Кыргыз гезиттер архиви

  Эски жылдын акыркы сериалы

ОМОРДУН ЖАҢЫ "ОМОН" ТОБУ КАНТИП ПАЙДА БОЛДУ?
Абдрахман АЛЫМБАЕВ, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы

Биз "Агым " гезитинин
18-декабрында өздөрүн "Таланттарды колдоо жана коргоо тобу" деп ("О. Султановду коргоо жана колдоо тобу" деп ачык эле жазышса болмок экен...) атагандардын "Съезд өткөрүүнү талап кылабыз!" деген кайрылуу-макаласын окуп аябай таңгалдык.
Эми съезд өткөрүү жөнүндө бир эки ооз сөз: КР Улуттук жазуучулар союзунун эсебинде съезд өткөрө турган каражат жок экендигин жаңы жетекчилик билери менен жазуучулар жамаатына "Кыргыз адабияты" гезити аркылуу кабар кылган. КР УЖСнун президиумунун мүчөлөрү жана башка аттуу-баштуу акын-жазуучулар чогулуп кеңешип, мурунку Маданият жана маалымат министри С.Раев (азыркы Маданият агенттигинин директору) менен биргеликте КР Мамлекеттик катчысы Досбол Нур уулуна кайрылышкан. Юбилейлик съездди өткөрүү май айындагы пленумда айтылгандай, октябрь айына макулдашылган болчу. Бардык иш ойдогудай бара жаткан кезде мамлекеттик катчынын кызматы жоюлуп, Маданият жана маалымат министрлиги Маданият агенттиги болуп өзгөрүп калды. Баарын кайра башынан баштап, документтерди жаңылап тапшырдык.
КР вице-премьер-министри Тажикан Калимбетова кабыл алып, жазуучулардын түшүп кеткен кадыр-баркын көтөрүү керектигин, китеп чыгаруу ж.б. маселелерин сөзсүз иш жүзүнө ашыруу зарылдыгын айтты. Уюштуруу жана каржылоо маселелери макулдашылды. Көп өтпөй президентке жазган катыбыз боюнча секретариаттын кызматкерлери жана бөлүм башчылары менен жолугуштук. Жылдын аяктап баратканына жана каржынын тартыштыгына байланыштуу тиешелүү документтер менен бирге 2 млн. сомго смета түзүлдү. Болжол менен 25-26-декабрь күндөрү съездди эки бөлүк менен өткөрүүгө камылга көрүлө баштады. Тагырак айтканда, УЖСнын жумушчу съезди түштөн мурда, КР УЖСнын 75 жылдык юбилейлик съезди түштөн кийин опера балет театрында өткөрүлмөк. Мына ушундай кызуу даярдыктар жүрүп жатканда Майрамкан Абылкасымованын артынан ээрчиген "Таланттууларды колдоо жана коргоо" деген топ акын-жазуучулардын атынан секретариатка арызданып киришип, "Юбилейлик съездге акча бөлбөгүлө, азыркы жетекчилик легитимсиз, алардын съезд өткөрүүгө укуктары жок. Эгер съезд өтө турган болсо, биз чоң чыр-чатак чыгарабыз. Съезд өтсө да, ага президенттин катышпаганы жакшы" деп кеңеш беришиптир.
Ошентип, "токойду кыйып келаткан балтанын сабы" өзүбүздөн чыгып, бүгүнгө чейин съезд өткөрүүгө канча каражат бөлүнөрү жана качан өтөрү белгисиз болууда. Эң кызыгы, "Таланттарды колдоо жана коргоо" тобу кылгылыкты кылып коюп, эми уялышпай "съезд өткөрүүнү талап кылабыз" деп, өздөрүн элге демилгечи топ катары көрсөтүп отурушат. Кайрылууга кол койгон акын-жазуучулардын айрымдары менен сүйлөшсөк, алар таптакыр башка маселе боюнча, кээ бири "элдешүү" деп аталган документке кол койгондуктарын билдиришти.
