Кыргыз гезиттер архиви

бомбей ыр
БҮГҮНКҮ ТҮН УЙКУ КЕЛЕР ТҮН ЭМЕС!

Жүрөгүмө жалгыз гана дабадай,
Аба барбы жалбыз жыттуу абадай!
Айыл түнүн сагынамын ар качан,
Бешигине куса болгон баладай.

Көк асманга жылдыз толгон чагында,
Нурга оронот талаа, түз да, адыр да.
Бараткансыйт ыр көлүндө термелип,
Даниярга башын жөлөп Жамийла.

Алаксыбай, айтсам сөздүн аныгын,
Пааналашып шам чырактын жарыгын,
Шаар эли шайдоот, шайыр эл келет,
Бирок билбейт айлуу түндүн кадырын.

Кереметке кое албайсың умсунбай,
Кээде сени арбап алат сыйкырдай.
Булак үнүн коштоюнчу дегенсип,
Булбул үнү безеленет бир тынбай.

Сезим оту жоктон барды тилебес,
Көңүлүмө "кылт" дей түштү бир элес.
Аппак шоола… Айдың көктө ак булут…
Бүгүнкү түн уйку келер түн эмес!


ИЛГЕРИ ҮМҮТ

Тумчуктуруп санаалардан ой туман,
Турам эрте кечип таттуу уйкуман.
Жаным, билсең жададым ов, жададым,
Жан какшаткан Россиянын суугунан.

Ачык айтсам орус кышы кунарсыз,
Абдан азап ошол кышты узатыш.
Кар соңунан кар себелеп асмандан,
Кайталана берет экен улам кыш.

Калч-калч этип жаак эттери титиреп,
Кан көчөдө ээсиз калган ит үрөт.
Ит чыдагыс суукта иштеп жүрөбүз,
Илгери үмүт алга карай жетелеп.

Үмүтүм бар түйшүк үйгөн жаш башка,
Үшүкчүлүк чаппаса экен жамбашка.
Эрке желдей желип-жортпой ар жерде,
Ээ болсом дейм өзүм салган там-ташка.

Тумчуктуруп санаалардан ой туман,
Турам эрте кечип таттуу уйкуман.
Жаркын жашоо күтүп жүрөм алдыда,
Жадасам да Россиянын суугунан…

Акылбек МАМАДАЛИЕВ, Екатеринбург


БАЛЭЭ КОРОЗ

Кышындасы тоокторду багам дегем,
Анткени короом бар шарты менен.
Кызгылт үч короз, төрт мекиян,
Эки ай болду базардан сатып келгем.

Батыраак семирип кетсе экен деп,
Багамын бапестеп жемин карап.
Ансайын жылтырашып канаттары,
Оңолуп күндөн-күнгө оюн салат.

Бир күнү байкап турсам, абай салып,
Эки жагын корозум карап калды.
Көрдү да чуркап кетти, мекиянды,
Коңшумдун короосу тараптагы.

Чогуу түнөп, бирге жүргөн тоокторун,
Короздорум анчейин карап койбойт.
Короосуна коңшулардын өтүп кетип,
Кууса да эмнегедир такыр болбойт.

Максат БАЗАРБАЕВ


СҮЙДҮҢ БЕЛЕ АЛЫКУЛДУН ЫРЛАРЫН?

Сүйгөн жарга аябаса ким жанын,
Ал сезгени махабаттын жыргалын.
"Бир көз караш кубатына жамынган"…
Сүйдүң беле Алыкулдун ырларын?

Жамандыгың жатка моюн сунганың,
Андан артык асыл жаның кыйганың.
"Аманбыдан" "кош бол" кымбат саналган
Сүйдүң беле Алыкулдун ырларын?

Өңгө ыйласа кошо келип ыйлагың,
Жакшы дечи өз кайгыңдай туйганың.
"Өзгө бөбөк өлбөсө" деп тилеген,
Сүйдүң беле Алыкулдун ырларын?

Кыйындыкка кайраттуу бол сынбагын,
Азаматтык аскадай бек турганың.
"Ооруп жазган Шекспирдей күч менен"
Сүйдүң беле Алыкулдун ырларын?

