mainkaptal
Пользовательский поиск
  Жашыл дүйнөнүн жаңылыгынан

"Токой чарбасын өнөр жайына айландыруу керек"

Бала кезден бир сереп, "Калп айткан менен болобу, калп айткан киши оңобу" деп кайран Саякбай манасчы айткандай, эсил кайран СССР доорунда Кыргызстандын токойлорун өнүктүрүү демилгеси көтөрүлүп, кыйла натыйжалуу иштер жүргүзүлгөнүнө күбөбүз. Дегеле, кыргыз эли табият менен гармонияда жашаган эл. Тал-терек, карагай, арча тургай жайыт чөбүн да сарамжал, келечегине зыян келтирбегендей пайдаланып келгени айгине. Карагат терип жүрүп айрым бейбаштарды туурап шагын сындыра коем деп чоң атамдан үч күн тил укканым эсимде. Муну айтканым, токойду, сууну, табиятты мамлекет эле эмес, жумурай журт коргочу, алпештечү.
Андан көп өтпөй эгемендикке ээ болдук. 12 млн. койду эки-үч жылда мойсогон Талгарбековдун айтылуу реформа жылдарына удаа, тактап айтканда, 1995-98-жылдары айыл-кыштактарды отун, көмүрдүн кризиси каптап, карагай, бадалдуу кооз жерлер таздын кейпин кийгенин көрүп, аз эле убакта сансыз ак койлордон завод-фабрикалардан кол жуугандай, дүйнөгө дайын жаңгак, мисте, карагай, арча, четин, тал, карагат, долоно ж.б. токойлорубуз жардыланып, ажырап калуу коркунучу алкымга келбедиби. Дагы шүгүр, эмне жасап, эмнени жоготуп баратканын эл өзү аңдап, мамлекет дагы жоопкерчилик милдетин мойнуна алып, жер байлыгы, эл байлыгы болгон токой кайрадан жанданып көрктөнө баштаганы кубандырат.
Ушундан улам жыл жаңырар алдында кыргыз өкмөтүнүн айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Арстанбек Давлеткелдиев менен аңгемелешкенибизде төмөндөгүлөрдү баяндап берди:
- Токой чарбасынын азыркы акыбалы жалпы дурус, айрыкча соңку төрт жылдан бери президенттин өзгөчө көзөмөлүнүн аркасында иш кыйла жакшырганын эл өзү сезип, көрүп турат. Мурда автомашиналардын кербени менен карагайлар ташылса, азыр жарым жылда бир машине чыкса, республикалык деңгээлдеги "чп" деп эсептелет. Кыргыз жери, айрыкча Жалал-Абад облусу эң сонун токойлорго бай. Өзүңөр билесиңер, бул жактан да уурулук жөнүндө чуу чыгып атчу. Айрыкча жаңгак уюлу боюнча. Баалуу нерсеге көз арткандар көп болот эмеспи. Телевизордон далай уурулукту көрсөтүштү эле го. Президентке ыракмат, мораторий боюнча буйрук чыгарды, депутаттар колдоп, беш жылга мыйзам менен бекитип беришти. Уурулук тыйылды, бирок дале жула качкандар кармалып жаткан фактылар жок эмес. Эң башкысы, эл-журтка түшүндүрүү, ынандыруу иштерин колго алдык эле, ушул жагы көбүрөөк натыйжа берүүдө.
- Сөзүңүздүн ушул багытына баарыбыз кошулабыз. Чынында эл өз байлыгын өзү сактап, туура пайдаланганга үйрөнүшү зарыл го. Билишибизче, илгертен токой чарбасы билимдүү кадрларга муктаж эле…
- Туура айтасыз, азыр бир аз жакшы, бирок дале кесипкөй токойчулар жетпейт. Окуу жайлар жогорку билимдүү адистерди арбын, ашыкча даярдап чыгарып берип атканы менен татыктуу деңгээлдеги жаштар жапырт келбей жатат. Себеби, айлык аз. Шүгүрчүлүк, үч жылдан бери эки эседен ашык көбөйдү. Буюрса дагы көбөйтөбүз. Демек, токойчу жетиштүү болсо, кайтаруу күчөйт, уурулук азаят.
