Күрөш чын эле башталдыбы,
же имитациябы?
Соттор соттолуп, губернатор камалар бекен?
Дүйнөнүн 180 өлкөсүндөгү коррупциянын деңгээлин иликтеп жүргөн ТI уюму быйыл Кыргызстанды 162-орунга койду. 158-орунда Тажикстан. Ал эми бизден кийин Африка өлкөлөрү. Өткөн жумада бир катар аткаминерлер коррупция боюнча айыпталып, кызматынан шыпырылды. Бийлик муну адатынча өз арызы менен же башка ишке өткөнүнө байланыштуу деп калкалабай, түз эле кетирген кемчиликтери үчүн деп негиздеди. Биз ошол кишилердин кыңыр иштерин изилдеп көрдүк.
Гүбүр-гүбүр кеп угам, губернатор аял алды деп угам…
Ушул кезге чейин Баткен облусунун экс-губернатору Марат Жумабеков жөнүндө көп жазылды. Ал губернатор болуп барганда эле өз кызыкчылыгы үчүн иштеп жатканы мурда деле далай айтылган. Кадамжай райондук маданият үйүнүн жетекчиси Т.Бөрүбаевага үйлөнүп, балалуу болгону качан. 25-ноябрда Башкы прокуратуранын түштүктөгү бөлүмүнө Кадамжай районунун мурдагы акими Асамидин Ташов, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Абдырасул Анарбаев жана Баткен облусунун суу башкармалыгынын начальниги М.Асатовдон арыз түшкөн. Экс-губернатор Баткенге барары менен төшөк жаңыртып, Кадамжайдын акими А.Ташовду жаңы колуктума үй сатып бер деп кыйнаган. Бирок Ташовдун ага каражаты жок болгондуктан, өз үйүн бошотуп берип кутулган. 2008-жылы М.Жумабеков Баткен районунун ошол кездеги акими Д.Ходжаев аркылуу облустагы бардык аким, мэрлерден 1000 доллардан жыйнаткан. Андан кийин Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Анарбаев аркылуу 20 миң сомдон, ал эми быйыл болсо ажонун туулган күнүнө деп 1000 доллардан жыйнаткан. Бул боюнча өз кезегинде катуу чуу болгон. Себеби, А.Ташов 1000 долларды бербей коюп кызматтан шыпырылганы дайын. Буга өчөшкөн аким үйүнөн губернатордун токолун кууп чыккан. Ал эми Кызыл-Кыя мэри А.Анарбаевге Баткен районунун акими Дастан Ходжаев президенттин туулган күнүнө 1000 доллардан чогултат экенбиз деп телефон чалган. Кызыл-Кыя мэри үч күндөн кийин акчаны чогултуп берген.
Облустук суу башкармалыгынын начальниги М.Асатов 2008-жылы губернатордун көрсөтмөсү менен куруучуларды жалдап, Жумабековдун кызматтык квартирасын капиталдык ремонттон өткөргөн. Бул үчүн суу башкармалыгынын эсебинен 2 млн. 900 миң сом акча корогон. М.Асатов корогон акчанын ордун толуктоо үчүн 840 миң сомдук жасалма документ түзүп, суу насосун сатып алдык деген. Бирок текшере келгенде насос жок болуп чыккан. Азыр бул иш боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыш козголгон менен кетирилген зыяндар ордуна коюлуп, күнөөлүүлөр татыктуу жазага кириптер болор бекен?
Азыр баткендиктерге губернатор болуп ЖК спикери А. Тагаев барды.
Сотторго сооп жок
Акыркы мезгилде эл сотторго нааразы эле болбостон, алардын үстүнөн даттанып да келет. Сот акыйкат болмоюн адилеттүүлүк жөнүндө сөз кылуунун кереги жок. Коррупциянын чырагына май тамызган да соттун туура эмес чечими.
Буга чейин Москва районунун судьясы Марат Кубатбеков Черных деген адамдан 2500 доллар алып жаткан жеринен колго түшкөн. Бул боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Бирок тергөө иштери узакка созулду. Кылмыш иши 2008-жылы апрелде ачылса деле ушул күнгө чейин М.Кубатбеков сот алдында жооп бере элек. Жакында бул ишти Жайыл райондук соту карай турган болду.