"Таланттарды колдогон" дал ушул топтун бир нече өкүлү (Майрамкан Абылкасымова, Омор Султанов, Калканбай Ашымбаев, Сейит Жетимишов) "КР УЖСнын 22-майда өткөн пленуму "легитимдүү эмес" деп, жайында Бишкектеги райондор аралык сотко беришкен. Жогоруда гезитке жазылган "фактыларын" ошондо эле соттон далилдей алышпай адилеттик жеңип, 2009-жылдын 10-сентябрында өзүлөрү сотто аябай уят болушкан. Сотто биз да тиешелүү документтерди көрсөткөнбүз. Жаңы жетекчилик Юстиция министрлиги талап кылган тиешелүү документтерди тапшырып, мыйзамдуу каттоодон өткөн. Аны эч ким тана да, талаша да албайт.
Бир убакта союзду бүлүнтүп, элдин ынтымагын, ыркын бузган 3-4 адам эми дагы жазуучуларды бөлүп-жарып, союзду бүт элге жаманатты кылышууда. Тагырак айтканда, бир кезде төрткө бөлүнгөн союздун биринин башында("Кыргызстан жазуучулар союзу") А.Жакшылыков, экинчи "Замана" деп аталган союздун башында О.Султанов, үчүнчү келин-кыздардан турган топтун башында М.Абылкасымова турган. Ч.Айтматов таарынып кетип, анын ордунда бир аз жетектеп туруп калган А.Жакшылыковдун алы келе албай калганда, аттуу-баштуу адамдар чогулуп, таза, калыс киши деп майыптыгына карабай Ж.Мавляновду алып келишти. Кантсе да Ж.Садыков түз, акылдуу киши экен. Кызуулук менен кеткен катаны түшүнүп, биртоп аттуу-баштуу адамдарды кайра кайрыды. Ошондо да О.Султанов менен М.Абылкасымова биримдикке, ынтымакка келген эмес. Аракетинин акыбети кайтпаганына Жунай аке да катуу сынып, көп өтпөй ден соолугуна шылтоолоп бошонуп кеткен. Андан кийин бириктирүү аракети Н.Алымбековдун тушунда анын "вице-президенти" болуп иштеп калган дал ушул азыркы союздун жетекчилери А.Алымбаев менен А.Сариев жазуучуларды бириктирүү аракетин жасашып, "Чалдар бирикпесе да, балдар биригебиз" деп кайрылуу кабыл алышкан. Бул 1999-жылдын жайы эле.
Эми ошондо бөлүп-жарууга себепкер болгон төрт союздун башында тургандардын үчөөсү (О.Султанов, М.Абылкасымова, А.Жакшылыков) бүгүн кайрадан чуу түшүрүшүп, али жарытылуу айлык алып иштеше элек жаш жетекчиликти "кокуй акча жегени жатышат" деп элге бокочо кылып көрсөтүшүүдө.
Бул топ "О.Султановду колдоо жана коргоо тобу" деген чыныгы аталышын жашырышып, "Таланттарды колдоо жана коргоо" тобу деп аталарын жогоруда айттык. Маселе бул топ кимди кимден, эмне үчүн коргоп жатканында. Устав боюнча жазуучулардын укуктарын коргой турган уюм - Жазуучулар союзу. Биз келгенге чейин эле жазуучулардын укуктары кордолбосо, биз али эч кимге "сен" дей элекпиз. Көрсө, кеп башкада экен. Бул топ таланттууларды эмес, ачык айтканда, Омор Султановду коргоо үчүн түзүлгөн коом экендиги жөнүндө октябрдын башында айтылгандар 18-декабрдагы "Агымга" чыккан макаладан улам анык болду. Бирок эмне үчүн ачык эле "Омор Султановду коргоо жана колдоо" коому деп аташкан жок? Иттин өлүгү дал ушул жерге көмүлгөн. Ошондуктан адегенде "талантты ким коргоп жана ким аны кордоп атат?" деген суроого жооп берели. Биринчи, талантты кемсинткен, жасаган ишин көрмөксөнгө салган адам кордойт. Эки тараптын ичинен тигил тарап гана "булардын колго илинер эмгектери жок", элдир-селдир чыгармаларын бетке кармап жүргөн "кембагалдар" да деген сөздөрдү айтышып, бизди кемсинтип, кордоп келишүүдө. Экинчи, талантты андан жашырып, өкмөттөн акча алып жеп алган адам кордойт. Аны бул "таза, калыс" адамдар жаңы жетекчиликтен эмес, эки жыл эч нерсе жасабаган жана бүгүн расмий органдар тарабынан кылмыш иши козголуп жаткан О.