mainkaptal

Пользовательский поиск
Урмат жаңы жылды гүлчөтай менен тосот
Неля менен Урмат Үсөнов быйылкы жаңы жылды үй-бүлөсү менен өз өргөсүндө тосот. "Башка таластыктардыкындай эле жаңы жылда дасторконубуздагы негизги тамактардын бири гүлчөтай болот. Анан жубайым сөзсүз түрдө оливье салатын жасап берет. Бул менин эң жакшы көргөн тамагым" дейт ырчы. Жаңы жылды үй-бүлөлүк майрам катары эсептеген Урмат уй жылынын акыркы күнүндө саат он экиге чейин уулу, келинчеги менен үйдө тосууну туура көрүптүр. "Жолборс жылын босогодон баш бактырып алган соң, үйгө Мирбек, Съездбек, Султан, Акбар, Замир жана башка сахналаш досторум конокко келет" дейт Урмат мырза.


Берекелүү уй жылы
Сакадай бою сары алтын куудул Кубик Калыковго Уй жылы жемиштүү жылдардан болду. Ал кызы Айпериге машине сатып берип, үйүн евро оңдоодон өткөрүп, ден соолугун чыңдап, бир кыйла ирдениптир. Кызыгы, куудул үйүнө жаңы жылдык балатыны 10-декабрда эле кооздоп койгон. Өзү кичине, бирок пейили кенен куудул быйыл жаңы жылдык дасторконуна коон, ар түрдүү жер-жемиш, үндүк, торт жана иниси берип жиберген Молдованын сапаттуу шарабын коет экен. Жашоосу "окей" Кубик мырза быйыл ден соолугуна байланыштуу "Узак жол" деген бир эле ыр жазууга жетишиптир. "Баарынан кызыгы, былтыр үйлөнгөн Жанболот деген энергетик досум, быйыл так ушул энергетика кызматкерлеринин майрамында уулдуу болуптур" дейт сүйүнүп. Жубайына, балдарына да эл катары "сүйрүприз" даярдоо менен алек.


Согум аш болсун
Кымыз, бозодон башканы ичпеген ырчы Токтобек Асаналиев "тоолук болгон соң жаңы жылды ар дайым айылдан келген согумдун этинен жасалган бешбармак менен тосом" дейт барбалактай. Ат-Башы жигитинин жубайына, баласына берүүчү белектери азырынча "секрет". Ноорузду чыныгы жаңы жыл катары эсептеген ырчыга быйылкы кыш такыр жакпай туру. "Кышты кудай урарда, күн жылымдап жаз болот болуп жатат окшойт" деген Токтобек мырза, май айында жеке концертин берерин билдирди. Кызыгы, башкалар жаңы жылды зарыга күтүп сүйүнүшсө, Токтобек бир жылга картайып жатабыз деп күйүнөт экен.



Тоодо атылган салют
"Боз салкын" тасмасында Бурманын ролун аткарып, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Элнура Осмонованы тааныбагандар аз болсо керек. Актерлуктан режиссерлукка көбүрөөк басым жасаган Элнура учурда "Алмаз" документалдык фильминин үстүндө иштеп жатат. Быйыл Парижди көрүп абдан таасирленип кайткан актриса жаңы жылды Чоң-Кеминдин тоолорунда кайын журту менен бирге тосууну пландаштырып койгон. "31-декабрда кайындарым менен тоодо улуу от жагып, салют аттырабыз. 25-декабрда "Хаятта" жолдошумдун теңтуштарына атайын жаңы жылдык майрам уюштурабыз. Балетти жакшы көргөндүктөн, бул майрамда балерина болсом" дейт эки жашар кыздын апасы. "Азырынча мага ылайыктуу роль жок, бирок, келечекте жакшы образдарды жаратам" дейт Элнура.


