Кыргыз гезиттер архиви

  Айлампа

Коңшуга бересе болгонуң - аны моюнга мингизгениң

Газ үчүн Өзбекстанга 18 млн. доллар карызды төлөө Кыргызстан үчүн жеңил болбоду. Акыркы мөөнөт 1-декабрда бүтмөк. Ошентип карызды төрткө бөлүп төлөдүк. Газга болгон төлөмдөрдү чогултуу үчүн "Кыргызгаз" октябрь, ноябрь айларында 7 миңден ашуун абонентти өчүрүштү.
20 миңден ашуун абонент газдын акчасын алдын ала төлөп пайдаланып жатса да, 18 млн. доллар карыз болуп калуу же келген газдын 25 пайызы абага тарагандай жок болуп кетиши "Кыргызгаздын" ишинин ойдогудай эмес экенинен кабар берет. Кыргызстан Өзбекстандан жылына 200 млн. кубометр газ алсак, анын 50 млн. дайынсыз жоголот. Мындай "керемет" окуя Кыргызстанда гана болушу мүмкүн. Буга чейин парламент, коомдук уюмдар "Кыргызгаз" коррупцияга белчесинен батканын белгилешкен. Чындыгында газ менен электр энергиясы абага тарап же жерге сиңип кетпейт. Баары жөнөкөй. Ишканалар, сауна, мончолор газды каалагандай пайдаланып, бул тармактагы таасирдүү кишилер менен сүйлөшүп берчүсүн берип, эсептегичти артка айлантып кайрадан мөөрлөп коет. Натыйжада кимдир бирөөлөрдүн чөнтөгүнө миңдеген сом сиңип кетет. Жанагы электр кубаты менен газдагы жоготуулардын башкы себеби ушул. Эми өкмөт энергетика тармагына жаңы эсептегичтерди орноткону жатат. Мунун акыбети кандай болот, аны да көрө жатабыз.
Бирок 25 пайыз газдын жок болушу боюнча эч ким иликтөө иштерин жүргүзгөн жок. "Кыргызгаздын" жетекчилери буга күнөөлөрү жоктой көгүлтүр оттун жоголушун моюндашпады. Тескерисинче, газ тармагында кожоюну Саламат Айтикеевдин айлыгы 52 миң сом экенин уккандардын алласы оозунан түштү. Эгер газ жоголбой, эсеп-кысаптын баары так чыгып, Өзбекстан менен маселе жок болсо Айтикеевдин айлыгы аш эле болсун. Эң эле жаманы, жанагы 18 млн. долларды жоготкон кишилер эмес, өкмөттүн төлөп жатканы.
"Кыргызгаз" газды Өзбекстандан алган баадан кымбатка сатат. Өткөн жумада Премьер-министр өткөргөн селектордук кеңешмеде бул жөнүндө катуу сөз болду. Бирок, айтылгандай, дүйшөмбү күнү Данияр Үсөнов Саламат Айтикеевди кабыл албады. Сыягы, өкмөт башчысы Айтикеев боюнча өзгөчө чечим чыгарат өңдөнөт.
Мындан ары да газ маселеси оор бойдон калары талашсыз. Себеби Түркмөнстан менен Өзбекстан келерки жылдан тарта Кытайга газ сатмакчы. Аны Кыргызстан аркылуу эмес, Казакстан аркылуу алып өтүштү. Ошентип газга болгон суроо-талап күчөп, өзбектер менен түркмөндөрдүн соодасы кызып жатканда, биз сыяктуу чабал өлкөлөргө ырайым кылары күмөн. Ар дайым ызгаардуу кыштын алдында кыргыздардан карыз доолаганды өнөкөткө айландырышты. Кээде сокурду жарга түрткөндөй өчүрүп салышканы жан кейитет. Бирок бизде деле Өзбекстанды талуу жеринен кармап кеп-сөзгө келтирчү туткалар болгон менен, аны бир да жолу пайдаланбадык. Мисалы, 100 миңге жакын калкы бар Сох районуна газ Кыргызстан аркылуу өтөт. Анын акысына биз сокур тыйын албайбыз. Шахимардан анклавына да газ түтүгү кыргыз жеринен өткөн. Бул жерде да абал ушундай. Ушуларды эсепке албай туруп, коңшулар газды бизге дүйнөлүк баада сатууда. Ал турсун Кыргызстандын аймагындагы өздөрүнүн өзбек ишканалары пайдаланган газды да биздин эсепке кошуп жиберишкен.
"Кыргызгаз" сатылат деген менен бул иш да сөз боюнча калды. Өздүк наркы 3 млрд. 200 млн. сом деп бааланган. Бирок Саламат Айтикеев бул ишкананы сатып алгандан бетер өзүнө 52 миң сом айлык коюп жатса, сатылгандан кийин көрөр күнүбүз не болору белгисиз. Биз баары бир коңшулардын газынан баш тарта албайбыз. Ошондуктан бул тармакты иретке келтирип, бардык чырдын аягына чекит коюуга мезгил жетти. Аны менен кошо Өзбекстанды кеп-сөзгө келтирчү чараларды колдонууга да.
Келдибек НАЗИРОВ




