Кыргыз гезиттер архиви

  Жаңы жылды күтүп атасыңарбы?

Салык саан уй деп атып байытып албасаңар болду
Жаңы салык кодекси, анын ичинен кыймылсыз мүлккө болгон төлөм коомчулукта түрдүү пикир жаратты. Аны айрымдары колдосо, көпчүлүгү буга нааразы. Салык тармагындагы оош-кыйыштардын тегерегинде экономика илиминин доктору, профессор Жумакадыр АКЕНЕЕВди кепке тарттык.
- Жеке менчикке салык төлөө өнүккөн өлкөлөрдө кеңири колдонулат. Тактап айтканда, кыймылсыз мүлк төлөмү - байлардан алынуучу салык катары эсептелет. Ал эми Кыргызстандын экономикасы чабал. Ошого карабастан кыймылсыз мүлк салыгы (КМС) киргизилди. Айтмакчы, КМШ чөлкөмүндө да КМС колдонула элек.
- Анда салыктын бул түрүн киргизүүнүн кажети канчалык?
- Кыргызстандын тышкы карызы 2 млрд. доллардан ашты. Каалайбызбы-каалабайбызбы, кези келгенде андан кутулушубуз керек. Мындан 5-6 жыл мурда финансылык жана экономикалык дөө-шаа уюмдар "КМСти киргизсеңер, баланча млн. доллар пайда табасыңар. Ал тышкы карызды жоюуга жардам берет…" таризинде бийлик өкүлдөрүнө шыбырай башташкан. Ошентип, 2004-жылы кыймылсыз мүлккө салык киргизүү боюнча алгачкы мыйзам парламент тарабынан кабыл алынган. Депутаттар өз кызыкчылыгын ойлоп, талашып-тартышкандыгына байланыштуу салыктын нормасы бекиген жок. Ошону менен аталган мыйзам эми ишке киргени турат.
Кыймылсыз мүлк - жеке эле турак жай эмес, анын курамында завод-фабрикалар, ишканалар бар. Андыктан, КМС ишкерлерге оор сокку жаратат. Атүгүл олчойгон салыктын айынан айрым ишканалар жабылышы толук мүмкүн. Мындай кырдаал өчөйгөн өлкө экономикасын өргө кептеши ыктымал. Мунун кимге кереги бар? Менин жеке пикиримде, кыймылсыз мүлк салыгын киргизүүнүн кажети жок. Ал азырынча эртелик кылат.
- Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкө экономикасынын 25%ы көмүскө иш алып барса, ПРООНдун изилдөөсүнө караганда бул көрсөткүч 55%дан жогору. Ал эми жаңы салык кодекси ошол кемтикти жоюуга багытталган эмеспи. Дегеле, көмүскө экономиканы ачыкка чыгарыш үчүн кандай чара колдонуу зарыл?
- Көмүскө экономикадан арылуунун ар кыл ыкмасы бар. Маселен, казак бийлиги чиновниктердин дүнүйөсүн ачыкка чыгаруусун талап кылып, эгерде мыйзам бузуу фактылары болсо, алардын эркиндигине мамлекет кепилдик берерин жарыя кылган. Биз дагы ушул методду колдонсок болот. Байлыгы башынан ашкан олигархтарыбыз жетиштүү…
Россиянын экс-президенти, азыркы премьер-министр Владимир Путин кошумча нарк салыгын 20%дан 10%га чейин төмөндөткөн. Натыйжада "чээнде" жаткан ишкерлер ачыкка чыгып, чогулган каражат көлөмү 2-3 эсеге өскөн.
Мындан сырткары, бизнесмендердин тилин таап, кызматташа билиш керек. Алсак, быйыл компаниялардын бири 10 миң доллар салык төлөдү дейли. Салык кызматкери фирма жетекчисине келип, "эмдиги жылы 12 миң доллар төгүңүз. Жыл ичинде эч ким тынчыңызды албайт" деп келишим түзүп алса болот. Буга улай текшерүүчү органдардын санын азайтуу талапка ылайык.
- Россияны мисалга тарттыңыз. Бизде деле КНС 20%дан 12%га чейин төмөндөбөдү беле?
- Туура. Муну кандайдыр бир деңгээлде карапайым калкка болгон жеңилдик катары кабылдашыбыз абзел. Бирок, кеп мааниси башкада. 3-3,5 эсеге жогорулаган патент наркын мисалга алалы. Мурда ташуу кызматынан (таксо-перевозки) алынуучу патент наркы 1500 сомду түзсө, эми 5000 сом төлөшүң керек. Бул маселе да коомчулукта нааразычылык туудуруп, аны кайрадан карап чыгышыптыр. Жаңы долбоорго ылайык, патент наркы азыркыга салыштырмалуу жогору, жыл башындагыга караганда төмөн (кеп 3-3,5 эсеге өскөн патент наркы жөнүндө жүрүүдө). Ошондой эле төлөм бардык тармакка бирдей каралган. Мында да баланс сакталбаганын баса белгилеп өтсөм. Маселен, нан жасоочу чакан ишкана менен казино жайларынын кирешесин салыштырып болобу? Калыстык жок болуп атпайбы. Натыйжада, бизнесмендер ишмердүүлүгүн "жертөлөдө" уланта беришет да.
- "Сатуудан алынуучу салык" деген беренеде соода иши үчүн 1,5%, өндүрүш тармагына 2,5% төлөө каралыптыр…
- Сурооңузга түшүндүм. Сатуудан алынуучу салыкты киргизүүнүн кажети жок. Себеби, ал продукция наркын автоматтык түрдө 5%га жогорулатат. Бул инфляция 5%га өстү дегенди түшүндүрөт.
- Маектин соңунда, жаңы салык кодексинин келечегине учкай токтолсоңуз.
- Азырынча божомол айтыш кыйын. Бардыгын убакыт көрсөтөт.