Бусурманкул ОДУРАКАЕВ кызы Айсулууну "таштанды" кызга айлантты
Маркум жазуучу, журналист Асанбек КУЛМАМБЕТОВдун "Таштанды кыз" повестинин негизинде жаралган жаңы тасма жакында жарыкка чыкты. Бул тасманын режиссеру Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин 5-курсунун студенти Бекказы СААДАБАЕВ. Фильмдеги баш каармандарды Т.Абдымомунов атындагы академиялык кыргыз драма театрынын артисти Бусурманкул Одуракаев менен кызы Айсулуу Одуракаева аткарышты. Журналистикалык кесипти аркалайм деп тилек кылган Айсулуу атасынын жолун улоого белсендиби, айтор, тасмадагы таштанды кыздын армандуу махабатын жаратты. Айсулуу менен атасы Бусурманкулдун жаңы жыл алдындагы жаңы тасмасы көрүүчүлөрдүн купулуна толду.


ЛУНАРАны кийинки жылы да чакыргыла
22-декабрда "Замандаш" журналы "Жылдын мыктыларын" аныктап, А.Малдыбаев атындагы опера-балет театрында салтанаттуу кече өткөрдү. Анда кыргыздын кыраандарына "Жыл мыктылары" сыйлыктарын ыйгарышты. Албетте, мындай иш-чараны өң-келбети келишкен, айдай сулуу айымдар алып барары турган иш. Аны УТРКнын жаш, сулуу тележурналисти Лунара МАМЫТОВА алып барды. Буга чейин Лунара айым мындай иш-чараларды алып барып көргөн эмес экен. Уй жылы кетип баратып, Лунара сулуунун тушоосун кесип берди.



Жамал СЕЙДАКМАТОВАнын жаңы жылда жаны тынбайт
КР эл артисти Жамал СЕЙДАКМАТОВА жаңы жыл алдында жаны тынбай иштеп аткан учуру. Мурда "Тунгуч" театрын түптөп, атагын алыска чыгарса, эми "Каркыра" аттуу студия ачкан экен. Бул студияда 16 жаштан 38 жашка чейинки артисттик өнөрдү өзгөчө көргөн инсандар келип окушат. Жаңы жыл алдында борборубуздагы мектеп, бала бакчаларга атайы жаңы жылдык шоу тартуулап, чоң куурчактардын коштоосунда көңүл ачуу аземин өткөрүшүүдө. "Бир мүнөт да убакыт жок. Улам бир балдар мекемесине барып кичинекей бөбөктөрдүн көңүлүн ачып атабыз. Жаңы жыл алдында иштеп тапкан каражатыбызга заманбап музыкалык аппараттарды сатып алалы деген жакшы тилектерибиз бар" дейт Жамал эже. 31-декабрга чейин улана турган оюн-зоок программасынан кийин жаңы жылды үйдөн неберелери, бала-чакасы менен тосоорун айтты. Жашы улам өйдөлөгөнгөбү, жаңы жыл тосоору менен эле эс алуунун камын көрөөрүн жашырган жок.


Даярдаган Назгүл КАЛМАМБЕТОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
25-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
"Өз элимдин уулумун"
2-бет
Шадиев -
Ормонов тирешүүс

3-бет
Азамат СЫДЫКОВ:
"Өз элимдин уулумун"

4-бет
Жыл сурак
5-бет
Ар бир жылда артыкчылык такталат,
Асылдык бул айылдардан башталат

6-бет
Жылдын…
7-бет
Эгемен ойлордон
8-бет
Энергетиктердин эле эмес, элдин кубанычы болду
9-бет
Элдик саясат
10-бет
ОМОРДУН ЖАҢЫ "ОМОН" ТОБУ КАНТИП ПАЙДА БОЛДУ?
13-бет
Ырдан чыр чыгарбагыла
14-бет
"Токой чарбасын өнөр жайына айландыруу керек"
15-бет
Кыргыздын рухун көтөргөндөр
16-бет
Урмат жаңы жылды гүлчөтай менен тосот
17-бет
Жаңы жыл жакшылык жышааны
18-бет
Жизнь деген ар кандай
19-бет
"Басма сөздүн" артында кимдин муштуму турат?
20-бет
Жаңы вариант
22-бет
Виталий мыкты европалык боксчу
23-бет
Интернет имне дейт?
24-бет
Айымай
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
ЖОЛБОРС жылынан эмнени күтсө болот?
27-бет
Алмашым, менин Алмашым…
28-бет
Урматтуу окурман!
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика