Ааламда
Тымызын согуш
Мелис СОВЕТ уулу
Азыр кайда көз чаптырба, өлкөлөр ортосунда менменсинүү, өзүн күчтүү мамлекет көрүү, алдуулары алсыздарын көз карандылыкта кармап туруу далалаты көрүнүп турат. Албетте, кичине өлкөлөр ортосундагы келишпестиктер үлкөн державалардын кийлигишүүсү менен чечилип келет, мындан ары да чечиле берет. Бирок, үлкөндөрдүн кийлигишүүсү чабак өлкөлөргө ар дайым эле тынчтык алып келе бербейт.
Жума башында АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Жоржтаун университетинде сүйлөп, Кытай, Россияны укуктук маселелерде мажүрөөлүк кылып жатканын сындады. Мамкатчынын пикиринде АКШ укуктук маселелерде үлгүлүү иштерди эбак эле жасап салган. Андыктан аталган эки өлкө андан үлгү алышы керек экен. Албетте, бул Кытай, Россия билермандарына катуу тийип, айрымдары ачуу жооп беришти.
Өткөн ишембиде 35 тонна курал-жарак менен Таиландда кармалган самолет АКШга майдай жагып турганы талашсыз. Себеби, бул учак учурда кызуу талашты жаратып, Белоруссия, Казакстан, Украина өлкөлөрүн ала жатты. Кызыгы, үч өлкөнүн өкмөтү тең бул самолеттогу жүккө жоопкерчилик алгысы келбейт. Украиналыктар учак Белоруссиядан учуп келип Киевде май куйганын тастыктаса, учакта төрт жараны бар Казакстан курал жөнөтүү тууралуу маалыматты билбейт. Экипаждагы бешинчи адам белоруссиялык болгонуна карабай, Белоруссия да эч нерсе билбейм таризинде ийин куушурууда. Учактагы беш адам болсо куралдарды "нефти скважиналарына керектүү жабдык" экен деп ойлошкон имиш. Деги бул табышмактуу оюнга ким жоопкер?
Учурда Ооганстандагы абал мурдагы эле бойдон. Өлкөдөгү уруулардын, улуттардын саясый интригалары дагы деле курч. Советтик доордо өлкөдөгү карапайым калктын бир миллионго жакынын НАТО, СССР кырып алса, азыркы согушта 30 миңден ашуун жаран бейкүнөө окко учкан. Айрым маалыматтарда согуштун курмандыгы болгондордун саны мындан да көп. Буга карабай АКШ "Биз СССРдин катачылыгын кайталабайбыз, Вашингтон болгону Хамид Карзайды өлкөнү адилеттүү башкарууга мажбурлайт" деген ураан таштап келет. Ооганстанды апийим ордосуна айлантып, элин бөлгөн ураандын, миңдеген адамдардын жанын алган апааттын максаты тынчтыкпы же..?
Кечээ россиялык дипломаттар Грузия Түштүк Осетиянын Ахалгор районун күч менен тартып аларын билдиришти. Россиялыктар ушундай маалымат таратып жатса, америкалык инструкторлор грузия аскерлерине тоолуу аймактарда согушуу ыкмаларын үйрөтүп киришти. АКШ жардамы менен Грузия аскердик потенциалын биртоп эле чыңдап алды. Бул өлкөгө Чехия, Түркия, Украина, Израилден курал киргизүү азыркыга чейин улантылып келатат. Россия менен АКШнын тирешүүсүнөн улам ортодо Түштүк Осетия эли жапа чегип келет. Айрым чегара аймактарында Россиянын танктары, артиллериялык куралдары кыдырата тизилсе, Грузия тишине чейин куралданып Абхазия менен Түштүк Осетияны каратып алууга аракет жасап келет. Ал ортодо Медведев менен Обаманын ортосундагы стратегиялык куралданууну кыскартуу келишиминин мөөнөтү жума күнү бүтөт. Эки өлкө бул аймактардагы тынчтыкты орнотуу келишимин түзүүнү көздөгөнүнө көп жыл болсо да, эки тараптан тең алгылыктуу кадамдар байкалбай келет. Демек, карапайым калктын тынчтыгын ойлогон тарап жок. Башкача айтканда, демократия, гумандуулукту бетине кармаган өлкөлөрдүн каалаганы элдин тынчтыгы эмес, тымызын согуш жүргүзүп туруу.
