Кыргыз гезиттер архиви

  ЖоКе чапкан жолдордо

Санаасы жок
"саякатчылар"
Жогорку Кеңеште эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитет бар. Аталган комитетти мурда Эрик Арсалиев жетектеген. Өткөн жумада комитеттерди реформалоонун шарапаты менен ( он эки комитет тогузга чейин кыскарды - Н.К.) Эрик мырза ээрден шыпырылып, бошогон орунду Мария Исанова ээледи. Мындан ары депутаттардын кимиси кайсы мамлекетке саякаттаарын Мария айым чечмекчи. Бу макалада Э.Арсалиевдин тушунда эл өкүлдөрү кайсы өлкөнү кыдырып, кандай кызыкдарга тушукканы туурасында кеп кылабыз.



Биздин мыйзамчылар Санкт-Петербург шаарына өлө ашык болуп калгандай. Маселен, 29 депутат Россиянын экинчи борборуна саякат жасаган. Алсак, Раиса Сидоренко, Борис Сан, Анаш Сейтказиев, Орзубек Назаров, Динара Молдошева, Ирина Летова, Дүйшөнбек Кыдыров, Зайнидин Курманов, Максат Кунакунов, Ирина Карамушкина, Жангороз Каниметов жана Кубанычбек Жолдошев эки жолудан, Шарипа Садыбакасова төрт ирет Санкт-Петербургдун абасынан кере-кере дем алган. Ал эми Юрий Данилов, Арзыбек Бурканов, Чолпон Баекова, Николай Байло, Азамат Арапбаев, Автандил Арабаев, Бейшебек Акунов, Роза Абдраимова, Айнура Кенжебаева, Хаджимурат Коркмазов, Абдирейим Кулбаев, Жылдыз Рахимдинова, Алишер Сабиров, Абдумежит Юсуров менен Лейла Сыдыкованын арманы аттын башындай. Дегенибиз, ысымы аталгандар Санкт-Петербургга бир жолудан гана барышыптыр.
Курсак тойсо да көз тойбойт
Командировка дегенде жантыгынан жата калган депутаттардын арты баурдастардын Алматысы, алды Лондон, Америка, Япониянын ири шаарлары менен жакындан таанышууга жетишкен. (Таблицаны караңыз)
Эң кызыгы, рекордсмен саякатчы-депутаттар чет өлкөдө бир-эки күн эмес, жумалап чартаңбай тебишкен. Дегенибиз, эл өкүлдөрүнүн айрымдары маанилүү маселелер менен командировкалашса, кээлери жөн эле эл-жер көрүү үчүн сыртка чыгышкан.
Самолеттон корккондор
Эл өкүлдөрүнүн бардыгы эле саякатчы эмес. Маселен, Роман Шин, Кубанычбек Кадыров, Сергей Попов, Нурбүбү Керимова жана Арапбай Төлөнов бир дагы жолу бөтөн жерге барышпаптыр. Атүгүл командировкадан баш тарткандары да бар. Алардын катарына Азизбек Турсунбаев, Советбек Сакебаев (экс-депутат), Жалаллидин Салахудинов, Сергей Ибрагимов кирет. Бирок, алар командировкадан жөндөн жөн эле "аткез" кыла беришпейт. Имиштерге караганда, жогоруда аты аталгандар самолетто учкандан коркушат экен…
Ал эми Айтибай Тагаев (Стамбул), Айгүл Байбураева (Тбилиси), Махаммаджан Мамасаидов (Стамбул), Бакыт Төрөбаев (Санкт-Петербург), Жолдошбек Жакыпов (Кишинев), Айнура Иманалиева (Санкт-Петербург), Акбаралы Кабаев (Баку), Алмаз Каримов (Берлин), Жаныш Кудайбергенов (Вена), А. Мамасалиев (Баку) жана Аскарбек Салымбеков (Москва) бир жолудан гана саякатташкан.
Саякаттан башы чыкпаган эл өкүлдөрү канча миллиондун "башын" жутту?
Мына ушул суроо көпчүлүктүн бүйүрүн кызытса керек. Албетте, бу соболго конкреттүү цифралар менен жооп бериш оголе кыйын. Себеби, ЖоКе саякатчы-депутаттарга канча каражат жумшалганын ачык жарыялабайт. Андыктан, болжолдуу эсебин чыгарганга аракет жасасак.
Эл өкүлдөрү жалпы жонунан 200дөн ашуун командировкага чыгышыптыр. Алардын дээрлик жарымын чакырган тарап каржылаган. Демек, орточо 100 расмий визитке кеткен чыгымды мамлекет өз чөнтөгүнөн төлөгөн (депутаттар жалгыздап барбай, үч-төрттөн болуп командировкаларын эскерте кетели). Эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү Россиянын экинчи борборуна саякаттаганын эске алып, чыгымдардын эсебин Санкт-Петербургдун шартында чотко салып көрөлү. Бишкек - Санкт-Петербург каттамы боюнча билет наркы 600 доллардын тегерегинде. Аны үчкө көбөйтсөк (орточо үч адамга эсептеп атабыз), 1800 доллар. Мындан сырткары, төрт жылдыздуу мейманкана киши башына 100 доллардан алса, бир жумага 700 доллар кетет (700x3=2100 доллар). Ток этерин айтканда, эл өкүлдөрүнүн командировкасы үчүн мамлекет 4 млн. доллар коротуптур. Мындай ири суммадагы каражат сарпталганы менен, мыйзамчы аке-эжелер чет өлкөдөн кандай саамалык бөктөрө келип, ал кыргыз коомчулугунун өнүгүшүнө кандай салым кошконун айтыш кыйын.
Мандат артынан ажы атыккандар
