Кыргыз гезиттер архиви

Ар бир баланын өз ырыскысы бар, бирок…
Азыр төрөгөн аялдар үч жыл декреттик отпускага чыгат. Албетте, үч жыл бою аларга эч нерсе төлөнбөйт. Болгону бир айлык маяна колуна тиет. Мыйзам боюнча иштеген аялдын орду сакталыш керек болсо, бул айрым мамлекеттик мекемелерде эле жолго коюлган. Буга жооп бир - "базар экономикасы". Кыргызда "ар бир баланын өз ырыскысы бар" деп айтылат. Бирок, көпчүлүк жаш түгөйлөр балалуу болор алдында "баланы жакшы багып, ичинтип, кийинтип, окута алабызбы?" деген ойго кетишет. Себеби, учурда балалуу болгондон мурун аны жарыкчылыкка алып келүү үй-бүлөлүк бюджетти бир кыйла бөксөртүп коет. Эсептеп көрөлү.
Болочоктогу эненин организминде тиешелүү витаминдер жетиштүү болушу үчүн адегенде тамак-аш рационун жакшыртышы керек. Анда эт, балык, сүт азыктары сөзсүз болушу абзел. А базарда бир килограмм кой эти 180-200 сом, уй эти 160-180 сом, балык 90 сомдон жогору. Сүттүн бир литри 18-25 сом болсо, бир килограмм быштак 80 сом. Ал эми боюнда бар аял кийүүчү шым, көйнөктөр 700-800 сомдон жогору. Буларды орто эсеп менен алганда бир айга 7 миң сом сарпталат.

"Келе, 200 сом буга, 500 сом тигиге"
"Мамлекет боюнда бар аялдын бекер дарыланып, төрөт үйлөрүндө бекер төрөөсүнө кепилдик берет" деп бакыйта жазылган мамлекеттик кепилдик программасында. Бирок, бир да аял ушу кезге чейин бекер төрөгөнүн уга элекпиз. Келечектеги эне сөзсүз ичүүчү дары бул фолий кислотасы. Бул анча деле кымбат эмес. Эгер боюнда бар аялдын ден соолугу чың болуп, эч кандай оору-сыркоосуз өтсө жакшы. Учурда врачтар жаш энелерге арзаны 100-150, кымбаты 300-400 сомдук витаминдерди жазып беришет. Мамлекеттик бейтапканаларда тиешелүү медициналык жабдык жоктугунан, гинекологдор боюнда бар аялды көп учурда жеке менчик клиникаларга, лабораторияларга анализ тапшырууга жөнөтөт. Ал жакта эң арзан анализдер 150-200 сом, кымбаты 2500, УЗИ 300-400 сом, врачка бир кирип чыкканың 200-500 сом. Айрым энелерге кооптуу диагноздор коюлгандыктан, мындай лабораторияларга бир нече жолу барууга туура келет.
Мамлекеттик оорукана, клиникаларда дайыма учу үзүлбөгөн кезек. Көрүнгөн врачка "пакет" же бир аз акча бербеген аялды ак халатчандар анчалык деле сүйбөйт. Боюнда бар аял кыйналып, ооруп турса дагы кезек күтүүгө аргасыз. Эсептей келсе бул өзүнчө чоң чыгым, азаптуу түйшүк.

"Келишим" кеминде 100 доллар
Жеке төрөтканалардагы операциясыз, табигый төрөттүн орточо наркы 8000 сом. Албетте, төрөөчү аял мамлекеттик төрөт үйүндө деле төрөсө болот. Мамлекеттик кепилдик программа боюнча бул жерде төрөт "бепбекер". Анда көптөн күткөн баланы жарык дүйнөгө алып келген врачты кантип ыраазы кылуу керек? Кантип ыраазы кылуу ар кимдин өз иши. Атайын "ставка" деле жок. Бирок, төрөттөн кооптонгон ата-энелер көбүнчө атайын бир врач менен алдын ала "келишим" түзүшөт. "Келишим" баасынын орточо суммасы 100 доллар. Мындан сырткары, эне-бала төрөт үйүнөн чыккычакты, чыккандан кийин да колдонулуучу кийим-кечек, жалаяк сыяктуу майда-чүйдө нерселер да капчыкка катуу эле таасир этет.

