Кыргыз гезиттер архиви

Бүгүн мент - эртең импотент!
МАИчилер дайыма колдон түшүрбөй жүргөн радарды изилдеген эксперт-электрончулар ушундай жыйынтыкка келишкен. Аларга ишенсек, бул аспап 24,15 гигогерц жыштыкта иштейт. Мындай көрсөткүчтөгү жыштык адамдын кан басымынын туруктуулугун жоготуп, импотенцияга алып келет. Ала таякчан инспектор бул куралдан суткасына он эсе көп зыяндуу нурларды алат. Машинанын ичинде кармаса - жүз эсе. Бирок, негизги "нан" болгон радардан маичилер кантип баш тартат? Эми алар акчаны тандайбы же аялдыбы? Деги маичилерге кыйын эле болду.

Сегиз евролук секс
Гамбургда эркектерди чай кайнам убакытта жыргатып тейлеп турган атайын үй ачылган. Ал күнү-түнү тынбай иштеп, кардарларды өтө тактык менен кабыл алып турат. Чай кайнамдык кумар баасы болгону 8 евро. Өкүнүчтүүсү, телефон аркылуу тизмеге жазылган эркек бир-эки мүнөт кечиксе эле өчүрөттөн дароо өчүрүлөт. Кардарлардын айтымында,бул шашылышта жеген даамдуу шашлыктай. Даяр, ысык, даамдуу, ыңгайлуу. Эринбеген, "иштемчил" сойку күнүнө 30 эркекти тейлеп, 150 евро табат.

Тең чечингенди теңирим сүйөт
Орусиянын Чонгарь айылындагы китепкананын окурмандары эки айда сегиз эсеге көбөйгөн. Бул убакытта китепканага айыл тургундары эле эмес, келгин окурмандар да агыла баштаган. Көрсө, мунун сыры мындай экен. Акыркы эки-үч жылда китепканага келгендердин саны азайып кетет. Жетекчиси ойлонуп отуруп, китепканага келген адамдарга китепти энеден туума жылаңач аялдар таап берип тургандай кылат. Ошентип, ал китепканага жеке айылдыктар эмес, ар кай жактагы эркек окурмандар келе башташкан. Баса, Швецияда оорулууларды жылаңач дарыгерлер таңгалдырбай деле калган. "Эгер оорулуу доктурдун көзүнчө чечинүүгө мажбур болсо, а доктурга неге жылаңач жүрүүгө болбосун? Бу деген теңчилик" дешет оңбогон шведдер.

Аялың акыштабаса, ыразиңкелер ыраазы кылат
Эркек аттуунун баары кумарга батып жатканда аялдардын акышын жактырса, айрым аялдар эркектин жалынып-жалбаруусун же тескерисинче сөгүп-сагып туруусун жактырат. Тилекке каршы, айрым аялдар төшөктө акыштаганды кой, "аа" деп койбойт. Эркектер эркелетип, сөккөндү кой, "энеңди" дегенге жарабай эси ооп жатып калат. Муну эске алган америкалыктар мүчөкапка кошумча "тетик" ойлоп табышкан. "Тетик" мүчөкап менен кошо эркектин куралына кийгизилет. Жуптар төшөк оюнун баштап, эркектики эңсеген жайын тапканда, тетик аял-эркектин эсинен кеткис жагымдуу үндөрдү чыгара баштайт. Муну уккан кыз-жигит мууну бошогонго чейин кумарга бата алышат.




Ушундай болот турмушта, асобенно кыргызда
Экөө тең ВИЧ дейби?
Аялым экөөбүз тең азыр ВИЧ оорулуубуз. Муну төрт жыл чогуу түтүн булатып келатып жакында билдик. Эки жашар балабыз бар. Аялым экөөбүз уруша кетип, ал аборт кылдырганы барат. Кан тапшырса эле ВИЧ положительный болуп чыгыптыр. Купкуу болуп кирип келип эле: "Айбан, сен мага жугуздуң" деп ыйлайт. Жиниккен тейде диспансерге учуп барып, аялым алган "наамды" мен да алып, шалпайып кайттым. "Кимиңерден кимиңерге жукканын аныктай албайбыз" дейт доктурлар. Аялым экөөбүз тең сайынып көрбөсөк, анан кимден жуккан? Же мен элчилеп аялымдын көзүнө чөп салбасам. Балким, кептин баары айлап шаардагы апасыныкына кеткен аялымда болуп жүрбөсүн! "Энеңди гана" деп ызырынып кайра тим болом. Минтип ойлобоско да мен байкушта арга жок. Катынымдын эки мамагы эки футбол тобундай, жамбашы жарым метр артка чыгып турат.
Турат, Талас

Өзүмдү тырайтып, аялымды сырайтып…
Аялымдын мага чейин жигити болгонун билчүмүн. Эки жыл мурун ал менин аялыма (албетте, ал кыз кезинде) "келем, күт!" деп Россияга кетиптир. Бир жылдан соң биз баш кошконбуз. Бир күнү эшик тарсылдайт. "Жанара барбы?" деди эңгезердей эме. Жооп кылгыча, эсимди оодара чапты. Эсимди жыйсам аялымды ваннага бекитип алып айда акыштатып жатыптыр. Эртеси милийсага бардым. Ал жактагы тигинин достору бул аракетимен эч нерсе чыкпасын жакшылап түшүндүрүштү. Кечинде тиги дөө "актан" бирди бөктөрүп, кечирим сурап келди. Ичтик. Кечириштик. Аялым эч нерсе болбогондой телевизор көрүп отурду. Кызып калганда тиги айбан мени кайра төпөштөп, эсимди оодара чаап, аялымды дагы зордуктады. Эсимди жыйсам Жанарам жылмаңдап отурат. "Эх, эр сөрөй" деп коет уялбай. "Алыбек алына жараша" деген ушубу?
Жалил, Ош