Элим десең, жерим десең, курбалым,
Биле жүргүн Ата журтун сыйларын.
"Сен ооруба, мен ооруюн" деп айткан
Сүйдүң беле Алыкулдун ырларын?

Токтосун САМУДИНОВ


ТӨРТ САПТАР

Эне, сен азабыма түтөөр жансың,
Эне, сен мен деп отко түшөөр жансың.
Мен сени эч кимге айтпай күтүп жүрөм,
Азыр сен каяктасың, каяктасың?

* * *
Эне, мен сен жөнүндө санаа тартып,
Бой жеттим көңүлүмдү көз жаш чайып.
Билбесем да, ичпесем да ак сүтүңдү,
Жүрөгүң калган сымал менде сакталып…

* * *
Каным сенден тамырымда ысыган,
Өзүм да сен экенмин…
Сүйүндүм көрдүм сени жан апаке,
Жүрүпсүң эсен-аман…


КАЗАКБАЙ БАЙКЕМЕ

Жетимиштен ашык өнөр билген эр,
Жетимишке жашы мына кирген эр.
Жетик айтсак Кыдыр өзү кол берген,
Жергебизде эң алгачкы инженер.

Сүрөтү бар көргөн жанды арбалтчу,
Ырлары бар акындарды таң калтчу.
Ырасында бир адам бар арада,
Көп өнөрдөн, көп адамдан алгачкы.

Айтаар болсок а деп, бу деп талашпай,
Акыйкатты ким кое алат жаратпай.
Ар өнөрдү бир башына батырган,
Ал ким десек - Абдыш уулу Казакбай.

Ал эмесе куттуу болсун жашыңыз,
Ала-Тоого айкын сиздин атыңыз.
Даамын татып бул жашоонун бактысын,
Дагы далай белестерди ашыңыз.

Кушубек КАЧИБЕКОВ


Апам Сагынгүл Карагуловага

Ак тилектен нурун чачкан,
Асылым менин апам.
Таң алдында мээрим төгүп,
Маңдайымдан сылаган.

Ак пейилдүү жумшак мүнөз,
Жакыным менин апам.
Таянар тоом жалгыз сизсиз,
Маңдайыма буюрган.

Адинай ДУУЛАТБЕК кызы


САЯСАТ

Элде ынтымак эпке келбей баратат,
Пейил кетип, пендеде көп ала так.
Калайыкты каалагандай калчаган,
Каардуу экен катмары күч саясат.
Кыска учурда жоктон барды жаратат.
Кыял менен көккө жасап саякат.
Элди, жерди бөлүп жарып экиге,
Эпчил экен эки жүздүү саясат.
Карап турсаң кандай гана жарашат,
Бүт күнөөнү атаандашы ага жаап.
Кур сөз менен курсант кылган пендени,
Кумар экен куралы күч саясат.


ЖҮРӨК ЖӨНҮНДӨ ЫР

Жүрөк сезет, туят, билет эмнени,
Өзгөрүштү, ар сыркоону дендеги.
Куу турмушту, бейпилдикти жана да,
Каршылыкты кан кайнаган жердеги.
Жүрөк туят агың менен караңды,
Жылмайышы кубат берген адамды.
Жүрөк сыздайт, сайгылашат капилет,
Көргөн кезде жан кейиткен жаманды.
Жүрөк билет ачуу менен таттууну,
Ак пейилдүү адамды, ар бир ак кууну,
Жана дагы кара мүртөз кээ бирди,
Аябаган адал-арам аттууну.
Жүрөк кечет кечирбеген күнөөнү,
Өмүр бою издейт, эңсейт бирөөнү.
Жаман көрсө өмүр бою карабай,
Жакшы көрсө түбөлүктүү сүйөрү.
Жүрөк кагат өмүргө азык жеткизип,
Кан айлантып эң зарылын тез билип…
Чуркай берет тирилик коштоп танбастан,
Бул турмуштун ысык-суугун сездирип.
Жүрөк коркпойт адилеттен, намыстан,
Бир кылымдык иштен, күн-түн жарыштан.
Жүрөк коркот жетпей алыс марага,
Мезгилинен мурда токтоп калыштан.

Кубанычбек АДАМАЛИЕВ