Кыргыз гезиттер архиви

  Жолтикен

Көмүскө жагы көп өлүм, армандуу келин
5-ноябрда борбордогу Дэн Сяопин көчөсүнүн №129 үйүнөн "Жылан" гезитинин редакторунун күбөлүгү бар Сейитбек Мураталиевдин өлүгү табылганы ММКларга жарыяланып, коомчулукта уу-дууну жараткан. Көпчүлүк 27 жаштагы келиндин 58деги эркекти он үч жолу сайып өлтүргөнүнө таң. Мындай таңгалууга мурда-кийин "Жылан" гезитинин жарыкка чыкпагандыгы себепкер эле. Анүстүнө ИИМ да бул кылмыш тууралуу коомчулукка жарытылуу маалымат бере албады. Кылмыш болгонуна бир жарым ай болсо дагы, бул окуянын артында бир сыр бар деген күдүктөнүү өчпөй келет. Себеби, окуя болгондун эртеси эле "Сейитбек Мураталиевден буга чейин укук коргоо, МАИ кызматкерлери сестенип коркушчу. Жеке алар эмес, бир катар чиновниктер, жөнөкөй адамдар үчүн анын өлүмү майрам болду" деген имиштер тарады. Мындай имиштердин артында кандай купуя сыр жатышы мүмкүн?


Мураталиев органдар менен кызматташ беле?
Тахмина Амантаеванын "Азаттыкка" берген маегинен анын Сейитбекти өлтүрүшүнө Ленин РИИБ, Ленин райондук сотунун да "салымы" бар экендиги көөдөнү сокур адамга да байкалат. Тахминанын "Форма кийгендин баарысы эле тартип коргоочу милиция эмес экен. Алар "бар, сени ал зордосо зордоду деп арыздан, анан кылмыш ишин козгойбуз" дешет. "Мен зордукталып, анан арызданышым керекпи?" дегени эле эмнени айтып турат. Жапжаш туруп адам өлтүргөн аялдын "эгер менин арызым, көз жашым тиешелүү жерлерге убагында жетип тескелгенде, бул окуя болбойт эле. Мураталиев биздин тагдырды чечсе, анда укук коргоочулардын бизге эмне кереги бар?" дегени ИИМге, Ленин райондук РИИБине, сотуна, тергөөчү Алмаз Касымакуновго таасир берет болду бекен? Бул го бул дейли. Мураталиевдин Тахминага "мен органдар менен кызматташам, алар мага төлөп берет. Азыр мыйзам жок. Арыздана билиш керек" дегени эмнени каңкуулап турат? Бул суроону учурда кылмыш ишин карап жаткан Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына, ИИМге узатып, эч кандай жооп ала албадык. Атургай Сейитбек Мураталиевдин ким болгонун, буга чейин кайда иштегенин ИИМ дагы, аталган башкармалык да билбейт имиш. Амантаеванын тергөөчүсү Кымбат Курманалиевага байланышканыбызда ал да так, ачык жооп бере албады.
"Компроматтар", документтер кайда?
Учурда Нооруз айылындагы №50 абакта жаткан Т.Амантаеванын маегине, Сейитбекти сыртынан тааныгандардын айткандарына таянсак, Мураталиев буга чейин бир далай адамды каматып, акча жасап келген. Милиция кызматкерлери анын айткандарын кың дебей аткарышып, ага каршы чара көрбөй келишкенинин себебин эмдигиче ачыкка чыгара албай келишет. Балким Мураталиевдин белдүү чиновниктер менен байланышы бар деген имиш чындыктыр. Болбосо, ал Тахминанын жолдошу Эркин Айжигитовго кайдагы машинаелерди саттырып, ага үлүшүн берип турган? "Сейитбек өлтүрүлгөндөн бир-эки күндөн соң райондук милиция бөлүмдөрүндө ага байланышы бар документтер жок болуп кеткен. Бул документтер ачыкка чыкса, Мураталиев менен кызматташ "төбөлдөрдүн" былыктары элге белгилүү болмок" дейт атын атагысы келбеген адам. Анын айтымында, Сейитбек Мураталиев Эркин Айжигитовго ар кандай маркадагы машинелерди саттырып, бир-эки күндөн соң ички иштер бөлүмдөрүнө ал машинелердин уурдалганын кабарлап турчу экен. Ошентип ал жеке эле Айжигитовду эмес, биртоп адамдарды кайырмагына илген. Анын кайырмагына илинген адамдардын арасында белдүү чиновниктер да болгон. Буларды айтып берген бейтааныш адам Мураталиев менен Айжигитовдун казино, машинеден башка түнкү клубга байланыштуу чыры бар экенин да кошумчалады. Анын айтымында, Тахмина Амантаеваны түн ичинде Мураталиевге келүүгө мажбурлаган тосмо арыз жана Тахминага чогултулган компромат себепкер болгон. Бирок, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын "буларды билбейбиз" таризинде ийин куушурганы түшүнүксүз.





