Кыргыз гезиттер архиви

  Дагы элди айтып коюшат

Ушу "байкуштар" эми кышында үшүбөсө болду

Кечээ жакында батирде жашаган "байкуш" депутаттардын маселеси ЖоКенин этика комитетинде каралды. Ошондо ККП фракциясынын лидери Исхак Масалиев: "Силер (эл өкүлдөрүн айтканы) тоодон түшкөн чабан болсоңор бир жөн. Кудайга шүгүр, оокатыңар жетиштүү. Андыктан, квартирабыз жок деп каңырык түтөткөнүңөр уят. Кичине мамлекеттин акчасын аясаңар боло!" деп үшкүрүндү. Буга эл өкүлдөрүнүн бети чымырап да койгон жок. Тескерисинче, жеке көйгөйлөрүн айтып, үй берилбесе болбостугун баса белгилешти. Ушул көрүнүш Исхак Абсаматович айтмакчы, депутаттардын кайдан "түшкөнүн", алардын деңгээли канчалык экенин айгинелеп турат.
Бүгүнкү күндө 32 депутат батирде жан сактайт. Алардын ичинен А.С.Кабаев , Г.Т.Дербишева , Б.У.Мамасейитова , А.Т.Каримов менен З.И.Жамалдинов го мамлекет тарабынан атайын 3-4 бөлмөлүү квартира бөлүнгөн. Өзгөчөлөнгөн эл өкүлдөрүн туура түшүнсө болот. Себеби, Акбаралы Кабаевдин Эл баатыры, Гүлнара Дербишеванын Баатыр эне статусу бар… Мындан сырткары, Ж.С.Салахудинов , М.Т.Мамасаидов , И.К.Жунусов , Г.Т.Султаналиева , Ж.Т.Рахимдинова , А.Б.Байбураева , Д.А.Молдошева , Н.С.Керимова , А.Ж.Азыранкулов , О.Н.Покусаев ди "батирчи" депутаттардын катарынан кездештиресиң.
Борбор калаада жарык дүйнөгө келип, бүгүнкүдөй деңгээлге жеткендерине карабастан, айрым "местный" депутаттар да "квартиранттардын" катарына кошулуп алышыптыр. Маселен, А.Т.Сейтказиев , И.Ю.Карамушкина , Ю.А.Данилов , Р.А.Абдраимова , А.К.Иманалиева , А.А.Калмаматов , А.Т.Мамасалиев , И.В.Летова менен Г.О.Куликова нын Бишкекте үйү жок дегенге ким ишенет? Өзгөчө өмүр бою энерготармакта иштеген Ю.Данилов кудайды караса боло.
Ушул маселенин тегерегинде "ак жолчу" Галина Куликова айымдын пикирин кыстара кетпесек болбос. Ал: "Бала-чакам чоңоюп калды. Кичинекей үйгө батпаганыбыз аз келгенсип, алардан тартынат экенсиң…" Калганын айтпасак да түшүнүктүү го дейм.
"Байлар деле ыйлашат" телесериалы учурунда модага айланып, бөкчөңдөгөн чоң ата, чоң эне, тили жаңыдан чыккан бөбөктөрдөн бери көгүлтүр экрандын алдынан жылбай калышкан. Бразилиялык чириген байлардын аялуу турмушун шөкөттөгөн тасма чыныгы жашоонун негизинде тартылганын мезгил өзү ырастады. Дегенибиз, батирде жашаган "байкуш" депутаттардын арасында миллионерлер да бар экен. Алар ким десеңиз, булар: Н.С.Атамбаев, О.А.Аттоку-ров, А.Т.Төлөнов, А.А.Арап-баев, З.Б.Бекенова, А.Х.Бур-ханов. Ысымы аталган депутаттар кандай байлыкка ээлик кыларына учкай токтололу.
Байлыгы башынан ашкан парламентарийлердин көч башында Осмонали Аттокуров турат. Эл өкүлүнүн өмүр таржымалына саресеп салган адам, анын "Ошагропромстрой", коммерциялык багыттагы "Жетиген" ишканасын жетектегенине күбө болот.
"Манастан Чубак кем бекен" демекчи, Нурпазыл Атамбаевдин дүнүйөсү Осмонали мырзаныкынан ашса ашат, асты кем калбайт. Нурпазыл Сатышович 1993-жылдан бери бизнес чөйрөсүндө эмгектенип келет. Алгач "Кара-Каш" фирмасын жетектесе, андан кийин айыл чарба багытындагы "Маткерим" ишканасынын башкы деректирлигине (1994-жылы) секирик жасаган.
Пайгамбар жашына жакындап калган Авдикаримходжа Бурхановдун да байлыгы Кудайга шүгүр. Анын расмий бизнес булагы катары адистештирилген "Интершак" ишканасын айтсак жарашат. Ал эми 10 миллионер айымдын катарын толуктаган Зулхабира Бекенова менен "кнопка" баскыч депутат Азамат Арапбаевдин ишкерлиги туурасында гезиттин өткөн санында кенен токтолгонбуз.
Олигарх-депутаттар түштүк аймагынан шайланып келгендиктен, мыйзам боюнча турак-жай менен камсыз болушу керек. Ошентсе да, жогоруда айтылгандай, алардын дүнүйөсү жетишерлик экен. Чындап эле карапайым калк үчүн күйүшсө, 15 миң сомдук батир маселесин өздөрү эле чечип алышпайбы…
Депутаттарды жатакана менен камсыз кылуу максатында 30 квартиралуу үйдүн курулушу 2005-жылы башталган. Март ыңкылабына байланыштуу курулуш иштери токтоп калган. Өткөн жылдын ноябрында кайрадан жанданган курулуш эмки айдын ортосунда аяктамакчы.
"Бечара" депутаттардын бири Айнура Кенжебаева да батирде кезек күтүп турат. Эң кызыгы, Айнура айым өзүн Оштон шайланып келген депутат катары көрсөтүптүр.
Элиталык бир бөлмөлүү квартиранын ижара акысы 12-13 миң, эки бөлмөлүү 15-16 миң болсо, үч бөлмөлүүлөр 18 миң сомго жетет. Орто эсеп менен ижара акыны 15000 сом деп алып, үйү жок 32 депутатка көбөйтсөк, бир айда 480 000, бир жылда 5 760 000 сомду түзөт экен. Ошентип, "батирчи" депутаттар эки жыл ичинде мамлекет эсебинен 11 520 000 сом "мойсошуптур". "Азаматсыңар!"