Ала-тоодо
Ачылган терезе
Зайырбек АЖЫМАТОВ
Камчыбек Ташиев депутат кезинде коррупцияны өкүртө сынга алып, ага шектүү кишилерге кол бермек түгүл жанына барганга ирээнжигендей түр көрсөткөн. Ошентип жүрүп ал кездеги МЧС министри Жаныш Рүстенбековду парламент трибунасынан "уятың барбы?" деп кекетип жүрүп кетирген. Эми Ташиев "эч нерсе жеген эмесмин, Данияр Үсөновду кызматтан кетирүүгө аракет кылам. Бирок президенттин саясатына каршы эмесмин" дейт. Муну кандай түшүнсө болот? Эмне, Данияр Үсөнов президентке каршы саясат жүргүзүп жатабы? Эмнеси болсо да К.Ташиев өзүн акмын деп эсептесе, бул ишти сот аркылуу чечип алышы керек.
Өлкөдөгү акыркы окуялардан кийин эзели жел кирбеген үйдүн терезесин ачкандай коом кичине сергий түштү. Министрлер, кызмат, агенттик жетекчилери өздөрүнүн "косяктарын" ирээттеп, финансы тармактарын тактап, эсеп-чотун кагып чочуп калганы да белгилүү. Көрсө, өйдө жактан саясый эрк болсо эле коррупция менен күрөшсө болот экен.
Бирок мамлекеттик казынаны жегенден сырткары деле каржылык каталык кетирген фактылар толтура. Баарынан да элдин салыгынан жыйналган акчаны үнөмдөбөй ысырапкорчулук менен чачып, дагы эле жок деп алакан жайгандарын кантесиң. Бир да министрлик бөлүнгөн акчадан баланча сом үнөмдөп, кийинки жылдын бюджетине калтырдык деп айткан учур боло элек. Эсеп палатасы жыл соңунда тараткан маалыматка ылайык, чукул кырдаалдар министрлигинин башка мамлекеттик резерв фонду жана сатып алуулар агенттиги 33,3 миллион сомдук финансылык тартип бузууларга барган. Башкача айтканда, кыянат пайдаланышкан. Бирок, бул боюнча эч ким сөз кылбады. Кылмыш иши да козголгон жок. Депутат Бейшенбек Абдырасаков жыл сайын жеп-ичкен үч-төрт министрди камап туруш керек дейт. Себеби, кызматынан четтетип коюу "мындай боло турчу" деп баштан сылагандай эле кеп. Министр келип даамдуу тамак жеп, казнаны мойсоп кете берсе, кызматтан түшүрүү жазасы аздык кылат. Жыл сайын үч-төрт министрди түрмөгө жөнөтүп турсак, калганы да ойлонуп калат. Эмне демекпиз, бул биздин министрлерди сестенте турган сунуш.
Президент реформаны баштап жатып бекем система түзүү керектигин айткан. Система иштесе мамкызматкер эч кайда кача албай калат. Акыркы окуялар менен ошол система ишке кирди десек болчудай. Финансылык текшерүү бир эле Эсеп палатасына жүктөлгөн. Эсеп палатасы текшермейинче биз министрликтер, кызматтар, агенттиктердин каржы жүгүртүүлөрү жөнүндө эч нерсе билбейбиз. Ал эми Эсеп палатасы күн сайын текшерүүгө чамасы жетпейт. Бүгүн биз маалымат кылымында жашап жатабыз. Эмне үчүн министрликтер финансылык жүгүртүүлөрүн күн сайын өздөрүнүн интернет сайтына чагылдырып турууга болбосун? Депутаттар мындай мыйзамды неге кабыл алышпайт? Эгер финансылык иштер эл үчүн ачык болуп, убагында чагылдырылып турса, Камчыбек Ташиев 17 сом 40 тыйындык күйүүчү майды 23 сомдон сатып албайт эле.
Дагы бир белгилей кетчү нерсе, азыр Мамлекеттик кызмат агенттиги кадрларды конкурстун негизинде алып жатабыз деп байма-бай айтышат. Майлуу жерде иштеген кадрдын тегин сурасаң, кайсы бир белгилүү кишинин тамыры болуп чыга келет. Сыягы, конкурс менен жөнөкөй эле маянасы аз кызматтарга алынат окшойт.
