Кыргыз гезиттер архиви

  Иш башталды

Жөжөнү эмки күздө санайбыз

Максим Бакиевдин акча каражатын дээрлик толук көзөмөлгө ала турган мамлекеттик жогорку кызматка келиши коомчулукта чоң резонансты пайда кылды. Президенттин кичүү баласы атасынын указы менен мындай орунга отурушу башка реакцияны жаратмак эмес. Бул фактыны эмоцияга алдырбай, оң-тетирисин талдап көрөлү.

Биз европалашкан мамлекетпизби же азиялык типтеги өлкөбүзбү?
Чынында эле татаал геосаясый картада Кыргызстан кандай орунда? Бир топ өлкөлөргө караганда Кыргызстан европалашкан өлкө. Салыштырмалуу билимдүү калкы бар. Жаңылыкты оңой сиңирет. Жашоо образында да, жүрүш-турушунда да европалык ыкма басымдуулук кылгандай.
Бирок ошол эле мезгилде ислам дининин таасиринин күчөшү менен азиялык тип дагы колунан көзүрүн жулдургусу келбегендей. Ал авторитардык режимге ык коюу, күчтүү, темирдей тартип орното ала турган бийликти эңсөөдөн көрүнүп турат. Моюнга алсак, көбүбүз мыйзамды эмес, бийликти тааный тургандыгыбыз да турмуш чындыгы. Бир кезде атактуу дагестан акыны Расул Гамзатов досу Чыңгыз Айтматовдун 50 жылдык мааракесине "Мой знаменитый полуевропеец, мой именитый полуазият" деген ыр саптарын арнаган эле. Ошол саптар бүгүнкү Кыргызстандын да абалын чагылдырып тургансыйт. Чынында эле европалык форма кийген бирок азиялык күчтүү менталитети бар эл экенибиз жалганбы? Максим Бакиевдин кызматка дайындалышы бул жагдайды ого бетер ачык далилдеп салды.

Мураскерлик маселеси
Көпчүлүк бул дайындоодон президент өзүнүн уулун мураскер кылды деп кабылдоодо. Сыртынан караганда чындап эле ошондой көрүнөт. Максим Бакиевдин колуна жөн гана өнүктүрүү инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин башчылыгы гана эмес, өлкөнүн финансы агымдарын көзөмөлдөө тийди. Демек, айрым гезиттер жазгандай, ал атасын бар кылып же жок кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Эгерде бар кыла турган болуп, инвестициялык каражаттарды орду менен пайдаланып өлкөнүн экономикасын көтөрүп жиберсе, мураскерлик өзүнөн-өзү чечилери турган иш.
Президенттин уулунун атасынан айырмаланып, күчтүү командасы бар экендиги талашсыз. Ал болгондо да интернационалдык команда. Мына ушул жагдайдын өзү коомчулуктун бир топ бөлүгүнүн терс көз карашын жаратууда. Чындап эле Кыргызстан эл аралык олигархтардын кезектеги жемине айланбайбы? Толук мүмкүн. Бирок андай опурталдуу финалды болтурбоонун жолу барбы? Мунун жолдору да көп. Мисал катары башка өнүккөн өлкөлөрдүн тарыхына кайрылалы. Учурдагы эң кубаттуу мамлекет АКШ бүт планетадагы алдыңкы ойду, идеяны гана эмес, ошол идеяны ишке ашыра турган адамдарды да өзүнө тартат. Натыйжасын болсо бүт дүйнө көрүп турат. Биз сыяктуу майда Гонконг, Сингапур да рыноктук мамилени чет өлкөлүк кеңешчилердин жардамы менен ишке ашырган. Бирок ошол эле мезгилде мыйзамдуулук так, таасын сакталып, өлкө кызыкчылыгы жогору коюлуп, жеке кызыкчылыкка жол берилген эмес. Бизде да ошондой болобу? Маселе ошондо. Болбосо, Максим Бакиевдин командасынын профессионалдуулугунда сөз жок.

