Кыргыз гезиттер архиви

  Тагдырдын тайгүлүк ташы

Ойноштун айынан
душман болгон эне-бала
"Агымдын" босогосун аттаган Жумабек ТОКТОНАЛИЕВ аттуу жигит көзүнө жаш алып, энесинин кылыгын, анын айынан атасы көз жумганын айтып кейип отурду. Эне-баланын соттошконун угуп, капырай, акыр заман келатканбы деген ойго арга жок жетеленет экенсиң. Ар бир окуянын өз чындыгы бар демекчи, биз Жумабектин айткан сөзүн угуп, аны жарыялоону эп көрдүк. Башкаларга сабак болор.


Жашоо мурда кокуй эле, кийин анык шакый болду
Үй-бүлөдө төрт бир туугандын улуусумун. Атам Токтоналиев Надырбек Нарын районунун Жерге-Тал айылынан. Апам Макебаева Суусар Кочкор районунун Чолпон айылынан. Мен эс тартканы ата-энем бирде ажырашып, бирде жарашып жүрдү. 1997-жылы Бишкекке Нуржан деген таежемдин Келечек жаңы конушундагы үйүнө көчүп келдик. Ошол кезде мурунку айыл өкмөтү жер берип атыптыр деген каңшаарды угуп, ата-энем жерди мыйзамсыз эле басып алды. Ошентип үй салдык. 2003-жылы Казакстанга иштегени кетип кайра келсем, апам Келечек айыл өкмөтүндө таштандынын акчасын чогултуп иштеп калыптыр. Атам апамды айыл өкмөттө иштеген бир киши менен соо эмессиң деп чатак чыгарып жүрдү. 2005-жылкы март айындагы төңкөрүштөн апам Дордой базарынын жанынан ошол кездеги айыл өкмөтүнүн башчыларынын кеңеши менен 39 жер участогун басып алды. Апамдын жерлери көп болгондуктан көпчүлүктүн көңүл борборунда болуп, кошоматчылар көбөйдү. Алар апамды кафе-ресторанга киргизип, колу, мойну алтынга чулганып калды.
2006-жылы апам элди алдап жер алып берем деп акча алып, алты-жети машинелүү болду. Колунда чоң суммадагы акча. Алган машинелерин туугандарына да белек кылды. 2007-жылы күз айларында "иштеген жерим мага бир бөлмөлүү квартира сатып берди" деп эки карындашымды алып, атамды иним менен калтырып кетип калды. Бул учурда мен үйлөнүп, өзүнчө түтүн булатып кеткем. Апамдын алдамчылыгы күчөп кеткенин байкап, эми булардан кантип кутуласыз, токтот десек, ар кайсы документтерди көрсөтүп, ушул жерлер бош, берилет деп бизди ишендирүүгө аракеттенчү. Менин жолдошторумдан да жер алып берем деп акча алды. Ошол кезде апам мага да машине берген, бирок, кийинчерээк анын ээси келип алып кетти. 2008-жылы жаздан баштап ызы-чуулар күч алып, апама акча берген адамдар келе башташты.
Ортого от салган ойнош
Ошол жылы таякем кылмыш кылып, камалып кетти. Бир күнү Нуржан таежем келип, "Дилшатты түрмөдөн чыгарайын деп чуркайсың, ал эми иниң соттолуп атса карабайсың" деп апам менен урушуп кетти. Апаман "Дилшат деген ким?" десем, "билбейм" деп койду. Таене-таятамдарга белекке берген эки машиненин бирөөсүн сатып жиберди. Ошондон улам таене-таятамдын апама мамилеси бузулуп, алар атама "Дилшат деген өзбекке тийип, Ошко барып нике кыйдырып келген" деп айтыптыр. Атүгүл таене-таятамдардыкына да алып барып, тааныштырып келиптир. Муну уккан атам апама жолуккан жерден эле "сени каматам, өзбекке тийип алган турбайсыңбы" деп урушуп жүрдү. Үйгө апамды издеп келгендерге атам "ал аферист, силерди алдап жүрөт, анда каяктагы жер" деп чындыкты айтчу. Ошондон кийин апам биз менен байланышын үзүп, Сокулуктамын, тияктамын, бияктамын деп алдап жүргөн. Көрсө, 5-кичирайондо Дилшат деген өзбек жигит менен жашап жүргөнүн кийин уктук. Дилшат мурда жети статьянын негизинде Ленин райондук соту тарабынан 14 жылга эркинен ажыраптыр. Апам менен чогуу жүргөн аялдын иниси киши өлтүрүп, түрмөгө отуруп калган экен. Ошол аял инисине түрмөгө барганда апамды кошо ээрчитип барып, Дилшат менен апам ошол жерден таанышыптыр. Кийин Дилшат отурган түрмөгө барсак, ошол жердеги оперлер "апаң келип өзбекке тамак киргизип, жатып кетип жүрөт" деп айтышты. Апам 1962-жылкы болсо, Дилшат Олимов менден үч жаш эле улуу, 1979-жылкы экен. Укканыма караганда, Дилшатты апам көп акча төлөп түрмөдөн чыгарып алыптыр. Былтыр Курман айтта апам анысын ээрчитип келип келинчегим менен тааныштырып, "бул сенин кайнатаң болот, бирок, Жумабекке айтпагыла" дептир. Кийинчерээк таенем менен таежем апамды "жаш жигитке тийип алды, аны бир нерсе кылбасак болбойт" деп айтышты. Аны укканда үйдө ызы-чуу болуп, апаман сурасам, "ушуларга да ишенесиңби" деп мойнуна албайт. "2001-жылы каза болгон карындашым Бактыгүлдүн сөөгүн мүлжүйүн деп карганыңызчы" десем, апам "өлгөн кызымдын сөөгүн мүлжүйүн, ал өзбекти тааныбайм" дегенинен ага ишенип калдым. Атам болсо үйгө келгендердин баарына апамдын өзбекке тийип кеткенин, анын аферист экенин айта берди.
