Кыргыз гезиттер архиви

  МИҢ ТҮРКҮН АДАМ

Сильвио Берлускони
Италиянын премьер-министрин сувенир менен бет талаштыра урган Массимо Тарталья кечирим катын жолдогонун маалымат агенттиктери билдирди. Катта Миландын жашоочусу Тарталья бул кылыгына өкүнгөнүн айтып, "өзүмдү өзүм тааныбай турам" деп жазган. Кат анын адвокаттары аркылуу жеткирилген жана алар бул окуяда эч кандай саясый максат жок экендигин маалымдашкан. Бирок, премьер-министрдин басма сөз кызматы Тартальядан эч кандай кат келбегендигин айтышат. Жекшемби күнү өлкө башчысы эл алдында сүйлөп бүткөн соң, бирөө аны катуу нерсе менен бетке урган. Натыйжада 73 жаштагы Берлусконинин мурду, жаагы, тиштери сынган.

Виталий Кличко
Украиналык мушкер Виталий кечээ Дэвид Хэй менен боло турган келишим ишке ашканын билдирди. Кличко бул беттешүүгө Англия, Германия, АКШнын кызыкдар экендигин кошумчалаган. Бул үчүн Хэй алгач Жонни Руисти жеңиши керек. Эгер Хэй аны утса Виталий Кличко менен беттешмекчи. Виталий менен Хэйдин мушташы тууралуу сүйлөшүүлөр жайында эле башталып, Дэвид баш тартып койгон. Немис басылмалары 2010-жылы май айында Кличко менен Валуевдин беттешүүсү болорун да жарыялап жиберди. Бул боюнча "беттешүү америкалыктарга кызык деле болбойт, бирок ал мушташ болушу мүмкүн" деп билдирди Кличко.

Барак Обама
АКШ башчысы өзүнүн бир жылдык башкаруусуна "+4" деген баа койду. Америкалык теледен Обама бир жылда болгон экономикалык, эл аралык маселелердеги өсүүлөрдү айтып, өзүнө жогорку бааны бербегендигин да түшүндүрдү. Анын билдиришинче, өлкөдө саламаттык сактоо тармагындагы реформа, жумушчу орундарын түзүү пландары али ишке аша элек. Буга улай ал Ирактагы америкалык армиянын чыгарылышын, Ооганстанда АКШ түз иштерди кылып жатканын баса белгиледи. Буга карабай эл аралык эксперттер Обаманын кадыры ылдыйлап баратканын айтышат.

Владимир Турчинский
Кечээ россиялык спортчу, актер, шоумен инфаркттан каза болду. Тергөөдө Турчинскийдин үч жума мурун аскердик-деңиз госпиталына көкүрөгү ооруганын айтып кайрылганы тастыкталган. Жергиликтүү маалыматтардын билдиришинче, Турчинский эртең менен эле өзүн жаман сезе баштаган. Бир аздан соң ал эс-учун жоготуп, жерге кулаган. Аялы Ирина "тез жардам" чакырып, врачтар келгиче шоумен бул дүйнө менен кош айтышкан. Адистер актердун денесин карап чыгышып, зордоп өлтүрүүнүн белгилери жок экендигин билдиришти.

Мел Гибсон
Голливуд актерунун үй-бүлөсүндө чыр-чатак башталды. Аны учурда аялы Оксана, жаңы төрөлгөн кызы таптакыр кызыктырбагандай. Оксананын айтымында, наристе төрөлгүчө камкор болуп келген Гибсон кокусунан эле таптакыр башкача болуп өзгөргөн. Азыр актер түнү менен барларда, клубдарда болуп, мурдагыдай аялына көңүл бурбай калды. "Түнү менен уктабаган жолдошум күндүзү уктайт же иштейт" деп Оксана арманын ачыкка чыгарды.




ДҮЙНӨКҮН

Суудүйнө. Аба ырайын изилдөөчүлөр "үчүнчү уюл" болгон Гималай мөңгүлөрүнүн эрип жатканына кабатыр. 60-жылдардан тарта бул жердин мөңгүлөрү 20 пайызга азайып кеткен. Алардын айтымында, буга Орто Азиядагы калк жыш жайгашкан аймактардан абага чыккан көмүр кычкыл газы, ыш себепкер. Окумуштуулар көмүр, күйүүчү майларды күйгүзүүдө абада кара бүртүкчөлөр пайда болуп, алар күндүн чыгышы менен ысып айланасындагы абаны да кошо ысытарын аныкташкан. Андыктан алар глобалдык жылууга Жер планетасындагы көмүртек бүртүкчөлөрү себепкер деген пикирде.

Маңдүйнө. Киевдеги политехникалык институттун студенти өз батириндеги жарылуудан каза тапты. Украина ички иштер бөлүмүнүн облустук башкармалыгынын кызматкерлери жарылуу 25 жаштагы студенттин химиялык тажрыйбасынан улам болгондугун аныкташкан. Бейиши болгур студент сагызга кайсы бир химиялык суюктукту кошуп чайнап көрөт. Натыйжада сагыз жарылып, студент о дүйнөгө узаган. Азырынча ал суюктук эмне элемент экени такталган элек.

