Кыргыз гезиттер архиви

  Жаңы вариант

ЭКИ ДӨӨНҮН КҮРӨШҮ
(Уландысы.
Башы өткөн сандарда)
БАКАЙДЫН БАЛБАН ТАНДАШЫ
Деп ошентип абаңыз,
Сакалдуусун жанга алып,
Санаасын жолго бурганча,
Сабыр кылып турганча.
Атаңдын көрү дүнүйө,
Кырды-түздү дуу кылган,
Кылайган жерди чуу кылган.
Кырктын башы Кыргыл чал,
Кырсыктуу чал, кыйгыл чал.
Чаңып түшө калды дейт,
Бакырган бойдон Бакайга,
Барып түшө калды дейт.
Ат жалынан куюлуп,
Агып түшө калды дейт.
Чалмакейди кыргызга
Чалып түшө калды дейт.
Анан Кыргыл деп айтат,
Адам уккус кеп айтат:

- Арман алат, катыгүн,
Аяна турган жер беле?
Арсыз жаман душмандын
Арбагы бизге тең беле?
Алдыңа келип кан Бакай,
Арманын айтчу мен беле?
Аяр-чаяр* кытайдын
Атагы бизден кең беле?
Айланбаш болуп турасың,
Айкөлдү салбай эмнеге?

Манжуу менен кытайдын
Мазары бизге эм беле,
Мадери бизге тең беле,
Мааниси бизден кең беле?
Мазаңды алып кан Бакай,
Маскара болчу мен беле?
Макоо чалыш Жолойго
Маңги болуп турасың,
Манасты салбай эмнеге?

Жүйө издебей мындайда,
Жүгүрөр жолду чалбайбы.
Жүдөтө бербей кыргызды
Жүгүртмө мылтык* жанбайбы.
Жүгөндөп бирден чубатпай,
Жүрөгү барын салбайбы.
Жүткүнтүп Манас ошондо
Жүргөнү бузук кытайды
Жүгүнтүп бирден таңбайбы.
Жүзү кара Жолойдун
Жүлүнүн үзүп албайбы.

Кор боло бербей мындайда,
Коога добул* чалбайбы.
Коргошунга чок коюп,
Коросон оттук* жанбайбы.
Койдой бирден чубатпай
Колдогусун салбайбы.
Козголуп Манас ошондо
Колу-бутун кытайдын
Кошоктоп бирден таңбайбы.
Коркуратып Жолойдун
Кокосун жулуп албайбы.

О, азабы мол Чоң Бакай,
О, атагы мол Зор Бакай.
Акыл-эсиң элебей,
Ат тандайсың кенебей.
Ала Тоолук кыргыздын
Айбаты жок эмедей.
Сабалаган элиңдин
Сабаты жок эмедей.
Сан кылымдап келаткан
Санаты жок эмедей.
Баяналуу дүйнөнүн
Барасы жок эмедей.
Кан ичишер кытайга
Карасы* жок эмедей.
Ташка тийсе өрт кеткен
Таласы жок эмедей.
Каражолтой кан Бакай,
Сен,
Манасы жок эмедей!

О, чөлсүз жерде чөл Бакай,
О, көлсүз жерде көл Бакай.
О, улагада төр Бакай,
О, убадага жөн Бакай!
Сен,
Көсөм деп койсо ченебей,
Көшөрөсүң кенебей.
Көчүп жүрмө дүйнөнүн
Көп жагы жок эмедей.
Көөдөндөгү жүрөктүн
Көз майы жок эмедей.
Көрөңгөлүү кыргыздын
Көт жагы жок эмедей.
Көөсөр Бакай, элиңдин
Көкжалы жок эмедей.

Мына,
Саадагы келди Таластын,
Сааты келди Манастын.
Сакалымды жөн кой да,
Салмагымды талашкын.

Сага айтамын кан Бакай,
Санатымды аткаргын,
Сабыр кылып күтөлбайм,
Саамыктырбай бат салгын!