Атамды апамдын ойношу өлтүрдү
Акыркы убакта атам көбүрөөк аракка бериле баштады. Канын тазалатып он күн наркологиялык борборго жаткырдык. Ооруканада жатканда атам мага таарынып, "апаң аферист экенин көрбөй турасыңбы" деп урушуп жүрдү. "Ичкен сайын менин досторума, аяштарыма апамды жамандай берип уят кылдыңыз, эгерде дагы ичип бизди жаманатты кылсаңыз, эжемдикине алпарып темир торго камап коем" деп коркуттум. Атам ооруканадан чыккандан кийин Келечек айылынын участкалык милициясына барып, "балам тынчтык бербей атат, аны коркутуп койгулачы" деп айтыптыр. Участкалык милийса мени убактылуу кармалуучу жайга алып барганда болгон окуяны айтып берсем, кайра кетирип жиберди. Арадан эки күн өткөндө апам менин үйүмө келип жатып, эртеси таң атпай карындашымды окуусуна жеткирем деп машинесин айдап, атамдын үйүнө кеткен. Атам менен менин үйүмдүн ортосу 150 метрдей эле. Машине токтогондо атам машиненин номурун жулуп, экөө урушуп кетишиптир. Мен бетимди жууп атып, көчөдөн атамдын кошуна менен турганын көрдүм. Машине жок экен. Үйдө отурсам апам бозала болуп кирип келип, унчукпай отуруп калды. Беш мүнөткө жетпей иним чуркап кирип, атамдын башы канап атат деди. Апам, иним болуп бир көчө ары жакка машине менен барсак, атамдын абалы өтө оор экен. Башы бүт кан, шишип, сүйлөй албай калыптыр. Аны дароо №4 ооруканага алып бардым. Ал жерден реанимация бөлүмүнө алып кетишти.
Атам беш күндөн кийин көз жумду. Апам колуна тутамдап акча кармап жүрсө да, атама дары-дармекке бир тыйын чыгарбай, бардык түйшүк менин мойнума илинди. Апам экөөбүздүн урушубуз да ушундан чыгып атты. Атамды өзбек өлтүрдү го деген ой эмнегедир жүрөгүмдү ээлеп алды. Атамдын сөөгүн алалы деп барсак, эч кандай дообуз жок деп жазып бергиле дешти. Шектенгеним менен айла жок сөөктү алып кетүү үчүн туугандардын айтуусу боюнча атам өзү жыгылды деп жазып бердим. Сөөктү жашыргандан кийин апам экөөбүздүн уруш-талашыбыз башталды. Атамдын кан болгон кийимдерин апам үйгө алып келип өрттөп жибериптир. Арадан бир жума өтпөй апам машинеси менен Сокулукка баратып бирөөнүн унаасын сүзүп алып, чыгым болду. "Атамдын кыркына чейин үйдө отуруп турбайсызбы" деп апам экөөбүз дагы уруштук. 11-июнда атамдын кыркына деп отун жарып атып, он метр жерден кулап, кырсыкка кабылдым. Эс-учумду жоготуп ооруканага жеткирилиптирмин, колум сынып, белим жылышып, көк боорум, ичеги-карындарым айрылып кетиптир. Көк бооруман, колуман операция болдум. Мен ооруканада жатканда апам Дилшатты үйгө киргизип алганы аз келгенсип, карындаштарыма, иниме ата деп айткыла дептир. Ооруканадан чыгып үйгө келгенде бир тергөөчү менен апамдын курбусу, жолдош баламдын тууганы келиптир. Алар апамдын көп адамды алдап акча алганын, анын өзбекке тийип алганын да айтышты. Ага чейин апам ооруканага келип, "акчадан кыйналып атабыз, үйүңдү саталы, антпесең сага ыраазы эмесмин" дегенде макул болуп аткам. Тигилер айтканда дароо эле апама телефон чалып, "тиги өзбекти түрмөдөн чыгарам деп менин үйүмдү саталы деп атасыңбы" десем, апам актанмак түгүл кайра мени коркутуп, урушуп кирди. Аялым өзбек келип мени сабап кетпесин деп үйгө жолдошторумду, туугандардын балдарын чакырып коюптур. Үйдө отурсам апам сырттан жолдош балдарыма жолугуп, "Жумабектин иши