Кыргыз гезиттер архиви

  Азыркынын алдар көсөлөрү

Алдаганга да, алданууга да маш кыргыздар

Кыргызда "сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет" деген жакшы сөз бар. Бирок, буга чейин жер алам деп алдангандар, соттолгондор тууралуу далай айтылып, жазылып келатса да "оозу күйгөндөрдүн" саны азайбай келет. Алардын мындай ишенчээктигине күбө болуп отуруп, кээде "силерге сооп болуптур" дегиң да келет. Кеп, 2006-жылы түзүлүп, энөө элден бир нече миллиондорду чогулткан "Турак-жай" федерациясынын "ишмердүүлүгү" туурасында болмокчу.


Молдомуса Конгантиевдин кеңешчиси ким?
Аталган федерациянын президенти Анвар Алдеков 2005-жылы Зуура Кожобекова, Венера Алыбаева, Дамира Божоноева, Фатима Эгембердиева, Гүлбарчын Конокчиева, Салый Ашыралиев, Гүлай Субанова сыяктууларды өзүнө "желдет" кылып алып "ишмердүүлүгүн" баштаган. Чү дегенде эле ал "мен Молдомуса Конгантиевдин кеңешчисимин, силерге берилчү 74 гектар жерди Аскар Салымбеков өзү трансформация кылдыртып берет, буга Жаныш Бакиев өзү киришип жатат" деп элди ишендирген. Өзүн минтип жогору жактын ишенимдүү адамы көрсөткөн Алдеков "жерди трансформациялатууга" туура үч жыл тынымсыз акча чогултуптур. Бул убакытта анын "желдеттерине" эң азы 500 доллар, эң көбү 30 000 доллар карматып жаткандардан акча кайда жумшалып, алынчу жерди документтештирүү кандай жүрүп жатканына кызыккан жан болгон эмес. Алар Алдековдун "Ак үйгө кирип жатам" деген сөзүнө, анын колундагы министрдин кеңешчиси делген күбөлүгүнө гана ишенишкен.
Алдаган акчанын айынан Алдеков март айында жер чыры боюнча борбордогу Октябрь РИИБине камалып, акчанын күчү, эки депутаттын ишеним катынын жардамы менен чыгып кеткен. Ошол кезде деле алдангандар иш төркүнү эмнеде экенин, алар эч ойлонбой чогултуп берген миллиондор эбак жоголгонун аңдашпаган. Алдековдун алдап жатканын айткан бир-экөөнү акча берген көпчүлүк "оппозиция" атап жиберишкен.
Алдаган адамды аяй дегендер да бар экен
Элдин убалынан коркпогон Анвар кезинде аялы Лира Усубалиеванын талапкерлигин Жогорку Кеңештин депутаттыгына койдуртуп, андан соң шаардык кеңештин депутаттыгына өзүнүн талапкерлигин коюп, элден чогулган 100 миң долларды "оомийин" кылган. Эки жолку аракеттен майнап чыкпаган соң, корогон акчаны чыгарып алуу максатында "менде 7000 адам бар" деп, митингдерде ар кайсы саясатчыга барып акча "сындырат". "Пикетке келбесеңер жер жок дегенде айласыз ал айткан жерге келчүбүз" дейт редакцияга кайрылгандар. Акчасын өз эрки менен карматып, кайра алдаган адамдын эрки менен басып-туруп калган адамдардын арасында жогорку билимдүү, көптү көргөн ага-эжелерибиз да бар экен. Алардан буга чейин эмнеге Алдековдун ишине кийлигишип, тиешелүү жерлерге кайрылбаганын сурадым. Тыңгылыктуу жооп ордуна Алдековго алдангандардын эки жаат болуп кайым айтышуусу башталды. Көрсө, Анварга алдангандардын жарымы дагы деле ага "бекем" ишенишет экен.
Кыңыр иш кырк жылда билинип…
Доочулар көбөйүп, кусууга мезгил келгенде Анвар Алдековдун "командасы" ич ара чырдаша кетишкен. Булардын чатагынан улам эч кандай 74 гектар жер жок экени, эч бир жер трансформация болбогону элге айкын болгон. Муну уккан алар 2009-жылдын март айларында Кара-Жыгач айыл өкмөтүнө, Чүй облустук администрациясынын жер боюнча жалпы бөлүмүнүн башчысы Өмүрбек Караевге кайрылышкан. Бирок, жарытылуу жооп болгон эмес. Ошентип, туптуура төрт жылдан соң, быйылкы жылдын апрель айында гана акча чогулткандардын "көзү ачылып" арыз жазышкан. Ошондо да алдангандардын айрымдары гана. Себеби, 63 адамдын жарымы дагы деле Алдеков кутулуп чыкса жер берет деген ишенимде. Алардын арасында жер чырынан күйөөсү каза болсо да, камактагы алдар көсөгө тамак киргизип жүргөн Сайрагүл эже да бар.
Аскар Салымбеков Алдековдон жер сатып алганбы, же…
Жер алабыз деп акча бергендердин айтымында, алардын акчасына алынган жердин 12 гектарын Анвар Алдеков олигарх Аскар Салымбековго сатып жиберген. 10 гектарын аялы Лира Усубалиевага каттатып койгон. Аскар Салымбековдун Алдеков камактан чыкса 5 гектар жерди кайтарып берем дегенин Октябрь сотунда топтошкон аялдардын бири билдирген эле. Биз ушу маселе боюнча Аскар Салымбековго байланышканыбызда ал Анвар Алдеков менен болгону революция убагында гана таанышканын айтып, таңданды. Аскар мырзанын айтканына карасак, ал Алдековдон эч кандай жер сатып албаган.
74 гектар жер кайда?
Учурда "Турак-Жай" федерациясынын президенти Анвар Алдеков, жардамчылары Божоноева Дамира, Зуура Кожобекова СИЗОдо камакта. Буга чейин эки-үч жолу алардын иши боюнча сот болуп, иш кайра тергөөгө жиберилип турган. 4-декабрда болгон сот ишинен да жыйынтык болбой, Алдековдун иши кайра тергөөгө жиберилди. Октябрь райондук сотуна келген жабырлануучулар ишти мындай артка кайтаруулар соттун адилеттүү болбой жаткандыгынан дешет. Баарынан таңгалыштуусу, Анвар Алдеков элге убада кылган 74 гектар жер азыр Роза Токтоматова жетектеген, Октябрь районунун мурунку акими Жумабек Исаев топтогон жана Алдековго алданган үч топтун ортосунда талашта турат. Октябрь райондук соту Анвар Алдеков элге 3 млн. 720 доллар бересе экенин билдирсе, бизге түшкөн маалыматтарда Алдековго берилген акчанын жалпы суммасы 30 млн. сомго жакын. Азыр Анвар Алдековго акча бергендердин саны 63 адам делгени менен алардын саны улам көбөйүп келет. Андыктан, "Турак-Жай" федерациясынын президентинин элден жыйган акчасынын так суммасы белгисиз. Азыр таптырбай качып жүргөн Венера Алыбаеванын мойнунда да ири суммалар бар деген маалыматтар бар.
Мындан беш жыл мурда башталган жер басып алуу, талашуунун акыры ушу күнгө чейин бүтпөй келет. Бүгүнкү күндө жер тилкесин кесип берүү расмий түрдө токтотулган. Ага карабай алданган адамдарга "эгер ошончо акчаңар болсо, өзүңөр эле сатып албайсыңарбы" дегиң келет.
Мелис СОВЕТ уулу,
тел:386713,
Е-mail:
melis@vb.kg




