Кыргыз гезиттер архиви

  Депутаттык чпоку болуп калганбы?

"Балык" сырын балыкчылар эле билбесе…

Бүгүнкү парламентте улуттук теңчилик сакталып, башка улуттун өкүлдөрү да көбүрөөк мандат тагынганы талашсыз. Алсак, орус (9), өзбек (6), корей (2), дунган (1), карачай (1) жана уйгур (1) улутундагыларды ЖоКеден кездештирсе болот. Муну Кыргызстанда демократия калыптанып баратат дейли. Бирок, алардын басымдуу бөлүгү жарытып мыйзам жазбай, жеке кызыкчылыгын коргоп жүргөнүн кайда катабыз? Мына ошондойлордун арасында "ак жолчу" Жалаллидин Салахудинов да бар.
47 жаштагы Жалаллидин Сабахидиновичтин улуту өзбек. Билими жогорку. 1988-жылы Ташкент институтунун механикалык факультетин аяктап, эмгек жолун Ош шаардык соода үйүндө кичи сатуучулуктан баштаган.
Эл өкүлүнүн ташы өйдө кулаган мезгил 1999-жылга барып такалат. Анткени, ошол жылы "Текстильщик" АКсынын коммерциялык директорлугуна дайындалса, андан соң "Ошкрастекс" жана "Кыргызжиптекс" ишканасынын (2001-2007-жылдары) башкы директорлугуна секирик жасаган. Ошондой эле "Жер-Азыгы" ААКсынын директорлор кеңешинин мүчөсү. Мындан сырткары, "Ак-Буура" спорт клубунун жетекчиси, "Алай" футбол клубунун вице-президенттигин аркалаган.
Өмүр таржымалы көрсөткөндөй, Жалаллидин мырза олигарх-депутаттардын катарында. Бейрасмий маалыматтар боюнча, "Ак жол" партиясынын атынан мандат алыш үчүн 100 миңдеген "жашылбайды" сарптаптыр. Демек, анын парламентке келишин - карапайым калк таламын талашып, алардын үнүн жогору жакка жеткирүү эмес, жеке бизнесин коргоо далалаты катары бааласак жаңылышпайбыз.
"Квартирант" олигарх
Ж.Салахудинов эки жыл ичинде өзүн активдүү депутат катары көрсөтө алган жок. Ушул аралыкта болгону үч мыйзам долбооруна кол кабыш кылыптыр. Өзү жалгыз эмес, "классташтарынын" көмөгү аркасында. Маселен, А.Сабиров, Д.Молдошева, А.Байтиков, М.Мамасаидов, И.Масалиев менен биргеликте "Коомдук палатанын ыйгарым укугу жана ишмердүүлүгү" аталыштагы мыйзамды "жараткан". Бул мыйзам элге канчалык деңгээлде пайда келтиргенине баш оорутуп отурбайлы. Үч негизги бийлик бутактарынын бири - Жогорку Кеңештин кейпи бу болсо, Коомдук палата эмнени кыйратып жиберет дейсиң.
Депутат экендиги Ак үй менен Көк үйгө гана дайын Сабахидин абанын уулу Жалаллидинге мамлекет эки жыл аралыгында 1,5 млн. сомго чукул каражат короткон (анын ичинде өзү жана эки жардамчысы, айдоочусунун маянасы, командировка, кызматтык машинага сарпталуучу акча бар). Баарынан да өзүн "кембагал" мыйзамчы катары көрсөтүп, батирде жашаганы үчүн мамказынадан айына 15 миң сом (орточо) "сааганы" кызык. Ушул көрүнүш Салахудиновдун кандай адам экенин айгинелеп турат. Чындап эле карапайым калктын камын ойлогон эл өкүлү болсо, квартира маселесин өзү чечип албайт беле. Ала-Тоонун чокусунан түшкөн чабан-депутат дейин десең, байлыгы башынан ашканы көрүнүп турат...
Кыскарта чапканда, "балык" депутат атыгып, "кнопка" баскандан башканы билбеген депутаттын кереги не? Салахудиновго окшогон мыйзамчылардын ордуна кыргыздын билимдүү, дүйнө таанымы кенен, патриот уул-кыздары Жогорку Кеңешке келишине шарт түзүүгө мезгил бышып жетти го дейм…

Талантбек СЫДЫКОВ




  Алкоагенттиги эмне дейт?

