Жемейдин кусмайы бат эле…
Баткен облусунун экс-губернатору
Марат Жумабеков , мурдагы Чукул кырдаалдар министри
Камчыбек Ташиев жана бир катар сотторго каршы кылмыш иши козголду. Айрымдар муну бийликтин коррупцияны ооздуктоо аракети катары бааласа, оппозиция өкүлдөрү мындай ойго караманча каршы. Ал эми бизге жеткен маалыматка таянсак, үлкөн чиновниктерди жазаламай процесси дагы уланат экен. Тагырагы, Саламаттык сактоо министр
Марат Мамбетов , Билим министри
Абдылда Мусаев сындуу аткаминерлердин башына кара булут айлана баштаптыр. Себеби, бу берендер чет өлкөдөн келген гранттарды сол чөнтөккө опсуз солоп, анысы Ак үйдүн 7-кабатына желдей тараган дешет.
Ырдаганга чоло жок
"Ак жол" фракциясынын төрага орунбасары
Бакыт Төрөбаев атасы Эргеш Төрөбаевдин аброюнун аркасында Чукул кырдаалдар министрлигине барды…" деп божомолдогондор арбын. А чындыгында, Бакыт мырзанын ЧКМга келишине вице-спикер
Азизбек Турсунбаевдин салымы зор. Андыктан, Төрөбаев атасына эмес, Азизбек акасына ыраазычылык билдиргени оң.
Бакыт мырза уят болбой жакшы иштесин дечи, бирок, бир жаман жери, телешоу, той-топурларда мурдагыдай ырдай албай калды го.
Маматов кимдин "куйругун" басты?
КАМЭК көп профилдүү клиникасы 1996-жылдан бери жигердүү иштеп келет. Биртоптон бери бейтапкананы "басып" алууга аракет кылган күчтөр пайда болду. Атүгүл, эки-үч жолу КАМЭКтин имаратына маскачандар "атака" жасаган эле. Эми клиниканын жетекчиси
Эркинбек Маматов темир торго түшүп, сурак берүүдө. Окуянын чоо-жайын иликтөөгө алдык. Эркинбек мырзаны "сындырууга" белсенген топтун артында кимдер турарын гезитибиздин келерки санында жарыялайбыз.
Айтибай
Тагаевге баткендиктер ыраазы болор бекен…
Айтибай Тагаев парламентке спикер болуп келгени депутаттар арасында бөлүнүү, чыр-чатакка баруу сыяктуу нерселер аз болсо да басаңдаганы ырас. Учурда кызматымдан төмөндөп жатам дебей, алыскы Баткен облусуна губернатор болуп жөнөп кетти. Чарбачыл, түйшүкчүл экендигинде талаш жок. Экинчиден, Баткендин кулуну. Кызыл-Кыяда депутат болгонго чейин "НурКМ" ишканасын жетектеп келген. Сыягы облусту өнүктүрүү боюнча өзүнүн ойлору да болсо керек. Бирок облус эки өлкө менен чектеш болгондуктан, коңшулар менен теңата сүйлөшүүгө дарамети жетер бекен деген кооптонуу бар.
Саясат кумары жеңип…
КСДП фракциясынан мандат таштамай "оюнун" алгачкылардан болуп
Рахатбек Ирсалиев баштаган. Ошондон бери саясаттан четтеп, бизнесин кылдыратып жүргөн эле. Бирок, Рахатбек мырза жөн жатпаптыр. Келерки жазда парламент тарайт дегенди угуп, шайлоого камылга көрө баштаган кези. Кайсы партиядан ат салышары азырынча белгисиз. "Карт бөрүлөр" көшөгө артында даярданганына караганда, жаңырган жыл саясый шоуларга бай болот окшоп калды.
Америка жалаң журналисттерге буюрганбы?
Ак үйдөн чыккан айрым имиштерге караганда, президент катчылыгынын жетекчиси
Оксана Малеваная жаңы жылдан кийин Америкага элчи болуп аттанганы жатыптыр. Ал аяктан
Замира Сыдыкованы алмаштырат. Ал эми Оксана айымдын ордуна азырынча жалгыз талапкер ажонун учурдагы басма сөз катчысы
Алмаз Турдумаматов экен.
