Кыргыз гезиттер архиви

  Карап турбай, көч түзөш

Бүгүн кыргызда эмнеге жигит калган эмес же кыргыз болуунун эрежеси кандай?

Президенттик шайлоонун алдында мамлекет башчысы Курманбек Бакиев тарабынан улуттук долбоор сунушталып, бул идеяны коомчулук колдоп, көчмөндөр цивилизациясы боюнча түзүлгөн жумушчу топко башчылык кылуу ЖК депутаты, тарыхчы Зайнидин Курмановго табышталган. Мындан улам көкүрөк каккылаган жылаңач мекенчилдер кантип баштарыбызды билбесек да, "улут катары кайра жаралабыз" деп башты бийик көтөрүп калганбыз. Андан бери төрт айдан ашык убакыт өттү. Жүргүзүлүп жаткан иштерди мындай кой, коомчулук алдында бул жумушчу топко кимдер мүчө болду, аталган долбоордун алкагында кандай иштер жүрөт деген суроого жооп берген киши жок. Учурда чоңдорубуз жалаң эле башкаруу реформасынын кумарына кирип, көчмөн экенибизди унутуп калды окшойт...


Кыргыз боло албагандар кыргыз болгондон уялат
Бүгүн кыргыз жаштарынын 90 пайызы кара курсактын айынан бөлөк элдин атуулдугун алып кеткенге даяр. Ал эми бул жерде калган келечекте элдин элитасы боло турган окуп-чокуган муундун басымдуу бөлүгү кыргыз болгондон көрө киргиз болгонду артык көрөт. Мындай абал чындап келгенде жалгыз гана социалдык маселелерге байланыштуу эмес. Керек болсо кезинде япондордо деле жардылыктын айынан өз жерин таштап тентип кеткендер болгон. Еврейлер эмне деген гана азап-тозокту көрбөдү. Кытайлардын да ич ара согуштардан арылып, өнүгө баштаганына көп боло элек. Бирок бул улуттар ач болсо да, ток болсо да өздөрүнүн улуттук каада-салтын, маданиятын өгөйлөгөн эмес. Тескерисинче, дүйнөлүк цивилизация менен өздөрүнүн улуттук өзгөчөлүгүн ширете алды. Анын сыры эмнеде?
Аныгында эле бүгүн жердин гүлүндө жашап, тамактын бүрүн жеген кыргыз эмес, ата-бабасынан бери курт-кумурска жеп келаткан кытайлардын бири мен кытай болгум келбейт, курт-кумурска жеш бул эскилик, ал ачарчылыктан улам келип чыккан, келгиле мындан кийин "цивильный" тамактаналы десе болот эле да. Жок, алар эч качан бабаларынын баскан жолун чанбайт. Атургай бүтүндөй дүйнө жүзүнө улуттук ашканаларын ачып, орусун да, америкалыгын да жылан, бака жегенге үйрөтүүдө.
Эмне үчүн япондор "билими күчтүү миңди, билеги күчтүү бирди жыккан" заманда деле самурайлык кылычын жоготпой, илим-билими ашып турса да сакура гүлдөгөндө ага сырын айтып, бабаларынын илгерки ырым-жырымдарына ишенет?
Эмне үчүн өздөрүн дүйнөнүн эң акылдуулары, башкаруучулары деп эсептеген еврейлерде ар кайсы доордо улуттук биримдик, тымызын бири-бирине жан тартуу күчтүү? Ырас, бул улуттун өкүлдөрү өздөрүнүн пайдасы үчүн ар кайсы улуттун атын жамынып кете беришет. Бирок эзели еврей еврей болуп калганына өкүнбөшүнө бөркүңүздөй ишениңиз.

