Кыргыз гезиттер архиви

  Ишенип жүрүп ит болдукпу?

Калбыры барлар катуу бакырабы?
Кыргыз өкмөтүнүн 10-декабрдагы жыйынында премьер Данияр Үсөнов менен Чукул кырдаалдар министри (ЧКМ) Камчыбек Ташиев "акыйнек" айтышты. "ЧКМ резервиндеги 18 млн. сомго үй курдуруп, кол астындагылардын камын көргөнүң жакшы. Бирок, бардыгы мыйзам чегинде болушу керек эмеспи…" таризинде пикирин билдирген өкмөт башчысы мындан ары өзүм билем саясатын жүргүзгөн министрлер дароо кызматтан четтетилерин кошумчалаган. Натыйжада К.Ташиев отставкага кетти. Бул окуя коомчулукта түрдүү пикир жаратты. Камчыбек Кыдыршаевичтин мындай кадамын кээлери эрдик катары баалашса, көпчүлүккө анын кадамы бүдөмүк.
Финансы полициясы ЧКМ жетекчилигине байланыштуу алгачкы кылмыш ишин үстүбүздөгү жылдын июлунда, андан кийинкисин октябрь айында козгогон. Ага ылайык, Камчыбек мырза КР мыйзамынын 304-306-беренелеринин негизинде ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "КР кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу келишимин түзүү") жоопко тартылышы ыктымал. Көрүнүп тургандай, кылмыш иши Ташиев кызматтан кете элегинде ачылган. Демек, экс-министр өкмөт башчысы менен чатакташуу аркылуу саясый упай топтоп, өзүн-өзү коргоонун алдын алуу амалын көрүп атканын баамдасак туура болчудай.
11 833 300 сом кайда, экс-министр ака?
Эсептөө палатасы бул министрликте акыркы эки жылга карата (2007-жылдын 1-июлунан 2008-жылдын 31-декабрына чейин -) аудиттик текшерүү жүргүзүп, 11 833 300 сом өлчөмүндө мыйзам бузуу фактысы катталганын тастыктаган. Алсак, ЧКМнын авиация департаментин текшере келгенде 1 816 000 сомдун дайыны чыкпай калган. Ошондой эле атайын жабдууларды сатып алууда 1 145 600 сомдун кайда жумшалганы белгисиз. Чырдын чыгышына түрткү болгон 60 бөлмөлүү квартира (кеп ЧКМ кызматкерлерине салынган үй туурасында жүрүүдө) маселесинде да 227 900 сомду жер "жутуп" кеткен. Ушуга окшогон мисалдар дагы бир топ.
7 "темир тулпардын" дайыны чыкпай…
Өткөн жылы 29-августта жакырчылыкты жоюу фондунун эсебинен 248 млн. сом ЧКМга чегерилген. Бөлүнгөн каражатка 73 даана өрт өчүрүүчү машина сатылып алынмак. Ошентип, 9-октябрда тендер жарыяланып, "Урало-Сибирская пожарно-техническая компания" (Россия), "ДорМашКомплект" (Токмок шаары) жана "Спецтехника" (Бишкек шаары) ишканасы конкурска катышкан. Натыйжада, министр К.Ташиев менен "Спецтехника" ортосунда келишим түзүлүп, аталган компанияга 2009-жылдын 15-январына чейин унааларды жеткирип берүү милдети тагылган. Тилекке каршы, түзүлгөн келишим жүзөгө ашкан эмес. "Спецтехника" ЧКМ жетекчилиги менен келишимди кайрадан жаңыртып, унааны жеткирүү мөөнөтүн үстүбүздөгү жылдын 30-апрелине жылдырган. Бу саам да мурдагы көрүнүш кайталанды. Бүгүнкү күндө жети өрт өчүрүүчү машинанын дайыны жок жана алардын качан келери азырынча табышмак.
Унаа чатагын тыгыз изилдеген Эсептөө палатасы "Спецтехниканын" өздүк эсебинде жарытылуу каражат жоктугун далилдешти. Ушул факт ЧКМ "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү" мыйзамды одоно бузгандыгын айгинелейт.
Креслоң барда бизнесиңди гүлдөт!
Чукул кырдаалдар министрлигине күйүүчү май жеткирүү милдети "Тилекстрой" ЖЧКсына жүктөлгөн. Бирок, министрлик мунай сатып алуу боюнча тендер жарыялаган эмес. Мындай көрүнүш мыйзам бузууга жатары айтпасак да түшүнүктүү.
