Кыргыз гезиттер архиви

  Ленин РИИБине кулак кагыш

"Аферист Ажыбекти кармабаган капитан майор болду"

Бир акын "окшоштуруп калп айтып, алдап кетүү да чоң талант" деген экен. Анын сыңарындай, кийинки убакта адамды бал тилге салып алдап, бат эле сызга отургузуп кетмей өзүнчө кесип болуп баратат. Редакцияга минип жүргөн машинесин бирөөгө алдатып ийген Медербек СУЛАЙМАНОВ аттуу окурманыбыз арманын айтып келиптир.

Медербек аганын айтымында, Ат-Башы районунун Кара-Суу айылынын тургуну Ажыбек Арыков деген жигит алдамчылыкты абдан жакшы өздөштүргөн. Мамлекеттик номурлуу "ГАЗ-31" машинесин минген Ажыбек Медербек Сулайманов менен алгач таанышканда эле, "машина атамдыкы, атам СНБда иштейт. Бул машине менен Ат-Башыга барып келем. МАИ кызматкерлери мени токтотмок тургай, машинемдин сүрүнөн сийип салышат" деп мактанат. Кээде "УАЗ-469" маркасындагы аскердик машинени айдатып келип, Медербекке эски үйлөрдүн материалдарын тапшырып кетип жүргөн Ажыбек өзүн Кудайберген базарынын жанындагы аскердик бөлүмдүн техника базасынын башчысы катары тааныштырат. 2003-жылдын апрель айында Жакшылык деген досун ээрчиткен Ажыбек Медербектикине келип, "баягы "УАЗды" менчикке чыгардым, сиз өзүңүздүн "УАЗыңызды" мага бериңиз. Мен сиздикин сатып, кечинде өзүмдүн машинемди алып келип берейин" деп бал тилге салат. Буга эрип кеткен Медербек машинесин кармата берет. Ошентип эки дос темир тулпарды минген боюнча дайынын таптырбай кетишет. Бир жылдан соң Медербек аферист Ажыбектин ата-энесин таап, окуяны айтып берет. Баласынын бул кылыгына уялган атасы "аны байлап-матап алдыңарга алып барам" убадасы менен доочуларды узаткан. Бирок мындан майнап чыкпаган соң, Медербек Сулайманов Ленин РИИБине караштуу ?4 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы, капитан Турарга кайрылат. Ал "сиздин айтканыңыз биз үчүн мыйзам, аны тез эле табабыз" дейт шымалана. Иштин аягына чыгарын убада кылган капитан Турар Базарбаев Медербектен баш-аягы 5000 сомдук курулуш материалдарын алат. Бирок, капитан да Медербекти сызга отургузуп, же иштин аягына чыкпай, же акчаны бербей кеткен. Айласы куруганда Ажыбекти гезиттер аркылуу издете баштайт. Медербек баласынын алдамчылыгы жарыяланган "Алкак" гезитин Ажыбектин апасына карматып, "балаңызды ушинтип гезит аркылуу издеп калдык" дейт какшыктай. Анда энеси Атыркүл кебелбей, "биз орусча эле гезит окуйбуз" дейт имиш.
Ошентип арадан эки жыл өтүп, 2005-жыл болот. Бир күнү Медербек Ажыбектин апасына гезит саткан күркөдөн жолугуп калат. Медербектен тайсалдаган апасы Чолпон-Атада 8 сотых жери бар экенин, аны гезитке чыгарып сатып берсе аласасын аларын сүйүнчүлөйт. Тилекке каршы, бул да кезектеги куру убада болуп чыгат.
2008-жылы Медербек Арча-Бешик конушундагы ?342 үйдө пескоблок чыгарган Ажыбектин агасы Орозаалыга барат. Бул учурда "алдар көсө" Ажыбек агасы менен бирге иштеп турган болот. Инисинин бересесин уккан Орозаалы "ишибиз жаман эмес, Ажыбек да ичпей калды. Буюрса жакында сиздин карызыңызды берет" деп эркекче убада кылат. Бирок, бул жолу да Ажыбек карызды бермек тургай, тегерегиндеги цемент саткан балдарды алдап, ал жактан да жылт койгон.
2009-жылдын 20-январында Ажыбек Арча-Бешик жаңы конушундагы бозоканадан Медербекке жолугуп калып, башка эшиктен чыгып куйрук түйөт. Артынан сая түшүп издеген доочу анын иниси Эмилбектин үйүнө барып, Ажыбектин дайын-дарегин сурайт. Эмилбек агасын апасы Атыркүл Россияга узатып келгенин айтып, аны туугандык "списоктон" капкачан чийип салганын кошумчалайт. Ошентип бул жолу да алдамчы дайынын таптырбай кеткен. Учурда пескоблок саткан Кадыр Үсөнов 5000 сомго, цемент саткан Мелис Камилаев 7000 сомго, картөшкө саткан Таалай 200 сомго алданып, атактуу аферистти таппай жатышкан убагы. "Деги бизде мыйзам иштейби? Мени алдаган Ленин РИИБинин капитаны Турар Базарбаев майор болуп алса, Ажыбек ар кимди алдап эркиндикте чалчаңдап жүрсө, мындай мыйзамдын бизге эмне кереги бар?" дейт күйгөн Медербек Сулайманов. Гезитти окуп, Ленин райондук ички иштер бөлүмү майорду полковник кылып ийбей Ажыбекти таап, жоопкерчиликке тартууга көмөктөшөт деген ишеничтебиз.
Мелис СОВЕТ уулу,
тел.: 38-67-13,
e-mail:
molybden2703@list.ru