Улут болуп уюуунун да кодекси барбы?
ЦРУда тил үйрөтүүнүн өзгөчө ыкмасы бар дешет. Бул усул боюнча сабак алган жаран эки же үч айда каалаган тилинде сүйлөп, түшүнүп, ага тектеш тилдерди бат эле өздөштүрүп алууга ыңгайлашып калат экен. Ал сыр катары сакталат. Бул дүйнө жүзүндөгү жашыруун окуулардын бирөөсү эле. А чындыгында ушул сыяктуу көпчүлүккө жарыя болбогон чектелүү гана чөйрөгө тиешелүү мындай окуулар, ич ара жүргүзүлүп жаткан идеологиялар көп. Мисалы, япондордо кантип чыныгы япон болуунун кодекси бар экенин айтышат. Албетте, ал эч кандай мамлекеттик мыйзам болуп эсептелбейт. Бирок атадан балага калып, анын ар бир эрежеси куран сыяктуу ыйык деп саналып, жаш муунду нагыз япон кылып тарбиялайт экен.
Кытайлар ич ара дүйнө жүзүн согушсуз басып алуунун улуттук планын иштеп чыккан дешет. Анда соода кылуу жолу менен жер шаарынын ар кайсы чектерин ээлөө, барган аймактан жергиликтүү калктын кыздарына үйлөнүп тукум көбөйтүү сыяктуу жоболор камтылганы билинип турат. Баса, кытай өз баласын эзелтеден "биздин урук күчтүү, силер кайсы улуттун кызын алсаңар да андан 100 пайыз кытай төрөлөт" деп, ал эми кыздарына "силер кайсы улутка тийсеңер да балдарыңардын балдары сөзсүз кытай болсун" деп тарбиялайт имиш. Анын акыры эмнеге алып баратканын өз көзүңүз менен көрүп турасыз...

Кыргыз болуунун программасы даяр, колдонгон киши жок
Албетте, президент жар салган улуттук долбоорду бир жылда эле ишке ашырып коюуга болбойт. Аны өтө жөнөкөй, бирок келечектүү механизмдер менен ишке ашырууга тийишпиз. Андыктан, кеп жөн гана эл көзүнчө улуттун кызыкчылыгын коргоп жатабыз деп эле ар кандай той-топурларды, болбогон жадатма конференцияларды, атургай тарыхый кинолорду тартууда да эмес. Экс-өкмөт башчы Чудинов курактуу чиновниктерибизди кыргызча үйрөтүүдөн, тили бурууларды кыргызча ырдатуудан да эч нерсе утпайбыз. Мындай иштерге жумшалган каражат жөн гана кумга сиңгендей жок болот. Сөздүн ток этер жерин айтканда, улуттук кайра жаралууну, тилибизди урматтоону, кыргыз болууга сыймыктанууну бала бакчалардан башташ керек. Алиппе окуткандай эле кыргыз кандай асыл сапаттарга ээ болуш керектигин, кыргыз коомунун ар бир мүчөсүнүн (баланын, улан-кыздын, ата-эненин, келиндин, кайын журттун, күйөө баланын ж.б.) өз орду кайда, кандай болорлугун үйрөтүш зарыл.
Учурда калдайган калпак кийип, сырткы кебете-кешпирин гана кыргызга окшотуп жүргөндөр көп болгону менен, нукура улуттук асылдыктарды карманып, анысы менен жалпы журтка үлгү болгондор жокко эсе. Кыпкыргызча сүйлөп туруп эле моралдык-нравалык жактан кыргыз болбой калган кандаштарыбыз толтура. Анүстүнө жетимиш жылдык бөлөк системадагы тарбия асылзаада нарк-насилибизден ажыратып салган. Кыргыз эл жакшылары топтогон байлыгы менен эмес, адилетүүлүгү, марттыгы менен даңкталган. Калк да нысаптуу, ыйман-ырыстуу эле. Жөнөкөйлөтүп айтканда, эзелки кыргыз коому кылмышкер, коррупционер, сойку сыяктуу жаман сапаттардан алыс болгон. Кыргыздын ханы - адилет, жөнөкөй, жигити - март, баатыр, кечиримдүү, кызы - ыйбаалуу, баласы - элпек, энеси - мээримдүү журт болгону эпосторубуздан баштап кыргыздын кулк-мүнөзүн, турмуш-тиричилигин изилдеген окумуштуулардын эмгектеринде так, даана белгиленген. Мындай тарбия макал-лакаптар менен эле эң сонун ишке ашканын билебиз. Тилекке каршы, бүгүн сөз баалоо касиетибиз да дээрлик жоголду. Сөзгө сынганды, сындырганды билбейбиз. Көчмөн калктын жазылбаган башмыйзамы ир алдыда адам болууга, коомдо өзүн алып жүрүүгө, анан кыргыз болууга калыптандырган. Эч кандай диндик чектөөлөрү, мектеби жок туруп мындай бийик тарбияга эгедер болгон башка бир дагы эл жок болсо керек. Андыктан кааласак да, каалабасак да кыргыздын элдик педогогикасын таза коомду түзүүнүн бирден бир үлгүсү деп санашыбыз зарыл. Биз аны жалпы жонунан кыргыз болуунун жазылбаган кодекси деп койсок болот. Аны бүгүнкү ыраатка салып, усулун түзүп окутууга эмне үчүн болбосун?
Бүгүнкү күндө билим берүү тармагы таптакыр очоюп калганын, мектеп рэкеттиги гүлдөп-өнүгүп жатканын сөз кылып жүрөбүз. Ошол эле учурда билим берүү системасын реформалоо жүрүүдө. Бирок бул боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар көбүнчө маселенин сырткы гана кабыгы болуп келет. Менимче, билим берүү тармагын оңдоонун негизги өзөгү - адамдык сапаты бийик, өз элин, жерин сүйгөн заманбап адисти тарбиялоо. Президент баш болуп өзүбүздөгү медакадемияны бүтүп, бирок алган билимин өз мекенине эмес, чет өлкөгө арнап кеткен жаштардын жоругуна кейийбиз. Жаштарыбыз улуттук каада-салтыбызды сактабай баратат, улут болуп кайра жаралышыбыз керек дейбиз. Бирок бул маселерди кантип чечүү жолун билип туруп билмексен болгондойбуз.

