Кыргыз гезиттер архиви

  Маараган маданият

"Беш колдоп жегендер өлкөнү төрт аяктатат"

Азыр бийликти актап, мактасаң сый-ургаалга ээ болосуң. Укук, адилеттик талап кылсаң, зордолуп кордолосуң. Бул азыркы жашоонун лейтмотиви. Мындайда кошоматчы кыкеңдер саат сайын көбөйөт да.

Элдин жашоосун жүрөгү менен туя турган интеллигенция сөрөйлөр "көзүм көрбөсүн, кулагым укпасын" деп кыпчычу жерин кыпчып, басчу жерин басып отурат, көбү эптеп күн көрүү менен алек, чыгармачылдардын ичинен токтогулдарга караганда арзыматтар арбыныраак. Искусствонун терминологиясын колдонсок бул - "улуттук өзгөчөлүк", бирок кыргыздын шору. Азыр ырчыларды карагылачы, жалаң шоу жана тойлор менен оокат кылган жан, маданиятта болсо той ырчылары менен тамадалардын, шойком-шоу ырлардын заманы. Маданиятта искусство деңгээлиндеги чыгармачылык жокко эсе, ырчы-чоорчулардын басымдуу көпчүлүгү, анын ичинде опера ырчыларына чейин той-топурда "тоодой эт, көлдөй чык" берилген жерде тамактын коштоочусу болуп калган. Коомдун талабы ушундай, өнөрпоздор да ушуга ыктап алган. Бул абалды өзгөртүп, жеңил-желпи, маани-маңызы тайкы өнөр агымына бийик искусствону альтернатива койгон жан жок, маданият агентствосунун чамасы чак, абалды өзгөртөйүн деген ниети да жок. Бийик өнөрдү, накта чыгармачылдарды багып алайын деген маданият министри (эми деректир) да жок экен (караңыз, "Агым" 4.09.2009, пианист А.Сыдыковго болгон мамилени). Маданият чиновнигинин мындай позициясына караганда анык таланттарга наадандык мамиле көрсөтүлөт көрүнөт.
С.Раевдин, кыргыздын маданиятын менчиктештирип алгансып, "Ата мекен" аттуу ыр жазгандарга биздин маданият чөйрөсүндө орун жок дегени эле эмнени каңкуулайт? Ага "айдаганым мерседес, жанымдагы сүйгөнүм мерседестен кем эмес" дегендей ырлар гана жагабы? Же бир үй-бүлөгө кызмат кылбаган маданият кызматкерлерине Кыргызстанда орун жок саясатын жүргүзүп жатабы? Же калп эле өлүмүш, баарына жакшы көрүнүмүш болуп, маданиятты ыгы жок түштүктөштүрүүнү жылжытып, маданият чөйрөсүндөгү ынтымакты тымызын ыдыратып жатканын эч ким байкабайт дейби?
Маданият министрлиги кайра түзүлүп жатканда министр мырза обу жок ооз көптүрүп, улуттук маданий борбор түзө салабыз, уңгулуу маданият өнүккөнгө укмуштай шарт болот деген эле. Шарт түздү, бирок өзүнө, курамы 60 адамдан турган Улуттук маданий борбор (УМБ) ачты эле, анысы арам акчаларды адалдаштыруу борбору болуп калды деген кепти гана жаратты. Кыргызстандын борбордук аянтына Манастын, жалпы кыргыздын душмандарынын эстеликтери коюлганда журналисттер маданият министри С.Раевден сурап атпайбы, бул эмнеси деп. Анда ал айтат: менин буга тиешем жок деп. Өзү ошол аянттын жанында отурат, кыргыз маданиятын тейлеп жатат, анан кыргыздын рухуна шек келтирип, маданиятын тепсеп жаткан нерсеге көңүл буруп койбой, четке чыга берет экен да, башын катып. Эми минтип "Манас" эпосун кытайларга тарттырып жибергенине да тиешем жок деп чыгаары турган иш. Улуттун уңгусун түзгөн маданиятка тиешеси жок болсо, анда маданиятка кайра-кайра неге жабышат?
Кыргыздын композиторлору кырылып калгансып, опера-балет театрына азербайжандын "Көр оглу" операсын койдурду. ТҮРКСОЙдун акчасына койдурдум деп мактанышы мүмкүн. Ал акчага кыргыздын чыгармасын сахнага алып чыкса мактанышы эп болмок. Ушу тапта Эшимканов эшикке айдап салган симфониялык оркестр эмне кылаарын билбей карайлап турат. Чыгармачылык жаатында абал ушул, ал эми коррупцияны гүлдөтүү жагынан маданият алдыда (караңыз: "Аалам" гезити №7, 03.02.09, "Агым" гезити №44, 06.11.09). Бечара, жарды делип, министрлик болуп жаңы эле тай-тай басайын деген учурда бычылган маданият агенттигинин статс-катчысы М.Бектеналиев баш, УМБнын башкы деректири Р.Боронбаев төш болуп, болгону 4-5 миң сом маяна алган маданияттын чиновниктери Ысык-Көлдүн Кара-Ой айлынын жанына министрлик болуп түзүлгөн төрт жылда элиталык шаарча курганга жетишкен. Маданият кызматкерлерине дейсиңерби, өзүлөрүнө. Атагы алыска кеткен, маданиятка тоодой эмгек кылган СССРдин, же Кыргызстандын эл артисттеринин мындай үйлөрү барбы?! Мына бүгүнкү бийликке кызмат кылгандардын анык жүзү.