Кыймылсыз мүлк салыгы дегенде
өлкө аймагындагы калкынын саны 500 миңден ашкан шаарларда батирлер үчүн 80 кв/метрден, жеке үйлөргө 150 кв/метрден ашканда КМСти төлөө каралган. Ага Бишкек жана Ош шаары кирет;
КМСти аныкташ үчүн алгач турак жайдын кв/метрин тактоо талапка ылайык. Ал кыймылсыз мүлктүн кандай материалдан курулганынан да көзкаранды. Маселен, кирпичтен курулган үйдүн кв/метри 15000, ылайдан тургузулгандыгы 10000, бетондон жасалган тамдардыкы 14000 сомго чейин бааланат;
жыл башында КМС боюнча мыйзам долбоорун депутаттар жактырган. Ага ылайык, мамказынага 750 млн. сом түшүшү керек эле. Бирок, көптөгөн талаш-тартыштардан улам президент Курманбек Бакиев бир жылга чейин мораторий жарыялаган.




 "Жыл мыктылары - 2009"

"Замандаш"
жылдын мыктыларын аныктайт
Жыл сайын жыл жаңыраар алдында Ата журттун сыймыктуу инсандары коомчулуктун элегине түшө баштайт эмеспи. Заманыбыздын демин илгиртпей сезип-туйган "Замандаш" элдик журналы быйыл да салтка айланып калган "Жыл мыктылары- 2009" сынагын баштады. Аталган сынак быйыл алтынчы ирет өтүүдө. Сынактын максаты - элге эмгеги сиңген Ата журттун мыкты атуулдарын коомчулуктун аркасы менен аныктоо. Буга чейинки беш жолку өткөрүлүшүндө эл кызматына жарап, калктын алкышына арзыган мыкты уул-кыздарыбыз бул сынакта жеңип, сыймыктуу наамга ээ болушкан.
Быйыл 16 номинациядагы мыктылардын мыктысын аныктоо үч этаптан жүрүүдө.
Социологиялык изилдөөнү камтыган сынактын биринчи этабы аяктады. Мында шаардын эл көп түйүндөрүндө студенттердин аркасы менен бир жумалык социологиялык сурамжылоо жүрүп, калайык-калк чыгаандардын алгачкыларын аныкташты.
Ушул тапта сынактын экинчи этабы болгон интернет добуш берүү "www.zpress.kg" сайтында жүргүзүлүүдө.
Сынактын үчүнчү этабында интернет добуш берүүдөн алдыга озуп келген талапкерди атайын комиссиянын мүчөлөрү аныктамакчы. Эл ичинен чыгаандарды таап чыгарган, чыныгы эмгекти, мээнетти баалаган "Замандаш" журналынын "Жыл мыктылары - 2009" сынагынын финалдык сыйлык тапшыруу аземи ушул жылдын 22-декабрында А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында коомчулуктун, ММКлардын катышуусунда атайын концерттик чоң программа менен өтмөкчү. Өлкө турмушунун ар кайсы тармактарында ак кызмат өтөп, адал эмгеги, таланты, ишкер ийгилиги менен таанылган мыкты уул-кыздарыбызды, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымын кошуп жаткан мекеме-ишканаларды, кыргыз элин улут катары, эл катары дүйнө жүзүнө таанытып жаткан чыгаан инсандарыбызды, жаштарыбызды аныктоодо 16 номинация каралды.
Эмесе, заман жүгүн көтөргөн мыкты атуулдарыбызды баалап алчу өзүңүздөр, урматтуу замандаштар!
Үн кошуңуз - Замандаш!!!