  Укугуңду бил, утулбайсың!

Ээн жүргөн итти атуу ээнбаштык эмес
? Суроо: Көчөдө ээн жүргөн иттерди жана башка жаныбарларды балдардын көзүнчө атуу санитардык кызматтар тарабынан коомдук тартипти бузууга жатпайбы?
К.Исраилова.
Жооп: Көчөдө ээси жок жүргөн жаныбарларды атып, жыйнап кетип жаткан санитардык кызматтардын ишин коомдук тартипти бузуу катары кароого болбойт. Жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасагандыгы үчүн жоопкерчилик чаралары Кылмыш кодексинде каралган. Акыл-эси жайында, жетилген куракка келген ар бир адам жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылып, аларды өлтүрсө же кууп-сабап бир жерине зыян келтирсе, кылмыш жоопкерчилигине тартылып, акчалай айыпка жыгылат же 120 сааттан 150 саатка чейин коомдук жумуштарга айдалат.
Компенсация алгың келсе, эсептегенди бил
?? Суроо: "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзамдын шарттары боюнча штаттар кыскарган учурда мамлекеттик кызматчыга ал ээлеген кызматтын үч айлык эмгек акысынан аз эмес акча төлөп берилиши керек. Ал эми Эмгек кодексинде болсо төлөнө турган пособие эки айлык эмгек акыдан аз эмес болушу керек деп көрсөтүлгөн. Дегеле мекемеде штаты кыскарып калган мамлекеттик кызматчыга акча кандай тартипте жана өлчөмдө төлөнүп берилет?
Жооп: Эгер сиздин кызматыңыз мамлекеттик кызматтардын тизмесине кирсе же мамлекеттик административдик кызмат болсо, анда сиз мамлекеттик кызматчы болуп мыйзамдуу түрдө эсептелесиз. Ошондуктан мекеме жоюлуп же кайра уюшулуп жаткан учурда сиз сунуш кылынган кызматтан баш тартсаңыз, анда орточо эмгек акынын төрттөн бир бөлүгү мекемеде сиз иштеген жылдарга көбөйтүлүп, бирок сиз ээлеген кызматта алып жүргөн эмгек акынын үч айлык көлөмүнөн аз болбогон өлчөмдө пособие берилүүгө тийиш. (КР "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзамынын 3-беренеси, 1-пункту).
Аталган мыйзамдын күчү төмөнкү учурда колдонулбай турганын эскерте кетели:
мамлекеттик саясый кызматтагы адамдарга, эгер аталган мыйзамда башкасы каралбаса;
мамлекеттик саясый кызматтарды ээлеген адамдардын кеңешчисин, консультантын жана жардамчыларын дайындоо, көтөрүү, бошотуу учурунда;
аскер кызматчыларына;
муниципалдык кызматчыларга;
мамлекеттик органдардын карамагындагы мекемелерде, ишканаларда, уюмдарда илим-изилдөө, чыгармачыл, окутуучулук, дарылоочулук жана башка тейлөө кызматтарында иштеген адамдарга. Мындай мекеме-ишканалардын жетекчилери да ушул тартипке баш ийет;
мамлекеттик органдарга иштеген техникалык жана тейлөөчү кызматчыларга.
Жогоруда көрсөтүлгөн адамдарга Эмгек кодексинин нормалары колдонулат.
"ПРАВО.Tazar.KG" сайтынан даярдаган Мелис СОВЕТ уулу