Эмне демек эле, таза арак ичкиле дейт

Жакында жаңы жыл. Жаңы жылда мекемелер көңүл ачуу кечелерин өткөрүшөт. Мындай кечелер ичимдиксиздик өтпөйт. Ичимдик кайсы учурда көбүрөөк өтөт? Албетте, күзүндө кыргызда той-аш көбөйгөндө, майрам учурларда өтөрү шексиз. Өзүбүздүкү аздык кылып аткансып, сырттан контрабандалык жол менен ар кандай сапаттагы спирт ичимдиктери келет. Андан тышкары, спирт ичимдиктерин чыгаруучу жүздөгөн жергиликтүү жашыруун цехтер бар.
Мамлекеттик алкоагенттиги жасалма спирт ичимдиктерин, контрабандалык жол менен келген шараптарды тыюуга аракет жасагандай. Бирок, аларды канчалык ооздуктаба, баары бир жасалма спирт ичимдиктери пайда болот. Өзгөчө жаңы жылда "тарс" атыла турган шампаның лимонаддай болуп томсоруп туруп берген учурлар көп.
Он жети жылдан бери укук коргоо, фискалдык органдар жасалма арак жасагандар менен күрөш жүргүзүп келет. Ошого карабастан жасалма спирт ичимдиктери суудай агууда. Эч ким жогото албаган бул эмне болгон бизнес? Суроонун жообу эң эле жөнөкөй. Анткени, аны Жогорку Кеңештин депутаттары баш болгон чиновниктер калкалашып, андан аябагандай көп пайда көрүшүүдө. Мамлекеттик алкоагенттигинин маалыматы боюнча, бир жолу дүкөндөн жасалма алкоголдук ичимдиктер алынган. Финансылык полиция кызматкерлери протокол түзүп бүтө электе Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы телефон чалып, коркутуп-үркүтүп "баалуу" кеңештерди берип, ишке жолтоо болгон. Мындай көрүнүш көп учурда кайталанат. Жогорку Кеңештин депутаттары гана кийлигишпестен Ак үйдө отурган чиновниктер да аралашкан учурлар бар.
Бирок, жасалма ичимдиктер менен күрөшкөндөр тиешелүү чараларды көрүшүүдө. Ага карабай бул бизнес өз ишин улантып, арак чыгаруучу жашыруун цехтер бат-бат орун которуп турат. Мамлекеттик алкоагенттигинин адистеринин маалыматы боюнча жыл башынан бери финансылык полиция кызматына кылмыш ишин козгоо үчүн бир нече материал берилген. Мыйзам боюнча мындай иш 100 литрден ашык жасалма же контрабандалык спирт кармалганда гана жүргүзүлөт. Көмүскөдөгү спирт ичимдиктерин сатуу бүгүнкү күндө баңги зат жана курал-жарак сатуудан кийинки үчүнчү орунда турат. Эмне себептен Кыргызстанга мынча спирт жана алкогол ичимдиктери киргизилип жатканын билүү кыйын эмес. Анткени бизде контробандалык спиртти жана жасалма алкоичимдиктерин сатуу, өткөрүү жеңил. Өзгөчө алыскы региондордогу эл арзан спирт ичимдиктерин алышат. Сапаттуу ичимдиктерди сатып алууга көпчүлүктүн капчыгына чак келбегендигин жасалма арак саткандар пайдаланышууда. Эгер чечкиндүү чара көрүлбөсө, финансы полициясынын иш-аракеттери талаага кетери шексиз. Контрабанда өсүп, жасалма ичимдиктерден уулана беришет, мамлекеттик бюджет миллиондорду жоготот.
Бүгүнкү күндө мындай жасалма арактарды сатуу Кыргызстандын бардык аймактарына тамырын жайган. Мындан тышкары, этикетка, пробка, акциздик марка саткандарды канча кармашты, бирок булар кармалаар замат тааныштар пайда боло калышып, базардан кармалган мыйзамсыз товар бат эле жок болуп кетет. Ага жетишпей калгандар товарын таштап качышат.
Неси болсо да жаңы жыл келатат. Ичимдикти көп ичүүдөн, жасалма арактан уулануудан сак болгула.
Назира КУЛМАТОВА