Өкмөткө наристелер өгөйбү?
Эне-бала тыңып торолгуча үйдө жылуулук, күчтүү, калориялуу тамак болуусу керек. Муну орточо эсеп менен алганда да олчойгон каражат. Учурда коммуналдык кызмат, электр энергиясы, жылуулук, ар кандай салыктарды төлөөдө майып, пенсионер, согуш ардагерлерине жеңилдиктер болору айтылып келет. А эмне үчүн чиедей эки-үч баласы барлар, жаңы балалуу болгондор мындайдан куру калат? Же жаш үй-бүлөлөрдө өкмөт "элге көрсөтпөй" берген энчи барбы? Жардамды айталы десек, эки жылдан бери соцфонд алыскы айылдардагы айрым наристелердин арзыбаган пособиесин кыркып салган. Себеби, ал наристенин ата-энесинин үлүшкө алган жери бар же чоң ата, чоң энеси пенсия алат. Соцфонддун эсебинде мындай үй-бүлө мүчөлөрүнүн бир күндүк кирешеси бир күндүк минималдык керектөөсүнөн, тактап айтканда, 200 сомдон ашат имиш. Айыл жеринде бир күндө кайдагы 200 сомдук киреше? Күмөндөр айтмакчы, "просто, күлкүң келет".

"Туулганына сүйүнбөй, турарына сүйүн"
Баса, азыр каатчылыктан улам бир чети наристенин ден соолугунун чың болушу үчүн баланы эне сүтү менен гана азыктандыруу зарылдыгы айтылып жатат. Жасалма азык балага зыян экендигин да медицина кызматкерлери канкакшап келишет. А энеден сүт чыгыш үчүн ал калориялуу тамактанып турушу шарт. Бул да оңой эмес сумманы сурайт.
Баланын ден соолугу демекчи, азыр мамлекеттик бейтапканаларда тажрыйбалуу дарыгерлер аз. Ошол себептен, ал көпчүлүк ата-энелер баласынын келечегин ойлоп, жеке менчик клиникаларга барышат. Ал жакта педиатрга кирип чыкканың эле 200-500 сом. Мындан сырткары, баланы ай сайын ортопед, окулист, невропатологго көрсөтүү талап кылынышы мүмкүн. Бул кызмат үчүн жеке менчик клиникаларда акча төлөнөт.

Чет өлкөлөрдө кандай?
Бүгүнкү күндө Россияда бир бала үчүн бир айлык пособиенин көлөмү 7492 рубль. А кошбойлуулук, төрөт боюнча бир жолку берилүүчү пособие 25 миң 390 рубль. Казакстанда төрөгөн аялга мамлекет тарабынан 34000 теңге "сүйүнчү" берилип, айына 6000 теңге пособие берилет. Албетте эки өлкөнүн экономикасы биздикине салыштырмалуу бир кыйла өнүккөн. Бирок, Кыргызстанда экономикабызга жараша пособие берилмек тургай, наристелердин канаты кыркылып жатпайбы. Жаш үй-бүлө мамлекет ичиндеги мамлекет экенин өкмөт унутпаса.
Мелис СОВЕТ уулу,
тел.: 386713,
Е-mail:
molybden2703@list.ru




  Укугуңду бил, утулбайсың!