Кара-Көл шаардык сотунун төрагасы Болот Момбеков Артюнян деген жаранды сабагандыгы үчүн Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Бул ишти алгач Базар-Коргон райондук соту карап, "карга карганы көзүн чокубайт" болуп Б.Момбековду актап жиберген. Бирок Жалал-Абад прокуратурасынын арызы менен бул ишти Жалал-Абад облустук соту карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Эми Жогорку сот карамакчы. Бул да чубалып отуруп, бир жарым жылдан бери аягына чыкпай келет.
Мындан тышкары, 25000 сом пара менен колго түшкөн Жумгал райондук сотунун судьясы Айтбай Аскалиев 5 жылга эркинен ажыраган. Өкүмдү Нарын шаардык соту чыгарган. 30 миң сом пара алды деген айып менен 2008-жылдын декабрында Тоң райондук сотунун судьясы Өмүрбек Мамбеталиевге кылмыш иши козголгон. Бирок бул иш да азыркы күнгө чейин аягына чыга элек. Сотторду соттоого келгенде мыйзамдын жолдору чар тарапка ачылып кете берет шекилди. Бул иштин бүтпөй жатышына видеофонографиялык экспертизанын жыйынтыгы чыкпай жатканы себепкер экен. Мамбеталиев параны Ибраева деген айымдан алган.
Ал эми 10 миң сом пара алган Нарын облусунун судьясы Жумалы Койгелдиевге да кылмыш иши козголгонуна бир жыл болду. Бул ишти Биринчи Май райондук соту карамак. Бирок Койгелдиев ооруп калып, кылмыш иши токтоп турат. Койгелдиев параны Тургуналиева деген айымдан алган.
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы да ушул жылдын башында 500 доллар менен колго түшкөнү маалым. Бирок аягына чыга элек. Ишти Ленин райондук соту жакында карамакчы. Албетте, 10 миң эмес, 1000 сом менен айыпталган кишини эки жылга кесип жиберген соттордун соттолуп кетиши өтө эле күмөн. Анткени алардын тагдырын кечээки эле кесиптештери чечип жатат.
Өткөн жумада президенттин жарлыгы менен Баткен облустук сотунун төрагасы Табылды Жусубалиев менен Кара-Суу райондук сотунун төрагасы Турдубек Суранбаев мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотулду.
Т.Жусубалиевдин Баткенде жасаган иштерине буга чейин прокуратура, адвокаттар тарабынан көп эле нааразычылыктар болгон. Атургай анын үстүнөн Жогорку Кеңешке, соттордун улуттук кеңешине, президентке чейин арыздар келип түшкөн. Туура эмес чыгарылган соттук чечим, сот курамын туура эмес дайындоолор боюнча да көп даттануулар болгон. Анын ээлеген ордунан кетишине да ушулар себеп болду көрүнөт. Ал эми Кара-Суу райондук сотунун төрагасы Т.Суранбаев кылмыш ишин узак мөөнөт караган эмес. Ошондуктан КР соттор кеңеши ушундай чечимге келишкен.
Исаковдун иши баарыга маалым
Буга чейин экс-коопсуздук кеңешинин катчысы генерал Исмаил Исаковго да кылмыш иши козголуп, ага байланыштуу сот жараяны биртоптон бери уланып келет. Генералга Коргоо министри кезинде уулуна мыйзамсыз квартира алып берген жана бюджеттик акчаларды максатсыз пайдаланган деген айыптар коюлган. Бирок И.Исаков анын баарын саясый буюртма катары баалап, бирин да мойнуна албай келүүдө. Мисалы, ал уулу Руслан Исаковго берилген эки бөлмөлүү квартира Коргоо министринин орунбасарлары ж.б. кишилердин чечими менен берилген. Мында менин тиешем жок дейт. Бирок министр муну кандайча байкабай калды деп таңгалгандар көп. Анүстүнө башка бирөөгө эмес, өз уулуна берилип жатса. И.Исаковго тагылган дагы бир күнөө - бюджеттик каражаттарды максатсыз чачуу. Ар кандай майрамдарда каражатты ысырапкорчулук менен пайдалануу. Мисалы, аскердик фуршет "Пекин" ресторанында өткөрүлгөн. Негизи, өлкөнүн бюджети мыйзам. Мыйзамда 8-мартты, жаңы жылды өткөргүлө деп каражат бөлүнбөйт. Буга чейин Балыкчы гарнизонундагы аскердик техникаларды мыйзамсыз сатуу боюнча да айып тагылып, ага И.Исаковдун тиешеси жок деп алынып салынган. Азыр айыптоочулар Исаковду генерал чининен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялап, 8 жылга эркинен ажыратууну сурашууда. Ал эми соттун чечими кандай болот, ал жагы белгисиз.