Тимур САЛАМАТОВ, музыка сынчысы




  Турдубектен башкаңарга кереги жокпу?

Композиторлор союзу оңолобуже жоголобу?

Мындан 70 жыл мурда атактуу Абдылас Малдыбаев башында турган, кыргыз музыкасына зор салым кошкон орус композиторлору В.Власов, В.Фере, залкар комузчулар К.Орозов, А.Огомбаев уңгусун түзгөн СССР Композиторлор союзунун бөлүмү болуп, Кыргыз ССРинин Композиторлор союзу түптөлгөн. 70 жыл мурда коюлган "Айчүрөк" операсынан кырк жылга чукул мезгил мурда жаралган К.Молдобасановдун "Саманчынын жолу" балет-ораторияга, жөнөкөй ырдан романска, күүдөн симфонияга чейин өсүп жеткен музыкалык искусствобуздун очогу болуп Композиторлор союзу эсептелип келген. Учурда СССРдин "урандысында" басылып, мамлекеттин "упчусунан" ажырап калган союздун абалы мышык ыйлаарлык. Көкүрөктөрүндө музыкадан башка эч нерсе жок композиторлор коомчулуктун көз жаздымында калып бара жатканына кайыл болуп, компоюп басып жүрүшөт…

Он чакты күн мурда республикалык куурчак театрынын, удаа эле Шубин атындагы музыкалык мектептин, жоруктары анекдотко айланганга чейин жеткен ЖоКенин 70 жылдык мааракелери коомчулук тарабынан белгиленип, болушунча шаан-шөкөт менен өттү. Өкмөттүк сыйлыктар, наамдар тапшырылды. Карап туруп ичим күйдү. Күйгөнүмдүн себеби, ошондой эле 70 жашка толгон кыргыз Композиторлор союзу бийликтин бардык бутактарынын, өзгөчө маданият агенттигинин көз жаздымында калгандыгы. Аларды деле күнөөлөй бергенден алысмын. Кычаган ар кандай кымбаттоолордун үстүнөн баш чириткен чиновниктердин кайсы бир аты-жыты жоголуп бара жаткан союз менен эмне иши бар дейсиң. Той-топурда көрүп жүргөн жылдыздардын "жылт" эткен ырынан өйдө көтөрүлүп, композиторлор жазып жаткан соната, романс, опера, симфонияларды түшүнүүгө дарамети түгүл аракети да жок азыркы чиновниктерден эмнени күтсөк болот. Өйдө жагын коюп, чыгармачыл союздар менен тыгыз иш алып бара турган маданият агенттиги наам менен сыйлык талашкандардын деңгээлинен жогору чыга албай жатса кантебиз. Баары бир акыры келип союздун бүгүнкү жана акыркы 15 жылдан берки иштеп келген жетекчилеринин замандын өзгөргөнүн түшүнбөй баштары маң болуп, "Алма быш, оозума түш" деп ушу күнгө чейин өкмөттөн калем акы күтүп, үзүлбөгөн үмүт менен күн көрүп келе жаткандыгы, жүрүп отуруп араңжан турган союздун түбүнө жетчүдөй. Жетимиш жылдыкка карата бир-эки адамга наам сурап алганга да дарамети жетпеди бечара союздун. Акыркы беш жылда төрагалыктан алып түшөбүз деп ээленгендерге эч моюн бербей келген К.Асанбаев сөздүн түз эле маанисинде уктап берди. Башкармалыктын беш мүчөсүнүн экөөсү былтыр эле иштеше албайбыз деп арызын жазып баса беришкен. Алардын ордун толуктап чогулуш өткөндөн коркуп, ушу күнгө чейин төрагалыгына тырмышып келди. Албетте анын таламын талашып, дагы бир беш жыл уктап берүүсүнө мамык жаздык камдап жүргөндөр да жок эмес. Бетине кармаганы эле имараттын кабинеттерин ижарага бергенден түшкөн акчасын жеп жибербей, жылына бир ноталуу китеп чыгарганы. Чынында ал акчаны "жеп-ичип" жибербей, басмаканага алып барып төгүп бергенди ишине так бухгалтер менен кассир деле аткарат, артынан жакшы көзөмөл жүргүзүп койсоң. А композиторлор чыгарма жазып жатабы, алардын маани-маңызын талкуулап, мыктыларын интернет аркылуу болсо да конкурстарга жөнөтүп, сыйлык-наамдарга көрсөтүп, кичинекей республика үчүн огеле жетиштүү сандагы музыкалык коллективдер, опера-балет театры, филармониянын коллективдери, ырчылар, музыкант-аткаруучулар менен тыгыз иш жүргүзүү, өкмөттүк эмес ишкана, мекемелерге көмөк көрсөтө турган ар кандай эл аралык фонддор менен иш алып баруу сыяктуу көптөгөн маселелер азыркы жетекчиликтин оюна келмек тургай, түшүнө да кирбеди. Астанасын аттап башбакканда эле баягы СССРден калган кийим илгичтен баштап отургуч, стол, радиоаппаратуралар, портреттер жана башка майда-чүйдөлөрдү көрүп, өткөн замандан эстеликке калган эски музейге кабылгандай болосуң.
