Кыргыз гезиттер архиви

  Сая-саалы

Камбар-Ата ГЭСи даяр болгону калдыбы?
Нарын дарыясын тосуп, сыйымдуулугу 70 млн. кубметр болгон суу плотинасын пайда кылууга 23 күн калды. "Нарынэнергокурулуш" ААКсынын башкы директору Альберт Авазбековдун маалымдашынча, жардырууга болгон даярдыктын бардыгы 15-декабрга чейин бүткөрүлүп, курулуш ишиндеги 3 миңге жакын адам Камбар-Ата-2 ГЭСинен ташылып кетет. Жардыруу 20-декабрда "Союзгидроспецстрой" акционердик коомунун адистеринин жетекчилиги астында болмокчу. Эсептөөлөр боюнча жардыруунун кооптуулугу 1, 5 километр аралыкка чейин болот. 3 миң тонна жардыргыч жарылган жерде 5-6 балл, Бишкек-Ош жолунун аймактарында 1, 5 баллдык жер титирөө болушу күтүлөт. Жардыруудан соң крандар кайра калыбына келтирилип, 2010-жылдын май айында ишке киргизилчү агрегаттын электр жабдыктарын монтаждоо бүткөрүлөт. Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи агрегатын аяктоо үчүн 23-ноябрда Өнүктүрүү фондунун директорлор кеңеши жеңилдетилген кредиттен 27 млн. доллар бөлүүнү чечти.
"Чабактар" түрмөдө, чоңдору кайда?
Балыкчы окуясына байланыштуу жүрүп жаткан сот ишинде кемиги кемчилигин моюнга албайт, же керкиси керкейгенин койбойт. Жума ичинде өткөн соттук териштирүүдө кылмыш ишинин ичиндеги документтерге иликтөө жүргүзүлүп, айыпталуучулар менен жабырлануучулардын беттешүү протоколдору катышуучуларга тааныштырылды. 3-декабрга жылдырылган соттук териштирүүдө жарыш сөз болмокчу. Эскерте кетсек, 23-июлдагы президенттик шайлоодо 23 кишиге "шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук кылган, Конституциялык түзүлүшкө шек келтирген, башаламандык уюштурган" деген айыптар менен кылмыш иши козголгон. Ушул тапта Балыкчы СИЗОсунда 10 киши камакта. Калгандары ден соолугуна жана башка себептерге байланыштуу эч жакка кетпөө тууралуу тилкат менен үй камагында. Бул чырды уюштурду деп шектелип жаткандар чет өлкөгө көчө качып, темир тор артында "чабактар" гана отурат.

Мэр дагы шерлигин көргөзөм дейт
Бишкек шаар башчысы Нариман Түлеев жети кадамдан турган үч жарым жылга эсептелген "Баш калааны жаңылоо" программасын жарыялады. ММК өкүлдөрү менен болгон жолугушууда мэр шаардагы ар бир көчө, үйлөргө чейин эсепке алынганын, аларды оңдоо, жаңыртуулар болорун айтты. Шаар башчысынын ырасташынча, 57 чакырым жаңы жол салынат. Калаанын түштүк тарабынан өтүүчү автожол чыгышынан Алматы көчөсүнө, батышынан Баха көчөсүнөн өтүп узартылат. Ошондой эле турак үйлөрдүн жана мекемелердин алды жаңыртылып, мектептер, бала-бакчалар курулат. Кудай жалгасын, бирок шаардын айланасындагы 47 жаңы конуш, ал жактагы социалдык көйгөйлөр кандай болот, Нариман Ташболотович? Эмнегедир шаарды жаңылоо боюнча жасаган кадамдарыңыз Ак үйдүн айланасынан чыкпай калчу эле.

Инвесторлор иттей көбөйөт
Кечээ Бишкекте Борбор Азия фонду биржасынын жаңы офиси ачылып, ага Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин башчысы Максим Бакиев катышты. Агенттик жетекчисинин айтымында, 2010-жылы фондулук биржалар жанданып, инвесторлордун саны көбөймөкчү. Буга аталган агенттиктин фонду рыногундагы реформалары түрткү берет. Реформанын негизги багыттары болуп корпоративдик облигациялардын чыгарылышы, мамлекеттик компанияларды кайра түзүү, алардын акцияларын айлантууну жогорулатуу эсептелет.




  Крим-аалы

Ата- энелери кайда эле?
25-ноябрда Бишкектин менчик үйлөрүнүн биринин чатырынан өрт чыгып, үйдүн бир бөлмөсү күйүп кеткен. Бөлмө ичиндеги төрт жана алты жашар эже-сиңдилер жабыркашкан. Төрт жаштагы наристе ооруканага жеткирилип, денесинен алган 24 пайыз күйүктөн улам көз жумган. Ал эми алты жашар эжеси оор абалда ооруканада. Ушуга окшош окуя Ош шаарында да болду. 24-ноябрда от жаккан мештен өрт чыгып, эки жашар А.Калматов иске ууланып көз жумган.

Ушунчалык ишенчээк болосуңарбы?
24 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну укук коргоо кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын июль айында чала тааныш жигит ишенимине кирип, 100 миң сом акча менен кошо "Мицубиси-Сигма" автоунаасын алып кеткен. Чала тааныш шылуун машинени жасалма документ менен башка бирөөгө сатууга үлгүргөн. Бирок, жабырлануучуну сызга отургузуп, из жашырып жүргөн шылуун алыс узабай изкубарлардын кылтагына түштү. Ал мурда бир нече жолу темир торго отуруп чыккан экен.

