Кыргыз гезиттер архиви

  Коңшуларга эмес, өзүбүзгө ишенбейлиби

Жонубуздан да жолубуз катуу
Өткөн жумада Минск шаарында ЕврАзЭСтин мамлекеттер аралык кеңешмесинде Россия, Белоруссия жана Казакстан бажы союзун түзүү жөнүндө макулдашты. Бажы союзу 2010-жылдын 1-январынан күчүнө кирмекчи. Кыргызстан да бажы союзуна кошулуу ниетин билдирди. Бирок бир катар россиялык эксперттер Кыргызстан дүйнөлүк соода уюмуна мүчө экенин, ага кирүүдө өзүнө бир катар милдеттенмелерди алганын, ошондуктан тоскоолдуктар бар экенин айтышты.
Эми жогорудагы үч өлкөнүн ортосунда жалпы бажы чегарасы болот. Казак ишкерлер ассоциациясынын вице-президенти Тимур Назханов айткандай, баары СССР мезгилине окшош. Казакстан буудай, газ, мунай, металл жеткирсе, Россия менен Белоруссия техника, кайра иштетилген азык-түлүк, кийим-кечек, ж.б. ташыйт.
Бажы союзу үч этап менен жүргүзүлүп, үчүнчү этабы 2011-жылдын 1-июлунда аяктайт. Демек, Кыргызстан бажы союзуна киргенче аны түзгөн шериктеш үч өлкө бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп калышы да мүмкүн.
Канткен менен бул экономикалык, саясый да чоң жаңылык. Муну менен бирдиктүү экономикалык мейкиндик түзүлөт. 2010-жылдын 1-июлунан тарта Россия менен Белоруссиянын ортосундагы бажы көзөмөлү алынат. Ал эми 2011-жылы Россия мене Казакстанда бажы тоскоолдугу жок болот. Демек, үч өлкөнүн жарандары соода-сатык иштерине чоң мүмкүнчүлүк алышат. Ошондуктан да Россия коомчулугу СССР кайрылып келет деп жоромолдоп жиберишти. Ал эми казак президенти Нурсултан Назарбаев бажы союзунун түзүлүшү экономикалык жактан кимге пайдалуу экенин эсептеп, 400 млрд. доллар Россиянын, 16 млрд. Казакстан менен Белоруссиянын үлүшүнө туура келерин айткан.
Эгер Кыргызстан 2010-жылдын 1-июлуна чейин бажы бирлигине кошулуп калса, дүйнөлүк соода уюмуна мүчө өлкөлөрдүн товарлары жогорудагы үч өлкөгө Кыргызстан аркылуу эбегейсиз өлчөмдө өтүшү мүмкүн. Азыр деле Кытайдын товарлары биз аркылуу КМШ өлкөлөрүнүн дээрлик баарына тарайт. Ошондуктан Кытайдан келген транзиттин көлөмү 7 млрд. долларды түзөт. Эгер биз бажы союзуна кошулсак, бул сумма бери дегенде эки эсеге көбөйүшү мүмкүн.
Бирок Орто Азиядагы геосаясый кырдаал тымызын тирешүүлөрдүн очогуна айланып баратат. Кыргызстан иш жүзүндө Казакстан менен суу ресурстарын, электр энергиясын пайдалануу боюнча ар убак макулдашууга жетишип келет. Премьер-министр Данияр Үсөновдун жакында Казакстанга барганда Казакстан Кыргызстанга 5,8 млн. доллар жардам көргөзүп, 543 млн. кВт/саат электр энергиясын сатып ала турганы дайын болду. Анын акчасын алдын ала төлөшөт. Мындан тышкары, 140 млн. долларга Кемин-Алматы электр линиясын да казактар тартышат.
Өкмөт башчысы Данияр Үсөновдун Казакстанга болгон иш сапарында бажы союзуна Кыргызстандын кошулуусу жөнүндө да сөз болду. Д.Үсөновдун айтуусу боюнча, Кыргызстандын дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болушу союзга кошулууга тоскоол болбойт экен. Бул үчүн бир катар бажы маселесине тийиштүү мыйзамдарды өзгөртсөк болгону.
Бирок бизди кошууга жогорудагы үч өлкө кызыкдарбы, кеп ушунда. Саясый жактан алып караганда, Казакстан менен Россия макул болот, Белоруссия да жок дебейт. Себеби Кыргызстанда тигилер кызыгарлык байлыктар бар. Россиянын Канттагы аскер базасы жана дагы бир базаны түштүккө болжолдоп жатышы Кыргызстандан дароо кол үзүүгө жол бербейт.