Учурда Тахминаны коргоого алган адвокат Канат Хасанов буларды айтып берди:
- Тахмина Амантаевага Кылмыш кодексинин 97-статья боюнча кылмыш иши козголуп, иш Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө башкармалыгында каралып жатат. 97-статьяда "адам өлтүрүү - бул бирөөнүн өмүрүн атайылап кыюу" деп жазылган. Башкача айтканда, бул статья киши өлтүрүү атайылап жасалган аракет экендигин тастыктайт. Бул айып Амантаевага туура эмес коюлган. Кылмыштын фабуласында Тахмина Амантаева кылмышты атайылап жасабагандыгын, ал ызасы, кызуу кандуулугу менен кылмыш жасап алгандыгы көрүнүп турат. Мураталиев бул мезгилде аны зордуктоого аракет кылып, Тахмина коргонуу үчүн ага бычак урган. Ошону эске алып, жактоочу катары 97-статьяны 98-статьяга которуу өтүнүчүн билдирдим. 98-статья "адам өлтүрүү кызуу кандуулук, ызалануу маалында болгондугун" көрсөтөт. Менин өтүнүчүм эске алынып, иш соттук медициналык экспертизага жөнөтүлдү.
- Эгер өтүнүч эске алынып, Амантаевага Кылмыш кодексинин 98-статьясы коюлса, ал канча жылга эркинен ажыратылат? Айып жеңилдетилсе, аны үй камагына чыгарууга болбойбу?
- Үч жылга соттолот. Үй камагы - бул баш коргоо чарасы. Ал үчүн бардык жагдайлар каралат. Мындай жагдайлар Тахминада жетиштүү. Анын эки баласы, туруктуу жашаган үйү бар, атургай аны эч жакка чыгарбоо милдетин алып, үйгө чыгарып кетүүгө даяр адамдар да бар. Мындай мүмкүнчүлүк Кылмыш процессуалдык кодексинин статьясында каралган. Бирок, экспертиза жыйынтык чыгармайынча биз эч нерсе кыла албайбыз. Баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Бишкек шаардык сотуна арыз жолдонгон.
- Мураталиевдин "компроматтары" тууралуу маалыматыңыз барбы?
- Мураталиевди мен мурда-кийин билчү эмесмин. Амантаеваны жактоого алгандан бери ал тууралуу көп нерсе угуп жатам. Көп адамдарды соттотуп, милиция кызматкерлерине "шантаж" жасаганын да уктум. Бирок, анын бул иштерине аралашпаган соң, бул жөнүндө ачык айта албайм.

P.S. Бул ишке ушуну менен чекит койбойбуз. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тергөө ишине шылтоолоп ачык эч нерсе айта алган жок. Тахминанын "бул кишиден кутулуу мен эмес, көп адамдарга жакшы болду. Акыры угасыңар" дегени жөн жерден болбосо керек. Балким жолдошу Эркин Айжигитов азыр айтпагандарын кийинчерээк айтып берер. Ал редакцияга Лейлектен кайтканда кайрыларын билдирди.
Мелис СОВЕТ уулу,
тел.: 38 67 13, melis@vb.kg





  Айтса-айтпаса төгүнбү

Таякемден үлгү албайлыбы?