  Шыпаагер

"Аялдардын 80 пайызынын бөйрөгү оорулуу, эркектердин 60 пайызынын уругу начар"
Акыркы убактарда төрөттөн каза болгон аялдардын, чарчап калган наристелердин саны арбып кеткени жашыруун эмес. Муну канчалык жашырбайлы, төрөт олуттуу маселеге айланып барат. №1 шаардык төрөт үйүнүн патология бөлүмүнүн башчысы Тамара
КЕНЖЕБАЕВА менен өнөктөш төрөт, аялдардын ден соолугу тууралуу баарлаштык.
- Тамара Акматовна, учурда аялдын төрөтүнө күйөөсүн катыштыруунун зарылчылыгы барбы?
- Илгертен эле биздин эркектер төрөттү оңой көрүп келишет. Өнөктөш төрөттө бала атасынын көмөгүн кадимкидей сезип, ошого канааттанып жеңил төрөлөт. Экинчиден, аялдын кыйналганын көрүп эркектин аялзатына болгон мамилеси өзгөрүп, жумшарат. Төрөт учурунда эркектин аялынын жанында болуп, ага жагымдуу сөздөрдү айтуусу да биртоп жардам берет. Төрөгөн соң аял өтө этият болбосо, бат эле суук тийгизип алышы мүмкүн. Андыктан атанын жоопкерчилигин жогорулатууда өнөктөш төрөт сөзсүз керек.
- Акыркы кезде төрөттөн көз жумган энелердин, наристелердин чарчаганынын көбөйүүсүнө эмне себеп?
- Азыр эркектер иштебей эле аялдар үй-бүлө багып калды. Бала-чакасын багам деп жүрүп, базардан келип төрөгөндөр бар. Май куюучу жайларда, канчалаган машине өткөн жол жээктеринде, базарда соода кылгандардын көбү аялдар. Ысык, суук, чаң, уулуу газ алардын организмине сиңип жатат. Боюнда болгон күнү да аял каттоого турбайт, анализ тапшырып доктурга көрүнбөйт. Айрымдарынын буга акчасы жок. Үйдө майда балдары көп. Мына ушунун баары эле эне-баланын өлүмүнө, оорукчан болуп калуусуна алып келип жатат. Чынын айтсам, азыр бизге келген аялдардын чандасынын гана дени таза.
- Азыр төрөт үйлөрүндө врачтар ачык эле соодалашат деп нааразылангандар бар. Бул Гиппократтын антын бузгандык эмеспи?
- Бизди акча алат деп айыптап келатышат. Бирок, көбүнчө акчаны ыраазычылык катары өз эрки менен беришет. Ал акчага кайра эле ооруканага керектүү нерселерди алабыз. Союз кезинде лампочка, айна, самын, клей, кагаздар берилсе, азыр берилбейт. Мунун баарын эл берген каражатка алабыз. Мына мен 30 жыл медицина тармагында иштеп келатам, айлыгым 2500 сом. Бул эмнеге жетет? Кээде акчасы жок аялдар төрөп, аларга дарыгерлер акча чогултуп берген учурлар да болот.
- Боюнда бар аялдарда кандай оорулар көп кездешет?
- Инфекция, аз кандуулук, кан басымы жогору болуп денеси шишип кеткендер көп болуп жатат. Төрөгөн аялдардын 80 пайызынын бөйрөгү оорулуу. Муну азыркы жаш кыздар түшүнбөй, бөйрөктөрүн ачып, жарым жылаңач болуп жүрүшөт. Мындайда адамдын ден соолугун кармап турган бөйрөк бездери суукка урунат. Аялзаты эне болгондуктан белди жылуу кармап жүрүш керек. Ден соолуктун өзөгү белде. Бели ооруган аял жакшы бала төрөй албайт.
- Эмне себептен инфекция көп? Аны кантип азайтса болот?
