Кыргыз гезиттер архиви

Абдыганы ЭРКЕБАЕВ, коомдук ишмер:
"Кимдин суу жүрөк экенин мезгил көрсөтөт"
- "Учур" гезити "Абдыганы Эркебаев 15-декабрда өткөн Коомдук парламенттин жыйынына катышкан жок. Кыязы, бийликтен коркту окшойт. Анүстүнө жарым жылдан бери оппозициядан ээндеп, өзүнчө эле үркүп жүргөндөй. Эми коркоктор оппозицияда жүрө албасы белгилүү да…" сыпатында куш тилиндей кабар таратыптыр. Сиздин комментарий?
- Москвада Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына байланыштуу семинар өттү. Ага Кыргызстандын атынан барып катыштым. Ошол кезде Коомдук парламенттин мүчөлөрү 15-декабрда жыйынга чогулуу чечимин кабыл алышыптыр. Мени менен эч ким кеңешкен эмес. Акылдашпаган адамдарга чуркап барышым керекпи? Менде дагы намыс, аброй деген бар да. Кимдин суу жүрөк экенин мезгил өзү аныктайт. Абдыганы Эркебаевди азырынча коркок атаганга ашыкпай тургула.


Анаш СЕЙТКАЗИЕВ, экс-депутат:
"Жазган мыйзамың иштебесе…"
- "Жылан чакпай, жылкы теппей", капилеттен мандат тапшырдыңыз. Сиздин бу кадамыңызды "Апта" гезити мындай таризде түкшүмөлдөйт: "Анаш мырза электр энергиясынын кымбатташына каршы оюн билдирип, анда казак олигархы Александр Машкевичтин "жүндүү колу" көрүнүп турганын айтам деп бакпай балээге калгандай. Депутаттыкты өткөрүп бергенинин негизги себеби ушул". Чындап эле сасык саясаттын "курмандыгына" айландыңызбы?
- Жаманбы-жакшыбы, эки жыл Жогорку Кеңеште иштедим. Активдүү депутаттардын катарын толуктабасам да, карапайым калктын таламын талашканга аракет жасадым дегендей. Бирок, көпчүлүк учурда жазылган мыйзамдар жүзөгө ашпай калат экен. Депутаттыктан кеткениме ушул жагдай түрткү болду. Андан көрө экономика, бизнес тармагына салым кошконум жакшы эмеспи. Кыскасы, мени эч ким зордоп, кыйнаган жок. Бул окуяда саясат жок. Ал менин жеке чечимим.


Нургазы АЙДАРОВ, ЖК депутаты:
"Бир адамдын пикири менен маселе чечилбейт"
- Парламент жыйынында эл өкүлү Роза Отунбаева Башмыйзамга өзгөртүү киргизилсе, ЖК төрагасынын ыйгарым укуктары чектелерин жарыялады. Тактап айтканда, жаңы мыйзам долбоорунун негизинде спикер колунан коко тыйын келбеген "куклага" айланып калат экен. Бийликчил партиянын депутаты катары айтсаңыз, Роза айымдын пикири канчалык деңгээлде реалдуулукка жакын?
- Конституцияга өзгөртүү киргизүү долбоору бизге келе элек. Менин билишимче, документ ЖК төрагасы жана фракция лидерлерине таркатылыптыр. Балким Роза Исаковна мыйзам долбоорун окуган соң жогорудагыдай оюн билдирип жатса керек. Бирок бир адамдын пикири менен маселе чечилип калбайт. Элди удургутуп, жеке пикирин коомчулукка таңууламай өнөкөтү саясатчыга аброй алып келбейт. Кандай гана депутат болбосун алгач кесиптештеринин оюн угуп, анан ошого жараша билдирүү таратканы оң.


