Кыргыз гезиттер архиви

  Мани, мани жашыл акча...

Лас-Вегас болуп кетпесек болду

Бүгүнкү күндө "Оюн ишмердүүлүгү" мыйзамынын негизинде каттоодон өткөн казинолордун саны өлкөдө 33кө (үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна карата) жетти. Эми алардын саны дагы арбышы күтүлүүдө. Буга россиялык казинолордун массалык түрдө Кыргызстанга "конуш" которуу бүтүмүнө келгени себепкер. Мындай кабарды Россиянын
маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Ушул жылдын 1-июлунда Россияда кабыл алынган мыйзамда Приморье, Алтай, Калининград жана Краснодар аймагында гана азарттык оюндардын бизнесин жүргүзүүгө уруксат берилген. Тилекке каршы, аталган жерлерде иш илгерилебей, казино ээлери ишкерликти Кыргызстан менен Белоруссиянын аймагында гүлдөтүү чечимине келишкен. "Көчмөндөрдүн" мындай аракетинен жарытылуу майнап чыгышы күмөн. Анткени, өлкөбүздө кумар бизнеси үчүн салык өлчөмү опсуз жогору. Мындан улам, орус "баскынчылары" бир-эки жыл "эмгектенип", анын акыбети кайтпаган соң мекенине кайтышы ыктымал. Бирок, ким билет, катардагы адам казиного кирбейт. Чөнтөктүүлөрдү тарта алышса, келечекте Лас-Вегас болуп кетпесек болду.
Жабылса да, жармашып иштегендер бар
Былтыр маркум депутат Санжарбек Кадыралиев атайын мыйзам жазган. Ага ылайык казиного 25, оюн автоматтарына 18 жаштан жогоркулар кире алат. Мындан сырткары, казинолордогу ар бир оюн столу үчүн 300 000 сомдон салык төлөө каралган. Ошондо "азартсмендердин" көмөгү аркасында жылына 1 млрд. сомдон ашуун каражат өлкө бюджетин толуктамак. Бирок, жыйынтык эл өкүлдөрү күткөндөй болгон жок. Тиги мыйзамдын "кесепетинен" жыл башында 21 казино ишмердүүлүгүн токтотту. Ошентсе да, азарттык оюн жайларынан мамлекет жакшы эле пайда көрүп атканын адилеттик үчүн айта кетүүбүз абзел. Алсак, өткөн жылы казиночулар мамказынага 410 млн. сом төгүшсө, быйылкы жылдын сегиз айына карата бул көрсөткүч 397 300 000 сомду чапчыды.
Баурдастар "басканда"…
2007-жылдын 1-апрелинде Казакстандагы Щучин жана Капчыгай суу сактагычынын жээгинен башка жерге казинолорду ачууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирген. Күтүлгөндөй эле ажерде да казино кожоюндарынын ити чөп жебей, банкротко учурашкан. "Кумарчы" ишкерлер аргасы кеткенде бизди көздөй агылышкан. Маселен, Жамбыл облусундагы биртоп кумар ойноочу жайлар Таласты "багындырып", аз жерден экинчи Лас-Вегаска айландырып жибере жаздашкан. Аны менен эле бирге өлкөбүздө казакстандык "саякатчылардын" саны арбыган. Кыскарта чапканда, ойдогудай пайда таппаган соң, баурдастар "курал жарактарын" жыйнап, үйүнө кайтышкан.




Турсунбек АКУН, КР Акыйкатчысы:
"Турсунбайдын деңгээлине түшпөйм"
- Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Турсунбай БАКИР уулу "Супер инфо" гезитине курган маегинде:"Турсунбек Акун менин ордумду (Акыйкатчы институту - Н.К.) ээлеш үчүн ыплас иштерди көп жасады. Андыктан, ал сөз кыла турган адам эмес" маанисинде оюн билдириптир. Сыр болбосо, бул кызматка жетиш үчүн кандай балит иштерди жасадыңыз эле?
- Турсунбай Бакир уулу Акыйкатчы институтун жетектеп турганда сындаганымды танбайм. Анткени, ал институттун өнүгүшү үчүн чет өлкөдөн грант тартпай, жооптуу кызматтарга жалаң жек-жааттарын дайындоо менен алектенген. Буйрук экен, президенттен сунуш түшүп, минтип Акыйкатчы институтун башкарып атам. Азырынча иштин натыйжасы жаман эмес. Мен Турсунбай мырзага окшоп бирөөнү жамандабайм, ушак айтпайм. Тактап айтканда, анын деңгээлине түшкүм келбейт. Менин кандай адам экенимди ал аныктай албайт.

