Кыргыз гезиттер архиви

  Жер талаш

Президентти кимдер тоготпойт?

Учурда мамлекет башчысынын жарлыктарын жарыялаган мораторийлерин тоготпогон учурлар бар. Мисалы, "Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акиминин орунбасары Зарылбек Жумакеев жана анын командасы мамлекет башчысы тарабынан 2010-жылга чейин Бишкек шаарынан жана чет жагынан жер бөлүштүрүү боюнча мораторий жарыяланганына карабай мурдагы генпланды алмаштырып, атайын акча жасоо үчүн Мурас Ордо жаңы конушуна курула турган эки мектептин, эки бала бакчанын, спорт аянтчасынын жана сейил бактарынын ордуларын 323 участокко айландырып сатып жиберди" дейт аталган жаңы конуштун жашоочулары КР президенти К.Бакиевге, ЖК төрагасы А.Тагаевге, премьер-министр Д.Үсөновго, Башкы прокурор Н.Турсункуловго, Бишкек шаарынын мэри Н.Түлеевге жазган кайрылуусунда. Бул маселе боюнча Биринчи май районуна караштуу Мурас Ордо жаңы конушунун жашоочулары ушул мезгилге чейин бардык инстацияларга кайрылып, бирок жыйынтык чыкпагандыктан редакциянын эшигин аттаган.
Кийинки күндөрү редакция мындай маселе ар бир жаңы конушта кездешип жатканына күбө болуп келет. Эсиңиздерде болсо, "Агым" гезити буга чейин "Арча-Бешикте жол да сатыла баштады" деген макала жарыялап, анда аталган конуштагы мурдакы генплан бузулуп, жаңы ген. план боюнча Кривоносов көчөсүнүн жаңы конушту аралап өткөн бир тарабы жеке адамдарга сатылып кеткени тууралуу маалымат берилген эле. Бул маселе жакында Ленин районунун акиминин мурдагы орунбасарынын жана башка тийиштүү адамдардын сот жообуна тартылышы менен аягына чыкты. Ал эми акимдин орунбасары көрсөткөн жасалма генпланга ишенип, кызыл китепти колтугуна кысып алып менчик ээси болдум деп кубанып жүргөн карапайым элдин тагдыры азырынча белгисиз.
Негизи эле мындай маселеде жөнөкөй эл жабыр тартып келгени жалпыга маалым. Мурас Ордо жаңы конушунда 2005-жылга чейин 2240 адам жерге ээ болгон. Мыйзамдуулугун карай келсек, КР өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-14-июнундагы ?241, ?242 , 2005-жылдын 4-июлундагы ?283 (Турак жай курулуш үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө) токтомдорун ишке ашыруу жана жер участокторун андан ары пландуу бөлүү максатында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Пригородный айыл өкмөтүнүн аймагынан 100 гектар, жана дагы 45 гектар жер аянты Бишкек шаарынын карамагына өткөрүлүп берилген.
Анын негизинде жер Бишкек шаарынын мэриясынын ?637 токтому менен Бишкек шаарына караштуу төрт райондун жерге муктаж элине чечим чыгарылып бөлүнүп берилген.
2006-жылы 10-майда жер чегин алган элдин талабы менен жашоочулардын жалпы чогулушу өткөрүлүп, анда Абакиров Кыдырманы бир добуштан жаңы конуштагы уюштуруу комитетинин төрагалыгына шайлашкан.
2006-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарынын мэриясынын ?517 токтомунун негизинде мурда Озерная-145 деп аталган жаңы конуштун жашоочуларынын талабы жана суранычы менен Мурас Ордо деп аталып, Бишкек шаарына караштуу Биринчи май районунун карамагына өткөрүлгөн.
"Карапайым калк үйлөрүн куруп тынч жашап жатканда мурда дагы прокуратура тарабынан үстүнөн кылмыш иши козголуп, бирок кандайдыр бир жолдор менен "суудан кургак чыгып кеткен" Биринчи май районунун акиминин орунбасары Зарылбек Жумакеевдин жекече кандай генпландары бар экенин боолголоо да кыйын эмес.
"Биздин суранычыбыз Мурас Ордо жаңы конушундагы эки мектептин, эки балдар бакчасынын, спорт аянтчасынын жана сейил бактарынын жер аянтын 332 участокко айландырып сатып жиберип, "он эки акимдин башын жегем, колумдан бардыгы келет, акчам бар, прокурорду да, сотту да бардыгын басып коем, сени болсо тебелеп жок кылам" деп айыл башчысы Абакиров Кыдырманы коркуткан Биринчи май районунун акиминин орунбасары Зарылбек Жумакеевди жана ?16 МАБдын башчысы болуп иштеп жер сатуу боюнча адистешкен Сабырбек Өмүралиевди тартипке чакырып коесуздарбы" дейт аталган жаңы конуштун тургундары. Көпкөн акимдин кылыгына тиешелүү органдар кызыгып, тартипке чакырышыптыр.

Зайырбек АЖЫМАТОВ