Кыргыз гезиттер архиви

  Бүгүн бар, эртең жок

Батыш менен Чыгышка көз каранды азиялыктар

Кылымдардан бери тарыхы менен тагдыры бир Борбор Азиядагы беш мамлекет тууганчылыкты, тектештикти эске албай айрылыш жолдо баратат. Жаратылыш ресурстарына бай Түркмөнстан союз ыдыраганда эле газ менен мунай сатып, өз жолу менен кетти. Тажикстан башынан граждандык согушту кечирсе, Өзбекстан коңушулар менен жакындан алака түзүүнү каалабады. Казакстандын беш өлкөнүн башын бириктирип союз түзүү демилгеси да Өзбекстан тарабынан кабыл алынган жок. Тескерисинче, бири Кувейт, бири Швейцария болууну самап, биринен бири кыйын болууга умтулду. Бирок жыйырма жыл ичинде беш өлкөнүн бири да алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошулган жок. Мүмкүнчүлүгү чектелген Кыргызстан менен Тажикстан мындай турсун, жер астында мунайы көлдөй чалкыган Түркмөнстан менен Өзбекстандын абалы деле суктанарлык эмес. Эгер элдин турмушу менен эркиндигин салыштыра келсең, алардан Кыргызстан биртоп өйдө турат.

