Кыргыз гезиттер архиви

  Жолмаек

Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Аргынбек Малабаев:
"Жаңы жылда жол киреге тариф көтөрүлбөйт"
- Аргынбек Жумабекович, шаардык жүргүнчүлөрдү ташуунун тарыхы менен бүгүнкү абалына кыскача токтоло кетсеңиз.
- Мурда Бишкек шаарында 18 троллейбустук каттам, эки муниципалдык автоунаа ишканаларынын 28 автобустук каттамдары тынымсыз жүрүп турган. Күн сайын 400 миң адам ташылчу. Эгемендик алгандан кийин шаардагы калкты транспорт менен тейлөө тармагында ар кандай өзгөрүүлөр жүрүп, финансынын жетишсиздигинен улам муниципалдык автобус жана троллейбус парктары өтө оор абалга дуушар болгон. Троллейбустардын линияга чыгуулары 55-60 пайызга, автобустардын чыгуулары 5 пайызга азайып, муниципалдык транспорт жүргүнчүлөрдү ташуунун талап кылынган көлөмүн камсыз кыла албай, алардын ордун коммерциялык кичиавтобустар ээлеп, натыйжада жүргүнчүлөрдү ташуу маселеси убактылуу чечилген.
2007-жылы коомдук транспортто өзгөрүүлөр болду десек болот. Өзүңүздөр билгендей, шаар каттамдарында Кытайдан алынып келген жаңы автобустар пайда болду. 2008-жылдын башында 2010-жылга чейин шаардагы жүргүнчү ташуу саясатын өнүктүрүү үчүн атайын концепция иштелип чыкты. Мында бул тармакка байланышкан ар бир деталь эсептелип, жүргүнчүлөрдү ташуунун өзүнчө саясаты жүргүзүлө баштады. 2008-жылы Кытайдан дагы 200, 2009-жылы 173 жаңы чыгарылган автобустар алынып келинген. Алардын жыйырмасы Ош шаарына берилип, калганы Бишкек шаарында иштеп жатат. Мындай аракеттердин натыйжасында шаарыбыздын көчөлөрүнөн 500 жеке каттам алынып, учурда алар Бишкектин чет жакаларындагы жаңы конуштарды тейлөөдө.
- Бүгүнкү күндө да кээ бир жеке каттамдар жабылып жаткан экен. Анын себеби эмнеде?
- Ооба, учурда муниципалдык автобустарды кайталаган (автобустар деле пайда тапсын деген ниетте) кичиавтобустар каттамы жабылып жатат.
- Негизи азыр Бишкектеги жүргүнчүлөрдү ташууну кимдер, анан канча автоунаа жүргүзөт?
- Учурда Бишкек шаарынын жүргүнчүлөрүн муниципалдык жүргүнчү ишканалары - Бишкек троллейбус башкармалыгы жана Бишкек жүргүнчүлөр автоунаа ишканасы, жүргүнчү ташуучу коммерциялык фирмалар жана жеңил таксилер тейлөөдө. Күн сайын борборубуздагы 3875 коомдук автоунаанын ичинен - 75 троллейбус 9 каттам боюнча, 270 автобус 16 муниципалдык каттам боюнча, ошондой эле орто эсеп менен 2000 жеке каттамдар 110 кичиавтобустук каттамдар боюнча линияларга чыгышат. МАИнин эсеби боюнча 10 миң такси бар.
- Жеке каттамдардын ар бири бюджетке канча сом төлөйт?
- Кичиавтобус айдоочусу ай сайын өзүнүн каттамынын категориясына жараша акы төлөйт. Мисалга алсак, 1-категориядагылар 2528 сом, 2-категориядагылар 2123 сом, 3-категориядагылар 1892 сом өлчөмүндө. Анын ичинен патент 1220 сом, лицензия 25 сом, камсыздандыруу полиси 300 сом, ижара акысы: 1-категория 983 сом, 2-категория 578 сом, 3-категория 347 сомду түзөт.