- Жан-жаныбарлар урук-тукуму менен көбөйөт да. Бизде токой өзүңүз айткандай, Орусия же Европадагыдай эмес, тоодо, кыйын шартта өсөт. Ошондуктан көмөкчү питомниктердин жардамы менен кеңейтүү зарыл, туурабы?
- Өтө зарыл. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 170 питомник бар болсо, аларда 25 миллиондон ашык түрлүү көчөттөр өстүрүлүүдө. Келерки жылы дагы кеңейтүү боюнча жаңы улуттук план түзөбүз. Кыскасы, токой чарбасын өнөр жайына айландыруу керек. Мында айрыкча тез өсүүчү карагай, терек сыяктуу токой өсүмдүктөрүн арбын, масштабдуу өстүрүүгө көңүл бурулуп жатат.
- Дүйнө жүзүндө климаттык кескин өзгөрүү коркунучу пайда болуп, мөңгү, карды сактоодо токойлордун ролу өзгөчө сезиле баштады. А адамзат бечара келечек катастрофасын аңдабай жүгүрүп жүрөт…
- Токой эми өзгөчө керек болот. Дагы айтайын, президентибиз өзү барып питомниктерди көрүп, ишибизге чоң көңүл бөлүп жатат. Муну эл, жергиликтүү бийликтер да катуу колдошу зарыл. Мал көбөйүп баратат. Бул жакшы, бирок жайыттарды токойлордон кескин бөлүп, көздүн карегиндей сактоого, мыйзамдуу түрдө үйрөнүүгө элибизди чакыраар элем. Себеби, токой - өлкөбүздүн байлыгы да, келечеги да.
Ушул багытта жакында Данияда ири державалар уюштурган жыйын кеңешмеге катышып келдик. Аба ырайынын өзгөчө жылый баштаганы бардыгын чочулатууда. Анда Кыргызстанга окшогон тоолуу чакан мамлекеттер үч маселенин тегерегинде демилге көтөрдүк. Биринчи, тоолуу чакан өлкөлөрдүн биримдигин түзүү. Экинчи, тоодогу токойлорду кеңейтип өстүрүүнүн кечиктирилгис программасын кабыл алуу. Үчүнчү, климаттык деңгээлди турукташтыруу үчүн чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча фонд түзүү. Буюрса булар ишке ашса натыйжасы үзүрлүү болот. Анан да баса белгилеп кетчү нерсе, президентибиздин батыл аракети менен ишке ашып бараткан Камбар-Ата-2 ГЭСинин пайдасы энергия багытында эле эмес, дал ошол экология жана аба ырайына да мыкты таасирин берээрин түшүнүшүбүз керек.
- Сөздү айлана-чөйрөнү коргоо маселесине бурсак. Маселен, калаадабы, талаадабы желим бөтөлкө, баштыктар жайнайт. Мындан тазалоонун жолу барбы?
- Орчундуу "баш ооруну" айттыңыз. Адамдар өз колу менен өздөрүнө кылмыш жасап атышат да. Бул желим калдыктарды өрттөсөң аба бузулат, жерге көмсөң жүз жылдап ошол боюнча жата берет. Бир гана жолу таштандыларды кайра иштетүүчү ишканаларды тез арада Бишкек, Ош, Жалал-Абад сыяктуу ири калааларга куруу күн тартибинде турат.
- Арстанбек Абдыкулович, аздыр-көптүр асыл жаратылышыбыз жаатында аңгеме куруп бергениңизге ыракмат. Босогобузга барс жылы башбагып келаткан маал. Өзүңүз да ушул улуу Барсбек бабабыздын атына уйкаш жылы жарык дүйнөгө келипсиз. Окурман калкка каалоо айтып койбойсузбу?
- Жакшы болот. Элибиз табият жаратылышындай таза, кең пейил, келечектүү эл. Эң башкысы, бекем саламаттык, байкер жашоо, арчадай көөнөрбөс көңүл каалайм. Дайыма бирге бололу!
Дүйшөн КЕРИМОВ




