ЖКда тайраңдагандар, угуп алгыла!
"Чала сабат, саясый эрки жок депутаттар бийлик балансын бузду"
Кыргыз өкмөтү келерки жылдын бюджет долбоорун парламентке сунуш кылды. Ага ылайык, бюджеттин киреше бөлүгү 51 млрд. сомду түзсө, чыгашасы 65 млрд. сомду чапчыган. Ал эми экономика илиминин доктору, профессор Айылчы САРЫБАЕВ "Агымга" курган маегинде мамбюджет көлөмүн мындан эки эсеге жогорулатууга мүмкүнчүлүк бардыгын, анүчүн саясый эрк талап кылынарын билдирди. Сөз арасында өлкө экономикасын ирдентүүдө эл өкүлдөрү негизги ролду ойнобой, чабалдык кылып жаткандыгын кыстара кетти.
- Март ыңкылабынан бери бийлик өкүлдөрү көмүскө экономиканы легалдаштыруу аракетин көрүүдө. Анын алгачкы жемиши катары келерки жылга карата бюджеттин киреше бөлүгү 51 млрд. сомго жеткенин айтсак жарашат. Бирок, бу жерде тактачу маселе бар. Акыркы мезгилде тамак-аштын, буюм-тайымдардын наркы жогорулады. Ошого жараша жыйналган салыктын көлөмү да өстү. Мындай шартта мамлекет капчыгы кампайганы менен карапайым калк зыян тартат.
Экспорт-импорт катышында тең салмактуулук жок. Продукциянын басымдуу бөлүгү сырттан ташылат. Ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн абалы начар. Өлкө экономикасынын өнүкпөй атканынын негизги себептеринин бири ушул.
-
1-вице-премьер-министр Акылбек Жапаровдун баамында, бюджет таңсыктыгынын негизги жүйөсү Россиядан келген 150 млн. доллардын сарпталып кеткендигине байланыштуу экен. Сиздин пикир?
- Акылбек мырза билдирүүсүн расмий статистикага таянып жарыяласа керек. Ал келген каражаттын кайда жана кантип жумшалганын эң жакшы билет. Демек, 1-вице-премьердин маалыматы туура же жалган деп кайчы пикир айтуудан алысмын.
-
"Көмүскө экономиканы ачыкка чыгарсак эле өлкө казынасы кампаят…" деген пикирде жүргөндөр арбын. Аны жүзөгө ашыруу үчүн бийлик тараптан конкреттүү чара колдонулган жок. Бу тармакты жакшы түшүнгөн адис катары айтсаңыз, көмүскө экономиканы канткенде легалдаштырабыз?
- 2005-жылдагы көрсөткүчкө ылайык, көмүскө экономиканын көлөмү 70-80%. Ал эми улуттук статистика комитети бул цифраны кыйла төмөндөтүп койгон. Болгону 40%. Ага деле макулбуз. Ошол "жертөлөдө" эмгектенген ишкерлерди ачыкка чыгарсак, мамбюджеттин көлөмү 90 млрд. сомго жетет эле.
Көмүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча бир катар мыйзамдар кабыл алынды. Бирок алардын бирөөсү дагы иштеген жок. Анан кантип алар ачыкка чыксын?
Көмүскө экономиканын гүлдөп баратканынын негизги себеби - тамырын кеңири жайган коррупция. Аны аз убакыттын ичинде жок кылуу мүмкүн эмес. Ага бир адамдын дарамети жетпейт. Андан кутулуш үчүн мамлекеттик система катуу иштеп, президент батыл кадам жасашы керек. Тактап айтканда, "ичип-жеген" бизнесмен-чиновниктерди "кустурушу" керек. Бул өтө чоң чечкиндүүлүктү, саясый эркти талап кылат...
-
Бийлик өкүлдөрү "Эмдиги жылы ички дүң продукция (ИДП) 5,5%га өсүп, инфляция 8%дан ашпайт" дешет. Бул канчалык деңгээлде реалдуулукка жакын?
- Жогоруда Кыргызстандын экономикасы коңшу мамлекеттердин экономикасынан көзкаранды экендигине токтолдум. Маселен, бизде казактардын банкы иштей баштады. Кандай болгон күндө да бул жакшы жышаана. Анткени, төмөнкү пайызда кредит алгандарга жеке турмушун жакшыртканга шарт түзүлөт. Тескерисинче, казак банктары жабылса, экономика кыйла солгундай түшүшү ыктымал. Мындан улам, келерки жылы ИДП канчага өсөрүн, инфляция 8%дан ашар-ашпасын алдын ала айтыш өтө кыйын. Ал эми министрликтин маалыматын божомол катары кабылдашыбыз абзел.