Союз "өкмөт эчтеке бербей жатат" деп эле өйдө жакты карап, белгисиз бир нерсени күтүп келатат. Өкмөттүн карабаганына өчөшкөнсүп, татыктуу жана татыксыз адамдарды мүчөлүккө алуу менен саны бар сапаты жок союзга айланганын өзү күндөн-күнгө, жылдан-жылга далилдеп келет. "Клубка айланып калды" деп союзду теңине албай басып кеткендер да бар. Ушундай аты бар, заты жок союзду өкмөт эсинен чыгарып коюшу мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Массалык маалымат каражаттарында айрым обончулар тарабынан композиторлордун атына "алардын чыгармаларын ким угуп жатыптыр" деген сыяктуу ар кандай ачуу сындар айтылып жүрөт. Ага союздун азыркы абалына өзгөчө жаны ачыган композитор А.Мурзабаев гезит бетинен айбат көрсөтүп, обончуларды ордуна коюуга аракет кылып көрдү эле, аны да айрым сөзгө тың обончулардын өкүлдөрү жана жактоочулары төө бастыга алып баса калышты. Радиодон А.Жумакматов атындагы академиялык симфониялык оркестр, камералык хор "кодуланып" жатат. Аларды коргоочулардын бири ушул Композиторлор союзу болушу керек эле. Себеби алардын симфонияларын, хордук чыгармаларын аткарып, радионун алтын казынасына жаздыруучу коллективдер ушулар. Композиторлор союзунун жетекчилиги буга унчукпады. Аларга оркестрдин, хор, чыгармаларынын алтын казынада калышынын кереги жоктой.
Башка чыгармачыл союздарга салыштырмалуу ыры көп болгон менен чыры аз Композиторлор союзу биртоп эле "момун" калк. Ичинен күйүп-бышып, быкшып жата берет. Бирок быкшыган от акыры тутанат эмеспи. Ошол учур келип жетти окшойт. Кечээ 70 жылдыгына арналган камералык музыкадан жана аваздык чыгармалардан турган концерт чакан залда чакан санда чогулган көрүүчүлөр (негизинен чыгармалары аткарылган композиторлордун өздөрү) менен өттү. Жетимиш жыл баскан союздун жетишкендиктерин белгилей турган отчеттук концерт деп ооз толтура айтуу кыйын. Композиторлор союзунун пайдубалын түптөгөн, көөнөрбөс мурастарын калтырган, музыкалык маданиятыбызды дүйнөгө таанытууда зор эмгек өтөгөн улуу муундагы залкар композиторлор: А.Малдыбаев, В.Власов, В.Фере, М.Абдраев, К.Молдобасанов, Т.Эрматов, А.Жаныбеков ж.б. ошондой эле орто жана кичүү муундагы С.Осмонов, Э.Жумабаев, А.Мурзабаев, Ж.Малдыбаева, М.Бегалиев, С.Бактыгулов, Т.Дооронов ж.б.лардын көлөмдүү мыкты чыгармалары көмүскөдө кала берди. Жетимиш жылдыкты майрамга айлантууга жетекчилик тарабынан аракет кылынбады. Кечээки концертти өткөрүү үчүн авторлор вокалисттердин, музыкант-аткаруучулардын, хордук коллективдердин артынан чуркап жүрүп өздөрү даярдады. Татыктуубу, татыксызбы, кандай чыгармалар аткарылары менен союздун башкармалыгынын иши да болгон жок. Коллегалары тарабынан акыркы 20 жыл ичинде жаралган ушундай чыгармалар бар экенин, бири-бирин тааныбай кала турган акыбалга жеткен композиторлор кечээги концертте угушту.
Өбөк болор бекен деп өкмөттү карап жата бербей өзү ар кандай демилгелерди көтөрүп, аракет кылса чалажан союздун ишин али да болсо оңдоого болот деп ишенем. Эртең Композиторлор союзунун уюштуруу иштери боюнча пленум өтөт. Союздун келечеги, тагдыры чакан союздун мүчөлөрүнүн өз колунда. Жаңы шайлана турган жетекчинин уюштургучтугу, замандын агымына жараша иш алып кете алгандыгынан союздун өмүрү же "өлүмү" такталат. Эртең пленум…
Турдубек Чокиев, композитор