Ат жалында алтооз сөз
-
Баткен облсотунун төрагасынын кызматтан кетишин жергиликтүү укук коргоочулар кандай кабылдады?
Маматкадыр Абдугапаров, адвокат, Баткен облусу:
- Мен Баткен облусунун соту Т.Жусубалиев боюнча арызданбаган жерим калбады. Анын жасаган туура эмес иштерин, мыйзам бузгандарын айтсаң өзүнчө сөз. Өзбекстандан келген контрабанданы чыгарып жиберген. Керек болсо муну далилдеп берем. Бирок биздин өлкөдө сотторду кызматынан четтетүү же жоопко тартуу оңой эмес. Ошентсе да Жусубалиевдин эскертүү алып, кызматынан кетиши туура чечим болгон. Ал кишинин айынан көптөгөн кишилердин тагдыры жабыркады. Эми анын ордуна кара кылды как жарган калыс киши келет деп күтө туралы.
-
Соттордун пара алуу фактысы менен колго түшүп, бирок көпчүлүгү жылдап мезгил өтсө да каралбай жатканы туурабы?
Турсунбек Акун,
КР Акыйкатчысы:
- Тилекке каршы, ушундай болуп жатат. Бирок алар камалышы керек. Азыр жалгыз эле бир судья беш жылга камалып Нарында жатат. Жашы 65те, өзү бечара экен. Ошон үчүн да камалды болуш керек. Негизинен соттордо коррупция күчтүү. Жогорку сот да ойдогудай иштеп жатат деп айталбайм. Булардын 5-6 эмес, 20-30ун камаш керек. Көпчүлүгү ошондо эсине келет. Албетте, таза иштеген соттор да бар. Баары паракор деп айталбайм. Бирок, көпчүлүгү коррупцияга белчесинен баткан.
-
Абдыкадыр Орозбековдун мааракесинин алдында экс-губернатор Марат Жумабеков менен акчанын айынан пикир келишпестиктер болгону чынбы?
Асамидин ТаШОв,
Кадамжай районунун экс-акими:
- Чын. Биз Кадамжайда аксакалдын тоюна катуу даярдандык. Эстелигин мыкты жасатканга аракет кылдык. Бирок М.Жумабеков тойду Кадамжайда эмес, Баткенде өткөрөбүз деп туруп алды. Азыр биз анын жеп-ичкендери боюнча арыз менен кайрылдык. Жумабеков облустун экономикасы, социалдык абалына көп деле кызыкпады. Жалаң өз кызыкчылыгын ойлогон жетекчи экен. Ал эми мен аким болуп иштегенде кандай жумуштарды жасаганымды эл таразаласын.
-
Өлкөгө сот реформасы керекпи? Эгер керек болсо ал кандайча жүргүзүлүшү зарыл?
Кадыр Маликов,
саясый илимдин доктору:
- Бул эчак эле бышып жетилген нерсе. Биздин соттор мурдагыдай эле иштеп жатат. Реформа жүргүзүүдө чыныгы абалды эске алуу керек. Анан да соттор бирөөдөн көз каранды болсо ишенбөөчүлүк пайда болот. Ошондуктан аларды дайындоо, шайлоо көз каранды болбой турган жолдорун изилдешибиз зарыл. Биз эркин, көз каранды эмес сотторду түзгөндө гана алардын иши жанданышы мүмкүн. Көз карандысыздыкка жеткирүү менен бирге акыйкатты туу туткан жоопкерчилигин да ойлонушубуз керек. Бир эле соттук реформа менен чектелбей жаза аткаруу реформасын да жүргүзүүгө мезгил жетти.
-
Акыркы мезгилде биртоп мамлекеттик чиновниктер кетирген кемчиликтери үчүн кызматынан алынып, айрымдарына кылмыш иши козголду. Бул иш андан ары уланат деп ойлойсузбу?
Марс Сариев, саясат таануучу:
- Реформа башталганда президент айткан негизги курс боюнча иш башталды десек болчудай. Менимче, мындан ары биртоп чиновниктер кызматынан эле алынбай, сот жоопкерчилигине да тартылышы мүмкүн. Муну менен президент негизги курс менен кетип жатканын ырастаганга аракет кылып жатат.