-
Статкомдун маалыматына ишенсек, орточо айлык акынын көлөмү 145 долларды түзөт. 6500 сомго үй-бүлөңдү бакмак тургай, кара жаныңды асырай албайсын. Анүстүнө, жаңырган жылдан тартып электр энергиясына болгон төлөм эки, жылуулук жана ысык суу наркы беш эсеге жогорулайт. Мындай кырдаал жакырчылыктын санын көбөйтүп, экономикага оор сокку жаратпайбы?
- Улуттук статистика комитетинин берген маалыматына ишенбейм. Орточо маянаны калктын жалпы санына ооштурсак, 50 долларга да жетпеши мүмкүн. Себеби, бизде 300 миңге чукул жумушсуз бар. Албетте, тарифтердин жогорулашы инфляциянын өсүшүнө алып келет. Кымбат баадагы продукцияны эл сатып албайт. Жыйынтыгында ишкерлер банкротко учурап, мамлекет капчыгы толбой калышы ыктымал.
-
Кыймылсыз мүлк салыгы (КМС) коомчулукта нааразычылык туудурганынан улам, президент ага мораторий жарыялаган. Дегеним, өлкө жетекчиси бу саам да ошондой кадамга бараттыр?
- Жергиликтүү бюджеттин 90%ы дотацияда отурат. Алардын кемтигин толукташ үчүн мүлк салыгын киргизүү талапка ылайык. КМС жалпы салыктын 1%ын гана түзөт. Демек, салыктын бу түрү ишкерлерге, 2-3 кабаттуу особнякта жашагандарга багытталган. Андыктан, элдин нааразычылыгына байланыштуу КМСга мораторий берилди деген суу кечпеген кеп. Учурунда байманасы ашып-ташкан айрым министр, депутаттар Ак үйгө каттап атып, КМСке бөгөт койдурганга жетишишти.
Электр наркы жайында дагы көтөрүлбөй калса, аны жалаң эле карапайым калктын жеңиши катары кабылдабашыбыз керек. Мындай "эрдикти" бийликке таасир этчү бир ууч аткаминерлер гана жасай алат.
Бизде ушундай түшүнүк калыптанган: бардыгына премьер-министр күнөөлүү. А чындыгында анын токтомун беките турган Жогорку Кеңеш деген бар да. Депутаттардын экономикалык жактан чаласабаттыгы, билим деңгээлинин тайыздыгы жана саясый эркинин жоктугунан бийлик бутактарынын ортосунда баланс сакталбай калды. Эл өкүлдөрү күчтүү болсо министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүн, мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөбөйт беле. Өзүнүн функциясын так аткара албаган парламенттин кереги барбы?
-
Бирок, ЖКда көпчүлүктү түзгөн бийликчил партиянын өкүлдөрү Ак үйгө көзкаранды эмеспи?
- Партиянын ичинде дагы демократия деген түшүнүк болушу абзел. Партия курамына өзүнүн көз карашы бар адамдар кошулушу керек. Ошондо гана идеялардын, билимдин атаандаштыгы күчөп, өнүгүү башталат. "Ак үй эмне дейт?" деп көлөкөсүнөн корккон депутаттарга акча коротуунун кажети канчалык? Мындай парламенттин барынан жогу жакшы.
-
Мыйзамчылар "садага" чабылсын дейли. Анда кийинки чакырылыштын депутаттары кандай болушу керек?
- Өнүккөн өлкөлөрдөгү парламентарийлердин бери дегенде эки диплому, тагырагы, экономикалык жана юридикалык билими болот. А биздечи? Образдуу айтканда, оозу кайсы десе мурдун көрсөткөндөр ЖКда тайраңдап жүрүшөт. Микрофон кармоонун жол-жобосун, кантип сүйлөш керектигин үйрөтүш үчүн аларды атайын курстарга жиберип атабыз. Бекер эмес, жүз миңдеген акча коротуп. Ушунун бардыгы бүгүнкү эл өкүлдөрүн сабаган менен пайда чыкпастыгын айгинелеп турат. Экономиканы чемичкедей чаккан депутаттар келгенде гана абал оңолот. Антпесе, мышык ыйлаар жашообуз уланганы уланган.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