Кыргыз гезиттер архиви

Оп, майда
Тажикан айым "тарс" этти
"Кыргызстанда электр кубатына жана жылуулукка тарифтерди көтөрүүнүн экинчи баскычы болбой калышы мүмкүн" деди вице-премьер-министр Тажикан Калимбетова Борбор Азияда социалдык коргоо боюнча өткөрүлгөн аймактык конференцияда. Электр кубатына жана жылуулукка тарифтерди көтөрүү боюнча өкмөттүн кабыл алган токтомунда 2010-жылдын 1-июлунан баштап электр кубаты 1 сом 50 тыйындан 1 сом 90 тыйынга, жылуулук он эсеге кымбаттамак. Тажикан айым бул божомолду шефи менен кеңешип алып айтты бекен же... Баса, кайсыл шеф менен? Байкашыбызча, президент аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жеңилдик берүү боюнча жарлыктарга кол койгондон башка тарифтердин кымбатташы боюнча конкреттүү бир нерсе дей элек.


Өпкөсү жокторду туура пайдаланыш керек
Казакстан 500 млн. кВт/саат электр кубаты үчүн акыны Кыргызстанга алдын ала төлөйт. Бул туурасында эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын сүйлөшүүлөрүндө айтылды. "Биз документке кол койдук, ал боюнча декабрь-январда Казакстан жазында сугат суусу менен бирге ала турган 500 млн. кВт/саат электр кубатынын акысын алдын ала төлөйт" деп айтты премьер-министр Данияр Үсөнов. Казакстандын премьер-министри Карим Масимов бул Токтогул суу сактагычынан суу берүүнү жөнгө салууга жана Кыргызстанда кыштан көйгөйсүз чыгууга мүмкүндүк бере тургандыгын айтты. Кыскасы, жыргай турган болдук.


Ачаарын ачтыңар, бирок иштегенди да билгиле
Жума ортосунда Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинде "Жарнамалык иш жана коомчулук менен байланыш" кафедрасы ачылып, өз ишин баштады. Мындан ары бул кафедранын окутуучулары, студенттери Кыргызстандагы жарнама боюнча алдыңкы адистер, журналисттер менен тыгыз кызматташ болуп, алган билимдерин иш жүзүндө көргөзүшмөкчү. "Мындай адистик дүйнө өлкөлөрүндө кеңири колдонулуп келет жана кафедранын ачылышы эмгек рыногунун, учурдун талабы" дешет окуу жайдын мугалимдери.


Биз эми КырГЭСтан болобуз
Кыргызстанга дагы жыйырмага жакын ГЭС курулат имиш. Кыргызстандагы Чакан жана орточо энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоордун дирекциясы Малайзияда жергиликтүү "Селога Холдингс" компаниясы менен энергетика жаатында кызматташуу тууралуу келишимге кол койду. Келишимге ылайык, жакынкы үч-беш жылдын аралыгында 300 миллион долларлык долбоор ишке кирет. Анын алкагында Кыргызстанда 240 мегаватт кубаты бар 20 чакан ГЭС курулат. Жакынкы күндөрү "Селога Холдингс" компаниясынын адистери ишкер долбоорлорду даярдоо, ГЭСтер курулуучу жерлерди аныктоо үчүн Кыргызстанга келип кетишмекчи.


Сындап жатып "сыйыртмак" салынды
Өткөн ишемби күнү Композиторлор союзунун пленуму болуп өттү. Сынчынын иштегенин көрөлү дешкенби, композиторлор бир добуштан "Агымдын" туруктуу авторлорунун бири Турдубек Чокиевди Композиторлор союзунун төрагасы кылып шайлап салышты. Буга чейин Турдубек ага Композиторлор союзуна катуу сын айтып келатканы көпчүлүккө маалым. Эми калемдешибизди төрагалык кызматы менен куттуктап, ага "сынчынын сыңар өтүгү майрык" дедиртпей, жакшы иштеңиз демекчибиз.


Департаменттин деми күч
Кечээ Т. Океев атындагы улуттук киностудиянын залында "Зилзала" документалдуу тасманын премьерасы болду. Тасманын режиссеру Болот Алимбаев "Зилзалада" Кыргызстандагы жаратылыш кырсыктарына байланышкан көйгөйлөр чагылдырылганын белгилейт. Киночулар департаменти бул фильм менен эле чектелип калбасын билдиришти. Декабрь айынын аягында Бекеш Абдылдаев менен Нуртай Борбиевдин документалдуу фильми көрүүчүлөрдүн сынына коюлмакчы. Маалымат-кызматынын билдиргенине караганда департаментте дагы бир нече тасмаларды тартуу долбоорлору бар. Алардын негизгиси азыркы терроризм тууралуу айтып берген "Жаңгак токоюндагы жан алгычтар" долбоору. Тасманын режиссеру Болот Шамшиев москвалык кесиптештери менен фильмди тартууга жай издеп жаткан убагы. Бирок бул фильмди тартуунун тегерегиндеги ызы-чуу жөнүндө өткөндө жазганбыз.


Өпөң-чычаң, ойт берме
Генерал И.Исаковдун соту бул жумада апогейине жетти. Дүйшөмбүдө өткөн сотто мамлекеттик айыптоочу И.Исаковду сегиз жыл эркинен ажыратууну Балыкчы аскердик бөлүгүнүн командиринин орун басары Нурдин Каимовго он үч жыл берүүнү, Курал-жарак, техника боюнча башкармалыктын башчысы Таалай Сатыбалдиевди шарттуу бир жыл эркинен ажыратууну сураган. Ошондой эле айыпталып жаткандарды аскердик чининен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялаш керек дейт прокурор. Күнөөлөнүп жаткандар жана алардын актоочулары бул айыптоолорду мыйзамсыз деп билдиришти. И. Исаков өзүнө каршы ачылган кылмыш ишин саясий куугунтук катары баалап келет.