Меккеге барып зыярат кылуу - мусулманчылыктагы беш парздын бири. Мындай ыйык милдетти аткарып, ажы атыккан депутаттар да жок эмес. Алсак, Табылды Орозалиев, Ажибай Калмаматов, Пархат Түлендыбаев сындуу "ак жолчу" берендер алыскы Сауд Арабиясында болуп кайтышкан. Бирок, ага кеткен каражаттын бир бөлүгүн чакырган тарап, калганын мамлекет көтөргөн. Эске салсак, шариятта таман акы, мандай териң менен тапкан каражатың бардык чыгымды жабууга жетсе гана Меккеге аттанышың керек…
Баса, кайсы бир кечеде кесиптештери Ажибай Айтиевичтен "өбүшкөн күнөө болобу?" деп сурап калышыптыр. Шашып кеткен ажы-депутат "өтө берилбей өбүшсөң күнөө болбойт" дебеспи. Боору эзилгенче күлгөн депутаттарды көрүп ал анан. Айтор, мандаттын убайын ой-кыры менен көрүп, мусулмандык парздан да, мамлекеттин парзынан да кутулгандар кудуңдап жүрүшөт.
КСДПдагы жолдомо талаш…
Командировканын айынан мыйзамчылар кызыл чеке болушуп, анысы маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка жайылып кеткен жайы бар. Буга Грецияда өтчү ОБСЕ жыйыны далил. Ага келген чакыруу кагазын КСДП фракциясынын депутаттары Дамира Ниязалиева менен Иса Өмүркулов талашып, экөөнүн ортосунда аз жерден "атуулдук согуш" чыгып кете жаздаган. Бу маселеге Иса Шейшенкулович мындайча чекит койгон: "Грециядагы жыйынга фракция жетекчиси гана барышы керек. Аны фракция жыйынына салып талкуулаганга негиз жок. Лидерибиз Бакыт Жолчубекович сентябрдан бери жумушка чыга элек. Учурда ал Кыргызстандан тышкаркы аймакта жүрөт. Демек, ОБСЕ жыйынына катышууга менин гана укугум бар!"
Деген менен, чет өлкөгө сейилдемей жаатында Иса мырза "парталаштарына" караганда топуктуу. Депутаттыктын эки жылдык дооранында болгону Африканын Кейптаун шаары менен жакындан таанышкан.
Ырчы-депутатты сындаба! Финляндияга кетип калат
ЖоКе төрагасы Айтибай Тагаев менен эл өкүлү Ибрагим Жунусовду гезиттердин бири өлө туздап коюптур. Сынга катуу териккен эки депутат "бейбаш" ММКларды ооздуктамакчы болушат. Анүчүн Ибрагим Кожоназарович "эркин гезиттер спикердин уруксатысыз ЖК имаратына киргизилбесин" деген токтом долбоорун токуй салат да, ага Айтибай мырза кол коет. Анын айынан Айтибай Султанович менен Кубанычбек Сатиндиевич телефондон "энеңдиге…" чейин барышкан. Буга кенен токтолуп отурбайлы. Тагаев-Исабеков жаңжалын "ак жолчулардын" басымдуу бөлүгү эң жакшы билет. Кыскасы, эркин гезиттерди муунткан "эрдиги" үчүн Тагаев Жунусовго Финляндиядагы жыйынга катышууга жолдомо "белек" кылды.
Жоругу жолдо калгандар
Бөтөн жерде жүргөндө эл өкүлдөрү түрдүү жоруктарга кабылышат. Алардын айрымдары боорду эзсе, кээлерине жүрөгүң ооруйт. Анда эмесе, саякатчы-депутаттардын жолдо калган жоруктарынан кыскача сөз.
Сентябрдын аягында вице-спикер Азизбек Турсунбаев башында турган депутаттык топ Кытайга расмий визит жасашкан. Ошондо кыргыз делегациясы кытайлыктардын алдында аз жерден уят болуп кала жаздашыптыр. Тактап айтканда, "Ак жол" фракциясынын лидери Улугбек Ормонов "парталашы" Аскарбек Шадиевди аябай "калчылдаткан". Ит-мышыктай ыркырашкан "эргулдар" аз жерден мушташып, бири-биринин көздөрүн көгөртүп кое жаздашкан дешет.
Жакында Гүлнара Дербишева менен Чолпон Абдуллаева Эфиопиянын борбору Аддис-Абебада өткөн калкты жайгаштыруу боюнча БУУнун эл аралык кеңешмесине катышып келишти. Шарт боюнча ажерде кыргыз депутаттары аялдардын төрөт учурундагы өлүмү боюнча англис тилинде доклад жасашы керек болгон. Англис тилин такыр билбеген Чолпон айым докладды кайсы тилде окуганы табышмак.
Өткөн жылы эл өкүлү Бегалы Наргозуев Айыл чарба министри Искендербек Айдаралиев менен биргеликте Австралияга аттанган. Визиттин расмий бөлүгү аяктап, кыргыз делегациясы кетүүгө кам урат. Иштин ийгиликтүү аяктаганы үчүн Тынч океандын жээгинде чакан тойчук да өткөрүп жиберишет. Турсий-майкечен сууга түшкөн Искендербек мырза капилеттен суйкайган сулуулардын жанына туруп калбайбы… Мындай ажайып көзирмемди колдон чыгарбаган Бегалы Молдогозуевич фотоаппараты менен "чырк" эттирип коет. Анан Айдаралиевдин жалынып-жалбарганын көрүп ал. Такталбаган маалыматтарга караганда, Искендербек мырза бул сүрөттөрдү биртоп "жашылбайга" сатып алган имиш.
Даярдаган
Нурканбек КЕРИМБАЕВ, тел.: 38-67-19, e-mail:kerimbayev@mail.ru