Кыргыз гезиттер архиви

  Кыздары кыйын кыргыздын

Малайзиядагы жаңы жыл түнү...

Кыргызстан жаштарын дүйнөлүк аренада ар кыл тармакта алдыңкы орундардан тапса болот. Биздин ырчылар, спортчулар "дүйнө чемпиону" деген наамдарды жылыга алышат. Алардын катарында кыргыздын сулуулары да бар. Алтынай Исманкулова "ВитЛайн" модель агенттигинин алдыңкы модели катары окурмандарга жакшы тааныш. Ноябрь айында Алтынай жалтырак мукабалуу журналдын биринчи бетине чыгып, журналисттер сулууну эң бактылуу адам катары сүрөттөшкөн. Биз байланышка чыкканда Алтынай жаңы эле Бейжинден учуп келип, Куала-Лумпурга (Малайзия) сапар алганы даярдык көрүп жаткан экен.


- Алтынай, мукабага чыккандан кийин эле көрүнбөй калдың?
- Ноябрдын башында Кытайдагы Вухан шаарында өткөн "Miss Friendship International" сулуулар конкурсуна чакыруу боюнча кеткем. Бул конкурс дүйнөдөгү эң ири үч конкурстун катарына кирет. Менин моделдик карьерамдагы онунчу эл аралык конкурс болду. Бул жолу да Борбор Азиядан барган биринчи катышуучу болдум. Кыргызстандын атын эл аралык деңгээлде тааныштыруу мен үчүн жоопкерчилик дагы, сыймык дагы. Аякта жүргөнүмдө "Miss International" конкурсуна чакыруу алып, Кытайда дагы үч жумага калдым. Ал эми журналга чыкканымды келгенден кийин гана көрдүм.
- Конкурстардын жүрүшү тууралуу айтып берсең?
- Эл аралык конкурстар беш жумага созулат. 60тан ашуун өлкөнүн катышуучулары биринчиден инсандык сапатын көргөзүүгө умтулушат, анткени кыздардын бардыгы ашкан сулуулар. Жарыш башталганы көптөгөн кайрымдуулук иш-чараларына катышабыз. Бул жолу биз Сычуань провинциясындагы Ченгду шаарына бардык. Бир нече жыл мурда катуу жер титирөөдөн кыйрап калган шаарда жетим балдар үчүн интернат бар. Балдар менен жолугушуп, өзүбүздүн ала барган улуттук белектерибизди тапшырдык. Биз Ченгдунун жашоочуларына ар түрдүү кырдаалда коопсуздук эрежелери тууралуу айтып, кайрымдуулук аукционун уюштурдук. Анда өз сувенирлерибизди бизнесмендерге сатып, түшкөн каражаттарды жергиликтүү мектепке тапшырдык. Мен булгаарыдан жасалган боз үйдү 2000 долларга саттым, бирок сувенирлерин менден да кымбат саткандар болушту. Кытайдагы "Кызыл Крест" уюмуна мүчө болуп кирдик. Эми биз бул уюмдун ыктыярчылары катары жардам зарыл өлкөлөргө барып өз салымыбызды кошо алабыз.
- Биз көргөн кооз көйнөкчөн сахнадагы жарыш башкачабы?
- Жок, ал финалдык бөлүм. Ага чейин биз жогорудагыдай көптөгөн иш-чараларга катышып, демөөрчүлөрдүн ишканаларына барып, промо-акцияларына да катышуубуз талап кылынат. Финалдык кечеге үч күн даярдандык.
- Эл аралык конкурска канча кийим алып барыш керек?
- Кечки коктейль, сейил үчүн, улуттук болуп отуруп 15тен ашат. Күнүгө эле бир көйнөктү кийип жүрө бербейсиң да. Демөөрчүлөр да өз кийимдерин, мисалы, спорт костюмдарын кийүүнү сунушташат. Кээде атактуу дизайнерлер өз көйнөктөрүн кийип чыкканга беришет. Финалдык шоуну өткөргөн режиссерлор да атактуу адамдар. Бул жолку режиссер Сшоу Ху "Аалам сулуусу" конкурсунда төрт жолу финалдык шоу өткөргөн. Финал күнү рейтинг боюнча 12-болгом, интернеттеги www.globalbeauties.com сайттан көрсөңөр болот. Мага кыздар "абайла, башка көйнөк, бут кийимдериңди кошо алып ал, сахна артында ар кандай окуялар болушу мүмкүн" деп айтышкан. Кудайга шүгүр, жаман эч нерсе болгон жок, бирок жеңишке да жетишкен жокмун. Анткен менен дагы бир конкурска, Малайзияга чакыруу алдым. Буюрса, өмүрүмдө биринчи жолу жаңы жылды үйдөн алыс тосом. Анткени, ал жерде финалдык шоу 31-декабрь түнү өткөрүлмөкчү.
Нуржан АЛЫМКАНОВА