  Жумакайрык

Карыздан кутулдук, кайрадан карыз болгонго даярдангыла
ДҮЙШӨМБҮ
Кадимки сасык тумоо күчөп, ага чочко ылаңы боюнча паника кошул-ташыл болуп, мектепке окуучулардын көбү келбей калгандыктан 23-ноябрда республика боюнча 442 мектеп жана 3 мектепке чейинки билим берүү мекемелери жабылган. Бул аралыкта Билим берүү жана илим министрлиги окуучулар арасында сасык тумоого каршы эмдөө иштерин жүргүзүү боюнча буйрук чыгарган экен. 30-ноябрдан тарта Бишкектин мектептеринде окуу кайра башталды. Бирок буйрукта көрсөтүлгөн иш-чара кайсыл мектептерде өткөрүлгөнү түшүнүксүз. Мисалы, баш калаанын жаңы конуштарындагы мектеп окуучулары үчүн мындай эмдөө болгон эмес.
ШЕЙШЕМБИ
Кыргызстанда ВИЧ/СПИДди жуктуруп алгандардын саны эки жарым миңден ашты. Соңку учурда бул дарт аялдар арасында көбөйүп, алар жалпы оорулуулардын 34 пайызын түзүп калды. БУУнун СПИД боюнча программасы 1-декабрда СПИДден коргонуу күнүнө карата жарыялаган баяндамасында быйыл Чыгыш Европа менен Борбор Азияда 110 миң адам бул илдетти жаңыдан жуктурганы айтылды. Башкача айтканда, аталган аймакта ВИЧ инфекциясы бар адамдардын саны 1,5 миллионго жеткен. 2001-жылы алардын саны 900 миң экенин эске алганда, өсүш 66%ды түзөт. БУУнун программасы белгилегендей, учурда Чыгыш Европа жана Борбор Азияда ВИЧ инфекциясы жайылып баратат. Андыктан, кыргызстандыктар "уктагандан" абайлашы зарыл.
ШАРШЕМБИ
"Кыргызгаз" өзбек ашыналарга болгон 18 млн. доллар карызды бөлүп төлөп отуруп, бул күнгө карата 2 млн. доллардан бир аз ашыгырагы эле калган. Буга чейин кошуна тарап 1-декабрга чейин карызыңарды төлөп бүтпөсөңөр көгүлтүр отун берүүнү токтотобуз деп жатышты эле. Калган бөлүгү ушул күндөр аралыгында төлөнүп бүттү. Карызы жок кандай жакшы. Бирок бул 18 млн. доллардан эптеп кутулдук, эми Акаевден мурас калган 2 млрд. доллар карыздан качан, кантип кутулар экенбиз?
БЕЙШЕМБИ
Бүгүн майыптардын эл аралык күнү. Бул дата 1992-жылы БУУ тарабынан белгиленген. Буга карата 3-декабрда Кыргызстандагы сиам эгиздери Зита жана Гита Резахановалар Чүй облусундагы Жаңы-Жер айылында кайрымдуулук акциясын өткөрүштү.
ЖУМА
Бул жумада өкмөт башчысы Астанага барып кайтты. Эки өкмөт башчынын жолугушуусунда Казакстан Кыргызстанга 5, 8 млн доллар гуманитардык жардам бермей болду. Нак акча түрүндө бериле турган ал каражатка Кыргызстан көмүр сатып алыш керек экен. Каражат бергендер Кыргызстан көмүрдү кимден сатып аларын өздөрү чечсин деген. Бирок премьер-министр Д. Үсөнов көмүрдү Казакстандын өзүнөн сатып аларыбызды айтты. Анын түшүндүргөнүнө караганда көмүрдү Казакстандан ташуу алардын ички тарифтери менен жүргүзүлөт. Башкача айтканда, ТЭЦке келип түшүүчү бул көмүр адаттагыдан 50 пайызга арзан болот. Албетте, байдын оокатын байкуш аяйт болбойлу. Бирок ошол каражатка өзүбүздөгү көмүр кендеринин соодасын жүргүзсөк тигинче акча өзүбүздө калбайт беле. Ташуу да андан эки эсе арзан болот эле дегендей…
Жумага
сереп салган
Зайырбек АЖЫМАТОВ