Акылдуу киши "бийге" мас
Кадамжай районунун акими
Шамил Артыков оюн-зоокту өтө жактырып, маанайы күнүгө майрамдагыдай дейт. Көрсө, Шамил ака "ак молдонун" көңүлүн такыр калтырбайт экен. Азыр жергиликтүү аткаминерлер той-топурда аким менен стакан кагыштырып ичүүнү эңсеп калышкан. Анткени Шамил мырза "ак молдону" уруп алып, бийдин акесин таанытат дешет. Кээде бийге шылтап, бирок өзүн жоготуп койгон акимди көргөндөр бул чынбы же ойноп жатабы деп таңгалышат экен.
Айтмакчы, Кадамжайда азыр айыл өкмөт башчысы болуунун наркы үч миң доллардан беш миңге көтөрүлгөнүн угуп, бул жагынан да шектенип калдык.
"Агым-пресс"
Ат жалында алтооз сөз
Акыркы мезгилде иштеги кемчиликтери үчүн бир катар мамлекеттик чиновниктер кызматтан айдалды. Муну бийликтин коррупция менен күрөшүү аракети катары бааласак болобу?
Абдыганы ЭРКЕБАЕВ, коомдук ишмер:
- Убагында Баткен облусунун губернатору Марат Жумабеков туурасында уламыш гезит беттеринде байма-бай жазылган. Бирок, ага өз учурунда реакция жасалган жок. Ал эми мурдагы Чукул кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевдин миллиондорду сологон-солобогону жөнүндө так маалымат коомчулукка жете элек. Эки аткаминерди түштөн кийин жумуштан кетирип, аларга каршы кылмыш ишин козгогон көрүнүштү коррупция менен күрөшүү далалаты катары баалаган калпыс иш. Анүчүн, чиновниктердин бирин калтырбай жоопко тартыш керек. Менин жеке пикиримде, Жумабеков менен Ташиевдин окуясы - бийликтин элдин көзүн будамайлаган кезектеги шоусу.
Жамин АКИМАЛИЕВ, Улуттук илимдер академиясынын академиги:
- Суроого бир жактуу жооп берген болбойт. Камчыбек Ташиев мамлекеттик жогорку кызматтын этикасын аткара алган жок. Жармага таарынган баладай өкмөт жыйынын таштап кетиши - маданиятсыздыктын жеткен чеги жана көпкөндүктү билдирет. А Баткен облусунун губернатору Марат Жумабековдун креслодон жылмышканында, балким, коррупция маселеси орчундуу ролду ойногондур.
Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ, БЭКтин бюро мүчөсү, саясый куугунтукка каршы комитеттин төрагасы:
- Кыргызда:"Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт" деген накыл кеп бар. Анын сыңарындай, Камчыбек мырзанын окуясында саясый кызыкчылык, байлык талаш маселеси башкы ролду ойноду окшойт. Анткени, а жигиттин дымагы күчтүү. Эртеңки күнү мындай кадрлар Ак үйдүн чекесине чыккан чыйкан болушу мүмкүн эле… Кыргыз бийлиги чындап эле коррупция менен күрөшкүсү келсе, анда аткаминерлердин басымдуу бөлүгүн темир торго тыгышы керек.
Турсунбек АКУН, КР Акыйкатчысы:
- Жогорудагы маселе боюнча так маалыматым жок. Андыктан, суроого конкреттүү жооп бере албайм. Ал эми Камчыбек Кыдыршаевичти кыргыздын патриот жигити, жумуштун майын чыгарган мыкты адис катары баалайм. Анын премьер-министр менен айтышканына кандай жагдай түрткү болгону түшүнүксүз. Кызуу кандуулугунун азабын тартпаса экен…
Жыргалбек ТУРДУКОЖОЕВ,
саясат таануучу:
- Бул азыркы туруксуз, натыйжасыз бийлик тутумундагы катардагы эле кадрдык алмаштыруу болуп саналат.
Манас ОСМОН,
"Апта" гезитинин башкы редактору:
- Албетте. Жаманбы-жакшыбы, мурдагы бийликке салыштырмалуу коррупцияга бөгөт коюу боюнча алгылыктуу иштер жүрүүдө. Маселен, Акаев заманында район акимдигине дайындалыш үчүн жүз миңдеген доллар сарпталчу. Бүгүнкү күндө мындай окуя болгонун уга элекмин. Бирок, коррупция менен күрөшүү жамы журт күткөндөй деңгээлде болбой жатат.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