Бабалардын жигитчиликке тарбиялоодогу бир ыкмасы
Сураштырып көрсөк, байыркы кыргыздарда жигиттикке жана жоокердик өнөргө тарбиялоонун да өз ыкмасы болгон экен. Бир уруунун колунда бар инсаны уулу үч жашка чыкканда ага арнап "токулга какты" деген той берген дешет. Азыр мындай аталыштагы той берилгенин уга элекмин. Мында баланын атасы сындан өткөн тайды токуп уулуна мингизип токулга кактырып, ошол эле учурда айылдагы уулуна тең чамалаш кырк баланы жыйнап, аттап-тондоп жигит курап берет. Анан ал кырк бала жигит болгуча дайыма уруу аксакалдарынын көзөмөлүндө болуп, алардын нуска кебин тыңшап, саяпкерлерден минген атын кантип караш керектиги тууралуу сабак алып, өздөрүнөн улуу муундагы кырк жигиттен, согуш көргөн баатырлардан жаа атканды, найза сайганды, жөө күрөштү үйрөнүп, ошол эле учурда айылдын мал-келине ит-куш жолотпой, отун-суусун камдап, негизги максат аларды керек кезде жай турмуш улаган адамга, керек кезде жоокерге айланууга даяр кылып чоңойтуу болгон тура. Ошол эле учурда бул жигиттер айыл аксакалдарынын талабы менен манасчылардын манасын, комузчулардын күүсүн, акындардын жамагын, даанышмандардын кебин угуп, бардык жагынан жеткилең тарбия алган. Тыйын эңмей, эр эңиш, көк бөрү, аламан байге сыяктуу улуттук оюндар так ушундай кырк жигиттин жоокердик өнөргө машыгуусунан пайда болгон дешет. Ар уруудан, айылдан жетилген кырк жигит башка күн түшкөндө жыйылып түмөн кол болуп, аттын кулагы менен тең ойноп, Ала-Тообузду коргоп келген экен. Үч жашынан баштап ээрде уктап, жоокердикке тарбияланган жигит кандай болорун өзүңүз элестетиңиз. Эң негизгиси, мындай тарбия балдарга эр жигит табияттан элдин четинде, жоонун бетинде жүрүш үчүн жаралгандыгын, ал өз элинин ар бир адамынын коргоочусу, колдоочусу экендигин түшүндүргөн. Албетте, бүгүн кырк жигит күтүү мүмкүн эмес. Бирок балдарыбызды чыныгы жигит кылып тарбиялоо үчүн бабаларыбыз түзүп кеткен жогорку ыкманы бүгүнкү жашоого ыңгайлаштырып, маңызын алганга эмнеге болбосун.

