Кыргыз гезиттер архиви

  Сыйлык кут болсун!

Кыргыздын рухун көтөргөндөр
"Замандаш" журналы жыл сайын коомчулуктун тараза ташына салып, мыктылардын мыктысын аныктоону салтка айландырган. Быйыл да мыктылар аныкталып, ал 22-декабрда Абдылас Малдыбаев атындагы опера-балет театрында белгиленип, 17 номинация боюнча жеңүүчүлөргө сыйлык тапшырылды.
Кыргызстандын мамлекет катары калыптанышына зор салым кошкон Турдакун Усубалиев "Улут күзгүсү" болсо, аз убакыт ичинде борбор калааны гүлдөткөнү үчүн Бишкек мэри Нариман Түлеев "Мыкты мамлекеттик ишмер" сыйына татыды. Башка өкмөт мүчөлөрүн артка таштаган ИИМ башчысы Молдомуса Конгантиевге "Жыл министри" сыйлыгы буйруптур.
Башка өлсө да өнөрлүү өлбөйт
Эл акыны Шайлообек Дүйшеев "Манас" эпосунун жаңы вариантын жазып жатканы көпчүлүккө маалым. А кишинин калеминен жаралган "Жолой менен Кошойдун күрөшү" "Агымга" сандан санга жарыяланып келет. Мындай саамалык "Замандаш" ассоциациясы тарабынан жогору бааланып, Шайлообек агайга "Жылдын өнөр табылгасы - рух дүбүртү" наамы ыйгарылды. Калган өнөрпоздордун эмгеги дагы унутта калбаптыр. Маселен, "Алтын кол" өндүрүштүк бирикмесинин жетекчиси Майрам Өмүрзакова "Жылдын чебери", жаш ырчы Аскат Мусабеков "Жылдын ырчысы", "Жылдын улуттук оюну" сыйлыгына "Салбуурун" федерациясы, айтылуу "шорочу" Табылды Эгембердиев уюштурган "Супура" улуттук-этнографиялык комплекси "Жыл жаңырыгы" номинациясына татыктуу болду.

Мыктылар чынында бар экен
Жаш улан-кыздарыбыздын көпчүлүгү чет өлкөдө билим алып, эмгектенип жүрөт. Алардын арасында Кыргызстандын атын дүйнөгө дүңгүрөткөндөрү да бар. Мына ошондой инсандардын бири, белгилүү мушкер Алмазбек Райымкулов "Алыстагы сыймыктанчу инсан" деп таанылды. Ошондой эле Россиянын Ленинград шаарындагы "Бирдиктүү Кыргызстан" диаспорасына "Жылдын чет өлкөдөгү мыкты диаспорасы" номинациясы берилсе, жергиликтүү карачайлардын "Ата журт" эл аралык ассоциациясы "Кыргызстандагы жылдын диаспорасы" аталышты. Сыйлык тапшыруу аземинде коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев сөз сүйлөп, бөтөн жерде жүргөн атуулдарды мекенине кайтууга үндөдү.
Калк саламаттыгынын сакчысы - ак халатчандар экени калетсиз. Бирок, Гиппократтын антын берген дарыгерлер көпчүлүк учурда эл ишенимин актабай, жумушка кайдыгер мамиле жасаганы өкүнүчтүү. Ошентсе да, оорулуулардын алкышына татыган медиктерден уучубуз куру эмес. Алсак, Саламаттык сактоо министрлигинин башкы урологу, медицина илиминин доктору Акылбек Усупбаев көпчүлүктүн ишенимине ээ болуп, "Колу жеңил улукман" сыйлыгын алды. Ал эми тай бокс боюнча дүйнөнүн алты жолку чемпиону Валентина Шевченко "Жылдын мыкты спортчусу", программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар ассоциациясынын төрагасы Азиз Абакировго "Жылдын мыкты ишмери", "Жылдын мыкты өндүрүшү" деп Түп районундагы "Элдияр" үрөнчүлүк чарбасы аталды. Мындан сырткары, ЭлТР компаниясына "Жылдын телевидениеси", УТРКнын "Ала-Тоо" маалымат программасына "Жылдын мыкты маалымат каражаты" наамдары ыйгарылды.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ, сүрөттөр автордуку