А бечара, "көрсөтпөй" албайт белең
Баткен облусунун Кадамжай райондук электр станциясынын жетекчиси айылдашынын мурдагы карызын жашыруу үчүн үч миң сом пара алып жаткан жеринен ички иштер башкармалыгынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматкерлеринин кылтагына түштү. Паракор жетекчи электр энергиясына кеткен чыгымдарды жаап-жашырып, карызын "кечип" койгон башка фактылар изилденүүдө.

Күбөлүк чылк алтын го…
Ош облусунун мамлекеттик финансы полициясынын кызматкерлерине коррупцияга каршы күрөшүү коомдук бирикмесинин мүчөлөрү шылуундук менен шугулданып аткандыгы тууралуу кабар жеткен. Көрсө, аталган коомдун мүчөлөрү кызматка алабыз деп бир нече адамдан акча алып, атүгүл кызматтык күбөлүк да жасап берүүгө үлгүргөн экен. Кызматтык күбөлүктү миң долларга сатышыптыр. Учурда шылуундардын бири кармалып, сурак берип отурат.
Күйөөлөрү бакпаса
ушинтет да
Ош шаарында жашаган 54 жаштагы айым 14 килограмм баңгизатын курбусуна соодалап аткан жеринен укук коргоо бөлүмүнүн кызматкерлерине кармалды. 49 жаштагы айым аны сатууга белсенип алган экен. Учурда эки аялдын үстүнөн кылмыш иши козголду.





Жума каарманы

Үсөнов эле күнөөлүүбү?







  И-тагдаалы

ИИМге болгон ишеним канча?
Кыргызстанда биринчи жолу элдин укук коргоо кызматкерлерине болгон ишеними тууралуу ири сурамжылоо иши болмокчу. Бул ишти өткөрүү буйругуна Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев өзү кол койгон. Министрликтин илим-изилдөө борборунунун билдиришинче, 1-январдан тарта башталуучу сурамжылоого милиция бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, Кыргызстандын калкы, ар кандай бейөкмөт уюмдар катышат. Учурда бул үчүн атайын суроолор түзүлүп жатат. Ага катышуучулар 66-78-92 телефону аркылуу министрликке байланышса болот дейт министрликтин илим-изилдөө борборунун начальниги Шамшыбек Мамыров. 1 млн. сомдун башын жутчу бул иш-чара ИИМдин ишеничин актаар бекен?
Ажылыкта абайла
Өткөн жылы ажылыкка аттанган ондон ашуун мекендештер каза болуп, кайтпай калган. Бул жылы да Меккеге 4 миң 500 адам ажылыкка сапар алган эле. Өлкөнүн ажылык боюнча штабынын өкүлү Рахматулла Эгембердиев зыярат башталар алдында 68 жаштагы Муктар каза болгондугун билдирди. Жалал-Абаддын тургунунун жубайы жанында болуп, маркум ошол жакта жерге берилди. Расмий маалыматтарда ажылыкка сапар алгандардын төртөө чочко ылаңынан каза болгондугу айтылат.

"Кызыл алма" бүйүрдү кызытты
Мындан он жыл илгери коюлуп, Чыңгыз Айтматовдун өзү көрүүчү болгон "Кызыл алма" спектакли кечээ орус драмтеатрынын кичи залында коюлуп, коомчулуктун кызыгуусун жаратты. Режиссер Нурлан Асанбеков "Улуу агабыз Чыңгыз Айтматов бүгүн да көрүүчү болгондо спектаклге абдан ыраазы болмок" дейт. Режиссердун айтымында, спектаклде илгертен келаткан "түгөйлөр баштапкы сүйүүсүн сактай алабы же жокпу? Эркек өмүрүнүн аягына чейин үй-бүлө курган алгачкы жылдарындагыдай боорукер, камкор боло алабы?" деген маселелер көтөрүлгөн. Көрүүчүлөргө спектаклди коштогон суунун агымы, фортепианонун коштоосу, баш каармандын элге кайрылуусу жакшы таасир калтырган.

Орунбековдон "Чайпалган Кыргызстан!"
Журналист Бакыт Орунбековдун "Чайпалган Кыргызстан" аттуу китеби жарык көрдү. Автор аталган жыйнагында 2005-жылдын 24-март окуяларынын кийинки Кыргызстандагы коомдук-саясый окуяларга, өзгөрүүлөргө, проблемаларга баам салып, өз көз карашын билдирет. Дүйнөдөгү үлкөн мамлекеттер АКШ жана Россиянын Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү таасир көрсөтүү саясаты, кызматташтыктын, алака-катышынын келечеги сыяктуу биртоп талылуу маселелердин тегерегинде ой-пикирлерин ортого таштайт. Бакыт Орунбеков - М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун "Асаба" гезитинен баштап, кийинки жылдары "Майдан", "Акыйкат", "Фергана", "Кыргыз туусу" гезиттеринин башкы редактору болуп эмгектенген. Учурда ал Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин журналистика факультетинде ага окутуучу болуп иштейт.