Эркек болуу эшектин колунан да келет, жигит болуу кыйын
Элдик педагогикада ар бир макалыбыз эле өзүнчө бир окуу китеп. Мисалы, бала бакчада, мектепте кыргыз элинде жигит деген сөз өзүнчө титул болгонун, жигит болуш үчүн адилет, күйүмдүү, алсыздарды коргогон, эмгекчил ж.б. жалаң жакшы сапаттарга ээ болуш керектигин, ансыз жигит болбой калуусун айтуу эркек балага эң сонун таасир этмек. Чындыгында эле байыркы кыргыздарда уул бала үчүн "жигит", "эр жигит" деген кадимки титул болгонун билебиз. Кыргыз жигити эч качан азыркыдай чөнтөкчү же кыздардын соткасын жула качкан каракчы болгон эмес. Жигитчиликте "жыгылганды урбайт", "качкан жоону катын да алат", "эр жигиттин уялганы өлгөнү", "коркок миң өлөт, баатыр бир өлөт", "эр жигит эл четинде, жоо бетинде" сыяктуу учкул сөздөр, макал-лакаптар принцип катары колдонулуп, эр уулду намыскөй, баатыр кылып тарбиялоо менен бирге дайыма акыйкаттыкты туу тутууга чакырып келген.
Азыр он бала бир баланы тепкилеп жатса же алсыз бир бечерага алы жетерин билип асылып жаткан зөөкүрдү көрүп, кыргыз эркектеринде жигиттик сапат калбаганына кейийсиң. Ал эми кыз зордуктоо же аялзатына кол көтөрүү кыргыз жигитинин кылар иши эмес. Болбосо, жашоо-шарты кылмышкерлер үчүн көп мүмкүнчүлүк түзүп, бозүйдө жашап, көчүп-конуп жүргөн элде ууру-кески көбөйүп, кыз-келиндер саат сайын зордукталып турмак да.
Бүгүн ошол элдик педогогика билим берүү реформасын жасагысы келген чиновниктер тарабынан эске алынып, ал бала бакчалардан баштап ЖОЖдордун студенттерине чейин системалуу окуу программасына айланса дейбиз. Материал даяр, аны терип-тепчип, системалаштырып коюуга ашыкча деле чыгым кетпейт. Жана белгилеп кеткендей, кыргыздын ар бир макал-лакабы эле өзүнчө бир чоң усулдук окуу китеп. Анда улуу-кичүүгө, табиятка, досторго, айтор, жашообузга байланышкан ар бир нерсеге кандай мамиле жасаш керектиги тууралуу таамай айтылган.
"Агым" гезити көтөрүп жаткан бул маселе ушуну менен эле жыйынтыкталбайт. Айта берсе сөз көп. Кезек-кезеги менен элдик макал-лакаптарыбыздын тарбиялык маанисин жиликтеп, улут катары кайра жаралуу темасына дагы да кайрылып турмакчыбыз.
Зайырбек АЖЫМАТОВ,
т.: 38-67-73, zairajimatov_76@mail.ru