Сая-саалы
Таасир бөлүшмөй мыйзамдашууда
Жогорку Кеңеш президент тарабынан Башмыйзамга оңдоолорду киргизүү сунушун Конституциялык сотко жолдоду. Эгер мыйзам долбоору Конституциялык сот тарабынан жактырылса, парламент аны талкууга алып, сунуш киргизе алат. Мыйзам долбооруна ылайык мамкатчы, президенттик администрация жана коопсуздук кеңеши жоюлуп, алардын ордуна президенттик институттун курамына кирген органдар менен толукталмакчы. Мурда президент ыйгарым укугун аткаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраса, анын милдетин ЖК төрагасы аркалайт эле. Ал эми азыр президенттик кеңешменин орунбасары аркалайт деген өзгөртүүлөр бар. Буга оппозиция өкүлдөрү каршы пикирин билдирип жатат.
Паспорттун арымы неге кыска?
ID карта кыргызстандыктардын конституциялык укугуна шек келтирет деген пикирди бир катар укук коргоочулар билдирди. Эгер кыргыз жарандары жашаган жерин которсо, же баш кошсо, аны кайрадан алмаштырууга туура келет. Ал эми Конституцияда ар бир жарандын жашаган жерине, улутуна, тилине карабастан бардык укуктардан пайдаланат деп көрсөтүлгөн. Ал эми ID карта бул укуктарды чектеп жатат.
"Под колпаком" дечү беле
Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) эми өлкөдөгү ар бир атуулду төрөлгөндөн баштап өлгөнгө чейин каттоого алат. Муну менен бирдиктүү маалымат базасы түзүлөт. Мындан ары ар бир жарандын ким экендиги жөнүндө кеңири маалымат алса болот. Ага туулган жери, үй-бүлөсү, окуу жайы, автоунаа сатып алганы ж.б. маалыматтар камтылат. Бул жөнүндө эл аралык конференцияда МКК начальниги Марат Кожоналиев билдирди.
Иши кылса карыз көбөйөт экен
Вице-премьер Акылбек Жапаров "2010-жылдагы бюджеттин тартыштыгын толтуруу булагын таптым" деп парламентте билдирди. Анын айтуусуна караганда, "2009-жылы Кыргызстан эл аралык финансы институттарынан башка эч кимден жардам алган эмес. Ошондуктан ШОС уюмундагы өлкөлөргө кайрылабыз" дейт. 2010-жылы ири долбоорлорго Торугарт-Бишкек жолу (400 млн. $), Датка-Кемин подстанциясы (500 млн. $) кирет. Сырттан келген инвестициялардын 70 пайызы өнүгүүгө, 30 пайызы инфраструктуралык долбоорлорго жумшалат.
Генералдын "бактысы" узартылды
Коомдук парламенттин мүчөлөрү Э.Бөлөкбаев, У.Рыскулов, С.Аргымбаевдин үстүнөн соттук жана саясый куугунтуктоону токтоткула деген кайрылуу жолдошту. Бул кайрылууга колун койгондор "Биз алар менен биргебиз, мыйзамсыз кысымга каршыбыз" деп билдиришти. Бирок аларды учурунда көкүтүп, чырагына май тамызгандар үн кошподу. Ал эми генерал Исмаил Исаковдун соту 25-декабрга жылдырылды. Генерал боюнча өкүм кечээ чыкмак. Бирок айыпталуучунун адвокаты келбей калган.
Крим-аалы
Алкымдан азап
Өзгөн облусунун Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы айылдашына ашыкча жер участогун берем деп 10 миң сом пара талап кылган экен. Финансы полициясына арызданган айылдашы өкмөт башчысынын 2000 сом пара алып аткан жеринен карматты. Ал эми Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Арсланбап айыл өкмөтүнүн башчысы мурдагы төрөткананын жер участогуна мыйзамсыз түрдө курулуш иштерин жүргүзө баштаган. Текшерүүгө алган фискалдык органдын кызматкерлерине 15 миң сом сунуштап, токтотуусун суранган. Акчаны берип аткан жеринен кармалган айыл өкмөт башчысынын үстүнөн кылмыш иши козголду.
Кыргыздарды аңкоо ойлодубу?
Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичирайонунда жайгашкан "Чынар" базарынан казак жараны кармалып, анын чөнтөгүнөн 5000 сом жасалма купюра табылган. Анткени аталган базардын сатуучусу бейтааныш жигит жасалма 5000 сомго соода кылып алдап кеткени боюнча арызданып, укук коргоо органдарына кайрылган. Жасалма акча колдонгон казак изкубарларга сурак берип отурган кези.
Кан узатмак беле
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнө Кытай республикасынын жараны Мухтар Хайрулло 11-декабрдан бери дайынсыз жоголгондугу тууралуу арыз түшкөн. Арадан эки күн өтпөй шектүү катары Өзгөн шаарынын тургуну кармалды. Көрсө, Мухтар Хайруллого 40 миң доллар карызын кайрып берем деп алдап чакырып, аны коркутуп туугандарына акчаны алдым деп телефон чалдырып, досторунан акча суратып, акыры аны өлтүрүп, талаага алпарып шериги экөө көмүп салышкан. Маркумдун досторунан алган беш миң долларга жаңыдан гана көңүл ачууга камданышкан кылмышкерлер кан узатпай изкубарлардын колуна түшүрдү.