Булардын ар бири коңшусуна зыянын тийгизбей өз алдынча жашап кете албайт. Жер, суу, энергетикалык маселелер көтөрүлгөн сайын кырдаал да курчуп барат. Көпчүлүк саясат талдоочулар согуш чыгуу коркунучу бар экенин, Фергана өрөөнү экинчи Ооганстанга айланарын айтып келишет. Буга жыл сайын болуп турган чегара чатактары, диний экстремизм жана өлкөлөр аралык мамилелердин пикир келишпес мүнөзгө айланып баратканы күбө. Ал эми эң башкы себеп - суу маселеси. Суу коопсуздуктун башкы өзөгүнө айланды.
Өз дегенде өмгөгү күч Өзбекстан
Бүгүн таза суу Өзбекстанда таңсык. Кызыл-Кум аймагын, Хорезм облусун эске албаганда Фергана өрөөнүндөгү үч облустун миллиондогон жашоочулары сууну кадимки эле арыктан ичишет. Кыргызстан менен Тажикстанда калктын саны улам көбөйүп, жыл сайын дың жерлерди өздөштүрүп, суу чыгарып жатканы маалым. Бул да Өзбекстандын айрым аймактарын суудан өксүтөт. Табиятты изилдөөчү эл аралык WWF фондунун маалыматына ылайык, эгер күндүн жылуулугу эки эле градуска көтөрүлсө, Өзбекстанда кыш 15 күнгө кыскарат. 40 градустан ашкан ысык күндөр Арал жээгинде 50, калган аймактарда 70 пайызга узарат. Өлкөнүн тоолуу аймактарында бул көрсөткүч 10 пайызды түзөт. Баарынан мурда мал жабыркап, алардын төлү кыскарып, эт менен сүтү азаят. Бухара, Кашка-Дарыя, Ташкент облустарында пахтанын түшүмдүүлүгү кескин начарлайт. Айрыкча таза суунун жетишсиздигинен жугуштуу оорулардын көбөйүшү мүмкүн. Атүгүл суунун айынан азык-түлүк коопсуздугу да коркунучта деп эсептейт дүйнөлүк эксперттер. Ушундай шартта суунун тамчысы алтынга тете болору айтпаса да түшүнүктүү. Демек мөңгүлөрдүн сакталышына Борбор Азия мамлекеттеринин баары кам көрүүгө тийиш. Бирок суу үчүн акча бөлүүнү баары эле каалабайт.
Орто Азия боюнча жападан жалгыз куралданган радикалдуу оппозиция да Өзбекстанда. Диний экстремисттик агымдардын баары тымызын аракеттенет. Кокус бийлик алмаша турган болсо, абалдын кандай болорун айтуу да, элестетүү да кыйын. Мындан башка өзбек-тажик, өзбек-кыргыз чегарасындагы айылдардын миллиондогон тургундары өзбек чегара көзөмөлүнүн катуулугунан бир туугандар, куда-сөөктөр жакшылык-жамандык иштерде ээн-эркин катыша албай калды. Куралчан өзбек жоокерлери түнкүсүн басып кирип, айыл тинткен же мал-жан издеген кишини атып өлтүргөн окуялар көп эле кайталанды.
Кыргыз менен тажик суу атасы боло алабы?
Борбор Азиядагы суунун тартыштыгы, глобалдык жылуулуктун кесепети жөнүндө башка өлкөлөр деле кабардар. Суунун тартыштыгынан Арал соолуп, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстандын кургап баратканы баарына белгилүү. Анан калса дагы жыйырма жылда Өзбекстанда, отуз жылда Түркмөнстанда газдын запасы ченелүү калат. 2020-жылы Орто Азияда калктын саны 60 миллионго жетет. Жыл сайын суу керектөө киши башына 1600-1700 кубга азая берет. БУУнун маалыматы боюнча азыр киши башына жылына 2800 куб суу керектелет. Ошентип жакынкы жылдарда суу жетишсиздиги олуттуу проблемага айланат. Мындан эки жыл мурда Орто Азияга Сибирь дарыяларын буруп, суу сатууну Москва мэри Ю.Лужков көтөргөн эле. Анын айтымында, суунун бир кубун 4 доллардан сатууга болот. Азыр бул маселе Россия парламентинде да сөз болууда. Дагы 6-7 жылда Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан суу сатып албай коюуга аргалары жок дейт орус эксперттери.
Ушул жумада узундугу 7 миң чакырым болгон Түркмөнстан-Өзбекстан-Казакстан-Кытай трансазиялык газ түтүгү бүткөрүлүп, анын ачылышына төрт өлкө башчылары катышты. Эми Түркмөнстан 30 жыл ичинде Кытайга жылына 30 млрд. кубометр газ жөнөтүп турмакчы. Буга чейин Орто Азияга Россия менен АКШ көз артып, экономикалык жактан жакшы жардам беришпесе, Кытай Түркмөнстанда жалпы көлөмү 500 млн. долларга барабар 50 инвестициялык долбоорду иштетип жатат. Казакстанга 10 млрд. доллар кредит берди. Анын акысына казактар "Мангистоумунайзат" компаниясынын 49 пайыз акциясын карматты. Мындан тышкары, Кытайдын Өзбекстанда салган финансысы 400 млн. доллардан ашты. Эми казактар менен өзбектер жыл сайын Кытайга ар бири 10 млрд. кубометрден газ жөнөтүп турмакчы. Бул эле эмес, Кытай Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында уюмга мүчө өлкөлөргө 10 млрд. доллар жумшады. Ошентип Кытай буларды экономикалык жактан көз каранды кылып, алардын энергоресурстарына толук эгедер болду десек жаңылышпайбыз. Бул жерде ар убак жогорудагы үч өлкөнүн мунайы менен газын арзан баалап жүргөн Россия Орто Азиядагы саясатын иш жүзүндө Кытайга уттурду. Жанагы Кыргызстан менен Тажикстандан озунуп Сибирдин суусун буруп сатабыз дегени да ушундан улам.
Көрүнүп тургандай, бул жерде Тажикстан менен Кыргызстан эч нерсеге ээ болгон жок. Рогун ГЭСин Россия курбады. Ал тургай Камбар-Ата-1 да кечигип жатат. Суу башында турган эки өлкөнүн электр энергиясын сатуу мүмкүнчүлүгү да чектелди. Бул жерде да өзбектер алга озунуп, Ооганстандын чегарасына чейин жогорку чыңалуудагы электр линиясын тартып коюшту.
Рахмондун ыймандай сыры
Өзбек-тажик алакасы жетер чегине жетти. Эми тиги же бул өлкөдө бийлик алмашмайын абал жакшы жагына өзгөрбөйт. И.Каримов Тажикстандагы энергетикалык коопсуздукту курчутуу максатында гана бирдиктүү электр системасынан чыкканы дайын. Тажик президенти Э.Рахмон энергетика көйгөйү жанына баткандыктан тажик журналисттери менен төрт саат бою баарлашып, ыймандай сырын төгүп берген. Божомол боюнча Рогун ГЭСин курууга 770 млн. доллар керектелет. Муну тажик калкы чогултуп берери да күмөн. Абал өтө эле оор. Бир жагынан Сангтудин ГЭСинин 75 пайызына ээлик кылган россиялыктарга 14,5 млн. доллар карыз. (Ай сайын 3 млн. доллар төлөп турууга милдеттүү.) Жаңы жылдан баштап Рогундун акциялары чыгарылмакчы. Азыр акцияны ар бир үй-бүлө 650 доллардын тегерегинде сатып алууга үндөп жатышат. Расмий маалымат боюнча тажик элинин 53 пайызы жакырчылыктын чеңгелинде жашайт. Диний экстремизм ж.б. радикалдык агымдар кеңири кулач жайган. Россия, Казакстан менен байланышчу авто, темир жолдору да Өзбекстан аркылуу өтөт. Ооганстандан келген ири өлчөмдөгү баңгизаттын өтүү жолу да ушул өлкөгө таандык. Көрүнүп тургандай, Өзбекстандын таарынычы Тажикстанды туңгуюкка кептеди.
Азыркы кырдаал Кыргызстан үчүн да оңой эмес. Отун ресурстарыбыз чектелүү болгондуктан дөө-шаа өлкөлөр бизге көп деле кызыкпайт. Ал турсун аскер базалары бар АКШ менен Россия да өлкөнүн тагдырын чечкен инвестиция салган жок. Кытай ШКУ алкагында башкаларга миллиарддаган доллар берсе, бизге болгону автобус берди. Россиялык эксперттердин пикиринде, бизди бажы союзуна кошуп алууга аны түзгөн өлкөлөр көп деле кызыкдар эмес.

