Кыргыз гезиттер архиви

 

Кикбоксинг
Колодон кийин алтын болчу эле…
Мирбек Сүйүнбаев (57 кг) деген белгилүү кикбоксчубуз 24-28-ноябрь күндөрү Италияда өтүүчү дүйнө чемпионатына жөнөп кетти. Жакында эле Австрияда өткөн эларалык турнирде Мирбек коло медалга татыктуу таймаш көрсөткөн. Ошол турнирде аны WAKO президенти Энно Фальсони байкап калып, өзү чакыруу белетин берген экен.
Сүйүнбаев өзүнүн жеке спорт клубун түзүп жүрүп, акыркы эки жылда эч бир турнирге катышкан эмес.
Эр уруш
Көзгө тийсе эмне болот?
Бишкекте өткөн Азия чемпионатында Оштон келген атлеттер чоң жеңиштерге ээ болду. Казакстандан келген жеңилбес деп саналган Владислав Айбулатовду (107 кг) Нурлан Тиленчиев бырпыратып таштады. Ошо менен Азия чемпиону деген бийик титулга ээ болду. Албетте, ал үчүн чечүүчү беттешүүдө, финалда 19 жашар Токтосун уулу Нурланды жеңди. 75 кг салмак боюнча Жаныбек Асанов ("Умар", Ош обл.) менен Актилек Асанов ("Стронг", Бишкек) бет келишип, Жаныбек атаандашын жайлап түштү.
Калган рейтинг-беттешүүлөрдө Казакстандан келген мушкерлер жалпы жеңилүүгө дуушар болушту.
Шахмат
Жакындап келатат!
Түркияда дүйнө чемпионаты аяктап, Шахнози Мусаева деген тепкедей кызыбыз 10 жашка чейинкилердин арасында 9 упайдын ичинен 6 упай топтой алды. Бул көрсөткүч кичинекей шахматчыны 28-36-орундарга ээ кылды.
Калган жаш шахматчыларыбыз 44-орундан 133-орунга чейин илиништи.
Бильярд
Күмүш экен!..
Эркин пирамида түрү боюнча Новосибирск шаарында дүйнө чемпионаты аяктады. Жердешибиз Каныбек Сагынбаев финалга чейин жетип, Павел Меховго 6:5 эсеби менен алдырып жиберди.
Ага чейин дүйнө чемпиону Александр Паламарь деген Украинадан келген бильярдчыны 6:3 менен, дагы бир дүйнө чемпиону Дмитрий Баевди (Россия) 6:1 менен чөнтөгүн шарга толтуруп утуп алган.
Төлөгөн УРУМКАЛЫЕВ