Ошол,
Олжосу келди Таластын,
Ооматы келди Манастын.
Ороюмду жөн кой да,
Ойлорумду талашкын.

Обуңду таап кан Бакай,
Ошонумду аткаргын,
Оодарылып күтөлбайм,
Оолжубай бат салгын!

Деп Кыргыл чал буркурап,
Мурду-башы шуркурап.
- Ка-ап, кеп эмес бекен деп,
Кары-жашы кыргыздын
Карап турду чуркурап.

Манас барда Кыргыл чал,
Манас жокто шылдыр чал.
Куу саманга өрт койгон,
Куйругу жок кыргын чал.

Айкөл барда Кыргыл чал,
Айкөл жокто шылдыр чал.
Ак саманга от койгон,
Абийири жок кыргын чал.

Жан бүдөгө* түшкөндө
Жарадым деп турду дейт.
Жакшылардын оозун
Жабамын деп турду дейт.
Жарандардын көөнүнө
Жагамын деп турду дейт.
Каран түндү каңгайга
Саламын деп турду дейт.
Кан Манасты Бакайдан
Аламын деп турду дейт.

Атаңдын көрү дүнүйө,
Акылды кайдан табабыз?
Ала-телек кеп-сөздөн
Ачылат окшойт арабыз.
Чаламандын чак түштө
Чачылат окшойт чалабыз.
Деп сүйлөнүп катыгүн,
Абатталган* ордунан,
Атып турду абаңыз.
Ат бороюн* сыдырган
Ачуусуна караңыз.

Муруту сап-сап-сап болуп,
Мууну кетти саз болуп.
Мунары кат-кат-кат болуп,
Муштуму кетти таш болуп.

Сакалы сап-сап-сап болуп,
Сабыры кетти саз болуп.
Каары кат-кат-кат болуп,
Камчысы кетти таш болуп.

У-а, арбак ур ошондо,
Ууртуна кыт куюп,
Убар талдан* жасаган.
Уруп ийген кишинин
Убалына калсын деп,
Уучун ууга ашаган.
Уста Ашырга ишенбей
Уз Урумкан матаган.

Кан сапарда ат камчы,
Кара жанга чак камчы.
Кабыланды тиргизген
Кан Бакайдын ак камчы.
Калжың жинин далайдын
Кага жүргөн таш камчы.

Кагылайын каары,
Кара жерди жарчудай.
Караламан дүйнөнү,
Камчы менен алчудай,
Айдалынын огуна,
Ажына* чалдын жонуна.
Кыр арканын огуна,
Кыйды чалдын жонуна.
Таяй калып имерди,
Талуу жериң ушу деп,
Тартып-тартып жиберди.

Сакоо чалдын жонуна,
Сары тилдүү* камчыны,
Саптай калып имерди.
Сардал жериң* ушу деп,
Салып-салып жиберди.
Кыргыл аттан күп түштү,
Кыйган талдай түз түштү,
Кыгы калбай бүт түштү.
Кыргый үзгөн чымчыктай
Кыйрап жерге бүк түштү.

Кыжылдаган аянтка
Кыркыраган от түштү,
Кызыл чыйкан чок түштү.
Кыл-кыпыны жок түштү,
Кыбыраган кол-бутсуз,
Кызыл жаян топ түштү.

Анан Бакай кеп айтат,
Ажына Кыргыл деп айтат.
Карыяң Бакай кеп айтат,
Калайман* Кыргыл деп айтат:

- Маңызы жок Кыргыл чал,
Манас барда дыңгыл чал,
Манас жокто кыргын чал.

Атаңдын көрү кежир чал,
Абийириңди жегир чал.
Ат көрсөтсө темин чал,
Аш көрсөтсө жегин чал.
Айкөл жокто не бир чал,
Айкөл барда бүктөлүп,
Ар кимдерге келин чал.