Ч.Айтматов балдар менен жолугушат
Эртең Бишкекте Чынгыз Айтматов атындагы китепканада "Чынгыз Айтматов жана дүйнөлүк адабият" деген аталышта балдардын жана өспүрүмдөрдүн конференциясы өтөт. Ага республикадагы мектептердин окуучулары, студенттер катышат. Конференцияда Ч.Айтматовдун дүйнөлүк адабияттагы орду талкууланып, балдар поэзия жана проза окушат. Мындан тышкары улуу жазуучунун чыгармаларынын негизинде даярдалган театрлаштырылган көркөм композиция тартууланат. Китепкананын фойесинде Ч.Айтматовго арналган фотокөргөзмө, балдардын эмгектери - сүрөт, реферат, жазуучунун чыгармаларындагы образдар кол өнөрчүлүк буюмдарда орун алып, (жыгач, кийиз, чий), көргөзмөгө коюлат.


Балдарды белексиз калтырбагыла
4-декабрда А.Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрында жыл сайын өткөрүлүүчү Кыргызстандагы Улуттук Кызыл Жарым ай коомунун "Балдарга кубаныч тартуулайбыз!" деген кайрымдуулук акциясы башталат. Акция муктаж балдарга жаңы жылдык белектерди сатып алуу үчүн каражат жыйноого багытталган. Бул күнү миң таттуу белектерди сатып алууга каражат тартуу пландаштырылууда. Кызыл Жарым айдын бул он күндүгү 14-декабрга чейин созулат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 6 миңден ашуун жеткинчектер жетим балдар мекемесинин багуусунда турат.


Балаты базары жакында кызыйт
9-декабрдан тарта борбордо шаардык балаты базары ачыларын мэриянын коомчулук менен байланыш башкармалыгы билдирди. Базар Лев Толстой менен Термечиков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Пишпек" базарында уюшулмакчы. Бул жерден шаар тургундары жаңы жылдык буюмдарды, жасалгаларды сатып ала алат. Бул иш мыйзамсыз балаты сатууну азайтуу, жаңы жыл алдындагы баш аламан соода-сатыкты тартипке келтирүү максатында болгон. "Бул күндөрдө мыйзамсыз көчө соодагерлерине тиешелүү чара колдонулат" деп билдирет башкармалык. 9-декабрдан тарта Өрт өчүрүү кызматына жардыргыч заттарды саткандарга талапты катуу коюу тапшырмасы берилген.

Уландысы 8-бетте





 

Бишкек шаарынын 6-кичи-районунда жашаган 73 жаштагы пенсионердин үйүн бейтааныш адамдар кожоюндун макулдугусуз эле 35 миң долларга сатып жиберишкен. Пенсионердин паспортун, анын атынан жазылган жасалма ишеним катты нотариус аркылуу катташкан. Үй эки күн өтпөй үчүнчү адамга да сатылып кеткен. Учурда пенсионердин үйүн сыртынан бычкан шылуундар издөөгө алынды.
***
Талас районундагы Ак-Коргон айылынын жашоосу автоунаасы менен келатса, автотрассадан аскер формасын кийген адамдар токтоткон. Айдоочу документтерин көргөзө баштаганда эле формачандар аны ур-токмокко алып, кол телефонун, машинесин тартып алып из жашырып кетишкен. Талас РИИБинин изкубарлары формачан каракчылардын, изин суутпай колго түшүрүштү. Алар Талас облусундагы аскер бөлүмүнүн кызматкерлери болуп чыкты.
***
1-декабрда Дагестандын Махачкала шаарында милиционерлер таксинин айдоочусун токтотуп, постко алып барышкан. Айдоочуну текшерүүгө алганда эле ал отургандарга ок атып, атүгүл жарылуучу граната да ыргыткан. Мындайга даяр турган милиционерлер капыстан кол салган боевикти атып өлтүрүшкөн. Окуя болгон жерден милициянын сержанты Дмитрий Тютин көз жумуп, эки милиционер оор жаракат алышкан. Ал эми көз жумган боевиктин документтерин текшергенде ал Кыргызстандын тургуну 1982-жылы туулган Каирбеков Бексултан экени белгилүү болду. Анын Дагестанга кантип барып, кылмыш тобуна аралашканы изилденүүдө.
***
Бишкек шаарынын жашоочусу Тахмина аттуу айым БМВ-316 автоунаасын оңдотуучу жайга 19-ноябрда калтырган экен. Бирок, анын унаасын ошол жерден кимдир-бирөө уурдап кеткен. Унаасын жоготкон айым укук коргоочуларга арыз менен кайрылып, жаңы конуштардын биринде жашаган 23 жаштагы жигиттин үйүнөн тапты. Автомашина ээсине кайтарылып, айдай качкан жигит сурак берип отурат.
***
Россиянын Нижний Новгород шаарындагы борбордук базарда соода кылган 24 жаштагы кыргыз жигит Ока дарыясынын жээгиндеги бакка асылып өлгөн. Анын эмне себептен өз жанын кыйганын издөөгө алган изкубарлар сырдуу өлүмдүн түйүнүн чечишти. Көрсө, туулуп-өскөн жери Кыргызстанга келип, туугандары менен амандашып, кайра Россияга барса, сүйгөн кызы аны таштап, башканын колун кармап кеткен экен. Сүйүүгө туруксуз сүйгөн кызынан өч алуу максатында асылып өлүүнү туура көрүптүр. Олда, бечара ай-е.