болбосун, мен Дилшатка тийем. Надырбек көзү тирүүсүндө эле мага уруксат берген, себеби ал эркектик милдетин аткара албай калган, менин ден соолугум бузулду" деп айтып, анан үйгө кириптир. Үйдө апам экөөбүз урушуп атсак, сырттагы балдардын бири чуркап кирип тигил өзбекти көрдүк деп кыйкырды. Баарыбыз аны кууп, жете албай калдык. Үйгө келсем аялым ыйлап, "атамды да ушул өзбек өлтүрүптүр, аны иним көрүптүр" деди. Уккан кулагыма ишенбей кошунаныкында отурган апама чуркап бардым. Кошуналарга мени жамандап аткан апамды сүзүп жибердим. Экөөбүздү ажыратышып, мени жолдошторум ары алып кетишти. Аялыма ишенбей айылда жүргөн кайниме телефон чалсам, "атаң жыгылганда Дилшаттын маршруткага түшүп баратканын, маршрутканын каалгасы кан экенин көргөм. Ошондо эле мен карындашыңа кыйкырып айтып кеткем" деди. Аны угарым менен дароо милицияга жүгүрдүм.
Кан кантип кое берсин
Дилшаттын үстүнөн кылмыш иши козголгондо апам милицияга "Жумабек сабады. Күйөөм май айында каза болгон. Балдарым менен көчөдө жүрөм" деп арыз жазыптыр. Кийин прокуратурага Дилшаттын иши өткөндө апам "Жумабек атасын өлтүрдү" деп мага күнөө жаба баштады. Мен тергөөчүлөргө болгон ишти айттым. Кийинчерээк Нуржан таежем "Дилшат мурун да киши өлтүргөн. Эгер кесилип кетсе сени кошо түрмөгө ала жатат. Арызыңды ал" деди. Оорукананын экспертизасы атамды киши колдуу болуп өлгөндүгүн аныктап беришти. Дилшаттын үстүнөн арыз жазганда бул окуянын башында апам турат деп жазып бергем. Кылмыш иши козголгондон кийин апам дайынсыз жок болуп кетти. Дилшат Олимов бирөөлөрдүн үйүн тоноп 17-сентябрда колго түшүп, кылмышын мойнуна алды. Атамды кантип өлтүргөнүн мойнуна алып, атүгүл окуя кайсы жерде болгонун да көрсөтүп бериптир. Дилшат "Надырбек менен мурда эле тааныш болуп арак иччүбүз. Менден үч миң сом карыз алган. Сурасам бербей, "сен мурда соттолгонсуң" деп кемсинткенде жиним келип чаап жибергем, жерге кулап кеткенде кетип калгам" деп айтыптыр. Бирок, ал апамды сактап, аны тааныбайм деп койду.
Жакында Октябрь райондук сотунда Дилшат Олимовдун соту болду. Сотко апам, карындашым, иним, таежем күбө катары барышты. Сот учурунда апам "Надырбекти Жумабек өлтүргөн" деп мага жалган жалаа жаап, анысы аз келгенсип, "таш менен урганын кичүү балам көрүптүр" деп айтты. Кичүү иниме атам эс-учун жоготуп атканда "Жумабек таш менен уруп кетти деп айткын" деп үйрөтүп коюптур. Дилшат Олимов атамды уруп өлтүргөнүн мойнуна алса да апам аны актап, түрмөгө мени отургузгусу келип атат.
Жакында дартты аныктоо борборунун жанынан апам, карындашым, таежем менен капысынан жолугуп калдым. Алар мени таш менен уруп, "энесин уруп атат" деп көчөдөгүлөргө кыйкырып, милицияга салып беришти. Милицияга да болгон окуяны айтып бердим.
Дилшат Олимовдун сотунан кийин апам жабыр тарткандардын арызы менен учурда СИЗОдо отурат. Иним менен карындашым таежемдин колунда. Башкасынан да ушул кичинекей бир туугандарымды аяйм. Апам бир туугандарымды мага каршы тукуруп коюптур. Алардын мени көрөйүн деген көзү жок. Азыр мага апам, бир туугандарым, таежелерим жалган жалаа жаап, эптеп эле түрмөгө отургузуу амалын издеп атышат. Эмне кыларымды да билбей калдым...
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА,
тел.: 38-67-13, nazik@vb.kg