Ташбоо ЖУМАГУЛОВ, коомдук ишмер:
"Айтышканга убактым да жок"
- "Айат-пресс" гезити кечээги санында "Дипломатия жаатында түшүнүгү жок, кесиби филолог, улуттук тил комиссиясынын экс-төрагасы Т.Жумагулов Түркияга элчи болуп жөнөйт деген маалымат Ак үйдөн түз эле бизге келди. Кыргызстандын эл аралык дипломатиядагы аброю ансыз да төмөндөп турганда ТИМ жетекчилиги элчиликке Ташбоодон башка талапкер таппай калдыбы?!" дейт...
- Ушундай өңүттөгү ушактарга жооп бербейин деп чечтим. Оозуна келгенин оттоп, былжырай беришпейби. Аларга теңелип, акыйнек айтышканга убактым да жок. Мени сындагандарды Кудайга койдум. Ал эми президент ишеним артып, дараметиме жараша жумуш сунуш кылса, чын дилимден аткарууга даярмын. Анын эмнеси жаман?
Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ


Төр сеники, төрага!
Күч бийликтеби, мыйзамдабы?..

Адам баласы билет: акыйкат менен чындык жолу ары татаал, ары кыйын. Аны табууну ар кимибиз ардайым аңсап жашаганыбыз менен принциптүүлүгүнөн, максатынан, ишениминен, абийир-ариетинен тайбай издеген, аны өмүр өтөлгөсү, кесип туткан кишилер болот. Мисалы юристтер, сот, прокуратура тармагында кызмат өтөгөндөр. Алар жогорку касиеттердин биринен тайдыбы, адилеттик жоголот, адам тагдыры, нарк-наcили сокур тыйынга да турбай калат. Тилекке каршы, биздин күч органдарында, айрыкча сот тармагын пааналагандардын баары эле андай касиеттерди ардактап, көздүн карегиндей сактап жашабайт. Ошондуктан президентибиз баш, карапайым адамдарыбыз төш болуп, биздин сот тармагына болгон токонаалатыбыз күч.
Бул эмнеден улам эске түшүп атат? Мен Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Алмира Мамбеталиеваны жакындан тааныйм, жакшы билем. Өз кесибинин жогоркудай амирин ыйык да, бийик да тутуп жашаган адам. 31 жыл Жогорку соттун судьясы болуп ак кызмат өтөгөнү мунун дагы бир айкын далили. 31 жыл дегенди баса айталы. Не дегенде, кечээ Жогорку соттун 85 жылдыгы филармонияда чоң салтанат менен белгиленди. 85 жыл, албетте тарых үчүн бир тамчы, ал эми анын ичинен 31 жылды ошол тармакка арнаган адам өмүрү үчүн дайра.
Ошол "дайра" бул салтанатка кошулган жок. Атынан айтсак, эчким аны "итпи, кушпу" деп чакырбады. Бул эмнени далилдейт? Оболу Жогорку сотто адал кызматтын авторитети жоктугун. "Улууга - урмат, кичүүгө - ызат" деген кыргыздын нарк-наcилинен куржалактыгын.
Кеп анда эмес. Салтанатсыз деле жадырап-жайнап жашаса болот. Кеп, республиканын эмгек сиңирген юристи, Жогорку соттун 31 жыл иштеген судьясы Конституция мыйзамында кашкайта жазылган өз укугун коргой албай, аркай мекеменин эшигин каккылап кор болуп жүргөнүндө. Аргасыз алакан жайдырат. Сот ушинтип жүрсө, бизге окшогон көрпенделерге Кыргызстандан мыйзам издеп эмне жок!