Зордукчулга убал жок
Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Кара-Балта шаарынын тургуну Андрей Павлович 13 жашар кызы Аннаны зордуктоого аракет жасаган Чыңгыз аттуу жигиттен коргойм деп кылмышкерди монтировка менен башка чаап өлтүрүп алган. Атасын көзгө илбей өспүрүм кызын зордуктоого аракеттенгени аз келгенсип, Чыңгыз сынык бөтөлкө менен Андрей Павловичти да өлтүрүүгө аракет жасаган. Жакында Жайыл райондук соту Андрей Павловичтин ишин карап чыгып, аны шарттуу түрдө эки жылга үй түрмөсүнө отурууга өкүм чыгарды.
Оңой акча аш болбойт
Ноябрь айында борбордогу И.Арабаев атындагы жогорку окуу жайдын кызматкери изкубарларга арыз менен кайрылган. Эркиндик бульварынан бейтааныш жигит анын кол телефонун, акчасын, колундагы алтын шакектерин тоноп кеткен. Арадан бир айга чукул убакыт өткөндө Бишкектин чет жакаларында жайгашкан жаңы конуштардын биринде жашаган өспүрүм кармалып, күнөөсүн мойнуна алды.
И-тагдаалы
"Элим, барсыңбы?"
Ушундай аталыштагы кайрымдуулук фонду 26-декабрда Кожомкул атындагы спорт сарайында белгилүү ырчылар катышкан кайрымдуулук концертин берет. Бул долбоордун максаты - концерттен түшкөн каражатты жардамга муктаж адамдарга жумшоо, майып адамдарды, карылар жана балдар үйлөрүндөгү кароосуз калган ата-апалардын, балдардын көңүлүн көтөрүү. "Бул концерттен түшкөн акча менен укпаган, көрбөгөн, баспаган адамдарды, карыларды бир күн болсо да кубантып коелу деп жатабыз" дейт коомдун мүдүрү Майрамбек Жумалиев.
Ош-Бишкек жолу жабылат
Кечээ ИИМ, Транспорт жана коммуникация министрлиги 22-декабрда Камбар-Ата-2 ГЭСиндеги жардыруудан улам Бишкек-Ош жолу убактылуу жабыларын кабарлады. Аталган мекемелер айдоочулардан бул күнү жолго чыкпоону өтүнөт. Бул күнү Бишкек-Ош автотрассасынын 260-чакырымынан 455-чакырымына чейинки аймакта жол кыймылы токтотулат.
Бала бакчалар он эки саат иштейт
1-январдан тарта бала бакчалар он эки сааттан иштешет. Бул үчүн мэр токтом чыгарган. Мэриянын билдиришинче, бул чечим тарбия, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, мектепке чейинки, мектеп жашындагы балдардын ден соолугун коргоо программасын ишке ашыруу максатында кабыл алынган. Бала бакчалардагы кошумча жумуш убактыларынын көбөйүшүнө байланыштуу 2010-жылга кызматкерлердин санын 203кө көбөйтүп, 4,3 млн. сом кошумча каражат бөлүү караштырылган. Учурда шаардагы бардык бала бакчалар он сааттык режимде иштейт.
"Жылдын мыктылары" жыйынтыкталат
"Замандаш" ассоциациясынын ар жылы түрдүү тармактан жылдын мыктыларын коомчулуктун добуш берүүсү менен тандап алып, аларга ар кандай номинациядагы сыйлыктарды берип келатканы коомчулукка белгилүү. Быйыл да аталган уюм ал жөрөлгөнү улантып, ар кандай номинацияда жылдын мыктыларына добуш берүүнү интернетке койгон эле. Эми добуш берүүлөр 20-декабрда токтотулуп, 21-декабрда эксперттик комиссия жыйынтыгын чыгармакчы. 22-декабрда опера-балет театрында "Жыл мыктылары-2009" сынагынын номинанттарына сыйлык тапшыруу салтанаты болот.
Ошко барсаң, ойнобо!
Ош шаарындагы СПИД борборунун маалыматын карасак, жыл башынан бери облуста ВИЧ илдети бар 22 кош бойлуу аял катталган. Аталган борбордун адистеринин айтымында, аялдар ооруну жыныстык катнаш аркылуу жугузуп алган. Экинчиден, адистер ВИЧ илдетинин наристелерден, кош бойлуу энелерден чыгып жатышы ички-сырткы миграциянын күчөшүнөн экенин билдиришкен. Учурда 22 аялдын балдары медициналык көзөмөлдө турат. Бейөкмөт уюмдардын билдиришинче, ВИЧ илдети менен катталбай жүргөн аялдар көп эле болушу мүмкүн. Алардын маалымдашынча, ВИЧ илдети акыркы кездерде баңгизатын колдонуудан да таркалып жатат.