  Оп, майда

Уландысы. Башы 3-бетте
Үсөнов, үч айылды унутпа
Союз мезгилинен бери Кыргызстандын Дадахан, Достук, Көмүрчү айылдарын Өзбекстан электр энергиясы менен камсыз кылып келген. Өткөн жумада өзбек тарап капысынан эле Достук кыштагына жарык берүүнү токтотуп, кечээ кайра жандырды. Үч айылдын жашоочулары өзбек тарап жакында электр энергиясын берүүнү таптакыр токтоторун "Азаттыкка" билдирип, алдын-ала электр мамыларын, трансформаторлорду жыйнап кетип жатканын билдирген. "Бирок, бийлик тарабынан азырынча маселени чечүүгө эч кандай кадамдар жасала элек. Өзбектер өчүрүп койсо, кычыраган кышта кантебиз?" дешет чиедей балдары бар айыл тургундары.


Ошто мал санак башталды
Ош облусунда 1-декабрдан 30-декабрга чейин үй жандыктарын каттоо башталды. Облустук статистика башкармалыгынын билдиргенине караганда, каттоо үй кожоюнунун айтканы боюнча гана жүргүзүлөт. Башкармалыктын начальниги Болот Бүргөевдин айтымында, каттоо алдын-ала даярдыктар менен башталган. Буга чейин облус, райондордо жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн катышуусунда семинар, жыйындар өткөрүлгөн. Үй чарбасын толук тизмелеп, каттоо объективдүү жүргүзүлүшү үчүн облус, район администрацияларында, айыл өкмөттөрүндө атайын көзөмөлдөөчү комиссиялар түзүлгөн.


Тил билсең, дил билесиң
Шанхай кызматташтык уюмунун генералдык катчылыгына экс-тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев дайындалды. Бул кызматтын штаб-квартирасы Пекинде жайгашкан. Анын талапкерлигин уюмга кирген бардык өкүлдөр колдогон. Эскерте кетсек, Муратбек мырза кытай тилинде түш жоруйт. Ал келерки жылдын январынан тарта Пекинде иштей баштайт.


Укук коргоочуларга укурук
Кыргызстандын укук коргоо органдары Тажикстандын белгилүү укук коргоочусу Нагина Бахриеваны өлкөгө киргизүүгө тыю салды. Ал коомдук уюмдардын чакыруусу боюнча келген болчу. Бирок аны "Манас" аба майданынан бери өткөрүшпөдү. Себеби, ал ушул жылдын сентябрь айында Кыргызстанга келгенде атайын органдар менен ыйкы-тыйкы болгон экен. Буга чейин россиялык укук коргоочу Бахром Хамраев өлкөдөн чыгарылган эле. Себеби, ал Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин алдында нааразылык акциясын өткөрүп, башкы чекист Мурат Суталиновдун отставкасын талап кылган.

"Агым-пресс"