Абийирде
Жаңы жыл
Келдибек НАЗИРОВ
Жыл сайын жаңы жылды жакшылыктан, токчулуктан үмүт кылып тособуз. Жаңы жыл келсе эле жашоо жакшы жагына өзгөрүп кетчүдөй сезилет. Буюрса келерки жылы деген убадаларга ишенебиз. Бирок убада аткарылганча жыл бир заматта өтүп кетет. Анан кайрадан жаңы жыл келет. Дагы келерки жылы деген убада угуп өзүбүздү сооротобуз.
Алдыдагы жылды жарык маанай, жакшы үмүт менен тоспой калдык шекилди. Тескерисинче, азыр жаңы жыл келбей эле койсо экен деп тилегендер бар. Анткени жаңы жыл келери менен эл өкмөт көтөргөн төлөмдөрдү төлөп баштайт. Кандай арга кылабыз деп ойлонгондор бар. Чарасы жок, аргасы түгөнгөн адамдар кымбат тарифтерди кантип төлөйбүз деп эмитен кейип жатышат. Өкмөт кошумча берет дейт, сабыр кыл деп тынчтандыра албайсың. Ошол эле мезгилде аткаминерлердин казынаны мойсогон кабары угулат. Бир нече миң болсо бир жөн. Түз эле миллиондор. Жакыр өлкөнүн карышкыры көп болот экен. Бирөөнүн ырыскысын бирөө жула тарткан заман. Уялып жер кароонун ордуна көзүңө тике карап, качыра тиктейт.
Кечээ редакцияга жардам сурап бир аял келди. Ушундай күнгө туш болгонуна уяттан өлүп турса да, аргасыз баш бакканы көрүнүп турат. Жардам берчү кишилердин дарегин бергиле дейт. Канчалык байкатпайын деп өзүн кармаса да, көздөн аккан жаш абийирин ашкерелеп турду. Оокаты жетиштүү, дүйнөсү түгөл болсо ким эле жардам сурасын. Арга кеткенде айрым кишилердин дарегин бердик. Алардын бир даары жардам бермек мындай турсун, кабыл албай турганын билсек деле берип салдык. Бул сыяктуу адамдар бизде бул аял менен эле чектелбейт. Бири перзентин дарылатканга каражат сураса, бири башка муктаждыгын чечкенге сурайт. 20 жылдан бери кымбаттайт, көтөрүлөт деген сөздөрдү уга берип эл көнүп да калды. Бир да жолу жаңы жылдан тарта арзандайт деген сөз болбоду. Бул адамдын сезимине таасир берип, жандүйнөсүн өзгөртөт экен.
Азыр кыргыздын өтмүшүндө болбогон жоруктар жасалууда. Өмүрү бирөөнүн ийнесине тийбегендер уурулук кылып, баласын башка чаппагандар киши өлтүрүп, сөзгө сараңдар калпты суудай айтууда. Күтүүдөн кишинин үмүтү үзүлүп, ишеними жоголот. Бүгүн Аяз ата айтканыңды аткарат дегенге жаш бала да ишенбей калды. Үмүт үзүлүп, ишеним өлгөндө кайдыгерлик жаралат. Баарынан жаманы ушул экен. Дегеним, эл азыр баарына кайдыгер, кыямат-кайым болот десе да эмне болот деген киши жок.
Өкмөттүн кыргызстандыктарга жаңы жылдан баштап тартуулаган "белегинин" даамын татчу мезгилге саналуу күндөр калды. Ошентсе да кыргыз качан жаман дечү эле. Жылуу сөз сүйлөп, бири-бирин куттуктап жаңы жыл тосушат. 2010-жыл бурулуш жылдардан болот деп өкмөт да куттук айтат. Анан кайра эле адаттагы турмуш башталат. Бирөө акча табуу үчүн сапарга аттанса, бирөө дыйканчылыгын ойлойт. Айтор, ар ким көнгөн ишин кылат.
Бирок эл түйшүгүн мойнуна алгандар абийир сотунун алдында жылдар өтүп жатса да эмнеге эчтеке өзгөрбөйт деп ойлонот болду бекен? Анткени эл жаңырган жылга баш бакпай жатып, өткөн жылдарга арман кылып келет. Барчылыктын чеги болгон сыяктуу жокчулуктун деле чеги болот эле го. Эл "качан оңолобуз?" деген суроо менен зарыга күтүп чарчабаса болгону. Анткени жыйырма жылда терек кесилип, эр жигит жетилет.