Орто Азия өлкө башчыларынын ичинен эң мыктысы тажик президенти Эмомали Рахмон десем болчудай. Бул киши эң алгач согуш көрүп, итке минип калган тажик элинин абалын биртоп жакшыртып койду. Эне тили тажик тилине жакшылап көңүл буруп аткан учуру. Тажик тилин жакшы сүйлөбөгөндөрдү чоң кызматтарга жакындатпай турган болгон. Өзүнүн "Рахмонов" деген фамилиясынан "овун" алып ыргытып, жөн эл Рахмон болуп алды. Бизде чоңдорубузга кайрылганда "евич-чевич" деп калабыз. Эмнеге таза кыргызча сүйлөп, баланча мырза, түкүнчө айым деп айтканга болбойт?

Туура, "мырза, айым" дегенге баары эле татыктуу боло бербейт дегендер бар. Бирок тарыхыбызда кыргыздын жерин кырк байталга, бир табак ашка берип жиберип деле, өз элин кордоп, жонунан кайыш тилип, туура сүйлөгөндөрдүн көзүн тазалатып кырып-жоюп деле мырза атанган баатырлар, бектер, бийлер болгон да. Анан да кыргыздын чыныгы баатырларынын, койнунда жатып сырын билип, алдап калмактарга салып берген айым атанган аялдар да болгон. Ошондуктан жакшыбы-жаманбы, көпчүлүктүн ишенимине кирип, сыйына ээ болуп ажолук такка отургандарга, министр, депутат, аким ж.б. болгондорго, ошондой эле эл акыны, эл жазуучусу, эл баатыры атангандарга, эмгек сиңирген ишмер, акын, жазуучу, ырчы дегендерге да мырза, айым деп кайрылып, калгандарыбызга агай-эжей, ини-карындаш, сиңди деп сүйлөсөк, өзүбүздүн тилди сыйлаган болот элек. Азыр аты-жөнүн кыргызчалатып, "баланча уулу, түкүнчө кызы" деп паспорт алып алып, кайра орусча кылбасак болбойт экен, чет жактарга чыкканда документтерибизди жаратпай кыйнашат экен дегендерди көрүп жүрөм. Мындай нерсе орус бийлигинин гана жүргүзгөн туура эмес саясаты деп түшүнөм. Анткени, биз орусча сүйлөп, "евич-чевич" болуп турсак, орус бийлигине майдай жакпаганда анан кимге жагат элек. Тилибиз өссүн, өнүксүн десек, анда кепти аты-жөнүбүздөн башташыбыз керек деп эсептейм. Эмомали мырза бир жолу Тажикстандагы бардык имам, кожо, молдолорун чогултуп алып жыйын өткөзүп, коркпой-үркпөй эле куранды тажик тилине которуп, намазды тажик тилинде окуса болбойбу дегенин билем. Убагында мен Кудайга өз эне тилимде эмнеге сыйынбашым керек дегенди улуу акын Омар Хайям да айткан экен. Чынында адам өзү түшүнбөгөн нерселерди айтып калп эле күбүрөнгөндүн ордуна өз эне тилинде чындап Кудайга сыйынганга эмнеге болбосун.
Ал эми ушул жылдын башында Тажикстандын кайсы бир районунда катуу кыян жүрүп, көптөгөн айыл-кыштактарды сел алып кеткен. Ошондо Тажикстандагы ажыга барып зыярат кылат элем дегендин баарына "быйыл ажыга барбай эле койгула, ошол ажыга барчу каражатыңарды жабыр тарткандарга берсеңер Алла үчүн андан да чоң зыярат кылган болосуңар" деп келип, "же туура эмеспи?" дегенде ажыга бара тургандар "туура-туура" дешип баары макул болушкан. Биздин ажыга бир эмес, бир нече жолу барган молдокелер кайрымдуулук кылганды да унутушпаса. Эми баарын тизмектеп айтып отурсам Эмомали Рахмон таякебиз чындап мыкты инсан экен. Таяке дегеним, Каныкей апабызды эстегеним.
Кутман ТОЙЧУ