- Муниципалдык автобус, троллейбустарга шаардык бюджеттен 12 млн. сом дотация бөлүнөт. Ал эми кичибустардан киреше түшөт экен. Мүмкүн базар экономикасы учурунда киреше түшкөн тармак ыңгайлуудур…
- Шаардык бийлик жүргүнчүлөрдү ташуудан пайда табууну көздөбөйт. Бул мэриянын социалдык долбоору. Ошондуктан муниципалдык автобустарды көбөйтүү менен шаардык бюджетке азыноолак киреше киргизген жеке каттамдарды линиядан чыгарып жатабыз. Кичиавтобустардын өзгөчө жол коопсуздугуна тескери таасир тийгизип жатканына күн сайын күбө болуп жүрөбүз. Ал эми экологияга келтирип жаткан зыяны тууралуу айтпай эле коелу. Бишкек мэриясынын талабы боюнча транспорт башкармалыгынын жүргүзгөн саясатынын негизги өзөгү - жүргүнчүлөрдү коопсуз, арзан анан жеңилдик алгандарды бекер автоунаа менен тейлөө.
- Башында жаңы келген автобустардын айдоочуларына 10 миң сом айлык коюлуп, кийин бул азайып кетти дешет..
- Ооба, мындай маселе болгон. Бул абал айдоочулар жүргүнчүлөрдөн чогулткан акчаны кассага толук төкпөй жатканы байкалгандан улам келип чыккан. Азыр бул маселе жөнгө салынып жатат. Башкача айтканда, айдоочулардын жанына атайын көзөмөлдөөчү коюлду. Чогултулган акча кассага толук түшсө, анын айлыгы да толук болот.
- Буга чейин ММКда Бишкек троллейбус башкармалыгындагы 25 эски троллейбус көмүскө металлоломго төгүлүп кеткени айтылды эле.
- Мындай болушу мүмкүн эмес. Биз аталган ишканадагы жарабай калган машиналарды көмүскө эмес көрүнөө эле металлоломго төгүп келебиз.
- Бишкек шаарынын транспорт департаментинин келечек пландары кандай?
- Жалаң гана ички резервдерди натыйжалуу пайдалануунун эсебинен акыркы эки айдын ичинде троллейбустардын чыгуулары 65ден 75 бирдикке көбөйдү. Бирок шаарыбыздын тургундарын үзгүлтүксүз жана жогорку сапатта ташууну камсыз кылуу үчүн чоң көлөмдүү дагы 150 автобус же сыйымдуулугу орто 250 автобус жана 130 троллейбус алуу зарыл.
- Тариф саясаты кандай болот?
- Алдыдагы жаңы жылда жол кире кымбаттабайт.
Маектешкен Зайырбек АЖЫМАТОВ




Сабырбек ЖУМАБЕКОВ,
Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору, профессор:
"Жаңы ыкма, жаңы технология менен кашка жиликти узартабыз"
- Жайында сиздин демилгеңиз менен Ысык-Көлдө травматолог-ортопеддердин орчундуу илимий иш-чарасы өттү. Дегеле аны өткөрүүнүн зарылчылыгы бар беле, көздөгөн максатына жеттиби?
- 11-12-июнда Ысык-Көлдүн Бает айылында жайгашкан "Ак Марал" пансионатында биринчи евразиялык конгресс өткөрдүк. Ага коңшулаш республикалардан тартып, Украина, Орусия, Кавказ, Прибалтика, АКШ, Италия, Германия, Польша, Түркия өңдүү чет өлкөлөрдөн врач-окумуштуулар, профессорлор келип катышты. Конгресс төрт секцияга бөлүнүп, жүздөн ашуун доклад окулду. Бардык травматолог-ортопеддер азыркы аталган тармактын эң көйгөйлүү маселелерин талкуулашып, өздөрүнүн практикасында дүйнөлүк деңгээлдеги технологияларды колдонуу менен ишке ашырып келаткан жаңы ыкма, жаңы ойлоп табууларын жайылтышып, тажрыйба алмашты. 2006-жылы да травматолог-ортопеддердин бүткүл дүйнөлүк съездин биринчилерден болуп биз өткөргөнбүз. Өзбектерде былтыр, казактар менен тажиктерде алгачкы съезд быйыл өттү.
