Кыргыз гезиттер архиви

  Өнөр өргөсүнөн

Манастан Чубак кем эмес

15- декабрда Кыргыз-Түрк "Манас" университети эл аралык деңгээлде сыйлыктарга татыктуу болгон студенттерине ЖК төрагасынын орун басары К. Исабеков, вице-премьер-министр Тажикан Калимбетова, Маданият департаментинин директору С. Раев сыйлыктарды тапшырды. Белгилей кетсек, Кыргыз-Түрк "Манас" университети өлкөнүн өрнөктүү университеттеринин алдыңкы катарында. Коммуникация, инженердик, табигый илимдер жана гуманитардык факультеттеринде жогорку билимдүү адистер даярдалат. Чет тилдер жогорку мектеби , туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектептери да ийгиликтүү иш алып барышууда. Үстүбүздөгү жылы университетте көркөм өнөр, ветеринардык жана айыл чарба факультеттери, дене тарбия жана спорт жогорку мектеби жана консерватория жогорку мектеби ишмердүүлүгүн баштады.
Университетте заманбап жабдуулар менен камсыз болгон техникалык базада студенттер теориялык билимди практика менен ийкемдүү айкалыштырып, чыгармачылык дараметин иш жүзүнө ашыра алышат. Алсак, коммуникация факультетинин студенттери көптөгөн эл аралык конкурс жана кинофестивалдарга активдүү катышып, алдыңкы орундарга ээ болуу менен университетти жана Кыргызстанды эл аралык деңгээлде татыктуу таанытып келүүдө.
Эл аралык конкурс, кинофестивалдардын жеңүүчүлөрүнүн жана лауреаттарынын катарында коммуникация факультетинин бүтүрүүчүлөрү Стамбулбек Мамбеталиев, Акжол Бекболотов, Наргиза Маматкулова, Ульяна Коновалова, Алмаз Супатаев, Алижан Насиров, Айдос Токтобаев ж.б. бар.
Көчө жашоосунун катаал шарттарына карабастан достук, жан аябастык, жоопкерчилик сыяктуу баалуулуктарды тутунган кароосуз калган баланын жашоосунун бир учурун баяндаган Акжол Бекболотовдун "Камсанаба" аттуу дипломдук иши Италия, Казакстан, Өзбекстан, Францияда өткөн эл аралык кинофестивалдарда көрүүчүлөрдүн жана киносерепчилердин купулуна толду. Тасма кыргыз киносунун салтын улантып Бакуда, Стамбулда, Берлинде, Роттердамда, Тегеранда, Дубайда болуп өткөн эл аралык кинофестивалдарда көптөгөн алкыштарга татып, байгелүү сыйлыктарга ээ болду.