Ошол эле учурда бир катар эл аралык маалымат каражаттары, анын ичинде Deutsce Welle "Кыргызстандын бажы союзуна кошулуусуна аны түзүп жаткан үч өлкө көп деле кызыкпайт. Себеби, Кыргызстан ишенимсиз кошуна. Россиядан бир катар ири өлчөмдөгү каражат алып, бирок Американын базасын чыгарбай койду" деп жазышты. Бул пикирдин канчалык деңгээлде чындыгы бар, аны мезгил ырастайт. Бирок Кыргызстан дал ошол кредиттин акыбетин кайтарып, Россиянын ишенимине кирүү үчүн бажы союзуна кошулуп жатат дегендер да жок эмес.
Кыргызстандын эң жакынкы коңшусу Өзбекстан ушул жумада бирдиктүү энергетикалык системадан чыгып кетти. Муну менен Өзбекстан биз силер менен аласа-бересебиз жок, эч кимиңерге муктаж эмеспиз, эми өз арбайыбызды өзүбүз согобуз. Кандай жашасаңар ошондой жашагыла деген оюн билдирди.
Эгер алардын бирдиктүү энергосистемадан чыкканы ырас болсо, бул биз үчүн оңойго турбайт. "Улуттук электр станциялар" мекемесинин башкы директорунун орунбасары Мурат Дурусалиевдин айтуусу боюнча, анда бизде да жарык 19 саатка чейин өчүрүлөт. Анткени электр энергиясы жетишпейт. Тартыштык 650-750 мегаватты түзөт. Абалдан чыгуу үчүн 425 чакырым электр линиясын тартууга туура келет. Кышкы чилде босогодо турганда аны кайсы каражатка тартат элек. Азырынча Өзбекстандын бирдиктүү энергосистемадан чыкканын россиялык маалымат каражаттары билдирди. Бирок Өзбекстандын Тажикстандагы элчиси бул боюнча тажик бийлигине расмий айткан.
Мунун баары албетте, саясат. Өзбектер Гузер-Сурхан электр линиясын тартуу менен Тажикстандан алуучу электр кубатынан баш тартышты. Тажикстан менен Кыргызстанда курулуп жаткан ГЭСтерге алар башынан каршы. Кыргызстандын түштүгүндө орун алчу Россиянын аскер базасына Өзбекстан кандай максатта каршы болуп жатканы да түшүнүксүз. Жакында эле Өзбекстандын
БУУдагы өкүлү "Өзбекстандын ар бир атуулу Кыргызстан менен Тажикстандагы сууларга ээлик кылууга моралдык укугу бар" деп улуттар уюмунун трибунасынан сүйлөдү. Ага чейин Өзбекстандан адам укугуна байланышкан санкцияны Батыш алып салды. Бул үчүн расмий Ташкент бир оппозиционерди түрмөдөн бошотту. Демек, И.Каримовдун азыркы жасап жаткан аракеттери өз акылы менен болуп жатат дегенге ишенүүгө болбойт. Бир катар европалык журналисттер И.Каримовду Батыш өтө аялуу жеринен кармаганын жазышкан. Бул анын кызы Гүлнара Каримованын кылмыш ишине байланыштуу болчу. Экинчи жагынан азыр Ооганстандагы маселени чечүүгө Батыш Өзбекстанды пайдаланууну көздөп жатканы маалым.
Жакында эле Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери октябрь айынын акырында Люксембургда өткөн кеңешмеде Өзбекстанга курал кийрүүгө тыю салынган чектөөнү да бир добуштан алып салышты. Анткени 2005-жылдагы Анжиян окуясынан кийин Евробиримдик бул өлкөгө курал кийрүүгө да тыюу салган эле. Муну менен эми Өзбекстанга Батыш курал-жарактарын кенен-кесири кийрүүгө мүмкүндүк алат. Бир сөз менен айтканда, Россия менен Американын тирешүүсүнүн Орто Азиядагы көрүнүшү ушундай. Биз Россияга ыктаган сайын Өзбекстан жагымсыз окуяларды тартуулай бериши анык болуп калды. Эл аралык эксперттер Орто Азияда суунун айынан келечекте согуш чыгат деп бекеринен айтышпайт экен. Өзбекстандын мамилесинен улам энергетика көйгөйү жанына баткан тажик президенти Э.Рахмонов өткөн айдагы жалпы улуттук майрамда элге кайрылып жатып, "Ата-бабаларыбыз эзелтеден эле Борбор Азияны бийлеп келген. Биз майышып калбайбыз" деп кыйытып өттү.