Изилдөөлөрдүн негизинде "Томас" ЖЧКсы "Тилекстрой" компаниясына 17 436 366 сом өлчөмүндөгү күйүүчү май жеткиргени тастыкталды. Мунайдын литрин 17,4 сомдон алган "Тилекстрой" ЧКМга 23 сомдон пулдаган. Эми ортодогу айырмачылыкты эсептей бер… Баса, "Томас" менен "Тилекстройдун" жетекчилери К.Ташиевдин жакын адамдары. Калганы окурман журтчулугуна түшүнүктүү го дейм.
"Бригадага" чабуул башталганда…
Экс-министр 11-декабрда өткөргөн маалымат жыйынында өкмөт башчысы жүйөөсүз доомат артып атканын билдирди. "ЧКМ кызматкерлерине үй салуу маселеси президент менен макулдашылган… Жигердүү иштеп аткан адамды жазалоо Кыргызстан сыяктуу мамлекетте гана болушу мүмкүн. Министрликтин башына келгениме эки жылдын жүзү толду. Бир тыйынды дагы максатсыз жумшабадык" дейт ал. Буга улай "Менин өмүрүмө коркунуч туулушу ыктымал. Бирок, мени эч ким "сындыра" албайт. Артымда он миңдеген адам турат. Андыктан, премьер-министрди отставкага кетирүү боюнча күрөштү токтотпойм. Оппозицияга кошулуу ниетим жок" деген оюн жашырбады.
Күтүлгөндөй эле 12-декабрда Камчыбек мырзанын жактоочулары Жалал-Абадда "Данияр Үсөнов кетсин!" ураанынын астында каршылык акциясын уюштуруп, жердешинин ишин адилеттүү кароону талап кылышты. Экс-министр тарапкерлерине ыраазычылыгын билдирип, чогулгандарды таратты.
Кыдыршай аксакалдын уулу Камчыбектин премьер-министрге каршы "согуш" ачканына кенен токтолгонубуздун жөнү бар. Кандай болгон күндө да, бу жерде саясый оюн жаткансыйт. Анткени, Ташиев айтылуу "Бригаданын" "атаманы". Аталган топтун курамына финансы министри Марат Султанов, салык кызматынын төрагасы Акматбек Келдибеков, Коррупцияга каршы мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Садыр Жапаров сындуу лөктөр кирген (кезинде булардын катарында Эсептөө палатасынын төрагасы Искендербек Гайпкулов менен парламенттеги "Ак жол" фракциясынын лидери Улугбек Ормонов да жүргөн - Н.К.). Бейрасмий маалыматтарга караганда, "Бригаданын" тыңчыкмалары эмки президенттик шайлоого даярдык көрө башташыптыр. Бул окуя Ак үйдүн 7-кабатына жетип, "бригадачыларды" тизгиндөөнүн генпланы иштелип чыккан имиш. Анын алгачкы белгиси катары Камчыбек мырзанын жумуштан "куулганын" айтсак жарашат. Келме кезек М.Султанов, А.Келдибеков жана С.Жапаровго жетип калгансыйт. 10-декабрдагы өкмөт жыйынында командировка маселесине байланыштуу Марат мырза Үсөновду жөөлөп өткөнү мунун айкын далили.
Мындан сырткары, Үсөнов-Ташиев чатагынын артында бизнес "согушу" тургандыгын божомолдогондор арбын. Себеби, түштүк аймагын күйүүчү май менен камсыз кылуу боюнча астына ат салдырбаган "Томас" компаниясы экс-министрге таандык. Ал эми айрым бийлик төбөлдөрү россиялык "Газпромго" атаандаш "БНК" аталыштагы компанияны түптөөгө жан үрөп жаткан кези. Алар "Томасты" колго алып, "Газпромду" мунай рыногунан сүрүп чыгарууну башкы максатына айландырышкан.
Деген менен, бийлик жакшы жөрөлгө баштады. Элдин канын кактабай соргон коррупционер чиновниктерди жазалоо талапка ылайык. Ошондо гана бийликтин аброю артат, карапайым калк ишенимине арзыйт. Ташиевдин окуясы - реформанын башталышы деп үмүт артып туралы. Биртоп министр, Ак үй, Көк үй төбөлдөрүнүн чыныгы жүзү ачылып, жегенин кусчу мезгил да келер…
Нурканбек КЕРИМБАЕВ