Сөз башынан болсун. Мамбеталиева Алмира Жүкөшовна 2009-жылдын 11-июнунда Жогорку Кеңештин токтому менен мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошогон, өз арызы менен. "Өз арызы менен" дегендин артында ардайым кандайдыр бир өксүк турарын өзүңөр жакшы билесиңер. Алмира Жүкөшовнада да андай абал бардыгы байкалып турат, бирок чечилип айткан жок. Антсе да боолголосо болот. Жогорку соттун төрагалыгына Жаңыл Алиева шайланып, бийликке отургандан баштап экөөнүн жылдызы келишпей калса керек. Жумшартып айтканда, мезгилинде бири устат, бири шакирт аталып ысык жүрсө да. Алмира Жүкөшовнанын жазганына караганда, төрага анын артынан сая түшүп, бут тосуп, аңдытып, куугун-сүргүндөп дегендей жадатып жиберсе керек. Атүгүл айрым чечимдерди мажбурлап чыгартууга аракет жасаган учуру болуптур. Кыскасы, мөөнөтү бүтөрүнө бир жарым жыл калса да кызмат абалында түзүлгөн атмосферадан кысылып кеткен экен.
Кетсе кеткендир, маселе анда эмес. Мурдакы судья мыйзам жүзүндө өзүнө чектелген пособиесин, толук айлык акысын жарым жылдан бери алалбай, какпаган эшиги, сүзбөгөн тешиги калбай жүрөт. Айткандай, өлкө президентине жазды, жооп болбоду. Жогорку Кеңеш төрагасы, анын орунбасарларына жазды, жооп болбоду. Баса, вице-спикер К.Исабековдон "ырайым" жаады, бирок арызды текшерүүнү анын үстүнөн арызданып аткан кишинин, б.а., төрага Ж.Алиевага жөнөткөнү кызык. Генпрокурор Э.Сатыбалдиев да анын жолун жолдоп, арызды судьялар кеңешине жиберет. Алар албетте, Ж.Алиеванын "арыгын" чабат да. Бир гана КР профсоюз уюму өз милдетине түз туруп, Жогорку сотту төлөп берүүгө милдеттендирди эле, аны төрага айым тоотуп да койгон жок.
Ушундай футбол оюн. Төрага Ж.Алиеванын А.Мамбеталиевага каршы кармаган талы кайсы?
1. Ага 1-июндан 30-июнга чейинки айлык берилбейт, анткени отставкага арызды 1-июнда жазган. Макул, биринде жазыптыр, 11-июнда Жогорку Кеңеш карап канааттандырыптыр. Арийне анын токтому Жогорку сотко 23-июнда келип, сот төрагасы А.Мамбеталиеваны бошотуу жөнүндө ?2 буйрукту 2009-жылдын 30-июнунда чыгарып атыр. Логика болсо, ушул хронологиянын өзү эле төрага өзү кол койгон буйрукту өзү тааныбай атканын далилдейби? "Же мен-мен эмесмин, минген атым да меники эмес" принцибиби?
2. Бир жолу берилчү пособиени төлөөгө шарт жок. А.Мамбеталиеванын кызмат мөөнөтү 25-апрель, 2010-жылы бүтмөк. Андыктан 2009-жылдын бюджетине киргизилген эмес.
Кайрадан суроо. Андай шарт жок болсо, төрага эмне үчүн аны кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө ЖКга сунуш кийирди? Эмне үчүн өзү кол койгон приказдын 2-пунктунда он жыл аралыгында аткарган кызматынын орточо айлык акысынын эсебинен бир жолку пособие төлөнсүн маанисинде кара тамга менен ак баракта кашкайып жазылып турат да, аткаргысы келбейт? Бюджеттин түштөн кийин эске түшүшү кыянаттык кылуунун кеч ойлонулган амалы эмеспи? Конституция мыйзамында жазылып турат, чанжыратып которбой, орусча келтирейин: "Судьям, имеющим стаж безупречной работы в должности судьи не менее 20 лет и освобожденным от должности в связи с поданным письменным заявлением об освобождении от должности по собственному желанию, выплачивается единовременное пособие…". Баса белгилейм, "өз арызы менен", демек мөөнөтүнөн мурда кызмат бошоткондор мыйзамда унут калтырылган эмес. Бул норма төраганын буйругунда да турат, бирок…
Айтор, биз айтар элек, жеке мамилени кызматта кыянат пайдаланган болбойт. Айрыкча, Жогорку сотто. Айрыкча, төрагага…
Алым ТОКТОМУШЕВ