Кыргыз гезиттер архиви

  Алдап-соолап күчүн алгандан кийин

"Карысы бардын ырысы барбы",
же…
Эртеби, кечпи, адамдын башына карылык келет. Каалайбызбы, каалабайбызбы, бул жашоодогу мыйзам ченемдүүлүк. Бирок, акыркы жылдарда бүт өмүрүн, жашоосун өлкөгө, жаш муундардын жакшы жашоосуна арнаган карылар каралбай калгандай.


Азыр Кыргызстанда жалпы 540 миң пенсионер бар. Анын 220 миңи 90-жылдары тиешелүү төш белгилер менен сыйланган эмгек ардагерлери. Учурда мындай эмгек ардагерлеринин, пенсионерлердин өкмөткө өтө чоң таарынычы бар. Ал таарыныч пенсионерлерге болгон жеңилдиктердин жоктугу. Өлкөнүн келечеги үчүн 30-40 жыл завод, фабрикада тынбай иштеген адамдар азыр картайган, алдан-күчтөн тайыган абышка, кемпирлер. Райондун борборлорунда, шаарларда, Бишкекте жашаган эмгек ардагерлерине жарыкка, байланышка, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө чеке жылытарлык жеңилдиктер жок. Алыскы тоолуу райондордо жашаган пенсионерлер, баатыр энелер мамлекеттик жеңилдик дегенди эбак унутушкан. Парламентте канчалаган маселе каралып, мыйзамдар кабыл алынганы менен, негедир баатыр энелерге, эмгек ардагерлерине, пенсионерлерге көңүл буруу көтөрүлбөй келет. Жакында Жогорку Кеңеште карылар күнүнө карата тегерек үстөл болуп, анда депутаттар улуу муундун өкүлдөрү менен жолугушкан эле. Бул жыйында эксперт-пенсионерлер эмгек ардагерлерлерине жеңилдик берүү камтылган карылар боюнча мыйзам долбоорун депутаттарга сунушташкан болчу. Тилекке каршы, аткаминерлер мыйзам долбоорунун так ошол жеңилдик берүү бөлүмүн чийип салышкан. Буга нааразы болгон карылар бирикмесинин өкүлдөрү өлкө башчысына армандарын айта албай келишет.
Чүй облусунда көп жылдардан бери пенсионерлерге жардам катары өкмөт 1,5 тоннадан көмүр бекер берип келатканы кубантат. Бирок, ушул эле мезгилде кыш 6-7 айга созулган Нарын облусунда баатыр энелерге, эмгек ардагерлерине бир тоголок көмүр берилбегени түшүнүксүз. Же Чүйдүн суугу Нарындыкынан да катуубу? Нарында пенсионерлерге электр энергиясынан 50% жеңилдик деп айтылганы менен пенсия, пособиеден жарытпаган жарык үчүн айына 100-200 сом кармалат. Мындан сырткары, 2 000 сомдун тегерегинде пенсия алган карылардын мойнунда ар качан ар кандай туум, айыптар илинип турат. (Былтыр Ат-Башы райондук РЭСинин мындай жалган туумдары ачыкка чыгып, карапайым калк очойгон карыздарынан арылган). Ысык-Көл облусунда да ушундай эле көрүнүш. Эки облуста тең жаштарга жумуш жок болгондуктан, элдин караганы эле пенсия, пособие болуп калган. Бул жактын климаты эске алынбай, жери көп, ата-энеси пенсия алат деген шылтоолор менен басымдуу жаш үй-бүлөлөрдүн пособиелери кыркылган. Натыйжада арзыбаган пенсиясын неберелерине жумшап, өзүнө ич кийим ала албай калган ата-апалар жүздөп саналат.
Азыр орточо пенсия көлөмү 2 200 сом болсо, бир айлык орточо муктаждык үнөмдөгөндө 3 128 сомду түзөт. Айылдык карылар эптеп мал менен жан багышса, шаардык пенсионерлер нан, суу менен отуруп калышарын айтышат. Өлкө башчысы эл алдына чыккан сайын карыларга материалдык жардам көрсөтүү керектигин баса белгилеп келет. Бирок пенсия, пособиеге кошулган 100-200 сом алардын турмушун жакшыртып жибербеси дөдөйгө деле маалым.
Пенсионерлерге жардам кылуу жагынан Россиядан үлгү алсак болчудай. Бул өлкөдө азыр пенсионерлер коммуналдык кызматтын 50%ын гана төлөйт. Мындан сырткары, карылардын дарылануусу башка жарандардыкына салыштырмалуу эки-үч эсе арзан. Аларга жылына бир жолу санаторийлерге, эс алуу үйлөрүнө мамлекеттин эсебинен бекер жолдомо берилет. Быйыл өкмөт башчысы Путин пенсия көлөмү 31,4%га жогоруларын билдирген. 2009-жылы пенсиянын орточо көлөмү Россияда 8000 рубль болгон болсо, келерки жылы ага 1100 рубль кошулушу күтүлүүдө.
Карылар минтип каржалып отурганда, отпускага кетип жаткан депутат 100 миң сомго чейин материалдык жардам алат. Мындай сумманы пенсионер 3-4 жылда да ала албайт. Айрым экономисттердин айтымында, акыркы он жылда өлкөдө пенсия алган адамдардын саны бир кыйла кыскарган. Демек, өкмөттүн пенсионерлерди жетиштүү каржылоого кудурети жетиши керек.
Мелис СОВЕТ уулу, тел.: 38-67-13, E-mail: molybden2703@mail.ru