Албетте, мындай эл аралык илимий-медициналык кызматташуунун зарылчылыгы абдан чоң эле. Азыр көптөгөн себептерден улам ортопедиялык оорулар көбөйүп, травма өсүп жатат. Ал түйшүктөрдү биз, адистер тез арада жогорку сапатта чечүүбүз керек. Кыргызстанда борбор түзүлгөндөн тартып мындай маселелер көз жаздымда кала элек. Беш жыл ичинде дүйнөгө таанылган Кыргызстандын ортопедия-травматология багыты дагы бир тепкич өйдө көтөрүлдү десем жаңылышпайм. Конгресстин аягында биз "Ысык-Көл резолюциясын" кабыл алдык. Бул илимий документ зор мааниге ээ, тарыхта калат. Резоляция боюнча эстафетаны Россия алды. Кыргызстандан башталган бул саамалык башка өлкөлөрдө дагы эки жылда бир улантылып, медицинадагы, травматология-ортопедиядагы маселелер четинен талкууланып, эң башкысы, адамзат өмүрүнө кызмат кыла бермекчи.
- Ал эми сиз жетектеген борбор дүйнөлүк деңгээлдеги технологияларды колдонууда алдына ат салдырбай келатат. Дагы кандай жаңылыктарыңыз менен бөлүшмөкчүсүз?
- Биздин илимий институт заманбап технологиялар менен жүз пайыз камсыз болгон деп айта албайм. Дагы да жабдый турган нерселер көп. Мунун баары каражатка такалат. Билимибиз, тажрыйбабыз, мүмкүнчүлүгүбүз жетишет, бирок техникалык жабдуудан алсызбыз. Мамлекет, эл бай болсо, оорулууларды чет өлкөлөрдөгүдөй мыкты шартта дарылап айыктырсак дегенде эки көзүбүз төрт.
Буюрса, жакында кашка жиликти узартып өстүрүүдө жаңы ыкма, жаңы технологияны пайдалансакпы деп турабыз. Ал ыкма механизми кол чатыр (зонтик) сыяктуу бири-бирине кошулуп, кайра ачылып турган дистрактор-аппарат менен сөөктүн ичинен узартат.
- Менин билишимче, бул аппарат сиздин докторлук ишиңиз...
- Туура, автору А.Блискунов...
- Кое туруңуз, тери кесилет, эт кесилет, анан?
- Тери кесилет, эт кесилет. Кашка жиликтин вертели деп коебуз, бир аз бери чыгып турган томугун тешип, сөөктүн чучугун тазалап, анан анын ордуна домкраттуу (домкрат - оор нерсени бир аз жогору көтөрүүчү кыймылдаткыч.- Н. Т. ) механизми бар атайын аппарат коюлат. Анын бир учу барып жамбашка бекитилет. Ошонун астында сөөк Z (зет) түрүндө кесилет дагы, атайын "храповой" (храп - кыймылдагыч бөлүктү токтотуучу планка өңдүү таканчык.- Н. Т. ) механизмдер домкрат сыяктуу эле кыймылдаганда сөөк бири-биринен ажырап, рычагды көздөй өсөт. Аппарат кыймылга келип, кашка жилик менен жамбаш муун иштеп, анын 24 кыймылы 1 миллиметр болуп эсептелет. Күнүгө 1,5 миллиметрден эсептегенде 10 сантиметр сөөктү 3-3,5 айда өстүрсө болот. Сөөк өсүп бүткөндөн кийин жамбашка бекиген кичинекей нерсе - өткөргүч рычаг алынат. Ал эми аппарат сөөк толугу менен пайда болуп, каткандан кийин гана алынат. Муну көптөгөн чет өлкөлөрдө эчак эле колдонуп башташкан. Бул Илизаровдуку өңдүү жана башка аппараттарга караганда алда канча жеңил жана ыңгайлуу. Эң башкысы, дистрактор менен сөөк өстүрүүдө эски аппараттардагыдай тизе бүгүлбөй, катып калбайт. Тери, эт, булчуңдар спицадан жабыр тартпайт.
- Аппарат бизге качан келет?
- Азыр Украинада жасалууда. Севастополь шаарындагы атайын аскер заводунан чыгат. Аппарат келгени менен азырынча кашка жилик сөөгүн узартууга муктаж болгондордун баарына тегиз, дароо жайылта албайбыз, анткени баасы кымбат, 10 миң доллардын тегерегинде. Ошондуктан, бизге алынып келиниши да кыйынга турууда. Бирок учурда завод менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, бизге арзанырак беребиз деп атышат. Эгер сатып алып сөөгүн өстүргүсү келгендер болсо, жардам көрсөтө алабыз.
Нурзада ТАШБАЕВА