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү Наргиза Маматкулованын "Топташ" аттуу кыска метраждуу көркөм тасмасы жана майып баланын жашоосун баяндаган "Жашагым келет" тасмасы Ташкентте, Бакуда, Стамбулда, Парижде, Римде, Берлинде, Казанда өткөн эл аралык кинофестивалдарда бир катар диплом жана сыйлыктарга ээ болгон. Жаш кыздын жандүйнөсүнүн калыптануусун баяндаган "Топташ" аттуу кинотасма Канн кинофестивалында көрсөтүлдү. Наргиза сценарий жазып, режиссер катары кино тартып, оператор катары да эмгектенүүдө. Маматкулова бул эмгектеринде өзүн автор жана элдик жашоону мыкты туюп билген режиссер катары көрсөтө алды. Учурда Наргиза Швейцариянын Маданият фондусунун колдоосу менен өз сценарийинин негизинде "Кыргызфильм" киностудиясында "Конок" аттуу фильмин тартууда.
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин 2008-жылкы бүтүрүүчүсү Ульяна Коновалованын "Саламатсыңбы, күнүм" аттуу дипломдук тасмасы Азербайжан, Түркия, Кыргызстанда өткөн кинофестивалдарда мыкты тасма деп табылды. Италия, Лейпциг, Лондондо өткөн кинофестивалдардын расмий программаларында орун алды. Ульянаны бир катар даректүү тасмалардын автору жана режиссеру катары - адамдардын көп кырдуу жашоосу көңүлүн буруп, кызыгуусун жаратып келет.
Алмаз Супатаев - таланттуу оператор жана режиссер. Эмгекчилдиги жана университеттин чыгармачыл турмушуна активдүү катышкандыгы менен айырмаланат. Ал ушул жылы Кыргызстандагы Ihterhews Network версиясы боюнча "Эң мыкты ТВ оператору" жана улуттук "Үмүт" кинофестивалында "Эң мыкты оператор" наамына ээ болгон.
Алижан Насировдун 2009-жылы тартылган даректүү тасмасында адамдар, топоздор жана карышкырлар жан баккан бийик тоолуу аймакта жашаган чабандын турмушун баяндаган даректүү тасмасы Бакуда өткөн кинофестивалда "Эң мыкты даректүү фильм" сыйлыгына жетишти.
Нависа Юлдашева, Марат Эргешов, Эркин Акын, Эмрах Чай, Дурсун Йылмаз, Чынгыз Нарынов, Дмитрий Горожанин, Эмил Атагелдиев, Эрке Жумакматова, Айбек Дайырбеков сыяктуу Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүлөрү жана университеттин алдында уюштурулган режиссердук курстун катышуучулары өздөрүн мыкты жаш чыгармачыл инсандар катары көрсөтө алышты.
Бүтүрүүчүлөрдүн ийгиликтери менен шыктанган төмөнкү курстардын студенттери да алгачкы сыйлыктарга жетишишти. Алардын катарында болочоктогу кинематография өкүлдөрү гана эмес, журналисттер жана реклама тармагындагы адистер да бар. Алар Салтанат Турдукеева, Евгений Абдуллаев, Айпери Муратова, Гулира Калыкова, Кубат Касымбеков, Азамат Абдыраев, Ахмет Сагдам, Адила Доолбекова, Зарина Жусупова ж.б.
Зайырбек АЖЫМАТОВ