  Чырпык чынар болот

Сезимден миң кыял

Борбордогу Мукаш Абдраев атындагы музыкалык орто мектеп-интернатынан көптөгөн жаш таланттар канат байлап, кыргыздын атын алыска алып чыгышкан. Кичинесинен бери ушул мектепте окуп, жакшы ийгиликтерге жетишкен, скрипкада ойногон Сезим Эсенбек кызы да келечектен көптү үмүттөндүргөн кыздардын бири. Окуган мектебинин алдыңкы окуучусу. Мектептин сыймыгы Сезим менен балалык кыялынан бөлүштүк.

- Сезим, эң алгач колуңа скрипка алып ойногонуң эсиңдеби?
- Ооба, эсимде. Биринчи жолу скрипканы 1-класстан кармагам. М.Абдраев атындагы музыкалык окуу жайына өтөм деп атам экөөбүз даярданып, ал мени окуткан эле. Андан бери жети жыл өтүптүр. Ушунча убакыттын ичинде көп ийгиликтерге жетиштим. Скрипкада ойногон кыздардын баары эле Ванесса Мэй болгулары келет. Бирок, мен классикага көбүрөөк басым жасасам дейм. Жазында Польша элчилиги менен консерватория биргеликте уюштурган эл аралык музыкалык сынак болду. Бул сынакка биздин мектептен да көп окуучулар катышты, андан тышкары Өзбекстан, Казакстан, Түштүк Кореядан келишти. Сынакка скрипка боюнча катышып, биринчиликти жеңип, диплом жана акчалай сыйлык алдым. Негизи, биздин окуу жайда ар бир чейрек сайын музыка сабактарынан экзамен болуп турат. Сынакка күнү-түнү даярданып, чет элдик улуу композиторлордун чыгармасын ойнодум. Атам Аккөзов Эсенбек музыкант, биздин мектепте барабандан сабак берет. Андан тышкары, опера балетте, УТРК оркестринде да иштейт. Өзү да ушул мектепти аяктаган экен.
- Буга чейин да башка сынактарга катышып, көрүүчүлөргө өнөрүңдү көрсөттүң беле?
- 2007-2008-жылдары катары менен өткөн республикалык сынакка катышкам. Ошондо 10 жашта элем. Сынакка катышам деп скрипкада улам ойноп, көпкө даярданып, биринчи турдан өткөндө жаагым шишип ооруканага барсам, эс алышың керек деп таңып койду. Эртеси күнү сынактын экинчи туруна эмне кылаарымды билбей отурсам, эжейибиз келип эптеп катышып бер деп ээрчитип кетти. Экинчи турда жаагым ооруса да ойноп биринчиликти алгам. Бул учурда атам Алматыда эле. Апам, мугалимдерим атама айтпай тур, антпесе, ооруп атасың деп сахнага чыгарбай коет дешкен. Бирок, атам оорусам да сынакка катышып биринчиликти алганыма таңгалып, "азаматсың" деп мактады. Мектептер арасында өткөн сынактарда дайыма биринчиликти алып келатам. Музыкалык жана жалпы билим берүү сабактарынан жетишкендигим үчүн "Мээрим" фондусунун лауреаты болгом. М.Абдраев фондусунун премиясынын жеңүүчүсү катары айына 100 сомдон стипендия алып турам. Былтыр беш грамота алдым. Скрипкадан берген мугалимим Шалтакбаева Жыпара эжейимдин эмгеги чоң.
- Апаңдын да музыкалык шыгы барбы же ал башка кесипте иштейби?
- Апам музыкадан алыс. Ал китепканачы болуп иштейт. Үйдө эки бир тууганбыз. Эжем 9-класста окуйт. Өзүм ырдабайм, бирок, бийге кызыгам. Атам мени "мектепти жакшы окусаң андан ары билимиңди өркүндөтүп, Казакстанга, Москвага же Европада окутам" деп жакшы кыялдарга салат. Негизи, Бишкекте жашагандар көпчүлүгү өз үйлөрүнө барып-келип окушат. Менин ата-энем 7-кичирайондо жашаса да, мен жатаканада жатам. Себеби, эртең менен таң атпай сабак өтүп, музыкалык аспаптар менен алектенебиз. Түштөн кийин жалпы билим берүү сабактары өтүлөт. Башкалар сыяктуу биздин телевизор, кино, көргөнгө убактыбыз жок. Айылдан келген балдардын туугандары келип-кетип турушат. Атам бул жерде иштегендиктен, үйгө барбасам да атам менен күнүгө көрүшүп турам. Дем алыш күндөрү үйгө барганда апам мага жакшы тамактарын жасап коет. Бул жерден жалпы ашкананын тамактарынан кийин үйдүн тамактарын сагынып калабыз. Биздин бош убактыбыз деле болбойт, бирок, кээде убакыт таап орустун улуу классиктеринин чыгармаларын окуйм. Жакшы кино көргөндү жактырам. Жакында Россия кинотеатрында "Сумерки" киносун көрдүк. Абдан жакты. Ал эми кыргыздын тасмаларынан Ч.Айтматовдун чыгармасынан жаралган фильмдер жагат.
- Азыр ырчылардын көпчүлүгү тойго барып ырдап акча таап атышат. Атаң сени ээрчитип тойго алпарып скрипкада ойнотуп, бийлетпейби?
- Туугандар той бергенде чакырып калса, скрипкада ойноп берем. Ушул жылы ноябрда айылдагы чоң атамдын 60 жылдык тою болуп, скрипкада ойноп бердим. Баары жакшы кабыл алышып, таңгалышты. Ал эми той-тамашада ырдап жүргөндөр көбүнчө эстрадага аралашып калгандар. Скрипканын келечеги жакшы деп ойлойм. Мисалы, мен скрипка менен башка чет өлкөлөргө чыгып, чоң залдарда ойногум келет. Бул менин кыялым.
- Кайсы сабактар сен үчүн оор?
- Көбүнчө алгебра, геометриядан кыйналам. Негизи музыканттар математикага анча жок деп айтып коюшат. Мурда жалаң бешке окучумун. Азыр сабактарыма эки төрт кошулду. Адабиятка кызыгам, бирок, өзүм ыр чыгарып көргөн эмесмин.
- Кыргыздын улуттук ырларынан кайсынысын скрипканын коштоосунда жакшы чертесиң?
- "Эсимде", "Издейм сенини" жакшы көрөм. Туугандардын тойлоруна барганда ушуларды ойнойм. Алар чет өлкөлүк композиторлордун музыкаларын жакшы түшүнө алышпайт. Өзүм Гүлнур Сатылганова эжекени жакшы көрөм. Ал атам менен чогуу иштешет. Анын үнү, ырдаганы, кийген кийимдери жагат. Чет элдик ырчылардан Жениффер Лопести жактырам.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА