үч орундарга Испания, Бразилия, Голландия командалары чыкты. Мыкты топту ким кийирген?
Ал эми уй жылынын эң мыкты топ кийирүүсү деп ФИФА Роналдонун тобун атады. Ушул жылдын 16-апрелиндеги "Порту" менен "Манчестер Юнайтеддин" беттешүүсүнүн 6-мүнөтүндө Роналдо дарбазадан 30 метр алыстыкта туруп топ киргизген. Ошентип 2009-жылдын футбол жыйынтыгында баатырлардын катарына кирген "Реалдын" жарым коргоочусу, мыктылар тизмесинде Лионель Мессиден кийинки тепкичтен орун алды.

Жимми Жонсон "Жылдын спортчусу"
Жылыга жаңы жылга жакын эларалык маалымат агенттиктери ар тармактагы мыктылардын мыктысын аныктап келет. Мындайда Associated Press маалымат агенттиги да биринчилердин катарында. Кечээ аталган агенттик "Жылдын спортчусу" категориясындагы сурамжылоонун жыйынтыгын чыгарды. Натыйжада NASCAR дөөтү жарышынын алдыңкысы Жимми Жонсон 42 добушка ээ болуп, "Жылдын спортчусу" наамына татыктуу болду. Буга нааразы болгон айрым чемпиондор "спорттун төрт саат бою жөн гана солго буруу түрүнө" мыктылыкты берүү күлкү келерлик экенин айтышкан.

Кыз болсо да кыйын экен
Быйыл тай боксу боюнча дүйнөлүк чемпионатта Валентина Шевченко 6-жолу дүйнө чемпиону аталып, Кыргызстандын желегин желбиретти. Чемпионат Таиланддын Бангкок шаарында болуп, 84 өлкөдөн 1200 мушкер катышкан. Мушташтын башка түрлөрү боюнча да дүйнөлүк үч титулдун ээси Валентина Таиландда жеңишке жетишүү менен дүйнөнүн 9-жолку чемпиону болду.

"Дордой-Динамо" чыгабы же…
Жыл аягына чейин Кыргызстан футбол федерациясы 2009-жылдын мыкты футболчусун аныктайт. Учурда мыкты машыктыруучу, мыкты оюнчуну аныктоо боюнча салтка айланган сурамжылоо иштери кызуу жүрүп жатканын федерациянын мелдештерди уюштуруу, өткөрүү бөлүмүнүн адиси Спартак Даниленко билдирген эле. Оюнчуларга баа коюу үч баллдык системада жүргүзүлөт. 2008-жылы "Кыргызстандын мыкты футболчусу" сыйлыгына "Дордой-Динамо" командасынын оюнчусу Руслан Сыдыков татыган эле. Акыркы төрт жылда аталган команданын оюнчулары мыктылыкты бербей келатат. Учурда Кыргызстанда спорттун бардык түрү боюнча жыйынтык чыгарылып жатат.

Даярдаган Мелис СОВЕТ уулу




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
25-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
"Өз элимдин уулумун"
2-бет
Шадиев -
Ормонов тирешүүс

3-бет
Азамат СЫДЫКОВ:
"Өз элимдин уулумун"

4-бет
Жыл сурак
5-бет
Ар бир жылда артыкчылык такталат,
Асылдык бул айылдардан башталат

6-бет
Жылдын…
7-бет
Эгемен ойлордон
8-бет
Энергетиктердин эле эмес, элдин кубанычы болду
9-бет
Элдик саясат
10-бет
ОМОРДУН ЖАҢЫ "ОМОН" ТОБУ КАНТИП ПАЙДА БОЛДУ?
13-бет
Ырдан чыр чыгарбагыла
14-бет
"Токой чарбасын өнөр жайына айландыруу керек"
15-бет
Кыргыздын рухун көтөргөндөр
16-бет
Урмат жаңы жылды гүлчөтай менен тосот
17-бет
Жаңы жыл жакшылык жышааны
18-бет
Жизнь деген ар кандай
19-бет
"Басма сөздүн" артында кимдин муштуму турат?
20-бет
Жаңы вариант
22-бет
Виталий мыкты европалык боксчу
23-бет
Интернет имне дейт?
24-бет
Айымай
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
ЖОЛБОРС жылынан эмнени күтсө болот?
27-бет
Алмашым, менин Алмашым…
28-бет
Урматтуу окурман!
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика