Кыргыз гезиттер архиви

ӨТКӨӨЛДӨ

("Турар" басмасынын директору
Тилек Мураталиевге)

Баяны укмуш кумар артылгандай,
Балбан сөз анда курчтап балта ургандай.
Бүт мүлдө салт-санаасы эрдик наркы,
Бүткөндөн жер каймактап камтылгандай.

Топон суу дебей бууп торгоп келген,
Тоолукту Манас десек коргоп келген.
Толгонуп тогуз жанып шамдай жаны,
Тоо болуп таянарга орноп берген.

Түндүктөй тик ашуудан таяп өтүп,
Түшүмдө шер Семетей аян этип.
Каруусун казык кылган калп дегенде,
Кабыланды күүгө салдым баян этип.

Кеп чыкпай кээде дымып түтүндөдүм…
Келсе ырым көктөм талдай бүчүрлөдүм.
Жабыгып жаман кетти чөнтөк жука,
Жарыкка чыгарууда үшүм менин.

Бекинбей берерине жыйылгандан,
Бергенден алганды март туюнгандан.
Кабылды бир азамат шол учурда
Кам көңүл, сүттөй пейли куюлгандан.

Жалындуу оттон ысык жүрөк менен,
Жакшылык десе эгерим тим өтпөгөн.
Ал деген суу кечирер жөө калганга,
Акжайдаң эр азамат Тилек деген.

Ашкере менин ошол кубанычым,
Акындык шыгым жалгап уланышын.
Өткөөлдө өз боорумдай колун сунуп,
Өтөлдү жок дебей шарт суранычым.

Учмактуу уя баскан таш башынан,
Учкандай бала туйгун аскасынан.
Жакында жарык көрмөк "Семетейим",
Жаркырап "Турар" аттуу басмасынан.



ТАҢ

Талдообузда таң деген не? Таң деген,
Тамыр жалгап соккон жүрөк кан



менен.
Айда жаап көпөлөктөп асмандан
Ай-талааны актагандай кар деген.

Жашоодо бир жаза баспас ак жолдой,
Жан дүйнөңүн тазалыгы ал деген.
Талдообузда таң деген не? Таң деген,
Таңдай тилди чайкагандай бал менен.

Тунуп турган турна көз мөл булактай,
Тургус кыпын кирпигиңе чаң деген.
Аруулуктун жеткен бийик жери го,
Ак чокуда ай туугандай ал деген.

Тарарына жылдыз канат каккандай,
Таңды утурлап бир периште


акмаңдай.
Мартабалуу сыбызгыта абазын
Махабаттын алтын чоорун


тарткандай.
Айтор, бейгам кардай эрип


мүлдө аалам,
Алп жашоо деп, актык нурун


чачкандай!




Уркаш МАМБЕТАЛИЕВ




  Келкел

Таланттан тамган тамчылар
Музыка - адамдагы ой-сезимдерди айкын ачып бере алган, эмоциялык таасири аркылуу бүткүл адамзат тарыхында идеялык, маданий тарбиялык жана уюмдаштыруучу роль аткарат. Мына ушул жагынан алганда, КР эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, эл аралык Ч.Айтматов атындагы жана "Руханият" сыйлыгынын ээси Керим ТУРАПОВ өнөр жагынан да, коомдук идеялык жактан да, кыргыз искусствосуна талбаган эмгегин өтөп келе жаткандыгын дагы бир жолу далилдеп койду.


29-ноябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын чоң залында 4 сааттык юбилейлик концертте Керим таланты, сахнадагы жөнөкөйлүгү, маданияттуулугу менен көрүүчүлөрүнүн алдында руханий көркөмдүктүн бийик үлгүсүн ачып берди. "Узак концерт " деп залдан эч ким чыгып кеткен жок. Тескерисинче, Керимдин ырдаганына, сүйлөгөнүнө, көрсөтүлгөн видеофильмдерине ыраазы болуп, кол чаап коштоп отурушту.
"Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет" дегендей, төгөрөктүн төрт бурчун көрүп, КМШ мамлекеттеринен сырткары Испания, Корея, Германия, Франция, Бельгия, Кытай, Пакистан ж.б мамлекеттерде болгону ааламдашкан талапты өзүнө коюп, алардан да мыкты кылып алып чыгууну көздөгөнү кубандырбай койбойт. Опералардан ариялар, дуэттер, дүйнөгө кеңири белгилүү ырларды ырдаганда европалыктардын стилине жеткире аткарганы, таза, мукам үнү, ички табигый маданияты жана жоопкерчиликтүү мамилеси аркылуу элди өзүнө тартып турду. Ататүрк атындагы чоң сыйлык - "Алтын үндүү тенор ырчы" деген наам бекеринен ыйгарылбаган экен деген ойго келесиң.
Орусия мамлекеттик чоң театрынын солисти Павел Черных Керимди мааракеси менен куттуктап, Керим менен бир топ опералардан ырдаганын белгилеп өттү.
Азербайжан, Казакстан, Молдова,Түркиядан келген ырчылар да Керимдин талантына таазим этишип, ыр белектерин арнап, ар бири өз тилинде ырдап беришти. Молдова Республикасынын опера театрынын солисти, эл аралык конкурстардын лауреаты Галина Врабаджи: "Керимдин концертине катышууга чакырык алганга кубанып отурам. Биринчи жолу кездешсем да талантына куштармын. Залда отурган көрүүчүлөргө ыраазы болдум. Музыканы түшүнүп, ырдагандардын ар бирин жылуу маанайда тосуп алып жатышты. Юбилярды чын дилимден куттуктайм" десе, Тажикстандын эл артисти, Тажикстандын маданият министринин биринчи орун басары Мирали Достиев: "Биз үчүн Керимдин концерти искусство чеберлеринин концерти болду. Башка мамлекеттердин ырчылары аралашкан концерттер абдан керек. Мен кубанып отурам. Саамалыкты баштаган Керимге ырахмат" - деп кубанычын жашыра алган жок. Казакстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сара Ишенова: "Керим мыкты ырчы, 50 жашта тенор ырчылар экинчи ачылышты ачат. Ден соолук, ийгилик каалайм" деди.
Бир ирет Керимдин үйүнө жаңы гана кыргыз улуттук телерадио корпорациясынын академиялык симфониялык оркестринде иштеп жүргөндө барып калдым. Марио Ланцтын пластинкаларын өзүнчө бир бөлмөдө угуп отурган экен. Керимдин италиялык композиторлордун операларын же дүйнөлүк классикалык опералык чыгармаларды ырдаганда дал ошол учурду эстейм. Ошондой изденүү, талбаган эмгектин натыйжасында бүгүнкүдөй ийгилик, эл алдындагы сыймык болуп отурбайбы. Концертте ырдаган Пуччинин "Тоска" операсында Каварадоссинин ариясы, Вердинин "Риголетта" операсында Герцогдун ыры, "Селкинчек", "Испан болеросу", "О,Соломио" вокалдык чеберчиликти, эмгекти талап кыла турган чыгармалар. А.Жумакматов атындагы академиялык симфониялык оркестр, №3 М.Абдраев атындагы балдар музыкалык мектебинин хору, К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестри, Филармониянын камералык оркестри, Н.Түгөлов атындагы "Ак Марал" бий ансамбли, "Камбаркан" тобу, Керим Турапов башында туруп, искусствонун флагманы экендигин далилдей алышты.
Керим өтө эмгекчил. Түнкүсүн кароолчу болуп иштеп, иштен бош боло калганда келинчегине жардам берип турмуштун ачуу-таттуусун эрте көрдү. Ошондон улам коомдук иштерде, үй-бүлөдө эмне керек, кандай иш аткарыш керек, алдын ала баамдап турат. Бир учурду айта кетейин, 2000- жылы Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын генералдык директору болуп иштеп калды. Филармониянын ичи-сыртынан бери капиталдык ремонт жасатып, жада калса өзүнүн үй-бүлөсү менен хрусталь люстраларга чейин жууп -тазалагандары эсимде. Керим кайсы жерде болбосун үйүндөгүдөй тазалыкты, тыкандыкты талап кылат.
Сахнаны ыйык тутуп "Сагыныч", "Эне жөнүндө баллада", "Бийге чакыруу", "Гүлдө Кыргызстан", "Бишкегим", "Жибек жолу" ж.б. ырларды ырдап турганда, Ата мекен, эл-жер, эненин ыйыктыгын сездирген сезим ыр аркылуу, обон аркылуу көрүүчүлөргө таасир алып келди. Кызы Айтургандын немец композитору Л.Бетховендин №3 фортепиано жана оркестр үчүн концертти ойногону үй-бүлөдө чыгармачылык биримдик, гармония бар экендигин далилдейт.
Адамдын кандай экендиги эки жакка чыкканда билинет. Керимдин да башка мамлекеттердин ырчылары менен тил табышып, камыр-жумур болуп, бардык жактан куп келген абройун көрүп, кыргыздын ушундай нарктуу, таланттуу, акылдуу жигиттери көп болсо экен деп тилек кыласың.
2007-жылы Шанхай Кызматташтык уюмунун саммитинде Керим "Улуу Жибек жолу" аттуу ырын жараткан. Концерт учурунда ал ырдын жаралыш тарыхын да айтып берди. Саммитке карата филармонияда ремонт иштери жүрүп, жумушчулар эки сменде иштегенге туура келет.Түнкү иштеген жумушчулардын тамак-ашына чейин белендетип, өзү да алар менен калып калган күндөрү болот. Бир күнү "Улуу Жибек жолу" деген ырымды жазып отуруп, түнкү саат бирде ремонт жасагандарга чыксам эч ким жок. Көрсө, 12де мен чыкпагандан кийин "и, кетип калган экен" деп баары качып кетишиптир. Кайра кирип ырдын аягына чыккам, - дейт. Керим Султан Раевдин сөзүнө жазылган өзүнүн жаңы ырын апофеоз катары ырдап берди. Эл ордунан туруп, ХХI кылымдын залкар ырчысы Керим Тураповдун бийик талантына таазим этишти.
Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Салиевич Бакиевдин жарлыгы менен Керим Тураповго "Манас" ордени төшүнө тагылганда эл кубануу менен кол чаап, ак эмгеги менен ушул даражага жеткенине ынанып отурушту.
Жамила МАМАТОВА, Кыргызстан композиторлор союзунун мүчөсү, музыка изилдөөчү