Нурканбек КЕРИМБАЕВ





М.К. менен М.С. кетеби?
Бир ай мурда реформа башталганда министрлер менен комитет кызматтардын башында тургандар түгөл ордубузда калдык деп көкүрөктөрүн басышкан. Көрсө, баары алдыда экен. Эми аткаминерлер оптом эмес, бирден-экиден жаңыланып турмакчы. Азыр Акүйдө Э.Сатыбалдиев башында турган топ күч органдары менен фискалдык кызматтардын башчыларынын төлгө ташын тоголотуп жатыптыр. Кимдер жылуу орун менен коштошоору жаңы жылдан кийин дайын болот. Угушубузга караганда, УКМК менен ИИМ башчылары биринчи кезекте.

"Реформа" по-жекшенкуловски!
Мурдагы Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловго козголгон кылмыш ишти аягына чыга элек. "Чубактын кунундай чубалганы" чубалган. Алты ай темир тор артында "жашаган" Аликбек мырзанын жашоого болгон көз карашы таптакыр өзгөрүлгөн. "Оппозицияда жүргөндө көп нерсени түшүнбөптүрбүз. Абакта отурганыңда өмүрүңдө кетирген катачылыктарды эстейт экенсиң. Эгерде азыр жаңы кызматка дайындалсам, баарын башкача жасамакмын... Ошол эле оппозиционерлер жана аткаминерлер элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштейм десе, алгач, түрмөнүн даамын татышы абзел" деп күңгүрөнөт имиш. Төбөсү көрүнгөндөрдүн бирин калтырбай темир торго тыга берсек, демаралда тирүү жан калабы деги?

Позиция баладан көзкарандыбы?
Карт "бөрү" Үсөн Сыдыков уулунун сабалганына өтө эле бушайман. Анткени, "Жаңы Кыргызстандын" биртоп мүчөлөрү бул окуяда саясат бар деп билдирүү таратып жиберишти. Азырынча Үсөн аке кылмыштын тез ачылышын талап кылып турат. Анын мындан аркы саясый кадамы ошого жараша болмокчу. Партиялаштарынын күбүр-шыбырын эшитсек, эгер Бакыт Үсөновичтин сабалышында саясат жыттанган кичине эле илинчек табылса, "Жаңы Кыргызстан" оппозицияга өтө качышы ыктымал экен.

Эсиңерден өчүргүлө
Элмурза Сатыбалдиев күтүүсүздөн Башпрокурорлуктан жылмышып, президенттин коргоо, коопсуздук жана укук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчилигине дайындалды. Муну ар ким ар кыл өңүттө божомолдоодо. Ал эми бизге жеткен маалымат боюнча, Сатыбалдиевдин кызматтан кетиши Аскар Акаевге байланыштуу экен. Анткени, Э.С. маалымат жыйынында туңгуч президент кол тийбестик макамга ээ болгондуктан мекенине кайтып келе аларын, аны эч ким абакка салбай турганын айткан. Бу тейине караганда, мындан ары чиновниктер Акаевдин ысымын өңүндө эмес түшүндө да атабас болушту…

А.Э. оппозиция лидерине айланабы?
Коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына байланыштуу Россияда өтчү адабий жыйынга аттанды. Ал ортодо түштүктүн тың чыкмаларын, журналисттерди чогултуп, бийликке каяша айтуу демилгесин көтөргөнүн эшиттик. Сыягы, чачыранды оппозициянын башын бириктирген лидерге айланат окшоп калды. Парламенттин 70 жылдыгында сыйлык албай калганы да буга түрткү болду көрүнөт.

Жөн келчү эмес эле…
Такталбаган маалыматтарга караганда, Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев Кыргызстанга келип кетти. Ал өлкө башчысы Курманбек Бакиев менен жабык эшик артында жолугушуп, орчундуу маселелерди талкуулаптыр. Кремлдин "желдеттери" жөн жай келишчү эмес эле. Түштүктөгү Россиянын келечектеги аскер базасынын чоо-жайын тактап, Өзбекстанга тымызын кысым жасоонун "методикасын" кыйыткандай, сыягы. Себеби, акыркы мезгилде расмий Ташкент орус бийлигинен жүз үйрүп, АКШга ыктап калган эле…

Ак үй клиникабы?
"Парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Роза Отунбаева Ак үйдөн чыгып келатканына караганда бийлик менен жең ичинен соодалашуу жүргүзгөндөй…" деген түкшүмөлдү "Агымдын" өткөн санына жарыялаганбыз. Чымчып койсок так секирген Роза Исаковна ЖоКеден кабарчыбызды кармап алып, "мен ал күнү клиникадан келаткам. Анан кайдагы сүйлөшүү-мүйлөшүүлөрдү жазасыңар" дебеспи. Кудая тобо-о, Роза айым үчүн Ак үй качантан бери клиника болуп калган?! Андай болсо кайсы "илдетке" чалдыкканын айтып койбойбу…

Калимбетованын айбаты күч
Кечээ вице-премьер Тажикан Калимбетова өкмөттүн кеңешмесинде СПИД, кургак учук, безгек ж.б. ооруларга каршы күрөшүү үчүн Глобалдык фонддон келген 62,5 млн. доллардын дайынын сурап, тийиштүү кызматкерлерди жарга такады. Ал каражаттын өз максатына жумшалбай атканына кейип, 62,5 миллиондун 4 миллиону кайда жумшалганын келерки кеңешмеде тапкыла деп тапшырма берди. Анткени акчанын кайда жумшалган дайынын эч ким жөндөп айта албады.

52 миң сом айлык аласыңбы?
Кечээ кышка даярдык боюнча кеңешмеде өкмөт башчысы Данияр Үсөнов "Кыргызгаздын" жетекчиси Саламат Айтикеевдин бир айлык маянасы 52 миң сом экенин укканда колунан ручкасы түшө жаздап, дүйшөмбү күнү өзүнө чакырды. Ага кошулуп министр Ильяс Давыдов да келе турган болду. "Силер Өзбекстандан газды аларыңар менен кайра эле сатып жатсаңар, кандайча карыз болосуңар?" деген Д.Үсөнов, тиги экөөнүн айлыгынын кайдан жүрүп мынча көп экенин териштирмек болду.

"Агым-пресс"