  Жигит бир сүйлөйт

Аким Алыкулдун сейилбагын курат
Жакында Чолпон-Ата шаарында кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун үй-музейи ачылды. Бул иш-чара 12-декабрь улуу акындын дүйнөдөн өткөн күнүнө туш келип, ага жергиликтүү бийликтен, Маданият департаментинен, Чүй облустук мамлекеттик администрациясынан, акындын кичи мекени болгон Панфилов районунун акимиятынан, жазуучу-акындардан жана маалымат каражаттарынан, ошондой эле А.Осмоновдун тууган-уруктарынан барган өкүлдөр катышты.
Үй-музейдин ачылыш аземинде Осмоновдун поэзиясын урматтаган окурмандар, мектеп окуучулары улуу талант тууралуу калемдештеринин жана замандаштарынын эскерүүлөрүн угуп, акындын көгүлтүр көл жээгиндеги жупуну үйү, андагы буюм-тайымдары менен таанышып, таасирленип кайтышты. Акынды эскерүүгө арналган бул иш-чара Алыкул Осмонов атындагы коомдук фондунун жетекчиси Памирбек Казыбаев жана акындын Чолпон-Атадагы үй-музейинин жетекчиси Бакыт Асанбаев тарабынан уюштурулган.
Көл жээгиндеги үйдө А.Осмонов 1945-1950-жылдары жашап турган. Ошол кезде акынды көргөн замандашы, кошунасы Ишенаалы Мусапыров аксакалдын айтуусу боюнча А.Осмонов бул үйгө көбүнчө жайында барып, көлдүн жээгинен чыкчу эмес.
"Биз анда ойноо балдар элек. Алыкул борбойгон боз жигит эле. Эртели-кеч көлдүн жээгинде ары-бери басып жүргөнүн, кээде көлдү тиктеп отурганын көрчүмүн. "Көлгө түшпөйсүзбү?" десек, "ээ балдар, көлгө силер түшкүлө, мен аны карап отурганыма эле ыраазымын" дечү, көрсө оорулуу тура бечара. Атам жайлоодон кымыз апкелип калганда мага Алыкулду чакыртып экөө кымыз ичер эле" деп эскерет Ишенаалы аксакал.
Буга чейин бул үй Чолпон-Атадагы балдардын кургак учуктан дарылануу санаториясынын аймагында калып, алардын бирде китепканасы, бирде көр-жер койгон кампасы болуп келгенин жазганбыз. Алыкул Осмонов атындагы коомдук фонд бул үйдү аз жыл илгери мыйзамдуу түрдө өзүнө алып, ал Алыкулдун күйөрманы Бакыт Асанбаев тарабынан оңдолуп, эми Алыкулдун үй-музейи катары өз тушоосун кести.
Кеченин жүрүшүндө Алыкул Осмонов атындагы коомдук фондунун башчысы Памирбек Казыбаев бүгүнкү иш-чарада залкар акындын үй музейинин ачылышы менен бирге ушул Чолпон-Ата шаарына акындын эстелигин коюу, китебин чыгаруу маселелери да чечилиш керектигин белгилеп, бул боюнча мамлекетти эле карап отура бербей, жергиликтүү бийлик жана Алыкулдун күйөрмандары кол кабыш кылыш керектигин айтты. Буга жооп катары Ысык-Көл районунун акими Турусбек Мансуров учурда Алыкулдун үй-музейи турган аймак жакында шаардык сейил бакка айланып, ал Алыкул паркы деп аталарын, анын көрүнүктүү жерине акындын эстелиги коюуларын билдирди. Сейилбак Чолпон-Ата шаарынын күн чыгыш жагындагы мурдагы кургак учук менен ооруган балдар санаториясынын аймагынан, көлдүн жээгинен орун алат. А.Осмоновдун үйү да бул сейилбактын аймагында калат.
Өз сөзүндө мурдагы мамлекеттик жана саясый ишмер Султан Урманаев акындын бир топ ырларын жатка окуп, эгер жергиликтүү бийлик жогоруда убада кылган демилгесин ишке ашырууну баштаса, анда аны ар бир кыргызстандык карап турбасын, өзгөчө көлдүн тегерегиндеги аттуу-баштуулар Алыкулдун сейил багынын уюшулушуна, китебинин чыгышына колунан келген жардамын берерин айтты.
Чынын айтканда, эгемендик алгандан бери мурдагы бийлик да, азыркы бийлик да кыргыз поэзиясынын туу чокусу болгон Алыкул Осмоновго татыктуу көңүл бурган эмес. Анын 75 жылдыгы 1989-жылы 30-декабрда Кыргызстан КП БКнын токтому менен белгиленип, анын алкагында акындын туулган айлында жана республика боюнча бир топ иш-чаралар өткөрүлгөн. Анын арты менен 1990-жылы туулган айылы Каптал-Арыкта акындын музейи уюштурулуп, китептери чыкканын билебиз. Андан бери жыйырма жылга аяк басып баратат. Бирок азыр ошол муун акындын ыр китебин бир дагы китеп дүкөнүнөн таппайт. Андыктан бүгүнкү жаштар Алыкулду билбей калышы толук мүмкүн.
Учурда көлдүн төрт тарабында кезегинде керек болсо кыргыздарды кырган, же өмүрүндө бир гана жолу көлгө келип кеткендердин эстелиги бар. Ал эми көл тууралуу өлбөй турган ырларды жазган акын Алыкулдун эстелиги тургузула элек. Өзү ырларында көзүм өткөн соң менин айкелим көлдү карап турса деп кыялданган...
Эми жогоруда Ысык-Көл районунун акими Турусбек Мансуровдун Алыкул паркын уюштуруу, ага акындын айкелин коюу боюнча берген убадасы жел сөз боюнча калбаса экен.
Зайырбек Ажыматов,
т 38-67-73