Билгенден билелегиң көп
Элүү жылда эл жаңы
Кыяматка 10 жыл калды, бирок Кыргызстан ага туш болбойт экен…
Мындан 10 жыл мурун кимдир бирөө ар бириңерде чөнтөк телефон болот десе эч ким ишенчү эмес. Канткен менен азыр бул техникалык прогресс катардагы эле көрүнүш болуп калды. Эми дагы он жылдан кийин эмне болушу мүмкүн?.. Асыресе кийинки мезгилде аба катмарынын температурасы көтөрүлүп баратканы, муну алдын албаса бара-бара улуу тоолордогу мөңгүлөр эрип, биртоп өлкөлөр океан алдында калары тууралуу айтылып келет. Учурда мындай климаттык катастрофа бүт дүйнөнүн окумуштууларынын мээсин оорутууда. Албетте, адамзат жашоо үчүн күрөшүп, андан аман калуу үчүн дагы бир канча улуу илимий ачылыштарды жаратат. Андыктан, интернет булактарындагы материалдар боюнча алдыдагы 50 жылда адамзатты эмне күтүп турганына саресеп салдык.
Эмне эле кыш кыштай болбой баратат десе…
2009-жыл планетанын климатына байкоо жүргүзүлө баштаган акыркы 150 жылдан берки эң жылуу он жылдын катарына кирди. Ал эми 2000-2009-жылдар аралыгы эң жылуу он жылдык болуп калат. 2009-жылы жер үстүндө глобалдык орточо температура 1961-1990-жылдар аралыгындагы орточо жылдык температурадан 0,5 градуска жогору болгон. Мындай маалыматты дүйнөлүк метеорологиялык уюм жарыялаган. Ага ылайык, экстремалдык климаттык көрүнүштөр, анын ичинде суу каптоо, кургакчылык, кар бурганагы, жылуу жана муздак толкундар дүйнөнүн ар кыл бурчунда катталган. Бул жылы абанын температурасынын кескин жогорулашы Түштүк Африка, Австралия жана Азиянын түштүк аймактарында катталган. Буга кошумча быйылкы жылы Арктикада муздардын көлөмү кыскарып, сентябрь айына карата алардын орточо аянты 5,1 миллион чарчы километрди түзгөн. Бул 1979-жылдан бери спутниктик ченемдер боюнча үчүнчү жолу кескин түрдө муздардын эриши болду. Жалпысынан 2009-жылы абанын температурасы дээрлик бүтүндөй планета боюнча нормадан жогору болду.
Глобалдык жылуулук качан токтойт?
Жер жүзүндөгү климаттык катастрофаны жана глобалдык жылуулукту ооздуктоого чечкиндүү чара көрүүгө он жыл гана убакыт калды. Америкалык климатты изилдөөчү башкы адистердин бири Джеймс Хансендин пикири ушундай. Ал Аэронавтика жана космостук мейкиндикти (НАСА) изилдөө боюнча улуттук илим изилдөө институтун жетектейт. Хансендин ою боюнча дүйнө жүзүнүн өнөржайы өнүккөн өлкөлөрү көмүр кычкыл газын чыгарууну чектеген келишим түзүшү керек. Ошондо абанын температурасы бир градус цельсиядан төмөн түшөт. "Менин баамымда биз үчүн климаттын өзгөрүп кетишин токтотуп калууга он жылдан ашпаган убакыт калды, - деген Хансен климаттык өзгөрүүнү изилдөөгө арналган конференцияда сүйлөгөн сөзүндө. - Эгер мамлекет башчылары мындан ары да бул көйгөйгө кайдыгер боло берсе, дүйнө жүзүндөгү орточо температура 2-3 градус цельсияга көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Ошондо биз Жер планетабызды жоготуп алабыз" дейт Хансен.
Жорж Буш АКШ президенти болуп турганда президенттин администрациясы Хансендин жана анын башка кесиптештеринин эмгегине тыюу салып, глобалдык кырсыктар жөнүндө ачык айтууга мүмкүнчүлүк бербей келгенин билдирген. Бирок окумуштуу АКШ дүйнөгө согуштук жактан эмес, экологиялык коркунучту ооздуктоо боюнча лидерлик кылыш керектигин эскерткен. Себеби Америка көмүр кычкыл жана өндүрүш газдарын чыгаруу боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Анүстүнө 2001-жылы АКШ Киото келишиминен экономикалык жагдайдан улам чыга тургандыгын билдирген. Бул документке ылайык, ага мүчө өлкөлөр ар кандай өнөржай ишканаларынан бөлүнүп чыккан газдарды чектөөгө тийиш эле. Көрдүңүзбү, азырынча Американын бул жагынан дүйнөгө үлгү боло турган ою жок.
