email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак


Спикерлик кресло… Ким?..

Өрүкзарлуу Баткен губернаторлугуна ЖоКе төрагасы Айтибай Тагаевдин дайындалышы менен, спикерликке көз арткан күчтөрдүн күрөшү кайрадан жанданды. Ак үй, Көк үйдөгү күбүр-шыбырды эшитсек, Тагаевдин ордуна Кубанычбек Исабеков , Табылды Орозалиев жана Улугбек Ормоновдун талапкерлиги каралып жатыптыр. Ысымы аталгандардын бирөөсү бүгүн-эртең төрагалык креслону ээлеши мүмкүн.
Ажонун жакын санаалашы делген депутат Азизбек Турсунбаевге ЖК төрагалыгы буга чейин үч жолу сунушталып, ал үчөөндө тең аткез кылган. Кечээ күнү дагы Ак үйдөгү үлкөн фигура Азизбек Атакозуевичке спикерлик орунду сунуштады. Күтүлгөндөй эле бу саам да андан сылык баш тартты. Турсунбаев төрагалыкка макул болсо, кресло талаш маселесине эбак чекит коюлмак.
Гезитибиздин өткөн сандарында вице-спикер Кубанычбек Исабеков менен Улугбек Ормоновдун мамилеси начар экенин жазганбыз. Атүгүл Кубанычбек мырза Чолпон Баекова , Эрик Арсалиев , Динара Молдошева , Дүйшөнбек Кыдыров , Максат Кунакунов сындуу түндүктүк депутаттардын башын кошуп, Ормонов-Тагаев "тандемине" каршы "согуш" ачып, төрагалыкка тымызын көз арткан жайы бар. Ушу тапта ал максатын жүзөгө ашыруу үчүн Ак үйдүн 7-кабатында күйүгө чуркап жүрү. "Чуркаган албайт, буйруган алат" демекчи, спикерлик маңдайына жазса, аруу тилеги аткарылып калгысы бардыр…
Табылды Орозалиевди кайсы "группировка" колдоп атканы табышмак. Ал эми "Ак жол" фракциясынын лидери Улугбек Ормоновго ийгилик ташы ооп, жылдызы жанып бараткандай. Дегенибиз, Улугбек Зулпукаровичтин кандидатурасын премьер-министр Данияр Үсөнов , парламенттеги 20га чукул депутат, эң башкысы, жогору жактагы таасирдүү адам сүрөп атыптыр. Эгерде У.О. төрагалыкка дайындалса, парламентте стабилдүүлүк болушу күмөн. Эл өкүлдөрү ортосунда ырк кетип, ал мамлекеттик деңгээлге көтөрүлүшү ыктымал.
(Уландысы 2-бетте)