Султановдон издеши керек. Үчүнчү, талантты жалган сүйлөгөн адамдар кордойт. Тактап айтканда, жайы менен акты "кара", караны "ак" деп кимдер айтышты, мына ошол адамдар кордошууда. Төртүнчү, жазуучунун уставдык укуктарын бузган адам кордойт. Аны бизден сурабай, эки жылдан бери союзду өзүм билемдикке салып башкарган О.Султановдон сураш керек. Бешинчи, талантты союзду жаманатты кылып жаткандар кордойт. Анткени анын уюштуруу иштери - анын ички проблемасы. Эгер жазуучулар союздун төрагасын же секретарын туура эмес шайлашса, анда аны сырттан бирөө келип оңдоп бербейт. Кайра шайлоо боло турган болсо, аны да гезиттер эмес же мамлекеттик чиновниктер эмес, жазуучулар өздөрү акылдашып көпчүлүктүн добушу менен чечет. Азчылык көпчүлүктүн чечимине баш ийүүгө тийиш. Адилеттүүлүктүн, тазалыктын жана чынчылдыктын шарты ушундай. Ошондуктан анын ички ыр-чырын сыртка чыгарып даңазалоонун кереги жок. Мындай ыйкы-тыйкылык ар бир жамаатта болот. Алтынчы, талантты көпчүлүктүн эркине баш ийбеген, өзүнүн жеке кызыкчылыгын жамааттын кызыкчылыгынан жогору койгон жеке адам же чакан топ кордойт. Жетинчи, талантты эки жүздүүлөр кордойт. Жазуучулардын ырыскысын жеп-ичкендерди колдогондор кордойт. Иш жүзүндө "Талантууларды колдоо жана коргоо" тобу дал ушул О.Султанов соттон жеңилип, үстүнөн финполиция иш козгоп жатканда түзүлгөн. Бул топ бүгүн эки жыл союзду өзүм билемдикке салып башкарып, жазуучулардын атынан президенттен акча алып, аны жеп-ичип алган О.Султановду колдоп жана коргоп жатат.
Союздун жетекчилиги - ал шайлоо жолу менен берилчү кызмат. Ал эч кимдин атасынан мураска калган эмес. Анан союзду гезитке жамандап жазган адам эле ага төрага же секретарь боло бербейт. К.Култегин ушуну жакшы ажыратып, түшүнүп алса болмок. Ошентип, аяктап бараткан чырды ал кайра жаңыртты. "Силер такыр ырыңардан чырыңар көп эл болдуңар, деги талашканыңар эмне?" дешет өкмөт жетекчилери. Тааныштарга айттык, "эгер К.Култегин бизден мыкты иштейм десе, келсин, элдин таразасына түшсүн" деп. Келген жок. Бирок союзду жаманатты кылган ишин да токтотподу. Улуу муундун өкүлдөрүнө асылып, өзү мүчө болуп турган союзду өтө жаман сөздөр менен атаганга чейин барды. Эгер союз жакпаса, анда К.Култегин эмне үчүн ага мүчө болуп жүрөт? Эки жылдан ашуун убакыттын ичинде бир да жыйын, уюштуруу иштерин өткөрбөгөн О.Султанов тууралуу бир жаман сөз айтпаган К.Култегин биз жетекчиликке шайлангандан кийин өтө активдешип кетти. Көрсө, О.Султанов аны "мураскорум" деп 2008-жылдын 8-март майрамында кыз-келиндерди сыйлаган дасторкондо ачык айткан экен. Ага К.Култегин өтө катуу ишенип алган окшобойбу.
Акырында айтарыбыз, бул урматтуу "Таланттууларды колдоо" коомунун мүчөлөрү, союз баарыбызга бирдей тиешелүү уюм. Анын кадыр-баркын көтөрүү да, аброюн түшүрүү да өзүбүздүн колубузда. Анын кадыр-баркы жазуучулардын жамандыгын жашырып, жакшылыгын даңазалап турган учурда гана көтөрүлөт. Ошондуктан биз силерди ынтымакка келгенге, биригип иштешкенге гана чакырабыз. "Кырсык кабак менен каштын ортосунда" дегендей, жакшылык менен жамандыктын ортосу деле бир аттам. Мындан артык кадыр-баркыбызды дагы кайда түшүрөбүз, эсибизге келели!