Кошомат чал, котур чал,
Кожосу көп сокур чал.
Коштон ары көрбөгөн*,
Кошуун бузар кокуй чал.
Колтугуңду Манаска
Колко кылбай отур чал.
Кооку чанач* кийгизип,
Кооздойунбу чокуң чал!

Жыртык көрсө тырма чал,
Жылуу жерде жырга чал.
Жыландарын жыйма чал,
Жылытпаган заманын
Жылда кайгы, жылда чал.
Жыгыларда Манастын
Жылбыроочун карма чал.
Жылкыныңды кагайын
Жылпычтаган жылма чал.

Арка тоодой кыргыздын,
Арты түгөп калгансып.
Асман-Жерин тиреген
Анты түгөп калгансып.
Айры төштүү балдардын
Алпы түгөп калгансып.
Сан кылымдап келаткан
Салты түгөп калгансып.
Жакшы менен жаманы
Жалпы түгөп калгансып.

Канжыгалуу Таласта
Камчы түгөп калгансып.
Кара жалдуу кыргыздын
Калкы түгөп калгансып.

Жарык турса ал жерге
Айын салган оңобу?
Арык турса ал жерге
Сайын салган оңобу?
Караңгыга акшыйтып,
Таңын салган оңобу?
Кайдагы бир Жолойго
Кара тумоо Кыргыл чал,
Канын салган оңобу?
Канын салган калк, айтчы,
Касиети болобу?

Көрөр замат бу кытай,
Көчүп жүрмө дүйнөнүн
Көчүн берди дебейби.
Көлүк таппай кыргыздар,
Көзүн берди дебейби.
Көтөрүп турган калкынын
Көзөлдөрү көп туруп,
Көкжал Манас баатырдын
Өзүн берди дебейби!

Көкөтөйдүн кыргыздар,
Кара ашын берди дебейби.
Кара ашында карайлап,
Кара атын берди дебейби.
Калкан кылган дүйнөнүн
Канатын берди дебейби.
Карманып жүргөн калкынын
Баласын берди дебейби.
Кармашка балбан табалбай,
Кашайгыр,
Манасын берди дебейби.

Бул сөзүңдү тил тургай,
Тиш укпасын Кыргыл чал.
Киргени бир, оозу миң,
Киши укпасын Кыргыл чал.
Киши тургай мунуңду
Ит укпасын Кыргыл чал.

Жердеги суу, көктөгү,
Ай укпасын Кыргыл чал.
Айдын нурун шимирген
Сай укпасын Кыргыл чал.
Балкып жаткан бешикте
Бала укпасын Кыргыл чал.
Жашоосуна жармашкан
Жар укпасын Кыргыл чал.
Тамырда кан, талаада
Тал укпасын Кыргыл чал.
Жазмыш болгон шейит көп,
Жан укпасын Кыргыл чал.
Жака-белде бейит көп,
Ал укпасын Кыргыл чал.

Деп абаңыз күүлөнүп,
Күпө-күпө сүйлөнүп,
Күңгүрөнүп турду дейт.
Күбөгү күмүш сыр доолун*
Ошондо,
Күркүрөтө урду дейт...
(Уландысы бар)
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

*
Аяр-чаяр - сыйкырчы
Жүгүртмө мылтык - тез атылма мылтык
Коога добул - жоо келатканда согулуучу добулбас
Коросон оттук - оттук таш
Карасы - балбаны деген мааниде
Жан бүдөгө - кыйынчылык башка түшкөндө
Абатталган - атайылап даярдалган орун
Ат бороюн - ааламды буй кылган
Убар тал - бышык тал
Ажына - жин оорулуу
Сары тилдүү - уулуу деген мааниде
Сардал жери - аялуу жери
Калайман - жок жерден ызы-чуу салган
Коштон ары көрбөгөн - сезими туюк жан
Кооку чанач - акыл-эстен ажыратуу үчүн башка каптай турган чылгый тери
Сыр доолу - жоо добулбас