Агенттиктин алгачкы кадамдары
Биринчи эле "элге чыгуу" алгачкы пресс-конференция Максимдин командасынын биз жогоруда айткан профессионалдуулугун дагы бир жолу айгинеледи. Талуу жерди шап кармаганынан кабар берди.
Биринчиси, калкынын көбүн элеттегилер түзгөн өлкө жашоочулары үчүн айыл чарбасы менен алектенгендерге кредиттик компанияларды ачуу. Аны менен токтоп калбай өндүрүлгөн продукцияны сатып алуу. Бул дыйкан, малчыларга майдай жагаары турган иш. Эгерде бул идея ишке ашып, айыл жергеси көтөрүлө баштаса, кийинки шайлоодо элет Максим Бакиев үчүн, акимдердин өкүм зордугусуз эле урнага добуш салаары турган иш.
Экинчиси, ипотекалык үй курууну күчөтүү. Бишкек менен Ошто миңдеген чарчы метр турак-жай курулуп, далайлар жеңилдетилген шартта (бекер үй рынок шартында жокко эсе) үйлүү болушу күтүлөт. Бекеринен ал пресс-конференцияда бир жылдын ичинде экономикада жылыш болгондугун көргөзө алабыз деп айтпаса керек. Демек, команда бир топ ишке сөзсүз аша турган долбоорлорду даярдап койгон. Алар ишке ашып кичүү Бакиевдин мыкты менеджер экенин далилдеши зарыл. Келечектеги президенттик шайлоого мындан өткөн даярдыктын болушу мүмкүн да эмес.
Азыркы дүркүрөп өнүгүп жаткан Кытайды өзгөрткөн Дэн Сяопин "мышык кара болобу ак болобу баары бир, ал чычкан кармаса болду" деп айткан. Де-факто өтө таасирдүү адамга айланган Максим Бакиевде сөздүн чыныгы маанисиндеги патриоттук болушу зарыл. Ошондо гана өлкө чындап өнүгөт жана анын бийлик карьерасы да камсыз болот.
Олжобай БАЗАРБАЙ уулу




  Бир пикир

М.Эшимканов өнүктүрүү фондундагы боштукту толтурабы же…
"Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" дейт кыргыз. Албетте, өлкөбүздөгү ар бир саясый жүрүштөрдү жиликтеп турган таанымал саясат талдоочулар көп. Бирок биз бүгүн ошондой белгилүүлөрдөн качып, саясат таануу илиминин кандидаты, Кыргыз-Россия академиясынын доценти Чолпон СЫДЫКБАЕВди сөзгө тартып учурдагы өлкө саясаты боюнча оюн уктук.