  Күтүлбөс жоонун алдын ал

Жардыргычтардын сертификатын, эрежесин талап кылгыла
Быйыл 11 айдын ичинде 2979 өрт кырсыгы катталып, 64 адам каза болуптур. Башкасын айтпаганда эле акыркы жумада Сокулукта бир үй, Кара-Суу районунда бир мектеп өрттөнүп кетти. Ал эми борбордук ооруканаларда ар жылы жаңы жылдан соң өрт кырсыгынан жабыр тарткандардын саны арбыйт. Тилсиз жоо тууралуу Бишкектеги өрт коопсуздугу борборунун директору Нурлан
КАДЫРОВ кеп салып берди.

- Нурлан мырза, акыркы мезгилде көп адамдар тилсиз жоонун курмандыгы болуп жатат. Сиз жетектеген борбор өрт коопсуздугуна каршы эмне кыла алат?
- Учурда Кыргызстанда өрт коопсуздугуна керектүү жабдыктарды тараткан жалгыз мекеме - биздин борбор. Биз мектептерге, мамлекеттик, жеке менчик мекемелерге, ири соода түйүндөрүнө, кыскасы, кайрылгандардын баарына керектүү жабдыктарды жеткирип турабыз. Кайсы жерге барбайлы, ал жерге өрт коопсуздугу боюнча китепчелерди, плакаттарды беребиз. Кээде биздин борбордун кызматкерлерин мекеме, ишкана жетекчилери атайын чакырышат. Биз өрт коопсуздугунун эрежелери боюнча сабак өткөрөбүз. Жыл сайын мектептерди кыдырып, ар кандай көргөзмөлөргө катышып келатабыз.
- Алдыбызда жаңы жыл турат. Кытайдан ар кандай жардыргыч заттар келип жатат. Буларды саткандарда жардыргыч заттарды колдонуу жоболору барбы?
- Негизи сатуучу сатып алуучуга мындай буюмдарды инструкциясы менен сатышы керек. Экинчиден, жардыргыч заттардын сактоо эрежелери, мөөнөтү менен эсептешкендер аз. Көпчүлүк сатуучуларда сертификат болгону менен сактоо, коопсуздук эрежелерин билишпейт. Бул минтип атылат деп эле сата беришет. Мен былтыркы жылдан калган петардаларды сатып жаткандарды көрдүм. Быйыл өрт коопсуздугу башкармалыгынын инструкторлору сатуучуларга атайын инструктаж өткөрүп, мэриянын токтомунун негизинде сертификат беришти. Ошондуктан сатып алуучу сатуучудан сөзсүз сертификатын сурап, алган буюмунун колдонуу эрежесин, мөөнөтүн карашса дээр элем.
- Сиз жетектеген борбор кайсы өлкөлөр менен иштешип, кандай жабдыктарды сунуш кылат?
- Борбор Казакстан, Россия, Белоруссия, Украина фирмалары менен иштешет. Өрт коопсуздугуна керектүү майда жабдыктардан тарта, өрт өчүрүүчү автоунааларга чейин өлкөгө алып келип турабыз.
- Өзүңүз өрт коопсуздук кызматында 18 жыл эмгектенипсиз. Учурда өрт коопсуздугун пропагандалоо союз кезиндегиге салыштырмалуу кандай абалда?
- Албетте, союз убагында тартип, талап катуу болуп, бардык жерде окутуулар болуп турчу. Бирок азыр мындай иш-чаралар жүргүзүлбөйт. Буга өкмөттү күнөөлөгөнгө да болбойт. Анткени кичинекей эле өрт коопсуздугу боюнча эреже китепчелерин чыгарып, облус, район, айылдарга таратууга, окутууларды жүргүзүп турууга көп каражат керек.
- Өрт коопсуздук кызматкери болуп турганда эсиңизде калган кандай окуялар болду эле?
- 1993-жылы темир жол вагондору менен келген 4 цистерна бензин өрттөнүп, жерге төгүлгөн 150 тонна бензин жөн эле күйүп кеткен. Дагы бир окуя эсимде. Аламүдүн темир жол станциясында 12 жүргүнчү ташуучу вагон өрттөнгөн. Ошондо кечки саат сегизден эртең мененки алтыга чейин өрт өчүргөнбүз.
Мелис СОВЕТ уулу



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
25-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
"Өз элимдин уулумун"
2-бет
Шадиев -
Ормонов тирешүүс

3-бет
Азамат СЫДЫКОВ:
"Өз элимдин уулумун"

4-бет
Жыл сурак
5-бет
Ар бир жылда артыкчылык такталат,
Асылдык бул айылдардан башталат

6-бет
Жылдын…
7-бет
Эгемен ойлордон
8-бет
Энергетиктердин эле эмес, элдин кубанычы болду
9-бет
Элдик саясат
10-бет
ОМОРДУН ЖАҢЫ "ОМОН" ТОБУ КАНТИП ПАЙДА БОЛДУ?
13-бет
Ырдан чыр чыгарбагыла
14-бет
"Токой чарбасын өнөр жайына айландыруу керек"
15-бет
Кыргыздын рухун көтөргөндөр
16-бет
Урмат жаңы жылды гүлчөтай менен тосот
17-бет
Жаңы жыл жакшылык жышааны
18-бет
Жизнь деген ар кандай
19-бет
"Басма сөздүн" артында кимдин муштуму турат?
20-бет
Жаңы вариант
22-бет
Виталий мыкты европалык боксчу
23-бет
Интернет имне дейт?
24-бет
Айымай
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
ЖОЛБОРС жылынан эмнени күтсө болот?
27-бет
Алмашым, менин Алмашым…
28-бет
Урматтуу окурман!