Келдибек НАЗИРОВ




  Жумакалча

Тайкел, тайкел, таштаман
АЙКҮР. Борбор шаарыбызда чыгыш автомагистралынын ачылыш аземи болду. Узундугу 3,6 чакырымга жеткен бул жолго Ала-Арча дарыясынын үстүнөн өткөн көпүрө да кошулат. Жол 8 баллдык жер титирөөгө чыдамдуу. Көпүрөнүн курулушуна 26 млн., жолго 205 млн. сом сарпталган. Эми жол Тыналиев менен Байтик Баатыр көчөсүн бириктирет. Муну менен шаардагы унаа тыгыны бир кыйла азаймакчы.
ТАА. Москвада кыргыз элинин чыгаан жазуучусу, кыргыз-орус адабиятынын классиги Чыңгыз Айтматов менен СССР эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун элесине арналган кече болуп өттү. Кечеге бир катар орус маданият ишмерлери, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү катышты. Мындан тышкары, "Кызыл алма" тасмасынын сценарийин жазган Эльга Лындина жана кинорежиссер Ольга Чекомина келгендердин арасында болду. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Р.Аттокуров улуу инсандардын чыгармаларына токтолуп сөз сүйлөдү. Ошентип элибиздин көзү өткөн чыгаан уулдары Москвада татыктуу эскерилди.
БӨК. Өзбекстан ушул жумада газдын акчасын толук төлөбөсөңөр өчүрөбүз деп эскертүү берген. Кечээ "Кыргызгаз" калган 3 млн. долларды Ташкентке жөнөтүп, карыздан толугу менен кутулду. Азыр Өзбекстандан келген газ бүт аймактарга толук көлөмдө берилип жатат.
ЧИК. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча 2009-жылы республикалык бюджеттин тартыштыгы 3,3 млрд. сомду түзгөн. Ал эми тышкы карыз 2,5 млрд. доллардан ашуун. Демек, келерки жылдын бюджети 60 млрд. сом болот деген өкмөт башчысынын сөзү суу кечпей калды. Бюджет негизи салык менен бажы төлөмдөрүнөн куралары белгилүү. Бажы төлөмү ушул жылы 900 млн. сомго азайып кеткен. Ал эми салык чогултуу кошумча 1 млрд. 265 млн. сомго көбөйгөн.
ОҢКО. Ушул жумада Курмантай Абдиев юстиция министрлигинин башына барып, сакасы оңко турду. Бу киши укук коргоо чөйрөсүнө жат эмес. Мурда Башкы прокурордун орунбасары болуп туруп, кийин дайыны чыкпай кеткен. Көрсө, резервде жүрүптүр. Кармаганынан кан чыгарган киши эмеспи, Юстиция министрлигин деле Н.Турсункуловдой тыкыйта кармайт болуш керек.
Жуманы калчаган
Келдибек НАЗИРОВ