- Мамлекеттик башкаруудагы реформа өз жемишин берет деп ойлойсузбу ?
- Реформа өз максатына жетет деп айтыш азырынча эрте. Өкмөттүн жаңы түзүмү жана президентке караган түзүмдөрдүн башы жаңы гана ачылды. Эми аларда кайра түзүүлөргө, кыскартууларга байланышкан орун очок алуу, калыптануу процесси күтүлүп жатат, ал процесс үч айдан жарым жылга чейин созулушу мүмкүн. Мында тигил же бул түзүмдөгү моралдык психологиялык абал чоң роль ойнойт.
- Өкмөттүн структурасын өзгөртүүдө чечимдер туура болдубу?
- Өкмөттүн түзүмүн кайра түзүүдө кандайдыр бир деңгээлде функционалдык анализ жүргүзүлгөнү көрүнүп турат. Бирок президентке түздөн-түз баш ийген түзүмдөрдө, кызматтарда функционалдык талдоо анчейин болгон эмес . Мына бир эле мисал келтирейин, бизде жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттик бар. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен түздөн түз иштеп жана жергиликтүү граждандык коомдордун демилгелери менен өз арбайын согуп келген айыл өкмөттөрүнүн ишине республикалык деңгээлде координациялык кылган дагы бир органдын болушунун зарылдыгын көрө алган жокмун. Анын үстүнө түзүлгөндөн бери бул агенттик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көзгө көрүнөөрлүк илимий-методикалык же саясый көмөк көрсөтө алган жок. Ошол эле регионалдык денгээлдеги үч баскычтуу башкаруу системасын, тагыраагы облус же райондун бирин жоюу боюнча бышып жетилип калган маселе чечилген жок. Унитардуу чакан мамлекет үчүн бул ашыкча. Балким жергиликтүү администрациялар борбордук бийлик үчүн мезгилдүү саясый өнөктүктөрдө керектир. Арийне, бюрократиялык маанай, чиновниктик текебер психология, функционалдык кайталоо дал ушул жергиликтүү администрацияларда илгертен бекем орун алган.
- Сезилээрлик өзгөрүүлөр кайсы тармактарда болот деп ойлойсуз же айрым саясатчылардын "бул баягы жыйынтыгы жок реформалардын бири" дегенине кошулууга болобу?
- Учурда мамлекеттик башкарууда таасир этүү жана чечим чыгаруу боюнча чечүүчү күчкө ээ үлкөн саясий-экономикалык борбор пайда болду. Ал Өнүгүү, инновация жана инвестициялар боюнча агенттик. Деги эле өлкөнүн маанилүү тармактарын жаңыча ой жүгүрткөн менеджерлерге ишенип берүү маселеси бышып жетилген. Бирок президент муну жакын адамынан баштаганы ыңгайсыз болуп калды. М.Бакиев башында турган бул агенттиктин жетекчилигинин алдында чоң милдет турат. Негизгиси алар өздөрү иштеп чыккан долбоорлорду коммерциялаштырып, агенттикти трансулуттук корпорациялар менен Кыргызстандын ортосунда коммерциялык далдалчыга айландырып ийбей, чыныгы улуттук долбоорлордун деңгээлине жеткирүү. Мен бул жерде агенттиктин жетекчилигиндеги еврохристик жана ашкере материалисттик духунан чочуйм. Анткени бул фактор ал иштеп чыккан долбоорлордун улуттук кыртышка, өзгөчөлүккө коошпой, мамлекеттик кызыкчылыктардан четтетип коюшу мүмкүн.
Анан дагы бир маанилүү маселе, агенттиктин жана Кыргызстанды өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн, долбоорлордун максатын, күтүлчү натыйжаларын коомчулукка ачык жеткирип туруу чоң мааниге ээ. Фонддун байкоочулар кеңешинин жетекчилигине келген М.Эшимканов ушул боштукту толтурууга, долбоорлорду улутташтыруу-да чоң роль ойной алат. Деги эле анын иш тажрыйбасына, авантюристтик мүнөзүнө ушул жолу мамлекет кызыкчылыгын көздөө сапаты айкалышса жакшы болор эле. Анткени ал күчтүү менеджер, долбоорлорду улут кызыкчылыгына буруп тураарына анын эрки жетиши мүмкүн. Аны страус позициясын карманган жетекчи болуп калат деген пикирлерге кошулбайм.
- Конституция дагы өзгөрүүлөргө кабылабы ?
- Жаңы түзүлгөн бир катар структуралар Конституцияда көргөзүлгөн эмес. Биринчи кезекте бул мурдагы президенттик администрацияга байланыштуу. Башка дагы юридикалык жактан талаш туудурган саясый-укуктук маселелер арбын. Алардын бардыгынын ишмердиги мыйзамдык-укуктук ченемдер менен бекемделмейин жарым жартылай легитимдүү болуп кала берет. Ушул себептен Конституцияны дагы өзгөртүүгө туура келет. Бирок, биз жалпы эле башкаруу системасынын мыйзамдык-укуктук актыларын бир системага бириктирип Конституциядан бөлүп чыксак туура болот эле. Буга юридика илиминдеги "юридикалык герменевтика" деп аталган багыт жол берет. Болбосо бийлик алмашканда же бийликтегилердин бийлик түзүмү боюнча көз караштары өзгөрсө эле Башмыйзам көтөрүп чабыла берип ашмалтай болуп бүттү.
- Жогорку Кеңеш таркайт деген сөздөр бар, ал канчалык деңгээлде реалдуу?
- Бул Жогорку Кеңеш өз миссиясын аяктап бара жатат окшойт. Анүстүнө өлкөнүн тарыхында эң алсыз парламент катары калаары чындык. Бийликтин бир бутагынын башында турган орган катары жок дегенде өкмөттүн акыркы электр энергияга, коммуналдык кызматтарга болгон тарифтерди көтөрүү боюнча сунушуна эч кандай каршылыгын көргөзө алган жок. Тарифтердин кескин жогорулашы элдин бардык катмарынын нааразычылыгын жаратат, ал эми элдик органдын реакциясы тиги болду.
Зайырбек АЖЫМАТОВ