Тилекке каршы, жылуу планетада муздар тез эле эрип, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келет. Анын натыйжасында мисалы, Нью-Йорк шаарынын көп бөлүгү суу астында калат. Кургакчылык жана жылдын ысык мезгили көбөйүп, бороон-чапкындын, куюн менен чагылгандын, цунами жана башка табигый кырсыктардын жаңы булагы пайда болуп, биологиялык жандыктардын жарымына жакыны жоголуу коркунучуна кабылат.
Деңиз деңгээлинен бийик турган Кыргызстан суунун астында калбайт. Бирок мөңгүлөрдүн эрип кетиши экологиялык катастрофа жаратып, кургакчылык, энергетикалык жана азык-түлүк кризиси каптайт дешет билермандар.
Элүү жылдан кийин жаныбарларга да тил бүтөт…
"Биз глобалдык катастрофаны жеңип чыгабыз жана табигый эволюциянын кайрадан кайталанышына мүмкүнчүлүк берип, экологиялык жактан эң таза жана чексиз энергиянын формасын табабыз" деп окумуштуулар оптимисттик үмүт жаратууда. Адамзаттын келечеги тууралуу окумуштуулар 50 жылдан кийин адам өмүрүнүн узактыгы 40%га жогорулайт дейт. Ал кездеги муун өң-келбетин оңой эле өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк табат. Келе жаткан глобалдык катастрофадан аман калгандары жаратылыштын биртоп жашыруун сырларын ачат. Мындан сырткары, адамдардын дээрлик бардыгы эт жегенден баш тартышат. Ошондой эле башка планеталардын тургундары менен таанышат.
Алдыңкы 50 жылдын ичинде жан-жаныбарлардын эмоцияларын жана "ой-пикирлерин" аныктап, адамдарга түшүндүрүүчү аппарат ишке кирет. Башкача айтканда, жоголуп кеткен уюңдун кайда жүргөнүн сотка аркылуу билип турасың, эгер малыңдын телефонун уурулар өчүрүп коюшпаса. Анын жардамы менен адамдар жаныбарлардын тилин түшүнүп, жандүйнөсүн жакшылап изилдей алат. Жаныбарлардын арыз-муңун, кейиштүү тагдырын түшүнгөн адамдар эт жегенден баш тартат.
Келечекте башка планеталардагы жашоочулар менен жакындан таанышабыз. Башка планеталардын жашоочуларын Жерден да табышыбыз мүмкүн. Түбөлүк муздардан башка планеталыктарды таба алабыз. Бул өкүлдөр өлүк болгону менен алардын биохимиялык курамы, түзүлүшү өзгөрүүсүз сакталып турат.
Айрым окумуштуулардын пикири боюнча башка планеталыктар миллиондогон жылдар бою Жерде жашап келген. Тирүү организмдердин көпчүлүгү - микробдор. А микробду дароо эле "биздикиби" же башка планетанын өкүлүбү, аңдап билүү азырынча мүмкүн эмес.
Медицинанын келечеги кандай болот?
50 жылдан кийин медицина дагы алга карай чоң арыш жасайт. Жаныбарлардын ичине кишинин клеткасынан атайын органдар өстүрүлүп, алар айыккыс дартка чалдыккан органдардын ордуна алмаштырылат. Ошентип медицинада органдарды канча кааласа өндүрүп алышып, көптөгөн адамдардын жанын аман алып калышат. Алгач илимпоздор бутту, колду өстүрүүнүн мыкты ыкмасын табышат. Андан соң технологиянын өнүгүшүнүн натыйжасында жүлүндү жана башка маанилүү органдарды калыбына келтирүүнүн ыкмасын ачышат.
Ошентип органдарды калыбына келтирүүчү регенеративдик таблеткалар ойлонуп табылат. Өлүмдөн коргонуу системасын адамдардын организмине киргизүү жакшы натыйжа берсе, 2057-жылы 100гө чыккан адамдардын алгачкы муунун көрө алабыз. Алар энергияга толуп турган, алдуу-күчтүү, 60 жаштагы адамдардай болушат.
Зайырбек АЖЫМАТОВ,
т:, 38-67-73, zair@vb.kg