Гендүйнө. Австралиялык окумуштуулар айдын толушу адамдарды жырткычка айландырышы мүмкүн деген божомолду айтып чыгышты. Ушул жылдын июль айында Сиднейге жакын ооруканага 91 оорулуу түшкөн. Алардын жүрүш-турушу, түрү кубулма адам-жырткычтарга (оборотень) окшош болгон. Токсикология боюнча изилдөөчүлөр адамдардын адамга кол салуулары айдын толгон маалында болгондугун аныкташкан. Муну алар ай толгондо организмде адамдын акыл эсине таасир берген беладон, паслен заттарынын пайда болушу менен түшүндүрүшөт. Буга чейин психологдор чыгармачыл адамдардын генинде мээнин өрчүшүн эле эмес, шизофрения сыяктуу оорулардын пайда болушуна алып келүүчү нейрегулин-1 гени бар экендигин аныкташкан жана ген ай толгондо активдешет.

Байтдүйнө. Америкалык Verizon мобилдик оператору Калифорниянын жашоочусуна 22 миң долларга жакын эсеп кагазын жөнөтүп, төбө чачын тик тургузду. Көрсө, ал өзүнүн тарифтик планына 13 жаштагы баласынын чөнтөк телефонун кошуп койгон. "Мен төлөм бир аз жогорулаар деп ойлогом. Бирок, 21917 доллар болот деп ким ойлоптур" деп таңгалган. Ошентип, бир айда бала атасынын тарифтик планынын эсебинен 1,34 гигабайт маалымат көчүрүп алган. Карызга баткан ата бул сумманы аз-аздап төлөп берүүнү убада кылып, баласынын телефонун өчүргөн.

Кумардүйнө. Төрт орус туристи коомдук жайдагы акылга сыйбаган аңгилиги үчүн камакка алынды. Паттайа Бич Роудга эс алууга келген орустар (эки эркек, эки аял) мас абалында суу жээгинде кумарга батышат. Жээкте эс алып жүргөн эл бир заматта чогулуп, окуяга таңгала карап калышкан. Оозу ачылган элди тараткан полиция кызматкерлери төртөөнү кармап кетишти деп билдирет жергиликтүү ММКлар. Эми алар ээнбаштыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылат.




КЫТАЙ. Өлкөдө шаршемби күнү дүйнөдөгү эң узун көпүрөнүн курулушу башталды. Анын узундугу 50 чакырым келип, Гуандун провинциясын Гонконг, Макао району менен бириктирет. "Ү" тамгасындай болгон көпүрөгө 10,7 млрд. доллар сарпталып, 2016-жылга чейин бүтүрүлмөкчү. Көпүрө менен басуу акылуу болот. Андан түшкөн 20 жылдык киреше 5,8 млрд. доллар болорун да эксперттер чоттоп жиберишти. Курулуштун 35 чакырымы суу үстү менен өтүп, деңиз үстүнө эки жасалма аралча жасоого туура келет. Аралчалардын ортосундагы жол суу түбүндөгү тоннель аркылуу өтөт. Көпүрөдөгү жол алты тилкелүү жана анын "өмүрү" 120 жылга туураланган.
ТАЖИКСТАН. Өлкөдө билим берүү министринин буйругу менен кышкы каникул узартылмай болду. Мурун окуучулар 30-декабрдан 12-январга чейин эс алып келишсе, эми 24-январга чейин мектепке келишпейт. Бирок, бул окуу күндөрү жаз, жай айларында толукталат. Министрликтин билдиришинче, акыркы коңгуроо 1-июнда болмокчу. Каникулду узартууга кыш мезгилиндеги электр энергиясынын жетишсиздиги себеп. Өткөн жылы өлкөдө электр энергиясын чектөө кыш мезгилинде башталса, быйыл күз айларында эле киргизилген.
УКРАИНА. 2010-жылдын апрелинен тарта өлкөдө жаратылыш газына болгон тариф ишканалар, карапайым калк үчүн да жогорулатылат. Премьер-министрдин орунбасарынын айтымында, Украина менен ЭВФдин ортосундагы меморандум долбоору учурда дапдаяр. Ал долбоордо газдын апрель айынан тарта этап менен кымбаттаары камтылган. Жыл аягына чейин газ 90 пайызга кымбатташы керек. Өкмөттүн айтымында, тарифти кескин жогорулатуунун негизги себеби - "Украина Нафтогазын" банкроттуктан сактап калуу. Учурда ЭВФ өлкөдө газ баасы жогорулатылбагандыктан 3,8 млрд. доллар кредитти жибербей кармап турат. Эгер газ тарифи көтөрүлсө, шаарларда ысык суу, жылуулук 60-70 пайызга кымбаттайт.
ГЕРМАНИЯ. Статистикалык маалыматтар боюнча учурда ар бир жетинчи немис жакырчылыкта жашайт. 2008-жылы жакырчылыкка калктын 15 пайызы же 12 млн. адам күн кечирген. Эгер аларга мамлекеттик жөлөк пулга толук көз карандыларды кошсо, жакырчылык 24 пайызга өсөт. Германиянын чыгышында батышына караганда кедейлер кыйла көбөйгөн. Мекленбург, Алдыңкы Помераниде ар бир төртүнчү адам жакыр жашайт. Евробиримдик нормалары боюнча өлкөдөгү орточо айлык акынын 60 пайызынан аз сумма алгандар кедей деп эсептелет. Германияда орточо айлыктын 60 пайызы 787 еврону түзөт.
WWW булактарынан даярдаган Мелис СОВЕТ уулу