  Акчанын алтынчы ариясы

Мектеп билим булагына эмес, акча жасоонун куралына айланды

Агартуу тармагы коррупция сазына белчесинен батканы жашыруун эмес. Асыресе, орто мектептерде мыйзамсыз акча жыйноо өнөкөткө айланды. Бул "илдеттин" тамырын кыркуу максатында тиешелүү министрлик болгон аракетин жумшоодо. Тилекке каршы, жарытылуу майнап чыга элек. Өткөн жумада да Билим берүү жана илим министрлиги атайын көчмө коллегияда ушул маселени талкуулады.
Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча коомдук палата, коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттик жана билим министрлиги биргелешкен атайын комиссия түзүлгөн. Аталган комиссия үстүбүздөгү жылдын 14-октябрынан 24-октябрына чейин арыз-даттануулар көп түшкөн 100дөн ашуун мектепти, 23 бала бакчаны текшерип чыкты. Коллегияда анын жыйынтыгы жарыяланып, Бишкек жана Ош шаарынын, Чүй облусунун бир катар райондук агартуу бөлүмүнүн башчылары "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамдын аткарылышын көзөмөлгө албаганы айкын болду. Каржылык-бухгалтердик ишти жүргүзүүдө борбордогу ? 64, 25, 87, 28, 44, 78, 8, 4, 47 мектеби, ?30 бала бакча, Новопавловкадагы ?2 жана Панфилов районундагы Вознесеновка орто мектебинин жетекчилиги одоно мыйзам бузушкан. Ошондой эле ата-энелерден алынуучу "салыктын" өлчөмү 50-350 сомду түзгөн. Анын бардыгын эсептей келгенде, жалпы жонунан Бишкек шаарындагы мектептер жылына 100 млн. сомдун башын "жутат" экен. Борбордогу көрсөткүч ушунакай. Өлкөдөгү башка аймактарды айтпай ак коелу.
Бардыгына мамлекет күнөөлүү
Абдылда Мусаев башында турган министрлик мыйзамсыз каражат чогултууну алдын албагандыгы үчүн аймактык агартуу мекемелерин айыптаганы айыптаган. Алардын пикиринде, жергиликтүү директорлор ынсабын тыйса эле коррупцияга бөгөт коюлат. Ал эми Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлмира Кудайбердиева буга караманча каршы. "Ата-энелерден акча жыйноо - айла кеткендеги иш. Буга мамлекет тарабынан каржылоонун жетишсиздиги себепкер. Маселен, борбордогу мектептердин басымдуу бөлүгүндө материалдык-техникалык база талапка жооп бербейт. Аларды жаңылайын десең, республикалык бюджеттен жеткиликтүү каражат бөлүнбөйт. Окуу китептерин камсыздоодо да көйгөйлөр жетишерлик" дейт ал. Ушундай эле пикирин коллегиянын башка катышуучулары да билдирди.
Министрдин колунан коко тыйын келбейби?
Жыйын соңунда ишинде кетирген кемчилигине байланыштуу ондон ашуун кичи ачендиктер сөгүш менен "сыйланды". Муну менен эле тим калбастан одоно мыйзам бузууларга жол бергендиги үчүн тогуз мектептин директорун кызматтан алуу жөнүндө Бишкек мэриясына сунуш берилди. Дал ушул жерден баса белгилеп кетүүчү жагдай Ош жана Бишкек шаарындагы мектеп директорлорун түздөн-түз кызматтан алууга Билим берүү жана илим министрлигинин укугу жок. Мындан улам кызыктай суроо жаралат. Кол астындагы директорлорун жазалай албаган министрликтин кимге кереги бар? Колу-буту тушалган Абдылда Инаятович коррупция менен кантип күрөшмөкчү? Андыктан, министрдин ыйгарым укугун кеңейтүү - мезгил талабы. Болбосо, агартуу тармагындагы "соодалашууну" токтотуудан үмүт үзгөнүбүз оң. Тескерисинче, билим "бизнеси" ураалаган бойдон гүлдөй берери турган иш.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