Казакстан Россия менен бажы союзун түзүп, Өзбекстан өзүнчө бөлүнүп Батышка ыктап жатканда Кыргызстан да келечекте ишенимдүү өнөктөш болор өлкөлөр менен мамиле түзгөнү оң.
Келдибек НАЗИРОВ




Ат жалында алтооз сөз
Россия, Белоруссия, Казакстан өлкөлөрү бажы союзун түзүп, ал келерки жылдан тартып иштей баштайт. Ал эми Кыргызстан анын курамына кошулса, кандай пайда табат?
Касым ИСАЕВ, персоналдык пенсионер:
- Бажы союзунун тарыхы 1996-жылга барып такалат. Кыргыз бийлиги бажы бирикмесине кирип, ошол эле маалда Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун курамына кошулууну көздөгөн. Ушундан улам аларга жакпай калганбыз.
Жакында Россия, Белоруссия, Казакстан бажы союзун кайрадан "тирилтишти". Менин жеке пикиримде, анын келечеги жок. Аталган үч өлкөнүн буга даярдыгы начар. Ошондой эле Кыргызстанды катарынан көрүүгө анчейин куштар эмес. Америкага кошулуп кетпесин деп эле кошуп алышпаса…
Жумагул СААДАНБЕКОВ, коомдук ишмер:
- Көп жылдан бери Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчөбүз. Ал аркылуу өлкөбүзгө товарлар эркин киргени менен, Атамекендик өндүрүштөн чыккан продукция көп экспорттолгон эмес. Бажы союзуна кирсек, чегаралар ачылат. Коңшу Россия, Белоруссия менен Казакстан ортосунда товар жүгүртүү кыйла жеңилдемекчи. Экспорт маселеси да чечилмек. Андан эч ким зыян тартпайт.
Эсенгул ӨМҮРАЛИЕВ, коомдук ишмер:
- Мындай демилге 1996-жылы көтөрүлгөн. Төрт мамлекет башчысы (Россия, Белоруссия, Казакстан жана Кыргызстан) бажы союзун түзүү боюнча келишимге кол коюшкан. Тилекке каршы, бажы союзу туулбай туна чөктү. 1999-жылы ал ЕврАзЭС аталышын алып, кайрадан түзүлгөн. Ошондон бери сүйлөшүүлөр жүрүп, жакында Минскиде үч өлкө жетекчиси бажы бирикмесинин ишин жандандырмак болушту. Менимче, жумуш ыргагы дароо эле башталып кетпейт. Ар бир мамлекет ички мыйзамдарын, тариф өлчөмдөрүн кайрадан карап, бирдей деңгээлге жеткириши керек. Буга болбоду дегенде 2-3 жыл талап кылынат.
Экинчиден, бажы союзу Бүткүл дүйнөлүк соода уюму менен тыгыз мамиле күтүшү абзел. Ошондо гана ташы өйдө кулап, келечеги кең болот. Мындай жолду тандашпаса, андан алгылыктуу жылыштарды күтүүнүн кажети жок. Андыктан, биринчи жолду тандаган шартта гана бажы союзуна кирсек уттурбайбыз.
Асылбек ЖЭЭНБЕКОВ, ЖК депутаты:
- Башка мамлекеттерге салыштырмалуу Россия менен саясый, экономикалык карым-катнашыбыз жакшы. Андыктан Россия, Казакстан менен тыгыз алаканы улантуу талапка ылайык. Бирок, Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (БДСУ) мүчө. Анын талаптары бажы союзуна кирүүгө жол бербейт. Ошентсе да, бажы бирикмесиндеги мамлекеттер БДСУга кошулууга болгон аракетин жумшоодо. Алардын максаты жүзөгө ашкан шартта гана бажы союзуна киришибиз ыктымал.
Токтогул КАКЧЕКЕЕВ, саясат таануучу:
- Акаев доорунда Кыргызстан 8-9 жыл экономикалык блокадада турган. Бизден чыккан продукциялар оңой менен Россия, Казакстанга өтчү эмес. Ал эми үч өлкөнүн демилгеси астында жаралган бажы бирикмесинин келечеги кең. Ал мамлекеттер аралык экономикалык байланыштарды чындоого зор өбөлгө түзөт. Анын аркасы менен КМШ чөлкөмүндө жалпы соода рыногу ачылмакчы. Мындай шыралгыдан куру калбашы үчүн Кыргызстан бажы союзуна кириши зарыл.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