- Азыр бизде жыныстык тарбия таптакыр жок. Айрым учурда инфекциясы бар кыздардан "ким менен, канча жолу болдуң эле?" деп сурасаң, "санаган эмесмин" деп жооп беришет. Биздин төрөт үйгө 12-13 жаштагы кыздар да боюнда болуп келишет. Бул - билгенге трагедия. Негизи ар бир эркектин инфекциясы болот. Жыныстык катнаш сайын ал топтоло берип, кийин төрөт убагында кошул-ташыл болуп чыгат. Мусулман кыздар сойкулук менен акча таап жакшы кийинип жатып, келечекте өзүнүн наристеси уялай турган ыйык жерди булгап жатканын түшүнбөй жатат. Ушундан улам азыр Кыргызстан ВИЧ-инфекциясы, кургак учук боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунда туруп калды. Калган инфекциялар боюнча деле алдыга чыгабыз. Андыктан жыныстык билим, тарбия болбосо, инфекцияны азайта албайбыз. Керек болсо муну атайын сабак кылып мектептерге киргизүү зарыл.
- Бул төрөт үйүндө орто эсеп менен жылына канча бала төрөлөт? Чарчап калгандардын саны канча?
- Өткөн жылдарга кайрылсак, 2007-жылы 3969 бала төрөлүп, 37 наристе чарчап калган. 2008-жылы 4547 наристе жарык дүйнөгө келип, 43 бала көз жумду. Былтыр бир аял каза болуп калды. Ички миграцияга байланыштуу азыр жылдан жылга төрөттүн саны көбөйүп баратат.
- Аял кыйналбай көз жарыш үчүн кандай чараларды көрүш керек?
- Мурун дары саюуну көп колдончубуз. Азыр дарысыз төрөт деп, табигый толгоого маани берип калдык. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо системасында табигый толгоо менен төрөө эне-балага жакшы экени аныкталган. Ошондуктан суу келгенден баштап биз үч сутка аялды жайына коебуз. Ошол мезгилде аялдын өз толгоосу келип, бала ойдогудай төрөлөт. Негизи кош бойлуу аял бейтапканага төрт эле жолу көрүнүп, УЗИге эки эле жолу түшүш керек. Ден соолугу таза болсо жөнү жок анализ тапшыртыштын кажети жок.
- Аялдар кандай абалда төрөсө төрөт жеңил болот?
- Негизи илгерки ата-бабаларыбыз акылман болгон экен. Азыркы Дүйнөлүк саламаттык сактоо системасында кыргызда колдонулган төрөтүү методдору бар. Мисалы, илгери төрөөчү аялдын астына саман төшөлүп, ал тикесинен туруп баканды кармап төрөчү экен. Ошол мезгилде боз үйдүн түндүгү ачык болуп, аялдын Жараткан менен кандайдыр бир байланышы болчу экен. Төрөлгөн бала саманга жумшак түшүп, кийин саманды өрттөп жиберишкен. Бул дезинфекциянын бир түрү болгон. Мурун биз баланын киндигин катталган марля менен жылуулап, инфекция күчөп кетчү. Азыркы медицина марганцовка менен эле күйгүзүп, киндикти кургак кармагыла деп жатат. Илгери кыргыздар киндикти кийиз менен эле күйгүзүп коюшчу экен. Бала төрөлөр замат кыргыздар сары май менен оозантышчу. Көрсө, сары май баланын жүрөгүн айлантып, жутуп алган сууларды кулгутуп, ичин тазалачу тура. Азыр аны электр соргучтары менен сордурабыз.
- Азыр бойго бүтүрүү да чоң көйгөйгө айланды. Буга эмне себеп?
- Буга аялдарды күнөөлөй берүүгө болбойт. Мурун эркектердин 40 пайызынынын уруктуулугу начар болсо, азыр ал 60 пайызга жетти. Балалуу болбогон үй-бүлөнүн аял-эркегин анализдесек, эркегинин уругу жараксыз же венерологиялык оорусу бар. Эркектер жеке менчик клиникаларга барышканы менен толук дарыланышпайт.
Маектешкен Мелис СОВЕТ уулу