Мамлекеттик Тышкы
иштер министри Кадырбек САРБАЕВге

1. Кытайда элчилик кызматта иштеп жүргөнүңүздө "косяк" кетирип, ал Ак үйдүн 7-кабатына жетиптир. Агездеги Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов сизди катуу коргоп, чоң "кырсыктан" сактап калган дешет. Окуянын чын-бышыгын айтып бере аласызбы?

2. Президенттик шайлоонун алдында Кытайдагы элчиликте эмгектенип аткан Абдыганы Эркебаевдин уулун, Аликбек Жекшенкуловдун жакын туугандарынын бирин кызматтан эч себепсиз эмне үчүн кетирдиңиз? Алар атасы же агасы оппозиционер болгону үчүн жооп бериши керекпи?

Туризм агенттигинин мурдагы башчысы Турусбек МАМАШОВго

1. Кыргызстанды туризм өлкөсүнө айландырууга жакшы эле аракет жасадыңыз. Чет өлкөдөн туристтерди, сыйлуу конокторду бирнече ирет чакырып, Көл жээгинде сайран куруп дегендей. Ага кеткен чыгымды жабыш үчүн ири бизнесмендерден алган карызды алигиче кайтарып бере элек экенсиз. Сыр болбосо, карыздын жалпы көлөмү канча?

2. Кызматтан кол жууганы жөн жатпай, оппозицияны тымызын каржылай турганыңыз туурасында имиштер тарады. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

Эксдепутат Осмонбек АРТЫКБАЕВге

1. Сизге таандык "Неман" компаниясынын башкы деректирине жана башкы бухгалтерине каршы кылмыш иши козголгон. Ал иш аягына чыктыбы? Дегеле компания кандай мыйзамдарды бузган?

2. "Осмонбек Артыкбаев "Неман" компаниясын сатып, бөлөк жакка кетет экен. Атүгүл элчилик кызмат сунушталып атыптыр…" таризинде аңыз кеп тар чөйрөдө айтылууда. Чындап эле Кыргызстанды "чанганы" жатасызбы?

Саламаттык сактоо министри Марат МАМБЕТОВго

1. Өткөндө борбордогу ?4 төрөтканадан бир нече эне каза таап, буга дарыгерлер күнөөлөнүп, маселе өкмөттүк деңгээлде каралды. Башкы дарыгер Эсен Исаков кызматтан кетирилди. Исаков кийин бул иш анын ордун алуу үчүн эле болгонун айтып чыкты. Буга неге жооп бербейсиз? Ошондой эле башка ооруканалардагы адам өлүмү боюнча фактыларга неге жогоркудай реакция жасабайсыңар? Мисалы, жугуштуу илдеттер ооруканасында да биртоп наристелер көз жумган. Бирок, бир да дарыгердин кылы кыйшайган жок. Буга эмне себеп?
"Агым-пресс"