  Жумакайрык

Техастан атактуу "Сирокко" тобу келди
ДҮЙШӨМБҮ
Түркияда Ислам Конференциясы уюмунун саммити аяктады. Саммитке Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Бакиев да катышып, кызыгы, чет жерде биринчи жолу мамлекеттик тилде сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө Бакиев Кыргызстан исламдык билим берүү, маданий жана каржы борборунун долбоорун түзүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Ошол эле күнү Кыргызстандын президенти Түркия президенти Абдулла Гүл менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, анда кыргыз-түрк кызматташтыгы, ар кандай долбоорлорго инвестиция тартуу маселелери тууралуу талкуу болгон.
ШЕЙШЕМБИ
Ч.Айтматов атындагы өкмөттүн жаштар үчүн сыйлыгы 10-ноябрь жаштар күнүндө өз ээлерине ыйгарылган жок. Буга чейин аталган сыйлык ушул күнү чоң салтанат менен берилери адатка айланган эле. Тиешелүү мекеме жетекчилери буга мамлекеттик структурадагы акыркы өзгөрүүлөрдөн улам өкмөттүн токтому менен дайындалган сынак жеңүүчүлөрүн аныктоочу комиссиянын кээ бир мүчөлөрү тарап кеткендиги себеп болгонун билдирди. Азырынча аталган мамлекеттик сыйлык качан жана кимдерге берилери белгисиз.
ШАРШЕМБИ
Таңкы саат төрттөн өткөн-дө Орто-Сай базарында өрт кырсыгы болуп Оберон жана Кулун-Ата соода борборлорунда он алты дүкөнчө жана жыйырмадан ашык контейнер күйүп кетти. Өрт толугу менен үч саат тынбай күйгөн. Бактыга жараша кырсыктан майып болгондор жок. Бирок товары күйүп кеткен ишкерлер безилдеп туру. Азырынча жабыркагандарга кандай чара көрүлөрү айтыла элек. Тилсиз жоо электр энергиясын туура эмес пайдалангандан улам келип чыкты деген маалымат бар.
БЕЙШЕМБИ
Бишкектеги опера жана балет театрында Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыковдун алдыдагы 60 жылдык мааракесине арналган "Термелер" аттуу симфониялык чыгармаларды аткаруунун бет ачары өттү. Бул иш-чара Маданият агенттиги тарабынан уюштурулуп, Кыргызстандагы кызматташтык боюнча Швейцария бюросу тарабынан колдоого алынган. Белгилей кетсек, эл жазуучусу Асан Жакшылыковдун мааракесин белгилөөнүн алкагында автор маданиятка эмгек сиңирген ишмер жана композитор Сатылган Осмонов менен биргеликте романстар жыйнагын чыгарган. Жалпысынан 25 романсты камтыган CD-диск түрүндөгү бул жыйнак учурда республиканын музыкалык окуу жайлары үчүн окуу куралы катары пайдаланылууда.
ЖУМА
Бишкектин, Токмоктун тургундарына жана "Манас" абамайданындагы транзиттик ташуулар борборунун аскер кызматчыларына концерттик программа менен Техастан атактуу "Сирокко" тобу келди. Рок-н-роллду, поп жана кантрини кошкондо ар кыл стилдердеги музыканы аткаруучу топтун келиши АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин жана транзиттик ташуулар борборунун колдоосу менен ишке ашты. "Сирокконун" концерттери кечээ башталды. Ал 18-ноябрга чейин созулат. Концертке кирүү акысыз.
Жумага
сереп салган
Зайырбек
АЖЫМАТОВ