Асанбек БАЙТИКОВ, ЖК депутаты:
"Кудайды карашса боло"
- "Эл сөзү" гезити өткөн жумада:"Эл өкүлү Асанбек Байтиков Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин 1961-1964-жылдардагы токтомун жокко чыгарып (кеп Үч-Чат, Терс, Жайсаң жайыттарындагы талашка түшкөн 3208 гектар жер жөнүндө жүрүүдө - Н.К.), Талас облусуна кайтарылып берген жерди Токтогул районунун пайдасына өзгөртүү талабын көтөрдү. Бул аркылуу "ак жолчу" депутат эзелтеден эриш-аркак келаткан кетментөбөлүктөр менен таластыктардын ортосуна от жагып отурат" дейт. Буга улай аталган басылма "мындай демилге Ак үйдүн заказы менен көтөрүлүшү мүмкүн" маанисинде түкшүмөлдөйт. Сиздин пикир?
- Муну алгач Токтогулдагы шайлоочуларым көтөрүп чыккан. Кийинчерээк ал жергиликтүү кеңештин жыйынында талкууланган. Кетментөбөлүктөр мага кайрылып, талашка түшкөн жер көйгөйүн өкмөткө жеткирүүмдү өтүнүшкөн. Эл өкүлү катары өзүмдүн милдетимди аткардым. Эки дубандын ортосуна от жагып, чыр-чатак баштайын деген ниетим жок жана андай ойдон алысмын.
Экинчиден, жер маселесин саясатка байланыштыруунун кажети канчалык? Эмне элеттиктердин көйгөйүн көтөрүп чыкпашым керекпи? Андай болсо, депутаттардын бардыгы тең Ак үйдүн заказын аткарып аткан турбайбызбы. Кичине Кудайды карашса болбойбу.

Алтынбек СУЛАЙМАНОВ, ЖК депутаты:
"Кокон хандыгы деп кокуйлабагыла"
- КСДП фракциясынын лидери Роза Отунбаева парламент жыйынында: "Азыркы кезде Кыргызстан кейиштүү абалга кептелди. Бизде цивилдүү бийлик эмес, Кокон хандыгы орноп калды" маанисинде пикирин билдирди. Бийликчил партиянын өкүлү катары айтсаңыз, Роза айымдын мындай ою канчалык деңгээлде реалдуулукка жакын?
- Демократиялык коомдо жашап аткандан кийин буга окшогон пикирлердин айтылышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошентсе да, бардыгын сөз эркиндигине, демократияга шылтап коюп, элди бөлүп-жарган билдирүүлөрдү таратуу адилеттикке жатпайт. Тышкы алака жаатында тажрыйбасы мол, саясатты чемичкедей чаккан Роза Исаковнанын:"Кокон хандыгы орноп калды" деп кокуйлаганы чындыкка коошпойт. Бу көрүнүш кесиптешиме аброй алып келбейт. Анын ордуна экономиканы жана элдин турмушун жакшыртуу жаатында омоктуу оюн айтса жакшы болбойт беле...

Азизбек ТУРСУНБАЕВ, вице-спикер:
"Жогорку Кеңеш менчик ишканам эмес"
- Жогорку Кеңештин структурасын кыскартуу боюнча түзүлгөн жумушчу топту жетектеп атасыз. Мындан улам:"Азизбек Атакозуевичке жакын санаалаштар ордунда калып, "чужойлор" кызматынан жылмышууда" деп нааразычылыгын билдиргендер арбын. Атүгүл: "Мынча болду, Азизбек мырза социал-демократчыл 11 депутатты парламент короосунан айдап жибербейби" дегендер да жок эмес. Жогоруда айтылгандарга ишенсек, реформанын шарапаты менен кресло "бизнесин" гүлдөтүп атыптырсыз да?
- Өмүрүмдө бирөөдөн пара алган эмесмин жана албаймын дагы. Ал менин табиятыма туура келбейт. Жашырганда не, "менин баланча деген тууганымды кызматтан ала көрбө" деп кайрылгандар бар. Аларга сылык-сыпаа түшүндүрүп, жолго салып коюп атам. Себеби, тааныштарды ордунда калтырып, башкаларын жумуштан кетиргидей - Жогорку Кеңеш менчик ишканам эмес. Комиссия үчүн бардыгы бирдей.
Сиз собол узаткандай, өткөн аптада гезиттердин биринен:"А.Турсунбаев убара тартпай эле социал-демократчыл депутаттарды ЖКдан кетирип жибербейби" деген макаланы окудум. Эл өкүлдөрүн мандатынан ажыратыш же ажыратпаш укугу менде жок. Мен дагы алар сыяктуу эле депутатмын. Ушуну эстерине түйүп алышса дейм.

Бетти даярдаган
Нурканбек КЕРИМБАЕВ