Соцфонд, почта кызматкерлери өздөрү жоопкерчиликке тартылат
? Суроо: - Атам ар бир айдын 12синде пенсиясын алчу. Өткөн айда пенсия 15 күнгө эрте берилди. 29да атам дүйнөдөн кайтты. Жакында почтанын начальниги апамды чакырып, пенсия мыйзамсыз берилип калган деп, аны кайтарып берүүнү талап кылыптыр. Апам ыйлап келиптир, анткени 3600 сом кайтарып бериш керек болуп жатат. Бул мен үчүн аз сумма эмес, айлыктын жарымы. Мен апама эч кимге акча бербе деп эскерттим. Бирок кечээ апамды почтадан чалып чакырышып, ал атамдын 3600 сом пенсиясын берип келгенин айтты. Апам өзү 2000 сом пенсия алат. Мен апамды уруштум. Ал болсо почточулар сотко беребиз деп коркутушканын айтты. Эмне кылуу керек? Мен кимге арызданышым керек?
Жооп: - Апаңыз экөөңүздөр атаңыз өзү алган пенсияны кайтарып бербешиңиздер керек болчу. Социалдык фонддун жана байланыш бөлүмүнүн кызматкерлери пенсия төлөөнүн мөөнөтүн бузгандыктары үчүн өздөрү жоопкерчилик тартышат. Сизди жоопкерчиликке тартканга алардын эч укугу жок.
Пенсия өткөн ай үчүн пенсионердин өзүнүн каалоосу боюнча анын банктагы эсебине которуу жолу менен төлөнөт же аны почта кызматкерлери, Соцфонддун кызматкерлери пенсионер жашаган жерге жеткизип беришет.
Эгер пенсияны айдын он экисинде беришсе дагы, ал пенсияны (өткөн айдын пенсиясын айтып атабыз) сиз дүйнөдөн кайткан атаңыздын ордуна алганга укугуңуз бар болчу. Мамлекеттик пенсияны социалдык камсыздандыруу жөнүндө КР Мыйзамынын 27-беренесинде ушундай.
Пенсиядан башка дүйнөдөн кайткан адамдын туугандары маркумду жайына коюуга пенсиянын базалык бөлүгүнүн он эсе көбөйтүлгөн өлчөмдөгү атайын пособиени да алууга укуктуу.
Бул пособиени алууга адамдын өлгөңдүгү жөнүндө ЗАГС органдары тарабынан берилген күбөлүк кат (форма ?8) негиз болуп берет. Пособие эки жуманын ичинде төлөнүп берилиши керек, бирок адам өлгөн күндөн кийин алты айлык мөөнөттөн кечикпеши керек. Адамды жайына жашыруу үчүн төлөнө турган ритуалдык пособиелерди төлөөнүн өлчөмү жана тартиби жөнүндөгү жободо ушундай жазылган.
Почта бөлүмүнүн кызматкерлеринин аракетин мыйзамсыз деп арыздануу зарыл. Бул үчүн сиз арыз жазып, байланыш боюнча улуттук агенттикке, "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасына жана өзүңүз жашаган жердин прокуратурасына кайрылышыңыз керек. Арызда болгон окуяны ирети менен баяндап жазып, өзүңүздүн дарегиңизди, телефондоруңузду көрсөтүңүз.
Уюмдун уставын окуп чыгып, прокуратурага кайрылыңыз
?? Суроо: - Мен Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусунун жесиримин. 1986-жылдан бери 24 чарчы метр келген гараждын менчик ээсимин. Ушул жылдары мен мүчөлүк акыны үзбөй төлөп келдим (квитанциялары колумда). Бирок анын акысы жылына 1800 сомго чыкканда, аны аябай эле көп деп эсептедик. Анткени менин тааныштарым гараж үчүн 900, ашып кетсе 1200 сом төлөшөт. Ошондуктан мен гараж кооперативинин администрациясы менен кармаша баштадым да, бүгүнкүгө чейин взнос төлөбөй келатам. Менин билишимче, 2003-жылдан тарта жер салыгынын өлчөмү көтөрүлбөптүр. Анда кайсы негизге таянып гараждын акысын көтөрүштү?
Жооп: - Төлөмдөрдүн өлчөмүн көтөрүү үчүн көп учурларда гараж кооперативинин мүчөлөрүнүн чогулушун өткөрүү зарыл. Тарифтерди көтөрүү жөнүндө чечим гараж кооперативинин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана документ түрүндө бекитилет.
Ошондуктан, уюмдун уставы менен тааныштырып коюуну суранып, кооперативдин төрагасына расмий кат жазып көрүү жөнүндө сизге кеңеш берет элек. Гараж кооперативи юридикалык жак болгондуктан башкаруу органдарынын укуктары жана милдеттери уюмдун уставында жазылышы керек.
Уставды окуп чыккандан кийин кандай укуктарыңыз бузулганын, гараж кооперативи кайсы жерден мыйзамды бузуп кеткенин жакшы түшүнүп аласыз. Колуңузда Уставдын көчүрмөсү бар болсо, райондук прокуратурага арыз жазсаңыз болот. Эң алды аныктап тактап ала турган маселе - тарифтерди көтөрүү уставда каралган жол-жоболор менен жүргүзүлдүбү же жокпу?
"ПРАВО.Tazar.KG" сайтынан даярдаган Мелис СОВЕТ уулу